Презентация (жарыялоо, жыйынтыктоо).



Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Ош гуманитардык педагогикалык институту Табият таануу жана география факултети Биология жана химия кафедрасы                Предмети:Биологияны окутуунун усулу Тема: 8-класстарда киши предметинен тамак сиңирүү темасын окутууда интерактивдүү усулдарды пайдалануу менен окуучулардын таанып билүү ишмердүүлүгүн активдештирүү. Аткарган:     Атаханова Асиякан Дилшодбековна Илимий жетекчи:  Абжапарова А

Рецензент:                    

Квалификациялык ишти кароого «___» __________2017-ж уруксат берилди

Кафедра башчысы:           Долонова Г.М

 

                                                                    Ош-2017

 

 

Мазмуну

III. Бап Адабияттык маалыматтар 

1.Биологияны окутуунун методдору.........................................................................

2.Окутуунун интерактивдүү усулдары жөнүндө баяндамалар.............................     

2.1Интерактивдүү усулдар менен өткөрүлө турган бир сабактын типтүү структурасы......................................................................................................................

2.2Окутуунун учурдагы интерактивдүү усулдары.................................................

IV. Бап Иштин жүрүшү

1. Эксперименталдык класстын сабак иштелмелери............................................

1.1 Эксперименталдык класс №1 сабак.....................................................................

1.2 Эксперименталдык класс №2 сабак.....................................................................

1.3 Эксперименталдык класс №3 сабак.....................................................................

2. Контролдук класстын сабак иштелмелери

2.1 Контрольдук класс №1 сабак.............................................................................

2.2 Контрольдук класс №2 сабак..............................................................................

2.3  Контрольдук класс №3 сабак..............................................................................

V. Иштин негизги жыйынтыктары

1. Баалоо системасы.................................................................................................

2. Корутунду..............................................................................................................

3. Тиркеме ...................................................................................................................

4. Колдонулган адабияттар.......................................................................................

 

 

I. Бап Адабияттык маалыматтар 

Биологияны окутуунун методдору

Окуу материалынын мазмунун берүүдө окуучуларды терең, иреттүү  илимге ээ кылуу, билгичтикке үйрөтүү, ар кандай ыкмаларга көнүктүрүү билим берүү системасынын башкы милдеттеринин бири. Бул милдеттерди чечүүде окутуу процессинин ролу чон. Анткени, окутуу процессы – бул мугалим менен окуучулардын биргелешкен аракеттеринин жыйындысы. Окутуу — бул мугалимдин максаттуу багытталган педагогикалык ишмердүүлүгү менен окуучунун таанып-билүү ишмердүүлүгүн камтыган процесс.

Билим 6epүү системасындагы окутуу методу деген эмне? Окутуу методун түшүнүүдөн мурун метод деген терминдин маанисин билип алуубуз зарыл.

Метод грек сөзүнөн алынган. Анын мааниси максатка жетүүнүн жолу же изилдөө жолу дегенди түшүндүрөт. Метод – бул кандайдыр бир маселени чечүүдө максатка жетүүнүн жолу же ыкмасы. Буга жаратылышты изилдөө, коомдун экономикасын жогорулатуунун натыйжалуу жолдору, ыкмалары кирет. Мисалы, жаратылыштагы объектилерди изилдөдө б.а. андагы бардык тирүү организмдин ар бир тканынын түзүлүш-структурасын билүү үчүн микроскоптук методу пайдаланабыз. Бул методдун жардамында бардык ткандарды жана аларды түзүп турган клетканын формаларын, жайгашкан абалын, түзүлүшүн байкоо менен, алардын аткарган кызматын үйрөнөбүз.

Бирок педагогикалык метод башка методдордон айырмапанып, жаш жеткинчектерге билим жана тарбия беруу милдетине негизделген. Ал милдетти практика жүзүндө ишке ашырууда окутуунун, таалим-тарбия берүүнүн принциптери, закондору, мыйзам ченемдүүлүктөрү, уюштуруу формалары, методикалык ыкмалары иштелип чыгып, мектептик чөйрөдө пайдаланууда.

Метод - белгилуу бир максатты къздъп, ийгиликтуу иш – аракетгин  натыйжасында ишке ашырылгандыктан, анын мазмунун максатка жетүүгө арналган адамдын ишмердүүлүгүнүн системасы катары кароого болот. Адамдын ишмердүүүлүгү белгилүү максат менен кандайдыр бир объектиге багытгалып, тийиштүү каражаттардын жардамында жүргүзүлөт. Натыйжада объект тийиштүү өзгөрүүгө дуушар болуп, керектүү жыйынтык келип чыгат. Эгерде жыйынтык коюлган максатка туура келсе, анда колдонулган методдун туура экендиги далилденет.

Ошентип, метод түшүнүгүнүн түзүлүшү төмөнкүдөй элементгерден турат:

1.Объект. (окуучу)

2.Коюлган максат.(билим берүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк, тарбия берүүчүлүк)

 3.Коюлган максатка туура келген аракет. (сабактын тиби)

4Аракеттенүүгө керек болуучу каражаттар. (көрсөтмө куралдар)

5.Жумшалган аракеттин таасиринде объекттин өзгөрүшү.

6. Натыйжа же максаттын орундалышы.

Булардын модели төмөнкү схемада чагылдырылган

Жогорудагы моделди чечмелей турган болсок, ал төмөнкүдөй маанини берет. Окутуу процессинде аракетке дуушар болуучу объект бул окуучу. Ошол окуучуга материалдын мазмунун түшүндүрүүдө мугалим тарабынан максат коюлат. Ал максатка жетүү үчүн мугалим түрдүү аракеттерди жасап, тиешелүү каражаттарды колдонот. Бул учурда ар бир окуучунун материалды өздөштүрүүгө болгон көз карашы, жөндөмү, ишеними сыяктуу касиеттери өзгөрүүгө дуушар болот. Натыйжада коюлган максат ишке ашат.

Окутуу методунун өзгөчөлүгү мугалимдин максаты менен окуучунун максатынын шайкеш келишинде турат. Ошону менен бирге мугалим менен окуучунун максаты бири-бирине дал келип, биргеликте аракетгенүүлөрү керек. Ошондо гана коюлган максатка биргеликте жетишип, окутуунун жыйынтыгы натыйжалуу болот.

Эгерде окутуунун жыйынтыгы мугалимдин койгон максаты менен дал келсе, анда колдонулган метод туура тандалып алынат.

Демек, окутуу методу - окуучунун билим алуудагы таанып – билүүчүлүк жана практикалык ишмердүүлүгүн уюштурууга арналган мугалимдин максаттуу аракеттеринин системасы.

Ошондой эле окуучулардын таанып-билүү ишмердүүлүгүн күчүтүү максатында мугалимдин билимди бериши, ошол эле учурда окуучулардын билимге ээ болушу - окутуу методу болуп саналат.

Ошентип, окутуунун ар кандай методу окуучунун алган билиминин мазмунун түшүнүп билүүсүн камсыз кыла турган анын таанып билүүчүлүк жана практикалык иш-аракетин уюштуруучу мугалимдин максаттуу ишмердүүлүгүнүн системасы. Башкача айтканда, окутуу методу мугалим менен окуучунун өз ара аракетгешүсүнөн турат. Мында мугалим окуучуну окулуп үйрөнүлүүчү объект менен болгон иш-аракетин уюштурат. Ошол иш-аракеттин натыйжасында окуучунун материалди өздөштүрүү процесси ишке ашырылат.

       

2. Окутуунун интерактивдүү усулдары жөнүндө баяндамалар     

Билим берүүдөгү негизги инновация - сабактарда окутуунун интерактивдүү усулдарын колдоно билүү менен байланыштуу. "Интерактив" деген сөз англистердин “interact” деген сөзунөн алынган. “Inter” – бул “өз ара” “act” – “аракеттенишүү” дегенди билдирет. Демек, өз ара аракеттенишүү түшүнүгүн берет.

Сабактардагы интерактивдүү ишмердүүлүк төмөндөгү беш негизги элементке таянат:

· өз ара көз карандылыктын аздыгы

· жекече жоопкерчилик

· өз ара таасир этүүчүлүк

· биргелешш иштөө көндүмдөрү

· жуптарда иштөө

Интерактивдүү усулдар менен окутуу жараянында окутууну төмөндөгүдөй жактары боюнча өзгөчөлөп бөлүп көрсөтүүгө болот:

v  Мазмундук жагына (Эмнени окутат?);

v  Жараяндык (прцессуалдык) жагына (Кантип окутат?);

v  Мотивациялык (иш-аракетке умтулуучулук) жагы

v (Окуучулардын ишмердүүлүгүн кантип активдештирет?);

v Уюштуруучулук жагы (Мугалимдердин жана окуучулардын ишмердүүлүктөрүн кантип турукташтырат?)

Салттуу окутууда мугалим сабактагы негизги фигура катары эсептелип, анын баяны, түшүндүрүүсү, айтып берүүсү баш мааниге ээ болсо, интерактивдүү усулдар менен окутууда мугалим көбүрөөк фацлитаторлук (багыттоочу, нускоочу, уюштуруучу, жөндөөчү) милдет аткарат. Интерактивдүү окутууда өзгөчө бири бирин окутууга басым жасалат.

Натыйжада:

Ø окуучулардын кызматташтыгы артат;

Ø бирин бири угуу, сыйлоо сапаттары калыптанат;

Ø өзүнө ишеними пайда болот;

Ø окуучулардын эркиндиги пайда болот;

Ø мадимийлиги (активдүүлүгү) артат;

Ø ойлонуу плюрализмине (бир нече вариантга ойлоо) көнүгөт;

Ø пассивдүү угуучудан активдүү жаратуучуга айлана башташат;

Ø кургак назарияттан (теориадан) иштиктүү амалиятка (практикага) көбүрөөк ык-көндүм алышат, билгендерин жаңы кырдаалга ылайыктап пайдалана билүүгө үйрөнүшөт;

Ø тез ойлонууга, чечкиндүүлүккө көнүгүшөт;

Ø тапшырмалардагы башкы идеяны, таяныч түшүнүктү ажырата билүү, негизгилерин топтоштура алуу, ассоциациялоо көндүмдөрүнө ык алыша башташат;

Ø маселени чечүүнүн, аткаруунун кыска, натыйжалуу, таамай, кайтарымдуу жолдорун тандоого машыгышат;

Ø окуучулардын инсандык сапаттары артат;

Ø балдардын баарлашуу маданияты, интеллектуалдык деңгээли жогорулайт;

Ø окуучулар кургак билимдердин жыйындысына эмес, белгилүү компетенцияга ээ боло башташат;

2.1 Интерактивдүү усулдар менен өткөрүлө турган бир сабактын типтүү структурасы.

Сабакка даярдык.

Буга теманы аныктоо, класстын деңгээлине жараша түшүндүрүлүүчү ыкмаларды тандоо, жабдылышын камсыздоо, негизги жана кошумча тапшырмаларды даярдоо ж.б. кирет.

2) Окуучуларды тайпа-топторго, жуптарга (түгөйлөргө) бөлүү.

Бул тапшырмалардын мүнөзүнө, тандалган усулдардын тибине, окуучулардын табыгый тандоолоруна, каалоолоруна жараша мезгилдер, түстөр, кызыктуу оюндар, саноо, буюмдарды тандоо ж.б. жолдор аркылуу жүргүзүлөт. Зарылдык болсо, ар бир топ ишин жүргүзүү үчүн өз топ башчыларын тандап алуулары мүмкүн. Алгач калыптана элек үйрөнчүк мезгилде ушул боюнча түшүнүгү бар мугалимдерден, жогорку класстын алдыңкы окуучуларынан ар бир топ менен топ мүчөсу катары кошо иштеше турган ассистенттерди дайындоого болот.

3). Тапшырмшарды жана көрсөтмөлөрдү берүү.

"Алтын   эрежелерди" кабылдоо, тапшырманы берүү, аткаруу жолдорун түшүндүрүү, уюштуруу, убакытты белгилөө.

4) Окуучулардын тапшырманын үстүнөн өз алдыларынча иштөөлөрүн көзөмөлдөө.

Мында мугалим ар бир топтун ишин көзөмөлдөп байкап турат. Кээ бир буйдалып жаткандарына багыттамалар берет. Бирок эч качан окуучунун укугун, пикирин чектөө, өз оюн таңуулоо багытын тутунууга болбойт. Ката болсо да ар бир окуучунун пикири баалуу деген принципти карманат. Айрым бир топ менен өзү да иштөөсү (мугалим катары эмес, топ мүчөсү катары) мүмкүн.

5) Ар бир чакан топто талкууну жүргүзүү.

Окуучулардын чакан топтордо өз алдыгача иштөөлөрүнө бөлүнгөн убакыт аяктаган соң, топтук талкууну жүргүзүү сунушталат. Эгерде, окуучулар кошумча убакыт суранышса, шартка жараша берүүгө болот. Дагы канча убакыт калганын мугалим эскертип турганы жөндүү.

Презентация (жарыялоо, жыйынтыктоо).

Окуучулар берилген тапшырмалардын негизинде өз топторунда жүргүзгөн иштери боюнча маалымдап, пикирлерин, идеяларын коргошот. Мугалим бул жерде алардын ойлорун жактоочу же сындоочу эмес, эмне үчүн ушундай ойлошорун сурап-тактап, кошумча тактоочу суроолор узатып туруучулук милдетти аткарат. Айрым карама каршылыктуу кайчы пикирлерди жалпы класстын талкуусуна коёт. Бул маселе боюнча башка топтордун окуучуларынын суроо берүүлөрүнө, толуктоолоруна мүмкүнчүлүк берет. Муну өз турмуштарында кандайча пайдаланууга боло турганын ойлонууларына жагдай түзөт. Турмуштук мисалдарга алып барат. Дегинкисин, мугалим мүмкүн болушунча өзү азыраак сүйлөп, окуучуну ойлонтууга, пикирлетүүгө басым жасашы зарыл. Талаш-тартыштарды ашкере баш аламандыкка айландырып жиберүүгө жол бербеши керек. Эч убакта "Бул туура эмес!", "Кантип ушу жөнөкөй нерсени билбейсиң?", "Жок, андай болбойт!" дегендей кескин жыйынтык айтууга болбойт. "Кандай дейсиңер, Саматтын пикири менен макулсуңарбы?", "Сен кызык пикир айтып жатасың, дагы башкачараак жыйынтыктап көрчү?", "Өтө кызыксык ой!", "Күтүлбөгөн пикир!", "Сени түшүнүп жатам, дагы толуктай түшчү?" ж.б. сыяктуу колдоо-суроолор узатып турганы пайдалуу.

Күндөлүк сабактын планын түзүүдө чебер мугалим, адатта, төмөндөгүлөрдү эске алууга тийиш:

Ø ушул сабак үчүн берилген көнүгүү-тапшырмалардагы автордук позицияны аңдап туюу жана чечмелей алууну;

Ø ошол автордук позицияны аңдоо аркылуу сабактын максатын туура аныктоо менен дидактикалык талаптарды чебер, орундуу пайдаланууну;

Ø максатты ишке ашырууга жеткиликтүү түрткү берген сабактын тибин тандай билүүнү;

Ø бул материалдарды окуучуларга оптималдуу жеткирүүнүн, бышыктоонун жолдорун - окутуунун ыктуу усулдарын тандай билүүнү;

Ø материалдарды ыкчам, эсте каларлык, образдуу, жетик, терең түшүнүүгө түрткү берген көрсөтмөлүүлүктү орундуу пайдаланууну;

Ø окутулуп жаткан материалдарды бекемдөө, бышыктоо, толуктоо аркылуу жана да терең өздөштүрүүгө ыңгай жараткан кошумча материалдарды ыктуу тандоо жана пайдалануу чеберчилигин;

Ø ар бир тапшырманын окуучунун компетенциясынын калыптанышына өбөлгө жаратуучу жактарын аңдап көрө билүү менен аны жүзөгө ашырууга түрткү берүүнү;

Ø окуучулардын чыгармачылыгын өстүрүү жана класста өздөштүргөндөрүн бекемдеп тереңдетүү багытындагы үй тапшырмаларын тандай билүүнү;

Ø баланын айрым маалыматтарды өздөштүргөнүнө эмес, өздөштүргөн компетенциясына жараша баалоонун формаларын тандай алуусун.

Окутуунун усулдары эң эле көп. Андыктан мугалим аларды сабактарда стихиялуу, орунсуз пайдалануудан оолак болуусу үчүн класстарга бөлүп алганы оң. Белгалүү дидакт-окумуштуу Ю.К.Бабанский окутуунун усулдарын негизинен үч класска бөлөт:

1. Окуучулардын таанып билүүчүлүк иш-аракеттерин уюштуруучулук усулдары.

2. Окуучулардын таанып-билүү ынтызарлыктарын жаратып, стимулдаштыруучу усулдар.

3. Окуучулардын таанып-билүү ишмердүүлүктөрүн көзөмөлдөп текшерип, анализдеп баалоочу усулдар.

2.2 Окутуунун учурдагы интерактивдүү усулдары:

Суроолоштуруу.

Суроо бере билүү маданиятын үйрөтүүгө байланышкан усулдар. Суроо аркылуу ойлонуу демилгелерин, актуалдуулуктарын ойготуу жолу.

2. Суроо-көпурө.

Башка нуктага же проблемага өтүү үчүн колдонулган суроолор. Кыскача мазмуну: Байланыш үчүн суроолор.

Багыттоочу суроолор.

Мугалим тарабынан "Биргелешип издөө" талкуусу учун колдонуучу суроолор. Багыттоочу суроолор окуучулардын көңулүн жеке турмуштук тажрыйбасына эмес, тексттеги суроолорго багыттоого мүмкүндүк ачат. Кыскача мазмуну: Тексти аңдоо боюнча суроолор.

Тактоочу суроолор.

Аңгемелешип жаткан өнөктөштүн оюн же сезимдерин толуктап тушүнүү үчүн берилүүчү суроолор. Анын негизги милдети – айтылганды  тактоо жана кайра тастыктоо. “Түшүндүруңүзчү, демек бул эмне дегендик?...”, “Мисалдар келтире алар белеңиз?” деген суроолор талашьш жаткандар канчалык деңгээлде бири бирин түшүнүшкөндөрүн билүүгө көмөк берет. Бул - толук жооп алуунун жолу.

5. Өз ара баалашуу.

Окуучунунун ишин классташтарынын баалоосу. Бул окуучуларга мурдатан эскертилген, белгиленген жоболордун жана критерийлердин негизинде жүргүзулөт. Окуучунун өзүн-өзү балоосунун, классташтарынын баалоосунун жана мугалимдин баалоосунун кошмо аракеттери колдонулат.

Убакыт.

Эмнедир болуп өтүп жаткан белгилүү учур. Интерактивдүү усулдарда убакыт эң чоң мааниге ээ. Мугалим окуучулардын ар кандай көнүгүүлөр жана тапшырмалардын үстүндө ой жүгүртүүлөрү, ойлонуулары, берилген суроолорго жоопторду даярдоолору учун атайын убакыт ажыратат. Убакытты орундуу урунуу - мугалимдин жана окуучулардын акыл эмгегинин маданиятын айгинелейт.


Дата добавления: 2018-08-06; просмотров: 1737; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:






Мы поможем в написании ваших работ!