Эксперименталдык класс №1 сабак



Текшерилди__________        Окуу бөлүмүнүн башчысы_____________

Предмети :  Адам                  Өтүү мөөнөтү ______.  8 – “  ” класс

Тема: Тамак сиңирүү органдарынын түзүлүшү

Сабактын максаттары.

А. Билим берүүчүлүк. Окуучулар ооз көңдөйү, тиштер, кызыл өңгөч, ашказан жана ичегилердин түзүлүшү жөнүндө терең билим алышат.

Б. Өнүктүрүүчүлүк.Окуучулар ооз көңдөйү, тиштер, кызыл өңгөч, ашказан жана ичегилердин түзүлүшү   жөнүндө сүрөт, видеороликтерди көрүү аркылуу ой жүгүртүүсү, илимий дүйнө таануусу, билгичтиктери өнүгөт.

В. Тарбия берүүчүлүк. Окуучулар ооз көңдөйү, тиштер, кызыл өңгөч, ашказан жана ичегилердин түзүлүшү боюнча маалыматтарга ээ болуу менен бирге эстетикалык жана гигиеналык тарбия алышат.

Керектүү каражаттар: Окуу китеби, компютер, темага байланыштуу болгон сүрөттөр, видео, слайд, жана, бор, скоч, ж.б. каражаттар.

Сабактын тиби:Жарыш.

Колдонулган усулдар:

- Оозеки (суроо-жооп, талкуу (дискуция), аңгемелешүү)

- Көрсөтмөлүүлүк (көрсөтмө куралдарды)

-Дептер менен иштөө (сүрөт, таблица, схема, термин, эреже, ачылуу, окумуштуулар жөнүндө маалыматтар жазуу)

- Мультимедиялык (сүрөттөр , таблица, схема, слайд, диофилмь,) 

 

Сабактын түзүлүшү. Мугалимдин аракети. Окуучулардын аракети. Мин
I. Уюштуруу . Саламдашып, сабактын тиби менен таныштырып, изденүүчү сүрөттөрдү таратуу аркылуу окуучуларын сабакка көңүл буруусун каратат. Саламдашып, сабакка даярданып,  изденүүчү сүрөттөрдү көрүп, жооп берүү аркылуу окуучулар сабакка көңүл буруусун каратып, активдешишет.  4мин
II. 1-тур (үй тапшырмасына байланыштуу) 1-турда үйгө берилген тапшырма тууралуу билет суроолорун берет. Окуучулар 1-турдун билет суроолоруна жооп беришет.  14мин
III. 2-тур (жаңы темага байланыштуу)       План: 1. Ооз көңдөйү, тиштер жана кызыл өңгөчтүн түзүлүшү 2. Ашказан  жана ичегилердин түзүлүшү       1-топ өз билгендерин плакатга чагылдырып,  презентация жасайт, мугалим толуктайт   2-топ өз билгендерин плакатга чагылдырып, презентация жасайт презентация жасайт, мугалим толуктайт   1-топпрезентация жасайт, билбегенин мугалимдин толуктоосу менен билет   2-топпрезентация жасайт, билбегенин мугалимдин толуктоосу менен билет    15мин
IV. 3-тур (бышыктоого багытталат) Салыштырма таблица берет, видеоролик көрсөтөт Салыштырма таблицаны толтурушат, оозеки түшүндүрүп беришет, видеоролик көрүшөт  8мин
V. Баалоо Жеңүүчү команданын окуучулары “5”, жеңилген команданын окуучуларынын активдүүлүгү эскеалынып, “5”, “4”, “3; деген баалар коюлат Окуучулар бири-бирин баалайт, мугалим бардыгын эске алып жыйынтык чыгарат.  3мин
VI. Үй тапшырмасын берүү Жаны терминдер менен иштеп, конспект жазуу, бышыктап окуу. Дептер күндөлүккө жазып  алышат. 1мин

 

 

I. Уюштуруу. Логикалык оюн. 3 мин

Саламдашып, сабактын тиби менен таныштырып, изденүүчү сүрөттөрдү таратуу аркылуу окуучуларын сабакка көңүл буруусун каратат. Бул сүрөттөр бир жагынан окуучуларды активдештирсе, экинчи жагынан изденүүчүлүккө тарбиялайт.

 

II. 1-тур (үй тапшырмасына байланыштуу)

1-турда үйгө берилген тапшырма тууралуу билет суроолорун берет. Окуучулар 1-турдун билет суроолоруна жооп беришет.14мин

№1 Тамак-аш, азык болуучу заттар жана азык болуучу заттардын функциясы?

№2 Тамак-аштын курамындагы азык кошулмалардын саны жана энергиялык баасы?

№1 билет суроосуна 1-топтун жообу:Тамак-аш жана азык болуучу заттар.Организмдеги тиричилик процесстери жүрүш үчүн дайыма толук баалуу азык заттар менен камсыз болуш керек. Көпчүлүк азык-түлүктү организм дароо, алдын алып даярданбай туруп сиңире албайт. Анын себеби, тамак-аштын курамындагы белоктор, майлар, углеводдор адамдын организми үчүн бөтөн зат болуп эсептелет. Ал үчүн тамак-аш эң мурда татаал кошулмалардан жөнөкөйгө, эрибөөчү абалынан эрий турган абалга жана чоң молекулалар майда молекулаларга өтүшү керек.

Алдын ала даярдоодо эң мурда механикалык жол менен иштелип майдаланышы, андан кийин химиялык жол менен эрий турган жөнөкөй майда бөлүкчөлөргө ажырашы керек. Мына ошондон кийин гана ал жөнөкөй эрүүчү заттар канга өтөт, кан аркылуу биздин клеткаларга жетет да, алардын тиричилигине жумшалып турат. Тиричиликте керектелген жаңы кошулмалардын пайда болушун камсыз кылуу — тамак-аштын негизги милдети.

Азык болуучу заттардын функциясы.Адамга тамак-аш үчүн өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардан алынуучу продуктулар колдонулат. Тамак-аштын белоктору, майлары, углеводдору, минералдык туздары, витаминдер, микроэлементтер жана суу азык заттар деп аталат. Бул заттар клетканын химиялык курамын түзөт жана тиричиликте өзгөрүп турат. Азык заттардын бул кызматы куруу (пластикалык) функциясыдеп аталат.

Азык заттар - энергиянын да булагы. Алар организмде химиялык жол менен көптөгөн процесстердин натыйжасында жөнөкөй кошулмаларга ажырайт. Мына ошол ажыроо процессинде химиялык энергия жылуулук жана механикалык энергияга айланат. Азык заттардын бул кызматы энергиялык функция деп аталат. Биз ар түрдүү тамак-аш менен азыктанабыз. Ар кандай азык-түлүк организмде ар кандай өлчөмдөгү энергияны пайда кылат.

№2 билет суроосуна 2-топтун жообу:


Дата добавления: 2018-08-06; просмотров: 931; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:






Мы поможем в написании ваших работ!