Эндометриоздун диагнозун аныктоо.



Эндометриоздун диагнозун аныктоонун «алтын стандарты» лапароскопия болуп саналат. Чындыгында ушул гана ыкманын жардамы менен эндометриоздун очокторун көрүүгө жана диагнозду тастыктоо үчүн алардан биопсия алууга болот. Эндометриоиддүү кисталар УДИ аркылуу көрүнөт.

Эндометриоз очокторунун курсак челинде бар-жоктугун УДИ аныктап бере албайт. Бул ыкманын жардамы менен ретроцервикалдуу эндометриоз абалындагыдай жатындын арткы мейкиндигинде эндометриоиддүү ткандардын жыйылып чогулуусун гана аныктаганга болот.

Көбүнчө эндометриоздун диагнозу алдын-ала мүнөздөлгөн көйгөйлөрдүн жана гинекологиялык текшерүүнүн маалыматтарынын негизинде аныкталат. Дарыгер оорунун пайда болушуна, айызы менен болгон байланышына жана жыныстык турмушуна көңүл бурат. Текшерүү учурунда дарыгер жатындын жана жатын түтүктөрүнүн кыймылынын чектөөлөрүн, кичине жамбаш чарасынын айкын ширелүүлөрүн, жатындын арткы биригишиндеги (бул жатын моюнчасынын терең жагында) «тикенекчелер» түрүндөгү оору менен коштолгон тыгызданууларды кармап көрүүсү мүмкүн, дал ушулар эндометриоз очоктору болуп эсептелет. Ушундай тыгыздануулары бар бейтаптардын көбүнчө жыныстык катнаш учурунда пайда болгон оорулар жөнүндө көйгөйлөрү бар, айрыкча өнөктөшү терең кирген маалда же кээ бир позаларда.

Эндометриоз – бул гормоналдуу оору. Эндометриоз менопаузадан кийин гана толугу менен жок болот. Ал эми ага чейин дарылоо ыкмалары менен туруктуу ремиссияга (азайтууга) жетишсе болот, бирок эндометриоздон толугу менен арылууга кепилдик берүү айыз маалында жана энелик бездеринин же башка гормон пайда кылуучу ткандардын (тери алдындагы майлуу клетчатка) гормоналдуу активдүүлүгү жетиштүү кезде мүмкүн эмес.

Эндометриозду дарылоонун 2 негизги ыкмалары бар: хирургиялык жана медикаментоздук. Сизге кайсы ыкмасы туура келээрин дарылап жаткан дарыгериңиз менен чечип алганыңыз жакшыраак.

Жыйынтыгында:

· эндометриоз – бул көбүнчө оору синдрому жана тукумсуздук менен коштолуучу кеңири таралган оору;

· жатын кошумчаларынын өнөкөт сезгенүүсү катары жашыруун жүрө берет;

· сезгенүүгө каршы терапиянын эффективдүүлүгүнүн жоктугу кооптондурушу керек, анткени көп учурда диагнозду коюу орто эсеп менен 5 – 7 жылга кечиктирилет.

· эндометриозду аял бала төрөөгө камданбаса да, же аны катуу оорулар тынчсыздандырбаса да, ал эми айыз циклинин бузулушу анча-мынча эле болсо да дарылоо керек. Бул оору бир гана өсүп-өнүгөт. Жана ошондой эле бул оорунун билинер-билинбес симптомдору Сизге бүгүн оору туудуруп, ал эми келечекте азапка алып келиши мүмкүн.

Простатит.

Простатит - простата безинин ткандарынын сезгенүүсү – 20 жаштан улуу курактагы эркектерде көп кездешүүчү урологиялык оору. Статистика боюнча, эмгекке жарамдуу курактагы (25-40 жаш) эркектердин 25тен 40%га чейини простатит менен ооруйт. Болжол менен жаш эркектердин 20% простатит дээрлик оору белгилери жок өтүп кетет, ал эми бул ар бир бешинчи эркек оорунун же сексуалдык көйгөйлөрдүн жоктугуна карабастан, дарыгерге кайрылуусу керектиги жөнүндө шектенишпегендигин түшүндүрөт.

Симптомдору

Простатит өзүнө мүнөздүү болгон симптомдорго ээ:

· тезден жана ооруксунуу менен заара чыгаруу, тез-тезден заара чыгаргысы келүү жана заара чыгаруунун соңундагы оору;

· белге же арткы тешикке берүүчү аралык чөйрөсүндөгү ооруксунуу сезимдери;

· сексуалдык функциянын бузулуусу.

Простатит курч жана өнөкөт түргө бөлүнөт.

Оорунун курч формасы 1-2 ай гана созулат. Эгерде бул убакыт аралыгында дарылоо дайындалбаса, анда оору өнөкөт формага өтөт.

 

· Курч простатиттин негизги белгилери төмөндөгүлөр болуп саналат:

· тезден, ооруксунуу менен заара чыгаруу

· потенциянын төмөндөөсү

· жалпы оруу

· аралык ооруксунуу сезимдери

 

Өнөкөт формадабейтаптар төмөндөгүлөргө даттанышат:

· курсактын ылдый жагынын жана аралык оорулары

· тез-тезден заара чыгаргысы келүү

· сексуалдык функциянын бузулуусу

· тукумсуздук

· кыйындык менен заара чыгаруу

 

Простатит менен ооругандардын жарымынан көбү заара чыгарууда жана жыныс актылардында ооруну сезишет. Ошондой эле көпчүлүк учурларда аралык, белдеги узакка созулган оорулар байкалат.

СЕБЕПТЕРИ:

Простатит көпчүлүк учурда кичинекей жамбаш чарасынын тегерегиндеги кан айлануунун бузулуусунан улам пайда болот: мисалы, булчуңдарга жүктөмдү азайтууда, бул өзгөчө дээрлик бардык убакытты үстөлгө отуруп же автоунаа рулунда отуруу менен өткөргөн, кеңсе кызматкерлерине мүнөздүү. Ошондой эле простата безинин сезгенүүсүн жыныстык жол менен берилүүчү инфекциялар да козгоосу мүмкүн. Бул учурда мындай инфекциялардын көпчүлүгү узак убакыт өзүн таптакыр билгизбейт. Ошондой эле простатиттин өрчүшүнө сексуалдык жашоонун өзгөчөлүктөрү да “жардам берет”: простата бези үчүн жыныстык кармануу өтө коркунучтуу.

Баары биринчи жолу жамбаш тегерегинде ыңгайсыз сезим пайда болгондон башталат. Эреже болгондой, аларда бул биринчи жолу болуп жаткан көпчүлүк эркектер эч кандай аракет көрбөйт. Болжол менен үч-беш күндөн кийин бул сезимдер тынчып калат жана баары өзүнөн өзү жоголду деген түшүнүк калыптанат. Кээде эрекция бир аз начарлайт. Бирок муну көпчүлүк учурда чарчоонун кесепети катары эсептешет. Эрекция олуттуу түрдө начарлап, ал эми жыныстык актынын узактыгы кыйла кыска болуп калганда гана, эркек дарыгерге барат.

ДАРЫЛОО

Бул ооруну дарылоонун көптөгөн заманбап, натыйжалуу ыкмалары жана схемалары бар, бирок, алар дарыгер тарабынан ар бир бейтап үчүн индивидуалдуу түрдө тандалуусу керек. Ошондуктан, өз алдынча дарылануу менен алектенүүгө жана кошунасынын кеңеши боюнча дары-дармекти тандоого болбойт: терапия жыйынтык берүүсү үчүн, адистердин көзөмөлү астында бул оорудан арылууну баштоо керек. Ар бир эркек простатит өңдүү деликаттуу ооруну дарылоого индивидуалдуу мамиле кылууга татыктуу.

Простата безинин аденомасы.

Простата безинин аденомасын даарылоо.

Простата безинин аденомасы – простата безинин чоңоюсу жана оң сапаттуу шишиктин пайда болуусу менен мүнөздөлүүчү оору. Бул кеңири жайылган жана “жаман” оору. Ал сийдик-жыныс системасынын иштөөсүнүн олуттуу бузулуу коркунучун пайда кылат жана баарынан мурун, эркектин сексуалдык потенциясын кескин төмөндөтүүсү мүмкүн. Ошондуктан оорунун биринчи белгилери пайда болгондо жакшы адис-урологго кайрылуу өтө маанилүү.

АДЕНОМАНЫН СИМПТОМДОРУ

Тезден, үзгүлтүктүү же толук эмес заара чыгаруу простата безинин аденомасынын өрчүшүнүн негизги белгилеринин бири болуп саналат. Ошондой эле оорунун белгилерине төмөндөгүлөрдү киргизүү керек:

· заараны кечинде кармана албай калуу;

· заара чыгаруунун толук кармалуусу;

· жалпы алсыздык;

· дайыма чаңкоо сезими;

· ичтин катып калуусу ж.б.

 

Бул оору белгилеринин баары табарсык булчуңдарынын заара агымынын жолунда жаралган тоскоолдуктарды жеңе албастыгы менен байланыштуу болот.

ООРУНУН КООПТУУЛУГУ ЭМНЕДЕ?

Бул көйгөйгө негизинен улгайган курактагы эркектер кабылышат, анткени аларда простата безинин жана жумурткаларынын гормоналдык функцияларынын табигый начарлоосу байкалат. Статистика боюнча, аденома 50 жаштан улуу курактагы эркектердин үчтөн биринде аныкталат. Белгилүү факторлордун таасири астында аларда заара чыгаруу каналдарынын кошумча бездери чоңоет, ушундан кийин шишик процесси башталат.

Аденома оң сапаттуу шишик катары эсептелгени менен, ал токтоосуз дарылоону талап кылат. Простата аденомасында көпчүлүк учурда коштоочу оорулар бөйрөктөрдүн функцияларынын бузулуусу, түз ичегинин оорулары (геморрой, аналдык жаракалар) болуп саналат, алардын оору белгилери кырдаалды кыйындатат.


Дата добавления: 2018-08-06; просмотров: 410; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:






Мы поможем в написании ваших работ!