Графикалык уюштургуч каражаттар.



Схемалар, графиктер, таблицалар, чиймелер), логолор, символикалар, төгөрөктөр. Нерсени, көрүнүштү, түшүнүктү туюндуруу каражаты. Маалыматты топтоо, анны узак убакыт эсте сактоо жана көрсөтмөлүү, образдуу элестетүү каражаты. Эске тутуп калууга түрткү берүү үчүн жүргүзүлүүчү графикалык жазуулар.

Кичи (чакан) топтор.

Бирдиктүү иш-аракетте, мамиледе кызыкчылыктары жана керектөө зарылчылыктары төп келишкен, белгилүү бир максатты көздөгөн үч-жети адамдан турган чакан топ. Кичи топтордун мүчөлөрү, сөзсүз, бири бири менен тыгыз байланышта болушат. Окутуу учурунда инновациялык технологияларды колдонуу программасында кичи топтордо иштөө - бул окуучулардын билим берүү жараянында атайын уюштурулган ишмердүүлүгү.

Кыскача мазмуну: Белгилүү бир ишти аткаруу үчүн бир нече адамды бириктирүү.

9. Кабыл алынган топтук чечимдер.

Өз ара маалыматтар алмашуу аркылуу берилген тапшырманы чечүү үчүн топтун бардык мүчөлөрүнүн бир нече альтернативалык варианттардан топтук тандоо жүргүзүүсү. Кабыл алынган топтук чечимдер жеке пикирлердин суммасынын эле жыйындысы эмес, ал топтук өз ара аракеттердин өзүнчө натыйжасы болуп саналат.

Кыскача мазмуну: Бир нече адамдар маалымдашуу аркылуу жалпы бир пикирге келишет.

10.  Топтук талкуу усулу.

Топтук тапшырмаларды интенсивдүү жана жемиштүү чечүү максатында өз ара бирдиктүү иш аракеттерди уюштуруу жолу. Талкууга катышкан (б.а.өз ара мамилелешип жаткан) топ мүчөлөрүнүн позициясына, ой-пикирине, түшүнүктөрүнө таасир этүүчү кырдаалдарды жаратуу усулу.

Кыскача мазмуну: Жеке пикир аркылуу жалпыны издөө.

11. Венндин диаграммасы.

Түрдүү факторлорду, көрүнүштөрдү, идеяларды салыштыруу үчүн колдонулуучу эки кесилишкен айланадан турган схема. Айланалардын кесилишкенге чейинки эки бош жайларына  салыштырышып жаткан эки предметин (көрүнүштүн) жалпы белгилери, ал эми кесилишкенден пайда болгон айланага экөөнүн жалпылыктары жазылып салыштырылат. Диаграмма Англиялык ойчул Джон Венндин атын алып жүрөт. Муну жеке да, топтук да иштерде пайдаланса болот.

Кадамдары:

1) Мугалим тапшырманы түшүндүрөт

2) Окуучуяар эки кесилишкен айлананы сызышат

3) Ар бир берилген тапшырма боюнча жекече, жупта, топто өз диаграммаларын  толтурушат.

4) Эки айлананын кесилишинен пайда болгон айланага экөөнүн жалпылыктарын жана окшоштуктарын (оң, терс ж.б.жактарын) салыштып жазып чыгышат;

5) Доскага же ватманга жзылат.

6) Диаграмманы толукташат.

Мисалы: 1-вариант:

Жылкы жана кой

2- вариант:

Дискуссия (талкуу).

Дискуссия - чындыкка жетүүгө багытталган талаш-тартыштар. Бул – катал  формадагы тематикалуу полемика. Дискуссия (латынча discussion - изилдөө, карап чыгуу, талаш) - бул чындыкты ар түрдүү көз караштар, иликтөөлөр, аркылуу аныктоо максатындагы ушундай бир ачык талаштар. Бул - көбүнчө акыр аягында катышуучулар өздөрү ал же бул пикирге келүүлөрүнө түрткү берүүчү ынанымдарды жаратуунун ыңгайлуу жолу.

Кыскача мазмуну: Түрдүү көз караштардан талкуулоо.

Категориалдык жалпылоо.

Түшүнүктөрдү бириктирүүчү жана системалоочу категорияларга бөлүү ыкмасы. Категориалдык жалпылоо окуучулардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн өстүрөт. Концептуалдык картаны түзүүдө жана өз алдынча ыкма катары пайдаланыла берет.

Кыскача мазмуну: Дайындуу (конкреттүү) түшүнүктөрдү бир кыйла жалпы түшүнүктөргө бириктирүү.

Кластер.

Идеяларды чагылдыруучу графикалык каражат. Бир калыпта эмес ой жүгүртүүнү чагылдыруу жолу. Кайсы бир нукта боюнча идеяларды эркин жана тез жыйноого көмөк берүүчү педагогикалык ыкма. Унутулуп бараткан ойлорду тез кармап калууга жана аларды кагазга графикалык жол менен чагылдыруута мүмкүндүк берет. Мында темага байланыштуу эмне айтылса, бардыгы жазыла берилет. Орфографиялык каталарына жана сапатына көңүл бурулбайт. Кластердин түрү көп: “кластер – идея”, “кластер-нукта”, “кластер-суроо”, “кластер-табышмак”. “Шиңгил жүзүм” дегендей маанини берет.

Кадамдар:

1) Нуктаны тандоо жана аны доскага же дептерге жазуу.

2) Бардык сөздөрдү, ассоцацияларды, түшүнүктөрдү анализдеп талдоосуз, сындоосуз жазуу. Идеялар нуктанын айланасындагы тегерекчелерге айтьшган катары боюнча жазылат.

3) Жазуу качан белгиленген убакыт бүткөнгө чейин же идеялар түгөнгөнгө чейин улантыла берилет.

4) Окуучулар өз алдынча түзүшкөн кластерди адегенде жупта, андан кийин топто талкуулашат.

5) Мындан аркы иштерде кластерди кантип пайдалануу жөнүндө ойлонуу керек.

6) Зарылдыкка жараша "Түзүлгөн кластердеги идеялардын ичинен өзгөчө маанилүү бешөөсүн (төртөөсүн, үчөөсүн, экөөсүн) белгилегиле” деген тапшырмалар берүүгө болот. Кластер тема боюнча оозеки жана башка түрдөгү иштерди презентациялоого негиз катары кызмат кылат.

Кыскача мазмуну: Идеяларды “таштоо”. Ойлор топтоо.

Кластеринг.

Нуктага, көрүнүшкө, көйгөйлөргө көп жактуу мүнөздөмө берүүгө багытталган көп жактуу анализ жүргүзүү чаралары. Кыскача мазмуну: Кластер түзүү процесси.

Конфликт.

Олуттуу пикир келишпестик. Карама-каршы максаттардын, кызыкчылыктардын, позициялардын, көз караштардын кагылыштары. Талаш-тартыштар. Конфликтин өнүгүшү үчүн бир тарап экинчи тараптын кызыкчылыктарын басынткан иш-аракетгер керек. Белгилүү шартгарда топтор аралык конфликт жемиштүү натыйжаларын берип, ал же тигил топтун мүчөлөрүн бириктирген интегративдик милдеттерди аткаруусу мүмкүн.

Кыскача мазмуну: Түрдүү карама-каршы көз караштарга, пикирлерге каршы туру.

Концептуалдык суроо.

Көп түрдүү чечилиш жообу болгон, ойлонууну талап кылган суроолор. Ачык суроолор. Мындай типтеги суроолор концептуалдуу маалыматтарды аныктоого багытталган. Концептуалдык суроолор көбүнчө «Эмне үчүн?», «Кандайча?», «Эмнеге?» деген суроо сөздөрдөн башталат.

Концептуалдык таблица.

Графикалык каражаттар аркылуу берилүүчү маалыматтар. Маалыматарды ар түрдүү булактардан алып иштеп чыгууга, ошондой эле окшош нукталарды жана көйгөйлөрдү (проблемаларды) эки же андан көп аспектилерде салыштырууга жардам берген таблица. Тикесинен (вертикалынан) салыштырууга керек болгондор, туурасынан (горизонталынан) - салыштырылып жаткан нерсенин түрдүү белгилери жана өзгөчөлүктөрү, мүнөздөмөлөрү жазылат. Жазуу ишине даярдоо этабында пайдаланылат.

Кыскача мазмуну: Окуучулар толтуруу менен материалдарды белгиленген параметрлер боюнча бөлүштүргөн таблица.

19. Ойлонууга үйрөтүү.

Чет эл педагогикасында калыптанган багыт. Баланын интелектуалдык – чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн багыттуу өстүрүүгө, ойлоо аракеттеринин техникасын жана технологиясын үйрөтүүгө багытталат. Натыйжалуу таанып – билүү жараяны.

Салттуу окутуу.

Бул мурдагы социалдык тажрыйбаларга таянган окутуу. Мында билим уюштурулган окуу маалыматы катары сакталат. Окутуунун багыты негизинен материалдарды эстеп калууну көздөйт. Бул жерде натыйжада окутууда жекечелештирилген маалыматтарды берүүгө көбүрөөк басым жасальш, билим кийинки маселе катары калат.

Презентация.

Бул долбоорлорду, класстын же топтордун иштерин жалпы окуучулардын алдында көрсөтүп, коргоп, жактап берүү. Презентацияны негизинен топтун ичинен бирөөсү коргоп, калгандары толуктап, кошумчалашат же атайын программа-сценарий боюнча топтун бардык мүчөлөрү коргошот. Калган топтун окуучулары суроо узатып тактоолору, кошумча пикирлери болсо билдирүүлөрү мүмкүн. Презентациялоодо топто ватман кагазга, флипчартка даярдалган материалдар, эрежелер, мисалдар, тартылган сүрөт, схема, жасалга ж.б. доскага илинет. Зарылдыкка жараша доска бөлуктөргө бөлүнүп пайдаланылат.

 

 


Дата добавления: 2018-08-06; просмотров: 3003; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:






Мы поможем в написании ваших работ!