Эксперименталдык класс №2 сабак



Текшерилди__________        Окуу бөлүмүнүн башчысы_____________

Предмети :  Адам                  Өтүү мөөнөтү ______.  8 – “  ” класс

Сабактын темасы:  Ашказанда тамактын өзгөрүшү. Он эки эли ичегиде тамактын эриши.

А. Билим берүүчүлүк. Окуучулар тамактын ашказанда өзгөрүшү жана он эки эли ичегиде эриши  жөнүндө терең билим алышат.

Б. Өнүктүрүүчүлүк.Окуучулар тамактын ашказанда өзгөрүшү жана он эки эли ичегиде эриши жөнүндө мугалимдин лекциясын угуп, темага байланышкан сүрөт, слайд, видео роликтерди көрүп, сабакка кызыгуусу, ой жүгүртүүсү, илимий дүйнө таануусу, билгичтиктери өнүгөт.

В. Тарбия берүүчүлүк. Окуучулар тамактын ашказанда өзгөрүшү жана он эки эли ичегиде эриши боюнча маалыматтарга ээ болуу менен бирге эстетикалык жана гигиеналык тарбия алышат.

Керектүү каражаттар: Окуу китеби, компютер, темага байланыштуу болгон сүрөттөр, видео, слайд, жана, бор, скоч, ж.б. каражаттар.

Сабактын тиби: Аралаш

Колдонулган усулдар:

· Оозеки (айтып берүү, түшүндүрүү, суроо-жооп, талкуу (дискуция), аңгемелешүү)

· Көрсөтмөлүүлүк (көрсөтмө куралдарды)

· Дептер менен иштөө (сүрөт, таблица, схема, термин, эреже, ачылуу, окумуштуулар жөнүндө маалыматтар жазуу)

· Мультимедиялык (сүрөттөр , таблица, схема, слайд,  видео,) 

Сабактын жүрүшү: Сабак төмөндөгүдөй түзүлүштө, 7 этап менен ишке ашат:

1.    Уюштуруу; 2. Үй тапшырмасын суроо; 3. Жаңы темага киришүү; 4.    Жаңы теманы өтүү; 5. Практикалык бөлүк ; 6. Үй тапшырмасын берүү; 7.    Баалоо.

Сабактын түзүлүшү. Мугалимдин аракети. Окуучулардын аракети. Мин
1 Уйуштуруу . Саламдашып, доска, стол стулдун тазалыгын карап, жоктп, себебин тактап, сабакка даярдыгын байкап, мээчабуул жасап, логикалуу суроолор берет да окуучуларын сабакка көңүл буруусун каратат. Саламдашып, сабакка даярданып, логикалык суроолорго жооп берип, сабакка көңүл буруп, активдешишет. 3мин
2 Үй тапшырмасын суроо.  “Ким көп билет” оюну аркылуу суралат. Бири-бирин кайталабай маалыматтар айтышат 11мин
3 Жаңы темага киришүү. Жаны темага байланыштуу мурдагы темалар боюнча суроолор берүү аркылуу мурдагы түшүнүктөрдү эске алышат. Жаны темага байланыштуу мугалимдин суроолоруна жооп берет, мурдагы түшүнүктөрдү эске алышат. 2мин
4 Жаны теманы өтүү План: I.Ашказан жана ашказан тилинин түзүлүшү, кызматы   II.Он эки эли ичегиде тамактын эриши. Трёх “Б” законун негизинде өтүлөт 1. Билем 2. Билгим келет 3. Билдим . Законго баш ийген түрдө катышышыт. I. билген маалыматтарын айтат II. билгиси келгендерин мугалимден сурайт III. билгендерин класс жамаатына айтып берет 4мин 10мин 7мин
5 Бышыктоо (жыйынтыктоо) Бышыктоо максатында видеоролик көрсөтүлөт Видеоролик көрүп, теориялык билимдерин бышыкташат 5мин
6 Баалоо Сабак учурундагы активдүүлүгү жана жалпы берилген суроолорго жооп бергендиги эске алынып, 3,4,5 деген баалар коюлат. Окуучулар бири-бирин баалайт, мугалим бардыгын эске алып жыйынтык чыгарат. 2мин
7 Үй тапшырмасын берүү Таблица толтуруп, конспект жазып келүү. Дептер күндөлүккө жазып  алышат. 1мин

 

 

I. Уюштуруу. Логикалык оюн. 3 мин

- Кайсыл жердеги ат чөп жебейт? (шахматтагы)

- Глобусту талаага жайып койсо эмне болот? (карта)

- Эки сегиз бир тогуз качан 19 болот? (2+8+1*9=19 (2+8=10, 1*9=9, 10+9=19))

- Өзү бир, көзү миң (элек)

- 90 жаштагы чалдын кемпирин жакшы көрүшу үчүн эмне кылыш керек? (көз айнек алып бериш керек)

- Сууну эмнеге ичебиз? (Чайнаб болбогону үчүн)

- Төө куш саатына канча км учат? (Төө куш учпайт)

- Пилге окшош, бирок пилден кичине? (Пилдин баласы)

- Канча алсаң чоңойот, канча кошсоң көбөйөт? (Чукур)

- Уй эмнеге жатат? (Отурганды билбегени үчүн)

II. Үй тапшырмасын суроо. 11мин.

“Тамактын ооз көңдөйүндө эриши. Жутуу” темасы боюнча бири-бирин кайталабай маалыматтар айтышат

- Тамактын иштелиши ооздон башталат. Ооздо тамак майдаланып, шилекей менен аралашып, тамак бүртүкчөлөрүнө айланат. Шилекей тил астындагы, астыңкы жаак астындагы жана кулак жанындагы шилекей бездерден бөлүнүп чыгат.

- Шилекей — түссүз, киргил илээшкек суюктук. Суткасына 0,5тен 2,0 литрге чейин шилекей бөлүнүп чыгат. Шилекей бездеринин функциясын изилдөө үчүн улуу орус окумуштуусу И.П. Павлов бездерди сырткы чөйрө менен жасалма түрдө бириктирип, бащкача айтканда фистула ыкмасын колдонгон.

- Бул ыкманын жардамы менен тамак аралашпаган тап-таза шилекей чогултууга, анын курамын, өлчөмүн билүүгө жана бөлүнүп чыгышынын, жөнгө салынышын изилдөөгө мүмкүн болду.

- Ооз көңдөйүндөгү көптөгөн рецепторлорго температуралык, хи-миялык жана механикалык таасир болгондо, башкача айтканда оозго тамак келгенде, шилекей бөлүнүп чыгат. Аны шилекей бөлуп чыгаруучу шартсыз рефлекс деп аташат.

- Эгерде тамакты көргөндө, жытын сезгенде шилекей чыкса, анда аны шилекей бөлуп чыгаруучу шарттуу рефлекстер деп атайт.

- Тамак ооз көңдөйүндө механикалык жол менен майдаланганда, химиялык жолдор менен өзү түзүлгөн бөлүкчөлөргө ажырашы мүмкүн. Бул процесс шилекейдин курамындагы ферменттер аркылуу өтөт.

- Шилекейде амилаза деген фермейт крахмалды ажырата баштайт, ал эми экинчи фермент малътоза ажырап баштаган крахмалды глюкозага чейин ажыратат.

- Тамеки чеккен адамдын ооз көңдөйүндөгү ферменттердин касиетине никотин таасир этип, жогоруда айтылган процесстер бузулушу мүмкүн.

- Тамакты чайноого тиштен башка эрин, тил жана жаактын булчуң эттери активдүү катышат. Булардын иши мээден келген нерв импульстары менен жөнгө салынып турат.

- Тамак чайналып жаткан учурда шилекей менен нымдалып, жуурулуп, жылмакай, кесек бүртүкчөлөргө айланат. Мына ошол кесек бүртүкчөлөр жутулат.

- Жутуу бир нече этаптан туруучу өтө татаал процесс. Биринчи этапта тамак бүртүкчөсү тилдин жана жаактын кыймылы менен тилдин үстүнө келет. Андан кийин жумшак таңцай өйдө көтөрүлөт. Анын көтөрүлүшү тамактын мурун көңдөйүнө кетишине жолтоо болот.

- Экинчи этапта тилдин жыйрылышы тамакты кулкунга жылдырат. Бул учурда коко өйдө көтөрүлүп, коко жап-кыч менен жабылып калат.

- Жутуунун үчүнчү этабында тамак кулкундан кызыл өңгөчкө, андан ары ашказанга жылып өтөт. Тамак-аштын жылышын тамак сиңирүү органдарынын кыймыл-аракеттери ишке ашырышат.

- Жутуу нерв системасы менен жөнгө салынып турат. Тилдин түбүндөгү рецепторлордо пайда болгон импульстар дароо сүйрү мээдеги тамак борборуна жетишет. Андан алар нерв тамырчалары менен кайра жутуу булчуңдарына келип, жутууну өрчүтөт.

II. Жаңы темага киришүү. Жаны темага байланыштуу мурдагы темалар боюнча суроолор берүү аркылуу мурдагы түшүнүктөрдү эске алышат.

Өтгөн сабактарда тамак сиңирүү системасынын жолдору менен таанышып өттүк, аларды санайбыз, кайсыл жерден башталат?

Ооз көңдөйү, кулкун, кызыл өңгөч, ... демек бүгүнкү өтө турган темабыз ашказан жана он эки эли ичеги болот

III. Жаны теманы өтүү

Тема:Ашказанда тамактын өзгөрүшү. Он эки эли ичегиде тамактын эриши.

План:

I.Ашказан жана ашказан тилинин түзүлүшү, кызматы

II.Он эки эли ичегиде тамактын эриши.

Трёх “Б” законун негизинде өтүлөт

a)Билем (билген маалыматтарын айтат) 4мин

b)Билгим келет (билгиси келгендерин мугалимден сурайт) 10мин

c)Билдим (билгендерин класс жамаатына айтып берет) 7мин

Ø Билем:Адамдын ашказанында суткасына 2-3 л ге жакын зил пайда болот. Ашказан зили — түссүз, жыты жок суюктук. Бул зилде тамакка таасир этүүчү бир нече фермент бар. Анын бири белокторду ажырата баштаган пепсин. Химозин ферменти сүттүн белогуна таасир этет. Липаза сүттүн майын май кислотасына жана глицеринге чейин ажыратат. Углеводдорго тамак менен кошо кел-ген шилекейдин ферменти амилаза гана таасир этет. Ж.б.у.с

Ø Билгим келет:

1. Ашказанда тамак кандай өзгөрүүлөргө дуушар бопот?

2. Ашказан зилинде кандай ферменттер бар?

3. Ашказандагы туз кислотасынын тамакты сиңирүүдө эрүүдө кандай ролу бар?

4. Ашказанда тамак эритүү процесстери кандай жол менен жөнгө салынат?

5. Эмне үчүн алкоголь менен никотин ашказанга зыян келтирет?

6. Эмне себептен тамак-ашты кооздоо жана ага татымалдарды кошуу тамакты даамдуу гана кылбастан, ашказандагы тамак сиңирүү про-цесстерин өрчүтөт?

7. Он эки эли ичегинин зилин кайсы бездер иштеп чыгарышат?

8. Он эки эли ичегинин зилинде кайсы ферменттер бар?

9. Өт кандай кызмат аткарат?

10. Боррдун барьердик функциясы деген эмне?

11. Апкоголь жана никотин боордун клеткаларына кандай таасир этет?

12. Эмне үчүн он эки эли ичеги азык заттарды ажыраткан тамак сиңирүү системадагы негизги бөлүк болуп саналат? Ж.б.у.с

Мугалимдин түшүндүрүүсү:

Тамактын эриши үчүн ашказанда температура 35°-37° С жана туз кислотасы белгилүү өлчөмдө пайда болуп турушу зарыл. Туз кислотасы ашказандын былжыр челиндеги бездерден бөлүнүп чыгып турат. Ал кислотанын бөлүнүп чыгып турушу тамактын түрүнө жараша болот. Маселен, эгерде тамактын курамында эт көп болсо кислота арбын, ал эми тамакта сүт же нан көп болсо, кислота аз бөлүнүп чыгат. Туз кислотасы ашказандагы тамакты эрите турган ферменттердин күчүн арттырат жана ооруга себеп болуучу микроб-дорду жок кылып турат.

Ашказан зилинин бөлүнүп чыгышьшын нерв системасы тара-бынан жөнгө салынышы. Тамак ооз көңдөйүнө келери менен эле ашказандагы көптөгөн бездер зил бөлүп чыгара баштайт. Ооздо шилекей менен аралашкан тамактын кесек бүртүкчөлөрү ашказанга жетери менен ашказан зили алардын арасына кирет да, аларды жум-шартып, ажырата баштайт. Ошентип, ашказан зили тынымсыз тамак менен аралашып турат. Ошон үчүн таза зилди алуу кыйынчы-лыкка турат. Таза ашказан зилин алыш үчүн И.П. Павлов өз убагында ашказандын кичинекей бөлүгүн бөлүп чыгарып, ага фистула койгон.

Операция жолу менен кызыл өңгөчүнө жана ашказанына фистула жасалган жаныбарлар тамакты жешет. Тамак ашказанга жетпей, кызыл өңгөчтүн фистуласынан түшүп калат. Ошого карабастан тамак ооз көңдөйүндөгү рецепторлорго таасир эткен соң, импульстар сүйрү мээден ашказанга келип, зилди бөлдүрүп чыгат. Мындай тамактанганды - жалган тамактануу деп атайт. Жалган тамакта-нууда бөлүнүп чыккан ашказан зили тамак менен аралашпайт.

Тамактын жыты жана көрүнүшү адамдын сезүү органдарынын рецепторлорунда импульсту пайда кылат. Шилекей жана ашказан зили бөлүнүп чыга баштайт. Булардын бөлүнүп чыгышы - шарттуу рефлекс. Тамак ооз көңдөйдөгү рецепторлорго таасир эткенде шиле-кей жана ошондой эле ашказан зили да бөлүнүп чыгат. Бул зилдер-дин бөлүнүп чыгышы — шартсыз рефлекс. Шартсыз рефлекстердин борбору сүйрү мээде жатат.

Ашказан зилинин бөлүнүп чыгышынын гумордук жөнгө салынышы. Ашказан зили кандагы заттардын санына жана сапатына да жараша бөлүнүп чыгат. Мисалы, канда аминокислоталар, канттар, май кислоталары ж.б. көбөйсө, ашказан бездери зилин бөлүп чыга-рышын күчөтөт. Процесстерди өзгөртүүчү заттар биологиялык активдүү заттар деп аталат. Этте, балыкта, кээ бир жашылчаларда ашказан бездеринин зилин бөлүп чыгарууну күчөтүүчү даяр биологиялык активдуу заттар бар. Ошентип, ашказан зилинин бөлүнүп чыгышын гумордук жөнгө салуу биологиялык активдүү заттар аркылуу ишке ашат.

Ичкиликтин жана тамекинин ашказандагы тамак сиңирүү процессине тийгизген таасири. Алкоголь ашказандын былжыр челине, андагы зил бөлүп чыгаруучу бездерге зыян келтирет. Анын таасиринен ашказандын ички бетиндеги кан тамырлар ичкерет, кан аз келет. Кан аз келген жердин былжыр чели сезгенип, жара пайда болот. Эгерде алкоголду көп ичсе анда жара рак оорусуна өтүп кетиши мүмкүн.

Тамекинин никотини шилекейде эрип, ашказанга барат. Никотин да алкоголго окшош таасир этет. Алкоголдук ичимдигин, тамекини жакшы көргөн адамдардын 90% ашказандары ооруйт.

Он эки эли ичегиде тамактын эриши.Тамак ашказандан өтүп, он эки эли ичегиге барат. Он эки эли ичегиге үч түрлүү зилдер келип куюлат: өттүн, уйку безинин жана ичегинин өзүнүн зилдери.

Уйку безинин зилинин курамында ферменттер, минералдык туздар жана суу бар. Трипсин жана хемотрипсин деген ферменттер белокторду ажыратат. Липаза ферменти майларды ажыратат. Уйку безинин зилинин бөлүнүп чыгышы шарттуу жана шартсыз рефлекс жолу менен өтөт. Алардын борбору сүйрү мээден орун алган.

Боор - адамдын организминдеги бездердин ичинен эң чоңу. Анын атайын клеткаларында илээшкек сары-жашыл суюктук — өт үзгүлтүксүз иштелип чыгып турат. Өт тамак ичкенден 5—10 мүнөттөн кийин аз-аздан 6—8 саат бою он эки эли ичегиге куюлуп турат. Тамак ичпегенде өт баштыкчасына чогулат. Бир суткада боордон 1 л өлчөмдөгү өт бөлүнүп чыгат. Он эки эли ичегиде өт майларга таасир этип, ферменттердин жардамы менен эришине көмөктөшөт. Ичегиге өттүн келип турушу нервдер аркылуу жана гумррдук жол менен жөнгө салынат.

Ашказан, ичегилерден кеткен кандын баары боордон өтөт. Ошол жерде кандагы уу жана организмге терс таасир этүүчү заттар зыянсыздандырылат. Мына ушул процесс боордун барьердик (тосмо) функциясы, деп аталат. Алкоголдун таасири астында боордун зил чыгаруучу клеткалары тутамдаштыргыч клеткалар менен алмаштырылып, анын жогоруда айтылган кызматтары бузулат. Боордун клеткалары никотиндин таасирине да өтө сезгич келет.

Ичеги зилдери.Он эки эли ичегинин былжыр челиндеги бездер да зил иштеп чыгарышат. Ал зилдин курамында бардык азык заттарга таасир этүүчү ферменттер бар. Ичеги зилинин пайда болушуна тамактын курамы, ашказан зили, нервдер жана гумордук заттар таасир этет. Ашказанда ферменттердин таасири астында азык зат-тар эрий баштайт, ал эми он эки эли ичегинин ферменттеринин жардамы менен эрүү процесси аяктайт. Белоктор — аминокислота-ларга, углеводдор - глюкозага, майлар - май кислотасына жана глицеринге ажырайт. Он эки эли ичегиде углеводдордун 80%, белок менен май 100% ажырайт.

Ø Билдим:

- Тамактын эриши үчүн ашказанда температура 35°-37° С жана туз кислотасы белгилүү өлчөмдө пайда болуп турушу зарыл.

- Ашказан зилинин бөлүнүп чыгышьшын нерв системасы тарабынан жөнгө салынат.

- Таза ашказан зилин алыш үчүн И.П. Павлов өз убагында ашказандын кичинекей бөлүгүн бөлүп чыгарып, ага фистула койгон.

- Тамактын жыты жана көрүнүшү адамдын сезүү органдарынын рецепторлорунда импульсту пайда кылат. Шилекей жана ашказан зили бөлүнүп чыга баштайт. Булардын бөлүнүп чыгышы - шарттуу рефлекс.

- Алкоголь ашказандын былжыр челине, андагы зил бөлүп чыгаруучу бездерге зыян келтирет. Анын таасиринен ашказандын ички бетиндеги кан тамырлар ичкерет, кан аз келет да былжыр чели сезгенип, жара пайда болот.

- Он эки эли ичегиге үч түрлүү зилдер келип куюлат: өттүн, уйку безинин жана ичегинин өзүнүн зилдери.

- Уйку безинин зилинин курамында ферменттер, минералдык туздар жана суу бар. Трипсин жана хемотрипсин деген ферменттер белокторду ажыратат. Липаза ферменти майларды ажыратат.

- Боор - адамдын организминдеги бездердин ичинен эң чоңу. Анын атайын клеткаларында илээшкек сары-жашыл суюктук — өт үзгүлтүксүз иштелип чыгып турат.

- Өт тамак ичкенден 5—10 мүнөттөн кийин аз-аздан 6—8 саат бою он эки эли ичегиге куюлуп турат. Тамак ичпегенде өт баштыкчасына чогулат. Бир суткада боордон 1 л өлчөмдөгү өт бөлүнүп чыгат.

- Белоктор — аминокислота-ларга, углеводдор - глюкозага, майлар - май кислотасына жана глицеринге ажырайт.

- Он эки эли ичегинин былжыр челиндеги бездер да зил иштеп чыгарышат. Ал зилдин курамында бардык азык заттарга таасир этүүчү ферменттер бар.

- Ичеги зилинин пайда болушуна тамактын курамы, ашказан зили, нервдер жана гумордук заттар таасир этет.

- Ашказан, ичегилерден кеткен кандын баары боордон өтөт. Ошол жерде кандагы уу жана организмге терс таасир этүүчү заттар зыян-сыздандырылат. Мына ушул процесс боордун барьердик (тосмо) функциясы, деп аталат.

- Алкоголдун таасири астында боордун зил чыгаруучу клеткалары тутамдаштыргыч клеткалар менен алмаштырылып, анын жогоруда айтылган кызматтары бузулат. Ж.б.у.с

V. Бышыктоо (жыйынтыктоо) 5мин Бышыктоо максатында видеоролик көрсөтүлөт. Окучулар видеоролик көрүп, теориялык билимдерин бышыкташат

VI. Баалоо

Сабак учурундагы активдүүлүгү жана жалпы берилген суроолорго жооп бергендиги эске алынып, 3,4,5 деген баалар коюлду, натыйжада төмөнкү диаграмма келип чыкты:

 

VII.Үй тапшырмасын берүү

Терминдер (Уйку бези. Боор. Өт. Боордун баръердик функциясы. Ашказан зили. Ашказан зилинин бөлунүп чыгышы. Жалган тамактануу. Биологиялык активдүү заттар) менен иштөө, боор жана ашказан асты безинин оорулары жөнүндө маалыматтар таап келүү

 

 


Дата добавления: 2018-08-06; просмотров: 1962; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:






Мы поможем в написании ваших работ!