Миллион адам – 1 грамм гормон (альдостерон)



If the aldosterone of ten million people were pooled together, only one gram of the hormone would result. Despite the fact that there is so little of it in the human body, the function of this hormone is very important.

Өмүрүңүз уланышы үчүн денеңизде ар дайым сансыз көп тең салмактуулуктар сакталып турушу керек. Адам күнүмдүк жашоосунда бул тең салмактуулуктардын эч бирин байкабайт. Мисалы, ушул учурда кан басымыңыз бир канча система тарабынан жөнгө салынууда. Бөйрөк үстүндөгү бездер чыгарган «альдостерон» аттуу гормон кан басымыңыздын төмөндөп кетишине бөгөт коюу жана денеңиздеги натрий тең салмактуулугун жөнгө салуу милдетин аткарат.

Денебизде 1 граммдын 10 миллиондон биринчелик көлөмдө альдостерон гормону болот. Изилдөөлөр 1 тонна бөйрөк үстүндөгү безден болгону 10 мг альдостерон бөлүп чыгарылаарын аныктаган.26 Бул болсо өтө маанилүү бир чындыкты көрсөтөт. 1 грамм альдостерон гормонун алуу үчүн 10 миллион адамдын бөйрөк үстүндөгү бездери чыгарган альдостеронду бириктирүү керек болот. Адам денеси ушунчалык кылдат бир тең салмактуулук менен жаратылгандыктан, ушундай аз сандагы бир гормондун жетишсиздиги дагы өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Жогоруда да айтылгандай, альдостерон гормонунун эки максаты бар: биринчиси, натрийдин (Na+) көлөмүн көбөйтүү, экинчиси кан басымыңызды көтөрүү. Бул эки муктаждык бири-бири менен тыгыз байланышта жана альдостерон гормону бул эки муктаждыкты бирдей камсыздоо үчүн долбоорлонгон кемчиликсиз бир «шайман». Эгер кандагы натрийдин көлөмү кандайдыр бир себеп менен көбөйсө, ал кандагы суунун көлөмүн да көбөйтөт. Себеби суу молекулалары натрий көп болгон жерге умтулушат.

Альдостерон гормонунун долбоорундагы кемчиликсиздик ушул жерде даана байкалат. Себеби альдостерон гормону бир тараптан натрийдин көлөмүн жогорулатса, экинчи тараптан натрийдин сууну өзүнө тартуу касиетин колдонот. Кандагы натрийдин көлөмү азайганда, альдостерон гормону бөйрөк каналчаларындагы клеткаларды стимулдайт. Ал клеткалар зааранын ичиндеги натрий иондорун кармап, ичине киргизишет. Натрий иондору ошентип алгач каналчаларда жайгашкан клеткалардын ичине кирип, ал жерден болсо кан айланууга кайрадан жиберилет. Албетте, натрий иондорунун артынан суу молекулалары ээрчийт.

 

a. Outside of cell b. Inside of cell

Ошентип бир тараптан натрийди көлөмү жогорулап ион тең салмактуулугу камсыз кылынса, экинчи тараптан кандагы суунун көлөмү жогорулап кан басымы нормалдуу деңгээлге көтөрүлөт. Бөйрөк каналчаларындагы клеткалар натрий ионун алып жатып, бир тараптан калий ионун (K+) заарага беришет. Себеби натрий менен калий канда белгилүү бир катышта болушу керек. Бул минералдардын катышы клетканын ичиндеги жана сыртындагы суюктуктардын кычкыл-шакар (кислота-щелоч) тең салмактуулугунун камсыз кылынышында жана нерв системасынын иштешинде зор мааниге ээ. Альдостерон бөйрөк үстүндөгү бездин сырткы аймагында өндүрүлөт.

Кемчиликсиз пландоо

The level of blood pressure is of vital importance for a human being.

Бул система кан басымы төмөндөгөндө ишке кире тургандай кылып курулган. Ошондуктан эң керектүү учурда, б.а. кан басымы белгилүү бир деңгээлден төмөн түшкөндө иштеп баштайт. Бул өрттү сезүүчү сенсорлордун атайын өрттөн чыккан түтүндү аныктай тургандай кылып долбоорлонушуна окшошот.

Кан басымы төмөндөөр замат коңгуроо кагылып баштайт. Кан басымынын төмөн болушу адамга чоң коркунуч алып келиши мүмкүн. Ошондуктан коңгуроо кагылаары менен кан басымын жогорулатуу үчүн бир катар чараларды көрүү керек болот. Ал чаралар төмөнкүлөрдөн турат;

1. Кан тамырларын кысуу керек. (Бул уч тарабы кысылган түтүктүн сууну күчтүүрөөк басым менен чыгарышы сыяктуу кан басымын жогорулатат.)

2. Бөйрөктөрдөн көбүрөөк сууну сиңирип, канга кошуу керек.       

3. Эң кыска убакытта адамга суу ичирүү зарыл.

Булардын баары кантип ишке ашырылат? Бул үчүн жаралганда эле адамдын денесинин ичине дагы бир теңдешсиз система орнотулуп коюлган.

Система төмөнкүдөй иштейт: кан басымы төмөндөгөндө (же кандагы натрийдин көлөмү азайганда), бөйрөктөрдөгү кээ бир клеткалар абалды байкайт. Алар – коңгуроо кагуучу «юкстагломерулярдык» (JGA) клеткалар. Ал клеткалар «ренин» аттуу атайын бир затты бөлүп чыгарышат.

Клеткалардын кан басымынын же натрийдин көлөмүнүн азайып кеткенин аныктай алышынын өзү эле бир керемет. Бирок клеткалардын ренинди бөлүп чыгарышы андан да маанилүү. Себеби «ренин» көп баскычтуу бир өндүрүш процессинин биринчи этабы болуп саналат.

Кандын плазмасынан орун алган жана кадимки шарттарда кан айланууда жүргөнү менен эч нерсеге таасири тийбеген бир белок бар. Ал боордо өндүрүлгөн «ангиотензиноген» белогу. Кереметтүү бир пландоонун биринчи этабы ушул жерде башталат. Себеби өз алдынча эч бир ишке жарабаган «ангиотензиноген» менен «ренин» негизи атайын бири-бирине бириге тургандай кылып пландалган. Бир логотиптин бөлүктөрүнүн бириктирилгенде бири-бирине туура келе тургандай кылып жасалышы сыяктуу.

Бул жерде ойлонуу керек: бөйрөк клеткалары менен боор клеткалары дененин ичинде бири-биринен алыс жайгашкан. Анда кантип бирөө логотиптин бир бөлүгүн (ренин) жасап, экинчиси ага толук туура келүүчү экинчи бөлүктү (ангиотензиноген) жасайт жана кантип булар бири-бирине толук шайкеш келет?

Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулат;

Бул нерсе аң-сезимсиз кокустуктардын натыйжасында келип чыккан болушу мүмкүнбү?

Буга албетте «жок» деп жооп беребиз. Себеби мунун кокустан келип чыгышы эч мүмкүн эмес.

Ренин ангиотензиноген молекуласынын түзүлүшүн өзгөртөт жана «ангиотензин I» аттуу жаңы бир молекула пайда болот:

Ренин + Ангиотензиноген -> Ангиотензин I

Пайда болгон бул жаңы молекула да эч нерсеге жарабайт; себеби өндүрүш процесси али бүтө элек. Бул этапта өпкөдө жайгашкан «ACE» (angiotensin-converting enzyme: ангиотензин-айландыруучу фермент) аттуу, бир гана «ангиотензин I» молекуласын буза алуучу бир фермент кызмат кылат. Бул фермент аркылуу «ангиотензин I» башка бир молекулага, б.а. «ангиотензин II» молекуласына айланат:

Ангиотензин I + ACE ферменти -> Ангиотензин II

Бул жерде кайрадан ой жүгүртүү керек: бөйрөк менен боор клеткалары өндүргөн эки түрдүү молекула бири-бирине таасир берип, андан жаңы бир молекула келип чыгат. Бөйрөк жана боор клеткалары менен эч бир байланышы жок өпкө клеткалары болсо бул жаңы молекула менен бириге турган бир ферментти иштеп чыгат. Болгондо да, бул ферментти ал молекулалар биригээрден бир топ мурда өндүрөт. Кантип өпкө клеткалары али боло элек бир процесс жана али өндүрүлө элек бир затка эң шайкеш келүүчү бир ферментти өндүрө алат? Ал затты башка бир затка айландыра турган ферменттин формуласын кайдан билет? Бул жерде дагы бир суроо бар;

Бул процесстер аң-сезимсиз, туш келди кокустуктардын натыйжасында келип чыккан болушу мүмкүнбү?

Албетте, буга дагы бир жолу «жок, эч мүмкүн эмес» деп жооп беребиз. Себеби бул системанын ар бир этабы өз-өзүнчө пландалган. Бул этаптардын натыйжасында келип чыккан «ангиотензин II» ферменти болсо бул пландын кемчиликсиздигин далилдейт. Себеби бул ферменттин көздөгөн максатка жеткирүүчү эки негизги кызматы бар: биринчиси, кан тамырларын кысуу; бул – бөлүмдүн башында айтылган 3 пункттан турган чаралардын биринчиси болчу. Ангиотензин II ферменти кан тамырларынын айланасындагы булчуңдарды стимулдайт жана аларды жыйрылта турган механизмди ишке киргизет; бул дагы булардын атайын пландалганын далилдейт. Натыйжада булчуңдар жыйрылып, тамырдын диаметрин кысат жана бул кан басымын жогорулатат.

Бул нерсе өзүнөн-өзү эле, кокустан пайда болуп калган болушу мүмкүнбү?

Жообубуз кайра эле «эч мүмкүн эмес» болот. Себеби ангиотензин II молекуласы кан тамырларынын кысылышы үчүн атайын долбоорлонгон бир молекула жана бул кемчиликсиз долбоордо кокустукка жол берилбейт.

Ангиотензин II затынын өтө маанилүү дагы бир кызматы бар: кереметтүү бир гормонду, тагыраак айтканда, «альдостеронду» ишке чакыруу. Ангиотензин II заты бөйрөк үстүндөгү бездин клеткаларына жетип, ал клеткаларга «альдостерон» бөлүп чыгаргыла деп буйрук берет. Бул пландын кемчиликсиздигинин дагы бир далили. Себеби альдостерон бөйрөктөргө таасир берет жана бөйрөктөр заарадагы сууну кайра сиңирип, канга кошот. Натыйжада кан басымы жогорулайт. Бул болсо жогоруда айтылган үч чаранын экинчиси.

 

Бөйрөктөр, өпкө жана боор белгилүү бир пландын негизинде, ортоктошуп өндүргөн заттар белгилүү бир тартипте биригип, аягында кан басымынын жогорулашына себеп боло турган бир гормонду бөлүп чыгартышат. Бул максатка жетүү үчүн бөйрөк клеткалары, өпкө клеткалары жана боор клеткалары чогулуп, бир коалиция түзгөндүр.

Ал коалиция алгач кан басымы төмөндөгөндө эмне кылуу керек экенин изилдегендир. Изилдөөлөрдүн негизинде эң идеалдуу чара боюнча чечим алышкандыр: ал «кан тамырларынын диаметрин кичирейтүү» жана «альдостерон гормонун бөлүп чыгартуу» чараларынан турган болушу керек.

Андан соң кайра чогулуп алып, көпкө изилдөөлөр жүргүзүп, бөйрөк үстүндөгү бездердин жана тамырлардын булчуң клеткаларынын анатомияларын, иштөө системаларын анализ кылышкандыр. Анан тамырлар жыйрылышы жана бөйрөк үстүндөгү бездер альдостерон бөлүп чыгарышы үчүн кереметтүү бир формуланы, б.а. «ангиотензин II» затынын молекулалык долбоорун иштеп чыгышкандыр.

Эң аягында бул молекуланын кантип өндүрүлөөрүн чечишкен чыгаар. Ар бир орган бул молекуланын өндүрүшүнө өз салымын кошушу зарыл болгон. Иштеп чыгылган өндүрүш планынын негизинде үч баскычтуу бир монтаж системасы ылайыктуу деп табылып, ар бир органга бирден жумуш бөлүштүрүлүп берилгендир. Бөйрөк клеткалары «ренин» өндүрүүгө, боор клеткалары «ангиотензиноген» өндүрүүгө, өпкө клеткалары болсо «ACE» ферментин өндүрүүгө макул болуп, иштер өз ара ушундай бөлүштүрүлгөн болушу керек. Аягында чогулуш бүтүп, клеткалар өз ордуларына кайткандыр.

Эгер бир адам бул системанын жогорку бир кудурет тарабынан жаратылганын, атайын бир план менен пайда кылынганын кабыл албаса, анда жогорудагыдай «аң-сезимсиз клеткалар чогулуш уюштуруп, бир жерге отуруп алып, план түзүп чыккан» деген көз-карашты кабыл алган болот. Албетте, акылдуу бир адамдын муну кабыл алышы эч мүмкүн эмес.

Эволюционисттердин «кокустук» көз-карашы болсо мындай акылга сыйбас сценарийден да алда канча акылсыз болуп саналат. Себеби бул система кокустан пайда болушу үчүн бөйрөк, боор жана өпкө клеткалары бир учурда, бир кокустуктун натыйжасында бул системанын бөлүктөрүн жасап башташы керек болот. Жана ошол эле учурда кокустан бөйрөктөрдө кан басымын өлчөөчү клеткалар пайда болуп, кокустан бөйрөк үстүндөгү безде альдостерон гормону пайда болуп, ошол эле учурда кокустан бөйрөк каналындагы клеткалар альдостеронду уга турган болуп калышы керек жана ошол эле учурда кокустан тамырлардын булчуң клеткалары ангиотензин II затынан жыйрыла турган болуп калышы зарыл. Жана ушул сыяктуу жүздөгөн нерселер бир эле ушул система пайда болушу үчүн БИР УЧУРДА бар болуп калышы керек; себеби бул бөлүктөрдүн бирөөсү эле кем болсо, бүт система иштебей калат.

 

 1. Hypothalamic receptors
2. Information taken from baroreceptors in the heart travel to the hypothalamus.
3. The adrenal glands produce the hormones that stimulate the thirst center.
4. When enough water is provided, the tongue, the stomach and the intestine send the message that the reserves are filled.
5. The hypothalamus orders the saliva glands to stop production, and the result is a dry mouth

6. Adrenal gland
7. Kidney8. Heart
9. Stomach.

Бул бөлүмдүн башында кан басымын жогорулатуунун 3 чарасын санап өткөн элек. Үчүнчү чара адамды суу ичүүгө «мажбурлоо» болчу. Адам денесинин ичиндеги, ансыз да адамга тиешелүү болгон органдар кантип адамдын мээсине, психологиясына таасир бере алат? Адам суу ичиши үчүн «ал адамда суу ичүү каалоосун пайда кылуу» керек. Адам денесинин тереңинде жайгашкан аң-сезимсиз өпкө, бөйрөк жана боор клеткалары адамдын психологиясына таасир берүү үчүн бул жолу кандай план түзүү керек?

Бөйрөк, боор жана өпкөнүн ортоктошуп иш алып барышынын натыйжасында өндүрүлгөн «ангиотензин II» затынын дагы бир өтө маанилүү кызматы бар: мээнин тиешелүү аймагына жетип, ал аймакты стимулдоо. Ал жер суусоо сезимин пайда кылуучу «суусоо аймагы» деп аталат.

Бирок «ангиотензин II» затынын алдында бир тоскоолдук бар. Себеби мээни коргоо үчүн кандан мээ кыртышына өтүүнү абдан татаалдаштырган, күчтүү бир күзөт системасы бар жана ал «кан-мээ барьери» (гематоэнцефалический барьер) деп аталат. Бул система мээде 1-2 чекитте жайгашкан жана ал чекиттердин бири «суусоо аймагы». Бирок ангиотензин II өзгөчө түзүлүштө жаратылганы үчүн мээнин суусоо аймагын эч кыйынчылыксыз стимулдай алат жана ошентип адамда суу ичүү каалоосу пайда болот.

Кортизол гормону

1. Adrenal gland

Азыр дагы бир өтө маанилүү кереметти карайбыз. Ал кереметтин аты «кортизол гормону». Бирок бул гормондун адам денесинде көптөгөн ар түрдүү кызматтары болгондуктан, бул гормонду карап баштаардан мурун бир нерсеге көңүл бургубуз келет:

Бир гормондун бир клетканы ишке салышынын өзү эле бир керемет. Себеби бир гормон бир клеткага таасир бериши үчүн, ал клетканын ички түзүлүшүндөгү системаларды кыймылга келтириши керек. Ал үчүн же гормон ал клетканын мембранасындагы бир кабылдагычка туташышы керек же болбосо клетканын ичине кирип клетканын ичиндеги бир механизмге түздөн-түз таасир бериши керек. Бирок эки учурда тең гормон молекуласы атайын ошол таасир бере турган клетка үчүн долбоорлонгон болушу зарыл. Гормон молекуласынын түзүлүшү бир аз эле дал келбесе, анда клеткага таасир тийгизе албай калат. Ошондуктан колуңуздагы бул китептин көп бөлүмдөрүндө гормон менен ал таасир берген рецептор (кабылдагыч) молекуланын ортосундагы байланыш ачкыч менен кулпуга салыштырылган.

Кортизол гормонунун таасирлерин караганыбызда өтө маанилүү бир чындыкты көрөбүз. Адамдын денесинде көптөгөн коопсуздук системаларын жана ар кандай түрдөгү бул коопсуздук системаларынын ар биринин клеткаларынын ичине бир эле ачкыч менен ачылуучу кулпуларды орноткон. Мисалы, мындай кулпу бир капилляр клеткасынын ичинде да, боор клеткасынын ичинде да бар. Бул болсо ар кайсы клеткаларды орток бир максат үчүн бир учурда ишке киргизүүгө шарт түзөт. Албетте, бул Аллахтын жаратуу чеберчилигинин бир мисалы жана ошондой эле, эволюция калпынын чыныгы жүзүн көрсөтүүчү бир далил. Себеби ар кайсы клеткалардын орток бир максатка кызмат кылууга программаланганы жана ал программаны иштетүүчү борбордук бир системанын болушу эволюция теориясынын «кокустук» жомогунун жараксыздыгын дагы бир жолу далилдейт.

Кортизол гормону оору, кырсык, сыздап оору, жаракат алуу, инфекция, өтө ысык, өтө суук, аллергия, сезгенүү, тумчугуу, ачкалык, температураны көтөрүүчү факторлор сыяктуу кырдаалдарга каршы адамдын денесинде көп фронттон адам үчүн согуш жүргүзөт.

Кортизол гормонунун кызматтарын карап жатканда бир нерсени унутпаш керек: бул гормон аң-сезими жок клеткалар тарабынан чыгарылат жана чыгарган клеткалар анын кайсы жерде колдонулаарын эч билишпейт. Ал клеткалар, аң-сезимсиз болгондуктан, кортизол согушкан фронтторду эч качан чындап түшүнө алышпайт.

4. Кортизол гормонунун кызматтары

Жараат алууга карата алдын ала чара көрөт:

Адреналин гормону адамды коркунуч учуруна даярдаса, кортизол гормону адам денесин коркунучтан кийинки ыктымалдыктарга даярдайт. Мисалы, жараат алуу ыктымалдыгына карата алдын ала чара көрүп, денедеги аминокислоталарды даярдайт. Кокус дене жараат алып калса, ал аминокислоталар тканьды оңдоодо чийки зат катары пайдаланылат.

Жараат алганда оору сезимин азайтат:

Кээ бир адамдардын жараат алган учурда жана жараат алгандан кийин бир топко чейин оору сезбешинин себеби ушунда.30 Бул адамга жараат алганына карабастан, согушууга, өзүн коргонууга же качууга күч берет.

Оору сезими нерв клеткалары аркылуу жеткирилет. Кортизол чыгарган клеткалар нерв клеткаларынын электрдик заряд жиберишин басаңдатуучу жана белгилүү деңгээлде токтотуучу механизмди кайдан билишет?

Өзгөчө кырдаалдарда май жана белокторду кантка айландырат:

Дене клеткалары жана мээ клеткалары азык үчүн кантка муктаж. Өзгөчө мээ клеткалары тынымсыз жана кандай гана болбосун кант менен азыктанып турушу керек. Антпесе адам кыска убакытта өлүп калышы мүмкүн.

Адам ач калганда кант ала турган азык жок болгондуктан, кандагы канттын көлөмү азайат. Мындай шартта кортизол кийлигишип, дененин кантсыз калышына жол бербейт. Сактап коюлган май менен белоктордун кантка айландырылышына жана кандагы канттын деңгээлинин белгилүү чектерден чыкпашына шарт түзөт.31

Эми төмөнкү сүйлөмдү ойлонуп көрөлү: «майдын кантка айландырылышы же белоктун кантка айландырылышы.» Мындай процесстер бир сүйлөм менен эле айтылып кала берет. Негизи бул процесс абдан оор жана татаал. Бир зат башка бир затка айландырылып, молекулярдык түзүлүшү толугу менен өзгөрөт. Эгер бир адамдын алдына триллиондогон эсе чоңойтулган, б.а. көлөмү столдой болгон бир май молекуласын же белок молекуласын коюп, бул молекуланы кант молекуласына айландыр десек, ал адамдын колунан эч нерсе келбейт. Кайсы атомдун ордун кайсысына алмаштыруу керек экенин билбейт. Ал эми клеткалардын ичинде болсо мындай өзгөрүүнү жасай турган атайын заводдор бар жана өтө татаал процесстердин натыйжасында бир зат башка бир затка айландырылат. Кортизол гормону бул процесстердин багытын кантип өзгөртүүгө болоорун билет. Тагыраак айтканда, кортизол гормонунун долбоору бул өзгөрүүнү баштата турган кулпуну ача алат. Кортизол өндүргөн клеткалар майды кантка же белокту кантка айландыра турган системаны иштетүүчү ачкычтын формасын кайдан билишет?

CH3-(CH2)n-COOH (май молекуласынын формуласы) формуласын CH2OH (кант молекуласынын формуласы) формуласына кайсы процесстер аркылуу, кантип айландырууга болоорун кайдан билишет?

Өзгөчө кырдаалдарда мээ менен жүрөктүн азыктанышын биринчи кезекке койот:

Кортизол молекулалары өзгөчө кырдаалда ишке кирип, дененин клеткаларынын кант керектөөсүн азайтат. Бирок бул жерден дагы бир кереметти көрүүгө болот: мээ жана жүрөк сыяктуу эң маанилүү органдарга мындай таасир тийгизбейт. Согуш учурунда мобилизация жарыяланып, экономикалык булактардын белгилүү аймактарга багытталышы сыяктуу, кортизол молекулалары мээ менен жүрөктүн азыктанышын биринчи кезекке коюп, башка тканьдардагы клеткалардын үнөмдүү азыктанышына себеп болушат.32

Кортизол молекулалары кайсы клеткалардын маанилүүрөөк экенин кайдан билишет? Кайсы акылы менен бул чараны көрүшөт?

Тамырлардын жыйрылып кысылышын жөнгө салат:

Кан тамырларынын катуу жана жансыз түтүктөр эмес экенин, тамырлардын айланасындагы булчуңдардын жыйрылып, бошоңдошунун натыйжасында диаметрлеринин муктаждыкка жараша өзгөрө алаарын жогоруда карадык. Тамырлардын диаметрин кичирейтүүчү буйруктун гормондор аркылуу тамырларга жеткирилээрин да билебиз. Кортизол тамырларды кысуучу факторлорго карата тамырлардын жообун жөнгө салып, өзгөчө кырдаалда адамга дагы бир көмөк көрсөтөт.33

Кортизол гормону тамырлардын жообун жөнгө салуу үчүн тамырдын айланасындагы булчуңдардын жыйрылуу системаларын кайдан билет?

Суунун кыймылын башкарат:

Суунун керексиз учурда клетканын ичине киришине бөгөт койот. Бул болсо кан басымын коргойт. Кортизол молекуласы суунун клеткалардын ичине кирип кетээрин кайдан билет? Ал сууну клетканын сыртында кармоо керек деген чечимди кантип алат? Жана сууну сыртта кармоонун ыкмаларын кайдан билет? Эң негизгиси, сууну клетканын сыртында кармай турган убакты кантип аныктайт? Кайсы акылы менен ар дайым эмес, керек учурда гана суунун клеткага киришине бөгөт койот?

Кооптуу учурда температуранын жогорулашына жол бербөө үчүн тиешелүү гормондун чыгарылышын токтотот:

Температуранын көтөрүлүшү дененин оору менен күрөшүп жаткандыгынын бир белгиси. Температуранын жогорулашы адамды эс алууга жана жатууга мажбурлайт. Ошентип денеге керектүү энергия басуу, кыдыруу, иштөө сыяктуу күнүмдүк иштерге коротулбай калат. Температура оорунун бир кошумча таасиринен улам көтөрүлбөйт. Температура оору менен күрөшүүдө адамды эс алууга мажбурлоо үчүн атайын пландалган бир коопсуздук чарасы болуп саналат. Температура мээнин «температура борбору» тарабынан жогорулатылат. Мээнин температура борбору болсо ‘IL-1’ аттуу бир зат тарабынан ишке киргизилет.

Кортизол гормонунун дагы бир кереметтүү таасирин кооптуу температура учурунда көрүүгө болот. Кортизол гормонуна, канчалаган функциялардан тышкары, кооптуу температураны токтотуу жөндөмү да берилген. Адам жогорку температурадан өлүп калуу коркунучуна кабылганда кортизол кийлигишип, температура борборун активдештирүүчү IL-1 затынын бөлүп чыгарылышын токтотуп, температураны түшүрөт.34

Кортизол IL-1 затынын адамдын температурасын көтөрөөрүн жана жогорку температуранын адамга коркунуч туудураарын кайдан билиши мүмкүн? IL-1 затынын кайсы жерден чыгарылаарын кайдан билет жана кантип IL-1 затынын бөлүп чыгарылышын токтотуу чечимине келген?

Адам өмүрү үчүн абдан маанилүү болгон кээ бир белоктордун өндүрүшүн жөнгө салат:

Кортизол гормондору оор кырдаалга туш болгонубузда бүт муктаждыктарыбызды бир-бирден эске алат. Жилик чучугунда гемоглобин, лейкоцит жана тромбоциттин өндүрүшүн жогорулатып, кандын көлөмүн көбөйтөт.

Көрүнүп тургандай, көзгө көрүнбөй турган кичинекей бир молекулага көптөгөн өзгөчөлүктөр, жөндөмдөр жана жоопкерчиликтер берилген.

ǀǀ бап Бөйрөк үстүндөгү бездин паталогиясы

5. Бөйрөк үстүндөгү бездин оорулары.

Аддисон оорусу.

(коло оорусу) — бөйрөк үстүндөгү без кыртышынын иштешиначарлоодон пайда болгон эндокрин оорусу. Мында, көбүнчө эки бөйрөктүн теңбездери жабыркап, тамак сиңирүү жана жүрөк -кан тамыр системасынын ишин,туз, суу алмашууну жана башка жөнгө салууда өтө маанилүү болгон кортизонжана альдостерон гормондорун бөлүп чыгаруу азаят же токтойт. Биринчи жолу1849ж. англиялык врач Аддисон сыпаттап жазган. Бул оору менен көбүнчө 20-40 жаштагылар ооруйт. Демейде бөйрөк үстүндөгү бездин туберкулёзу себепболот. Андан тышкары бул ооруну бөйрөк үстүндөгү безге кан куюлуу, ириңдүү сезгенүүлөр, шишиктер жана башка пайда кылат. А. онун мүнөздүү белгиси меланин пигментинин жыйылышынан териде пайда болгон коло түс жанабылжыр челдеги кочкул тактар. Пигментация дененин ачык жерлеринде жанакийим өйкөгөн жерлерде күчөйт. Оорулуу тез чарчайт, баш ооруйт, алы кетет,ачуусу тез келип, уйкусу качат, тамакка табити тартпайт, жүрөк айланып, кусат,ич өтөт же катат, арыктайт. Ал оорусу демейде өнөкөт оору, бирок кээде кату кармап, өтө тез дарылоо чараларын жүргүзүү талап кылынат. Ооруну күчөтпөөүчүн врачтын көрсөтмөлөрүн так аткаруу, жугуштуу оорулардан, уулануудан,травмадан сак болуу керек. Оорулууларга нервдик психикалык жана күч эмгегижарабайт. Тамак аш ар түрдүү болуп, кайнатма туз жана витаминдерге (өзгөчө Свитаминине) бай болууга тийиш. Дарылоону врач жүргүзөт; ал бөйрөк үстүндөгүбездин кыртышынын функциясын жакшыртууга багытталат

АДЕНОМА — ар кандай бездүү органдарда (эмчек, боор, бөйрөк, жынысбездеринде) без эпителийинен пайда болуучу коркунучсуз шишик. Анда безтканынын баштапкы түзүлүшү сакталат. Анын чоңдугу, формасы ар кандайболот; көзгө көрүнбөгөн эң кичине жана кишинин башындай болгон гигант Алар белгилүү. Кээде зыяндуу шишикке (ракка) өтүп кетиши мүмкүн, ошондуктансөзсүз өз учурунда хирургиялык жол менен дарылоо зарыл.

 

ǀǀǀ Бап Жыныс мүчөлөрү (Жыныс бездери)  

6. Жыныс мүчөлөрү — көбөйүү кызматын аткаруучу мүчөлөр. Алар ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Ички жыныс органынын эң башкы кызматы активдүү жыныс гормондорун бөлүп чыгаруу; ал гормондор түздөн-түз канга өтүп, организмдеги эң маанилүү процесстерди башкарып, эркек же аялга таандык болгон жыныстык экинчи белгилердин (үндүн жооноюшу, эмчек бездеринин өсүшү жана башка) өсүшүн жөнгө салат. Эркектин жыныс органына эн бези, анын кошумчалары, урук агуучу жолдор, урук ыйлаакчасы, простата бези, жыныс мүчөсү, заара чыгаруучу жол кирет. Эн бези — эркектик жуп жыныс бези. Тирүү жыныс клеткалары — сперматозоидди жана эркектик жыныс гормонун бөлүп чыгарат. Бул гормон түздөн түз канга кошулуп, организмдин бир катар функциясына таасир тийгизет.

Түйүлдүк учурунда эн бези ич көңдөйүндө жогорку 2-бел омурткасынын тушунда пайда болот. Төрөлөрдө туруктуу орду — калтага түшөт.

Жыныс бездери

Эн бези агыш түстүү тыгыз кабыкча менен капталат. Бул кабыкча эн безинин арт жагында калыңданат да, тарам-тарам фиброздуу тосмо пайда болуп, эн безинин затын бир нече бөлүкчөгө бөлөт. Эн безинин заты же паренхимасы урук каналчаларынан (түз жана ийри) турат. Ар бир бөлүкчөдө 3—4төн ийри каналчалар болот. Сперма ийри каналчаларда бөлүнүп чыгат, ал эми калган каналчалар сперманы алып чыгуучу жол болуп эсептелет. Бардык каналчалар эн безинин кошумчаларынын жалгыз түтүгүнө келип биригет, андан урук чыгаруучу жол уланат. Урук жолу урук чылбырына биригип, чурай каналы аркылуу өтөт. Урук жолу урук ыйлаакчасынын түтүгү менен кошулуп урукту таштоочу түтүктү түзөт. Урук ыйлаакчасы урук жолунун капталында, табарсыктын түбү менен көтөн чучуктун ортосунда жайгашып, секрет бөлүп чыгарат, ал секрет эн безинин секрети менен кошулуп, жыныс клеткаларынын (сперматозоиддин) кыймылына таасир тийгизет. Урук таштоочу түтүк простата бези аркылуу өтөт. Простата бези эркектин заара чыгаруучу каналын курчап турат. Анын бездүү бөлүгү секрет иштеп чыгарат. Секрет спермага кошулуп, анын активдүүлүгүн сактоого жардам берет. Простатанын булчуң бөлүгү заара чыгаруучу жолдогу сперма же зааранын агуу ырааттуулугун жөнгө салат, натыйжада заара менен сперма аралашпайт. Жыныс мүчөсү жана калта эркектин сырткы Ж. ошондой болуп эсептелет. Эркектин жыныс мүчөсү жыныстык катнашуу учурунда урукту бөлүү жана табарсыктан заараны чыгаруу кызматын аткарат. Жыныс мүчөсүнүн баш жагында заара чыгаруучу жолдун сырткы тешикчеси жайгашкан.

Аялдын жыныс органы - энелик без, жатын, жатын түтүкчөсү, жатын кыны, чаткаяк, чоң жана кичине жыныс эрини кирет. Энелик без — жатындын эки жагында жайгашкан ургаачылык жуп жыныс бези. Өзүнүн байламтасы менен жатынга кыймылдуу бекип турат. Энелик безде ургаачылык жыныс клетка — энелик клетка өөрчүйт. Мындан башка жыныс органынын нормалдуу иштешине жана экинчилик жыныс белгилерине (үндүн өзгөрүшү, эмчектин чыгышы жана башка) таасир этүүчү гормонду канга бөлүп чыгарат. Энелик бездин иши аялдын жашына жана бүтүндөй организмдин функциялык абалына жараша болот. Энелик без өзгөчө эпителий менен капталган. Безди жара кескенде грааф ыйлаакчасы (фолликула) көрүнөт, анда жыныс клеткалары жатат. Фолликула өөрчүү стадиясына жараша ар кандай көлөмдө болот. Өөрчүп жетилген фолликула жарылып (овуляция), жыныс клеткалары ич көңдөйүнө түшөт, андан жатын түтүгүнө келип жатынга жеткирилет. Ал жатында уруктангандан кийин, түйүлдүк 9 айга чейин жетилип чоңоёт. Жатын түтүкчөлөрү энелик бези сыяктуу эле жатындын эки жагында жайгашкан. Жатын түтүкчөлөрү ич челинин бүктөмүнөн орун алып, жатындын жазы байламтасынын жогорку четин түзүп турат. Оң түтүкчө демейде солго караганда узунураак. Эгерде уруктанган энелик клетка жатын түтүгүндө токтоп калса (мисалы, сезгенгенде), жатындан сырткары бойго бүтөт. Жатын түтүгү түйүлдүктүн чоңоюшуна ылайыкталган эмес, ошондуктан ал жарылып кетиши мүмкүн. Жатын — түгөйсүз, булчуңдуу көңдөй мүчө (к. Жатын). Жатын кыны — түтүк сымал булчуңдуу, уз. 7—9 см болгон көңдөй орган. Анын капталы үч катмардан турат. Аялдын сырткы жыныс органына (вульвага) териси жүн менен капталган чоң жана кичине жыныс эрини кирет. Жыныс органдарынын оорулары жана жабыркашы. Эркектерде, ошондой эле аялдарда жыныс органынанын өөрчүү кемтиги, туура эмес жайгашышы, сезгенүү жана шишик оорулары кезигет. Өөрчүү кемтиги аз жолугат, ага органдын көлөмүнүн чоң же кичине болушу же өсүп жетилбей калышы кирет. Ж. о-нын кемтигине кош бойлуулуктун алгачкы мезгилинде эненин жугуштуу жана вирус оорулары менен оорушу уулануусу, нурга чалдыгуу жана башка себеп болот. Ошондуктан анын алдын «алуу үчүн кош бойлуу аял жугуштуу оорудан сактануусу зарыл; грипп эпидемиясынын убагында эл көп чогулган жерлерге (кино, театрга) барууга болбойт; алгачкы 3 айында (өтө зарыл болбосо) рентген изилдөөдөн өтүүгө, дарыны врачтын көрсөтмөсү жок баш аламан ичүүгө жарабайт; эмгек жана эс алуу күн тартибин туура сактоо керек» Кээ бир учурда бир эле кишиде ургаачылык жана эркектик белгилер болушу мүмкүн. Бул гермафродитизм (кыз теке) деп аталат. Жыныс органынанын өтө оор кемтиктеринде балалуу боло албайт, жеңил түрүндө жыныстык катнашуу, заара ушатуу бузулат, сезгенүү жана башка ооруларга жакын болот. Эркектин жыныс органынанын сезгенүү оорулары инфекциялуу же мите оорулары болуп, вирус, бактерия, козу карындар, гельминттер, жөнөкөйлөр козгойт. Жыныс мүчөсүнүн сезгенүүсүнөн баланит, баланопостит көп кезигет. Жыныс органынын сезгенүүсүн киши организминдеги ичеги таякчасы, протей, энтерококк жана башка козгойт. Жалпы организм начарлаганда инфекция заара-жыныс жолунун лимфа тамырлары менен тарап, уретраны (к. Уретрит), простата безин (к. Простатит), урук ыйлаакчасын (везикулит), урук түтүгүн, эн безин жана кошумчаларын жабыркатат. Жыныстык жол менен жугуучу трихомоноз көп жолугат. Бир катар инфекциялуу оорулар — эпидемиялык паротит, бруцеллёз, келте, туляремия, туберкулёз, грипп, вирустуу гепатит көп учурда эн безинин (к. Орхит) же анын кошумчаларынын сезгенүүсү (к. Эпидидимит) менен коштолот. Венера оорулары өзгөчө топту түзөт (к. Сүзөк, Котон жара). Эркектин Ж. о-нын шишигинен зыянсыз шишик — простата безинин аденомасы көп кезигет. Простата безинин рак оорусу салыштырмалуу аз жолугат. Заара чыгаруучу каналдын (уретранын) зыянсыз шишигинен кандилома (вирустуу папиллома) көбүрөөк, полип жана аденома сейрек учурайт. Эн безинин коркунучтуу шишиги көп кезигип, жаштар жабыркайт. Бул учурда шишик жыныс гормондорун иштеп чыгарып, балдардын жыныстык жактан эрте жетилишине алып келет. Жыныс органынын ооруларынын ичинен эн безинин буралып калышы тезинен врачка кайрылууну талап кылат. Мында кан айлануу бузулат, калта ооруйт жана шишийт, жүрөгү айланат, кусат, эстен танат. Эркектин жыныс органынын ооруларын алдын алууда өздүк гигиенаны жана жыныстык турмуш гигиенасын сактоо, сырткы Ж. о-н күндө жууп туруу керек. Аялдардын жыныс органынын кемтигине анатом. түзүлүшүнүн бузулушу (жатын кыны, жатындын жоктугу же экиден болуп калышы жана башка), толук жетилбей калышы — инфантилизм кирет. Айрым кемтиктерде, мисалы, жатындын, жатын кынынын экиден болуп калышында анын функциясы бузулбайт (этек кир убагында эле келет, аялдардын боюна болуп, төрөй алышат). Бирок кээ бир учурда боюнан түшүп калышы же төрөтү кыйын болушу мүмкүн. Ошондуктан кош бойлуу аялдар дайыма врачтын көзөмөлүндө болуулары тийиш. Жатын кыны жок болгондо этек кир келбейт. Аны хирургиялык жол менен дарылайт. Жыныс органынын туура эмес жайгашуусуна, айрыкча жатындын алдын жана артын көздөй кайрылып калуусуна жатындын жана кичине жамбаш чарасынын булчуңдарынын тонусунун начарлашы, ошондой эле ички жыныс органдарынын сезгенүү оорулары түрткү болот. Мындай жабыркоолорду алдын алууда Ж. о-нын сезгенүү ооруларын туура дарылоо, өз убагы менен заара кылуу, гимнастика жасоонун мааниси чоң. Оору козгоочу микроорганизмдер жыныс жолуна түшкөндө сезгенүү оорулары болот. Тигил же бул Ж. о-нын сезгенишине жараша төмөнкүчө айырмаланат: жатын кошумчаларынын сезгенүүсү — аднексит, жатындын сезгениши метроэндометрий, жатын моюнчасыныкы — цервицит, ошондой эле жатын моюнчасынын эрозиясы, жатын кынынын сезгенүүсү — колыгит, сырткы жыныс органынын сезгенүүсү — вульвовагинит жана башка Оору пайда кылуучу микроорганизмдер жыныс жолуна өздүк гигиенаны жана жыныстык турмуш гигиенасын сактабаганда, кокустан болгон жыныстык катнашууда жугат, бул байланыш андан башка трихомоноз, сүзөк жана котон жара менен ооруп калуу коркунучун туудурат. Аялдардын жыныс органынын зыяндуу жана зыянсыз шишиктери, көбүнчө жатын жана энелик безде болот. Зыянсыз шишиктерден жатын миомасы (фибромиома) жана энелик бездин кистасы көп кезигет. Бул учурда этек кир цикли бузулат, шишик чоңоюп кеткенде жакын жаткан органдарды кысып, бат-бат заара кылууга, ичтин катышына алып келет. Анча чоң эмес миомада аялдардын боюна бүтөт, бирок боюнан түшүп калышы, айына жетсе кыйналып төрөшү, төрөгөндөн кийин кан кетиши мүмкүн. Энелик бездин кистасы эч билинбей жүрө берип, гинекологиялык изилдөөдө гана байкалат. Кээ бир учурда кистанын буралып калышы мүмкүн. Мында ичтин төмөн жагы катуу ооруйт, жүрөгү айланат, кээде денеси ысыйт. Мындай оорулууну тезинен ооруканага жаткырып, хирургиялык дарылоо жүргүзүлөт. Зыяндуу шишик (жатындын жана энелик бездин рагы) көбүнчө климактерий же ага жакындап калган мезгилде болот. Шишик оорусун өз убагында эрте таап, дарылануу үчүн жылына 2 жолу врач-гинекологго кайрылып, текшерилип туруш керек (к. Медициналык кароо).

Жыныстык гормондор

Кыз менен эркек балдардын денелери төрөлгөндөн баштап белгилүү бир кезге чейин бири-бирине окшош болот. Бирок бир канча жылдар өткөн соң эки дене бири-биринен өзгөчөлөнүп баштайт. Эркектерге сакал-мурут чыгып, үнү жоонойуп, далысы кеңейет жана кадимки эркек денесине окшошуп калат. Кыздардын денеси болсо кадимки бир аялдын денесине окшошо баштайт. Жыныстык аймактардан тышкары, бири-бирине абдан окшошкон эки дененин көрүнүшү өспүрүм кезде бул гормондор чыгарылган соң бири-биринен абдан айырмаланып баштайт. Жыныстык гормондор эркекте тестостерон, аялда болсо эстроген менен прогестерон.

Жыныстык гормондор эркекте урук безинен, аялда энелик бездерден бөлүп чыгарылат. Бирок бул гормондорду бөлүп чыгартуучу система бул органдардан бир топ алыста жайгашкан. Мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, жыныстык гормондордун бөлүп чыгарылышы гипофиз бези менен гипоталамус аймагы тарабынан башкарылат.

Жыныстык гормондор адам төрөлгөндөн баштап бир топ жылга созулган бир күтүүдөн соң гана ишке киргизилет. Бул өтө улуу бир керемет. Себеби мээнин гипоталамус аймагы адам төрөлгөндөн кийин бир топ жылга чейин «жыныстык гормондор бөлүп чыгарылсын» деп буйрук бербейт. Өз учуру келгенде гана, башкача айтканда, бала өспүрүм жашка жеткенде гана гипоталамус гипофиз безине бир буйрук жиберет. Ал буйрук GnRH гормону (гонадолиберин). Гипоталамустун миллиарддаган адамда убакыттан эч жаңылбашы өтө кереметтүү көрүнүш. Кичинекей бир эт түйдөгү күндөрдү, айларды, жылдарды эсептеп, колунда бир жылнаамасы жок туруп, аныгыраагы жылнааманы түшүнө турган акылы жана аң-сезими да жок туруп, убакытты мынчалык так кантип аныктай алат? Бул акыйкат гипоталамустун Аллах тарабынан убакытты ушинтип аныктай ала турган кылып долбоорлонгондугун толук далилдейт.

Бул буйрукту алган гипофиз бези эки гормон (LH: лютеотропин жана FSH: фоллитропин) бөлүп чыгарат. Бул гормондордун көздөгөнү аялдарда энелик без, эркектерде болсо урук бези. Гормондор канчалаган жылдан бери бош турган бул органдарга «иштеп баштагыла» деп буйрук берет.

Урук бези менен энелик бездер, бир жагынан, эркек менен аялга тиешелүү жыныстык клеткаларды жасап, экинчи жагынан болсо, жыныстык гормондорду бөлүп чыгарып башташат.

Бул жерде өтө таң калаарлык бир жагдай бар. LH жана FSH гормондорунун молекулалык түзүлүшү аял менен эркекте бирдей болот. Бирок экөө тең аял менен эркектин денесинде башка башка өзгөрүүлөргө себеп болушат.

Бул гормондордун ар кандай таасирлерге себеп болушунун жана көп жыл бою бөлүп чыгарылбай күтүп турулушунун канчалык улуу бир керемет экенин «Убакытты пландап, жынысты айырмалай алган гормондор (FSH жана LH)» аттуу бөлүмдө карадык.

Аялдын жыныстык системасы

Аялдын жыныстык системасынын эң негизги органы – бул, ар биринин салмагы 10-20 грамм болгон энелик бездер. Энелик бездер төрөлө турган бир адамдын жарымы деп кабыл алынган энелик клетканы жасашат. Төрөлө турган адамдын экинчи жарымы болсо эркектин денесинен келе турган сперма клеткасы болот.

Энелик бездердин экинчи милдети – бул, жыныстык гормондорду чыгаруу. Бул өтө маанилүү бир милдет, себеби жыныстык гормондор жаш баланын денесин аялдын денесине айлантат. Бул процесс бир айкелчинин (скульптор) бир айкелди жасашына окшошот. Бирок гормондор ал айкелди айкелчи сыяктуу сырттан эмес, айкелдин, б.а. дененин ичинен жасашат.

Мисалы, аялда чыгарылган жыныстык гормондор жамбаш сөөктөрүн кеңейтет. Бул атайын бир пландын бөлүгү жана кош бойлуу кезде жатындагы наристеге орун болушу үчүн жасалган.36

Бул жерде кайрадан ойлонуу керек. Аял гормондорун чыгарган клеткалар келечекте аялдын кош бойлуу болушу мүмкүн экенин жана наристеге кененирээк орун керек болоорун кайдан билишет? Муну кайдандыр билип калышты дейли. Анда жамбаш сөөгүн түзгөн клеткаларга канчага бөлүнүп, жамбаш сөөгүн канчалык кеңейтүү керек экенин кантип айтышат? Жамбаш сөөгүнүн канчалык чоңдукта болушу керек экенин кайдан билишет?

Ошондой эле, аялдарда майлардын жамбаш менен сандарда топтолушуна да эстрогендин таасири себеп болот. Эркекте болсо өспүрүм кезде май эмес, скелеттик булчуң массасы өсөт. Аялдарда май запасынын көбөйүшү келечекте кош бойлуулук жана сүт берүү учурунда керек боло турган энергияны топтоп коюу үчүн атайын пландалган.

Жыныстык гормондор аялда ичке үндү өрчүтсө, эркекте жоон үндүн өрчүшүнө себеп болот.38 Гормон молекулалары эркектин үнү менен аялдын үнүнүн ортосундагы айырманы кайдан билишет? Эркектин үнүнүн жоон, аялдын үнүнүн болсо ичке болушу керек экенин кантип чечишет? Жана формуласы бирдей болгон гормондор кантип аялда ичке, эркекте жоон үн жасай алышат?

Аялдык гормондордун белгилүү бир жашка чейин бөлүп чыгарылбашынын дагы бир өтө маанилүү себеби бар. Анткени аялдын денеси акыл жана дене жагынан жетилгенде, б.а. денеси жетилип бир наристени көтөрө ала турган болгондо, акылы болсо аны чоңойто ала турганчалык жетилген жашта аялдык гормондор ишке кирип баштайт.39 Албетте, бул адамдын белгилүү бир план менен жаратылгандыгынын дагы бир далили.

Төрт жумалык жашоо периоду

Ден-соолугу жайында бир аялдын денеси төрт жумада бир кеңири масштабдуу даярдык көрөт. Бул даярдык жаңы бир адамды бул дүйнөгө алып келүү үчүн аялдын денесиндеги клеткалар тарабынан жасалат.

Бир эненин наристесинин бүт муктаждыктарын ойлонуп, анын ден-соолугуна, чоңоюшуна абдан көңүл коюп, баласынын келечеги үчүн пландарды түзүшү сыяктуу; эненин жыныстык органдарын түзгөн клеткалар да энелик клетканы абдан «бөпөлөшөт». Энелик клетка уруктанышы үчүн аларга үйрөтүлгөн узун мөөнөттүү планга баш ийишет. Ал планды ишке ашырууда негизги ролду, албетте, гормондор ойнойт.

Төрт жумалык периоддун башында гипофиз бези LH (лютеотропин) гормонун чыгарат. Бул гормон баш сөөгүнөн жолго чыккан соң узун жол жүрүп кан аркылуу энелик бездерге жетет. Натыйжада энелик бездер ишке кирет.

Энелик бездердин ичинде миңдеген жетилбеген (ядро) энелик клетка болот. Гипофизден келген LH гормонунун таасири менен бул ядро клеткалардын бир бөлүгү жетилип баштайт. Жетилип жаткан клеткалардын бирөөсү гана толук жетилип, энелик клеткага айланып энелик безден сыртка чыгарылат. (Эки клетка чыгарылып, экөө тең уруктанганда «эгиз» балдар төрөлөт.)

Жетилип жаткан энелик клетка менен анын айланасындагы азыктандыргыч катмар фолликул деп аталат. Гипофиз безинен жиберилген FSH (фоллитропин) гормону фолликулга өтө кызыктуу бир таасир берет жана фолликул күтүүсүздөн өзгөчө бир молекуланы чыгарып баштайт. Ал молекула – «эстроген» аттуу гормон.

Өзү да толук жетиле элек болгон фолликул кантип бир гормон чыгарып баштайт? Бул өндүрүштүн максаты эмне? Бул суроолордун жообу бизге дагы бир жаратылуу далилин көрсөтөт.

Фолликул чыгарган молекулалардын, б.а. эстрогендин аялдын денесинде аткарган кызматтары да өзүнчө бир керемет. Эстрогендин бул кызматтарын кыскача карайлы:

1. Эстроген гормонунун көздөгөн жерлеринин бири – бул жатын. Жатын уруктанбаган жумуртканын жайгашып, бөлүнүп чоңойо турган уясы болуп эсептелет. Эстроген гормонунун таасири менен жатында бир даярдык башталат. Жатындын капталдарынын калыңдыгы 3-5 эсеге өсүп, капиллярлар менен оролот. Эгер уруктануу ишке ашса, энелик клеткага керектүү азыкты ушул тамырлар камсыз кылышат.

Бул чыныгы бир керемет. Себеби өзү эми гана жетилип жаткан фолликул ичиндеги энелик клетканын келечегин ойлонуп, энелик клетканын азыктанышы үчүн керектүү чараларды алдын ала көрүп баштайт. Энелик клетканын келечекте жашай турган жерине, б.а. жатынга даярдык көрдүрөт.

Бул жерде кээ бир суроолор туулат;

1. Фолликул энелик клетканын бөлүп чыгарылган соң жатынга бараарын жана ошол жерде жашай турганын кайдан уккан? Жатындагы капиллярлардын энелик клеткага азык берээрин кайдан билет? Ал капиллярларды көбөйтө турган формуланы кимден үйрөнгөн?

2. Эстрогендин таасири менен жатындын булчуңдары да өрчүп, күчтүү болуп баштайт. Бул дагы уруктануу болуп калчу болсо энелик клетканын жайгаша турган жерин коргоо үчүн көрүлгөн бир чара.

3. Аялдардын жетилүү учурунда көкүрөк аймагынын чоңоюшу да түздөн-түз эстроген гормонунун таасиринен көз-каранды. Эстроген көкүрөккө майдын чогулушун өстүрөт жана, ошондой эле, көкүрөктүн ичиндеги сүт бездерин да көбөйтөт. Бул даярдыктардын баары эненин келечекте төрөлө турган наристени эмизиши үчүн көрүлөт.

4. Аялдын дене түзүлүшүнүн башка бөлүктөрүнүн калыптанышына да эстроген себепчи болот. Бул жерде да өтө кызыктуу бир көрүнүшкө күбө болобуз. Мисалы, эстроген аялдын көкүрөк аймагын кеңейтет. Бирок эч качан бул гормон барып ийин сөөктөрүн кеңейтип, аялдын көрүнүшүн эркекке окшоштуруп койбойт.

Аялда ичке үндүн өрчүшүн да эстроген камсыз кылат. Эстроген аялдын үнүн эркектикиндей кылбайт. Ар дайым кандай үн жасоо керек экенин, б.а. аялдын үнүн жасаганды эң жакшы билет. Аял денесинин өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрүн жасаган скульптор – бул, эстроген гормону.

5. Эстроген, ошондой эле, уруктанууну да оңойлоштурат. Экинчи жуманын аягында, энелик клетка уруктануу үчүн эң ыңгайлуу абалга келгенде, кандагы эстрогендин көлөмү да абдан көбөйөт. Бул болсо жатындан вагинаны көздөй белгилүү бир суюктуктун бөлүп чыгарылышына себеп болот. Ал суюктук эркектин көбөйүү клеткасы болгон сперманы өзүнүн ичине камап, жогору көздөй жылдырат. Ал суюктук сперманын кыймылдуулугун жогорулатып, анын жогору көздөй, б.а. энелик клетканы көздөй жылышына көмөкчү болот.

6. Жатын, эгер атайын чара көрүлбөсө, абдан микробдуу бир жер болуп саналат. Бул эненин жана төрөлө турган наристенин ден-соолугуна чоң коркунуч туудурат. Бул коркунучтун алдын алуу үчүн кандай чара көрүү керек? Эстроген гормону кереметтүү бир жол менен бул коркунучтун жоюлушуна шарт түзөт. Эстроген молекулалары жатындагы эпителий клеткаларына жеткенде, ал клеткалар кислота бөлүп чыгара башташат. Ал кислоталар пайдалуу микробдордун (Додерлейн таякчаларынын) көбөйүшүнө ыңгайлуу шарт түзөт жана, ошондой эле, вагинаны инфекциялардан коргойт.

Кичинекей бир фолликул чыгарган химиялык молекула бир адамдын денесин толук калыптандырат жана, мындан тышкары, келечекте жаңы бир адам төрөлүшү үчүн бир катар жөнгө салууларды жасайт. Негизи, эстроген гормону – атомдордун белгилүү бир тартип менен тизилишинен келип чыккан, аң-сезимсиз бир зат. Аң-сезимсиз клеткалар тарабынан чыгарылат жана аң-сезимсиз клеткаларга таасир тийгизет. Бирок бул процесстердин баары белгилүү бир пландын негизинде ишке ашып, ал пландын аягында адам жыныстарынын бири толук калыптанууда. Энелик клетканы тосуп алуу үчүн көрүлгөн даярдык


2. us luteum3. Primary follicle
4. Blood vessels
5. Growing Follicles
6. Corona Radiata 7. Mature vesicular (Graafian) follicle
8. Germinal epithelium
9. Antrum
10. Ruptured follicle
11. Ovulation
12. 2nd oocyte Degenerating corpus luteum

 

Төрт жумалык периоддун экинчи бөлүгүнө, б.а. болжол менен 14-күнгө келгенде, жетилген энелик клетка энелик безден сыртка чыгарылат. Мындан соң энелик клетканын жатынды көздөй сапары башталат. Ал сапар учурунда уруктанса жаңы бир жашоо башталат, уруктанбаса өлүп, денеден сыртка чыгарылып салынат.Энелик клетка энелик безди таштап, сапарга чыгат. Бирок артта калган энелик бездин ичинен жана абдан алыста жайгашкан гипофиз безинен ага чоң колдоо көрсөтүлөт.Гипофиз бези койо берилген энелик клеткага жардам керек экенин билгендей болуп, LTH (лютеотроптук гормон) аттуу атайын бир гормонду бөлүп чыгарат. Ал гормон кан аркылуу энелик бездерге келип, анын ичиндеги «сары телого» (korpus luteum) таасир берет. Сары тело болсо прогестерон гормонун бөлүп чыгарат.Прогестерон гормону да атайын долбоорлонгон жана көп максаттар үчүн чыгарылган. Энелик безден эч сыртка чыкпаган жана сырткы чөйрөнү эч көрбөгөн сары телонун клеткалары чыгарган бул гормон алыс жактагы көптөгөн клеткаларга таасир берет. Ал клеткалардын белгилүү бир пландын негизинде иш-аракет жүргүзүшүнө шарт түзөт. Бул кубулуш адам денесиндеги кереметтердин дагы бир мисалы.

Прогестерон молекулалары жатынга жеткенде, дал эстроген сыяктуу энелик клетканы тосуп алууга даярдык көрдүрүшөт; кандайдыр бир мааниде эстрогендин күчүнө күч кошушат.Прогестерон гормону, ошондой эле, өзү ичинен чыккан энелик безге да таасир берет. Энелик безден дагы бир энелик клетканын койо берилишине тоскоол болот. Антпесе, эне курсагында бир эмбрион чоңоюп жатканда, экинчи бир энелик клетка да уруктанып, бул өрчүп жаткан эмбрионго да, энеге да чоң коркунуч жаратат.Прогестерон молекулалары уруктануу ишке ашкан соң, экинчи уруктануу болбошу керек экенин, ал үчүн энелик бездин иш-аракетин токтотуу керек экенин кайдан билишет? Жөнөкөй бир молекула болгон прогестеронго бул жөндөмдөрдү ким берген? Албетте, бул суроолор жөнүндө терең ойлонуу керек.Прогестерондун дагы бир касиети болсо – гипофизден чыгарылган окситоцин гормонунун таасирин азайтуу. Бул дагы өзүнчө пландалган бир керемет. Окситоцин гормону, мурдакы бөлүмдөрдө каралгандай, төрөт жакындаганда жатындын булчуңдарын жыйрылтуучу бир гормон. Мындай жыйрылуулар наристенин эне курсагынан чыгышын жеңилдетет.

 

1. Hypothalamus secretes releasing hormones
2. Anterior pituitary secretes FSH and LH.
3. Follicles and corpus luteum secrete estrogen and progesterone
4. Estrogen and progesterone cause growth of endometrium in the uterus.
5. Towards the end of cycle, levels of estrogen and progesterone in blood rise.
6. Negative feedback inhibits hypothalamus.

a. Uterus
b. Endonetrium
c. Negative feedback
d. Ovary
e. Corpus luteum
f. Estrogen and progesterone also cause onset of puberty (female body characteristics and sex drive).

 

 

Эгер уруктануунун башында окситоцин гормону жатындын булчуңдарына таасир тийгизсе, бул жыйрылуулар жатынга карманууга аракет кылып жаткан, уруктанган энелик клетканы сыртка чыгарып салып, эч качан эненин боюна бүтпөйт. Бул этапта прогестерон гормону окситоцин гормонунун таасирин жокко чыгарып, уруктанган энелик клетканын сыртка чыгарылып салынышына бөгөт койот. Прогестерондун окситоцин гормонунун таасирин жокко чыгара турган түзүлүштө болушу таң калыштуу.

Эми кайрадан ойлонуп көрөлү. Прогестерон энелик бездин ичиндеги клеткалар тарабынан чыгарылат. Окситоцин гормону болсо энелик безден өтө алыста, баш сөөгүнүн ичинде жайгашкан гипофиз безинен чыгарылат.

Прогестеронду чыгарган клеткалар окситоцин гормонунун бар экенин кайдан билишет? Окситоцин гормонунун жатындын жыйрылышына себеп болоорун жана мунун уруктанган энелик клетканы сыртка чыгарып салаарын кимден угушкан? Кайсы акылы менен буга жолтоо болуу үчүн прогестерон молекуласын долбоорлошкон?

Албетте, бул жердеги пландоо ал планды түзгөн бир акылдын бар экенин көрсөтөт. Жана бул планды түзө алуу үчүн адам денесине тиешелүү бүт маалыматтарды билүү керек. Адамды бүт өзгөчөлүктөрү менен жараткан Аллах прогестерон-окситоцин механизминдеги шайкештикти да эң идеалдуу кылып жараткан.

Уруктанган энелик клетка жатындын капталына жетип, ал жерде чоңоюп баштаганда эненин денеси үчүн чоочун бир зат болуп эсептелет. Ошондуктан эненин денесиндеги иммундук клеткалар бөлүнүп, чоңоюп жаткан клетка тобуна сөзсүз чабуул жасашы керек. Бул чабуул адамдын жашоосун баштала электе токтотуп салгандыктан, эч качан бойго бүтпөйт.

Бирок прогестерон гормону иммундук клеткалардын жатындын капталындагы зиготага кол салышына бөгөт болот. Бул дагы өтө таң калыштуу көрүнүш. Прогестерон, башка көптөгөн кызматтарынан тышкары, өрчүп жаткан клетка тобун чабуулдардан да коргойт. Бул көрүнүш, албетте, прогестерондун улуу бир акыл, б.а. Аллах тарабынан жаратылгандыгын дагы бир жолу далилдейт.

Прогестерон, жогоруда да айтылгандай, төрт жумалык периоддун экинчи бөлүгүндө бөлүп чыгарылат. Бул убакыт тилкесинде эгер уруктануу ишке ашпаса, кандагы прогестерон менен эстрогендин көлөмү тездик менен азайат. Жаңы бир адамга жашоо тартуулоо үчүн көрүлгөн даярдыктар азырынча керек эмес болуп калат. Бул даярдыктар (уруктана турган энелик клетканы азыктандыруу үчүн жатындын капталына чогулган капиллярлар) денеден сыртка чыгарылып салынат жана бул аялдарда айыз (менструация) деп аталган көрүнүштү пайда кылат.

Төрт жумадан соң гипофиз безинин FSH (фоллитропин) гормонун бөлүп чыгарышы менен энелик бездин ичинде жаңы бир энелик клетка жетилип баштайт. Ошентип төрт жумалык жаңы бир даярдык периоду башталат.

Эркектин жыныстык системасы

Эркектин жыныстык системасында да гормондор негизги рольду ойнойт. Төрөлгөндөн болжол менен 10 жылдан соң жетилүү периоду башталганда эркек гормондору толук ишке кирет. Ал гормондор да денеде курулган бир буйрук тизмегинин иштеп башташы менен ишке кирет. Бул буйрук тизмегинин эң жогорку башкаруучусу болсо гипоталамус.

Гипоталамус бала төрөлгөндөн кийинки жылдары ар 3-4 саатта бир LHRH аттуу бир гормон бөлүп чыгарат. Бирок бул гормондун бөлүп чыгарылган саны абдан аз. Болжол менен он жылдан соң гипоталамус эркектин денесин калыптандыруу убактысынын келгенин түшүнгөндөй болуп, LHRH гормонун кыскараак аралык менен (батыраак) чыгарып баштайт.43 LHRH гормону буйрук тизмегинин экинчи шакеги болгон гипофиз безине барат. Гипофиз бези бул буйрукту алаар замат LH аттуу башка бир гормонду бөлүп чыгарат. Бул гормон эркектин урук бездерине өндүрүштү баштагыла деп буйрук берет.

Бул процесстердин башталышы эмне үчүн көп жылдарга созулат жана бул механизмдин иштөө убактысы кантип аныкталат? Бул суроолордун жооптору илим дүйнөсү үчүн дагы эле белгисиз. Бирок адам баласы дагы эле сырларын түшүнө албаган бул система адамзат тарыхынын башынан бери адамдардын денесинде иштеп келе жатат.

LH гормону кан аркылуу урук бездерине жеткенде, ал жердеги клеткалар тестостерон аттуу гормонду чыгарып башташат. Тестостерон чыгарган клеткалар ал дененин балалыктан эркектикке өтүү убактысынын келгенин билген сыяктуу. Себеби алар чыгарган тестостерондун химиялык формуласы өсүп жаткан баланы бойго жеткен бир эркекке айлантат.

Тестостерон молекулалары денеге тарап, белгилүү жерлердеги клеткаларга эмне кылуу керек экенин кабар берет. Тестостерондун эркектин денесин калыптандыруучу кызматтарынын кээ бирлери төмөнкүлөр:

1. Тестостерон молекулалары булчуң клеткаларынын көбөйүшүнө себеп болот. Ошондуктан эркектин денеси аялдын денесинен булчуңдуураак жана күчтүүрөөк болот. Булчуң массасынын көбөйүшү дененин көрүнүшүн кадимки эркектин денесине айландырат.

2. Тестостерон молекулалары, ошондой эле, түктөрдүн түбүндөгү клеткаларга таасир тийгизип, сакал жана муруттун чыгышына себеп болушат. Маңдайдагы чач сызыгы артты көздөй тартылат.

3. Тестостерон молекулалары үн байламталарына да таасир беришет. Эркектердин үнүнүн аялдардыкынан жоонураак болушу мына ушундан келип чыгат. Тестостерон молекуласы, мындан тышкары, эркектин денесине энелик клетканы уруктандыра алуу жөндөмүн берет.

Албетте, булардын баарын аң-сезимсиз бир молекуланын жасашы абдан таң калыштуу. Ал молекула эркектин денесине тиешелүү өзгөчөлүктөрдү билгендей болуп, эркектин денесин калыптандыруу үчүн триллиондогон клетканы башкарат.

Тестостерон гормонундагы план булар менен эле чектелбейт. Бул гормондун таасир тийгизүү механизминен да апачык бир планды көрүүгө болот. Тестостерон жогоруда айтылган таасирлерди тийгизүү үчүн көздөлгөн тканьга (эркектин жыныстык органдарына) жеткенде клеткалардын ичине кирет. Клетканын ичинде атайын тестостерон үчүн жаратылган бир фермент менен биригет жана натыйжада тестостерондун таасири бир топ жогорулайт.

Долбоор жана пландоо дагы эле бүтө элек. Бул жаңы пайда болгон гормон да атайын өзү үчүн долбоорлонгон белгилүү бир кабылдагыч менен биригет. Мындан келип чыккан молекулалык комбинация клетканын ДНКсына туташып, ДНКдан алынган маалыматтардын негизинде жаңы бир белок синтезин пайда кылат. Бул кубулуш эркек менен аялдын денесин бири-биринен айырмалуу кылып, жыныстык функциялардын иштешине шарт түзөт.

Бул жердеги система укмуш кемчиликсиз жаратылгандыктан, тестостерон-фермент-кабылдагыч үчилтигинен турган механизм ДНКдагы миллиарддаган маалыматтын арасынан өздөрү үчүн жазылган бөлүктү таап, ал жердеги маалыматтардын негизинде өндүрүш жасайт. Мисалы, сакал чыгышы үчүн сакалдын тамырындагы клеткалардын ДНКларында кайсы аймакка таасир тийгизүү керек экенин билишет. Үндүн жооноюшу үчүн үн байламталарынын клеткаларындагы ДНКлардын кайсы бөлүгүнө таасир тийгизүү керек болсо, ошол жерге таасир беришет.

Бул маалыматтар абдан маанилүү. Тестостерон (C19H28O2) – белгилүү сандагы көмүртек, суутек жана кычкылтек атомдорунун биригишинен келип чыккан бир молекула. Бул жансыз, аң-сезимсиз зат ДНКда ага керектүү маалыматтын бар экенин кайдан билиши мүмкүн? Эң негизгиси, 3 миллиард тамгадан турган, миңдеген томдук энциклопедияны толтура алчу маалыматтын арасынан издеген бир канча тамгасын кантип жаңылбай, тездик менен таба алат? Бүгүнкү күндө Адам геному долбоорунун алкагында 10 жылдан бери иштеген жүздөгөн илимпоз дүйнөнүн эң алдыңкы технологиясын колдонуп, ДНКны араң гана окуй алышты. Бирок ДНКнын кайсы бөлүгүнүн адам денесинин кайсы органы, белогу же гормону менен байланыштуу экени дагы эле белгисиз бойдон калууда. Бирок C18H24O2 формулалуу эстроген менен C19H28O2 формулалуу тестостерон гормондору муну эң жакшы билишет жана миллиондогон жылдан бери, миллиарддаган адамдын денесинде билген жумушун эч жаңылбай жасап келе жатышат.

Албетте, бир эле ушул система дагы Аллахтын жаратуу чеберчилигин көрсөткөн улуу бир керемет.

Тестостерон гормону гипофиз безинен бөлүп чыгарылган LH гормонунун таасири менен иштеп чыгарылат. Бирок тестостеронду LH гормону контрольдогон сыяктуу, тестостерон да LH гормонун контрольдойт. Канда тестостерондун көлөмү көбөйүп кеткенде, тестостерон молекулалары гипофиз безин LH гормонунун өндүрүшүн азайтууга мажбурлайт. Тестостерондун көлөмү азайганда, LH гормонунун өндүрүшү кайрадан башталат. Чыгарылган LH гормону эркектин урук безин стимулдап, ага тестостерондун көлөмүн көбөйтүү үчүн кошумча өндүрүш жасоого буйрук берет.

Мындан төмөнкүдөй жыйынтык чыгат: гипофиз бези менен урук безинин ортосунда эки тараптуу бир маалыматтык байланыш бар. Аң-сезимсиз эки эт түйдөгү бири-биринин өндүрүшүн башкарып, өз ара кызматташып адам үчүн эң идеалдуу көлөмдөгү тестостеронду бөлүп чыгарышат жана тестостерондун аз же көп иштелип чыгышынан пайда боло турган зыяндардын алдын алышат. Тагыраак айтканда, эки бездин ичине тең экөөнүн бири-бири менен шайкеш иштешин камсыз кыла турган молекулярдык субсистемалар орнотулган. Бул кемчиликсиз долбоор, албетте, бул системалардын белгилүү бир максатты көздөп пайда кылынганын, б.а. Аллах тарабынан жаратылганын көрсөтөт.

Ал ортодо гипофиз бези бөлүп чыгарган FSH гормону болсо урук бездеринде сперма өндүрүшүн баштайт. Спермалар – бул атайын энелик клетканы уруктандыруу үчүн долбоорлонгон клеткалар. Бойго жетүү доорунун башталышы менен, эң туура убакта FSH гормонунун бөлүп чыгарылып, сперманын өндүрүлүп башташы да белгилүү бир пландын мисалы.

ǀ˅ Бап жыныс бездеринин паталогиясы

Эндометриоз

Эндометриоз – бул гинекологиялык ооруларынын эң кеңири таралган жана түшүнүксүз түрлөрүнүн бири. Акыркы убакытта көбүрөөк пайда болууда. Бирок аялдар көнүмүш адаттагыдай эле түшүнбөстүктө калышууда – алардан эмненин табылганы, аны эмне үчүн дарылоо керек жана бул абал кандай кооптуу экени.

Жакшыраак түшүнүү үчүн анатомияны бир азга талдап алуу керек.

Жатын көңдөйү ичинен эндометрий деп аталган былжырлуу чел менен капталган. Бул былжырлуу чел татаал структурада. Ал эки катмардан турат – биринчиси негизги түпкү, экинчиси функционалдуу. Функционалдуу катмар – бул айыз маалында ай сайын күч менен бөлүнүп чыгуучу былжырлуу челдин катмары (эгерде бойго бүткөн болсо, уруктанган энелик клетка дал ушул катмарга жабышат). Негизги түпкү катмар – бул ай сайын жаңы функционалдуу катмар өстүрүүчү катмар.

Ай сайын гормоналдуу өзгөрүүлөрдүн таасири менен жатындын ичинде эндометрий өсөт, эгерде бойго бүтө элек болсо – эндометрий кан аралашкан суюктук менен коштолуп, күч менен бөлүнүп чыгат. Мына ушул айыз (этек кир) деп аталат.

Дээрлик бардык аялдардын айыз суюктугу сыртка гана чыкпастан (жыныс кыны аркылуу), анын бир бөлүгү ошондой эле түтүктөр аркылуу ич көңдөйүнө түшөт. Ич көңдөйүнө түшкөн айыз суюктугу норма катары ич көңдөйүнүн атайы коргоочу клеткалары менен тез арада жок кылынат.

Бирок, айыз суюктугу ич көңдөйүнөн дайыма эле толугу менен тазаланып чыга бербейт. Күч менен бөлүнүп чыккан эндометрийдин бөлүкчөлөрү ар кандай ткандарга бекитилүү, аларга жабышуу жана калып калуу жөндөмдүүлүгүнө ээ.

Демек, эндометриоз – бул жатын көңдөйүнүн былжырлуу челинин (эндометрий) өзүнчө очок түрүндө жатын көңдөйүнүн ичине эмес, организмдин ар кайсы жерлерине – көбүнчө курсак челине жайгашуу оорусу. Эндометрийдин мындай фрагменттери (аларды эндометриоиддүү экспланттар деп да аташат) энелик бездеринде, түтүктөрдө, жатын байламталарында, ичегилерде жайгашуусу мүмкүн, жана ошондой эле ич көңдөйүнүн ичинен башка жерлерде калып калуусу да мүмкүн.

Эндометрийдин бул фрагменттери калып калгандан кийин, жатын көңдөйүндө жайгашып жашагандай жашап башташат, башкача айтканда, энелик безинин гормондорунун таасири астында экспланттар (очоктор) көлөмү боюнча чоңойушат, андан кийин алардын бир бөлүгү айыз мезгилинде күч менен бөлүнүп чыгат. Башкача айтканда, эндометриоз оорусу бар аялдын шартталган айызы гана эмес, бардык эндометриоз очокторундагы көптөгөн кичи айыздары дагы келет.

Бул кичи айыздар ич көңдөйүнүн өтө жакшы иннервацияланган курсак челинде болуп жаткандыктан, бул процесс учурунда оорулар пайда болот. Мына ошондуктан, эндометриоздун биринчи симптому болуп ичтин оорусу эсептелет.

Эндометриоздун очоктору ар кандай формада, көлөмдө жана түстө болот. Көбүнчө бул ак, кызыл, кара, күрөң, саргыч жана башка түстөгү, ар кайсы органдарга жана ткандарга чачыраган анча чоң эмес тыгыздануулар. Кээ бир учурларда бул очоктор кошулуп биригип, ткандарды инфильтрация кылышат, айрыкча көбүнесе бул жатындын артында анын байламталарында болот. Мунун тегерегинде эндометриоиддүү ткандын жетишээрлик чоң массалары пайда болот (мындай абал «ретроцервикалдуу эндометриоз» деп аталат).

Эгер эндометрийдин тканы энелик безге түшүп калган болсо, анда анын ичинде эндометриоиддүү кисталар пайда болушу мүмкүн, аларды «шоколаддуу кисталар» деп да аташат. Алар энелик безинин оң сапаттуу кисталары болуп саналат.

Клиникалык белгилери

Эндометриоздун эң көп кездешүүчү белгиси болуп оору синдрому эсептелет. Оору синдрому түздөн-түз айыз мезгилинде же анын алдында пайда болгон оорулардын акырындык менен күчөшү, жыныстык катнаш учурунда болгон оорулар жана оору менен коштолгон дефекация менен мүнөздөлөт. Кээ бир учурларда оору синдрому кийин пайда болгон кубулуш катары эсептелбеши мүмкүн, аял жөн гана анын айызы дайыма эле оору менен коштолуп келгендигин байкайт, андай болсо да бейтаптардын көбү айызы келгендеги оорунун күчөшүн айтышат.

Оору көбүнчө эки тараптуу болот жана күчөгөндүгүнө жараша билинээр-билинбес деңгээлден өтө айкын деңгээлге чейин чайпалат, көбүнчө бул оору түз ичегинин тегерегиндеги кысуу сезими менен ассоциацияланып, оору артка жана бутка берилиши мүмкүн.

Айызы келгенге чейин же жыныстык жакындашуу учурунда күчөгөн, бүт айыз цикли бою дайыма «жагымсыз сезимдер» эндометриоз менен ооруган бейтаптын даттанган жападан-жалгыз көйгөйү болушу мүмкүн.

Эндометриоздун башка байкалуусуна айыздын келишине чейин же андан кийин көп убакыт бою шыбалган күрөң кан аралашкан суюктуктун чыгуусу кирет. Чат үстүндөгү оору пайда кылуучу сезимдер, оору менен коштолгон заара чыгаруу, заарада кандын пайда болушу (цистит оорусунан айырмалоо керек – акыркысы көбүнчө курч пайда болуп, туура дарылоо процессине тез өтөт).

Эндометриоздун дагы бир байкалуусу тукумсуздук болуп саналат. Эндометриоз эки механизминин таасири менен тукумсуздукка алып келиши мүмкүн деп эсептелет: жатын түтүгүнүн өткөрө ала тургандыгын бузуучу ширелүүлөрдүн пайда болушу, ошондой эле энелик бездин жана сперматозоиддердин функциясынын бузулушунун себебинен.

Эндометриоз оорусунда ширелүүлөр эндометриоз очокторунун курсак челиндеги ордуларында дайыма ширелүүлөрдүн пайда болушуна түрткү берүүчү сезгенүү процессинин болуп турушунан улам пайда болот. Ширелүүлөр жатын түтүктөрүнүн өткөрө ала тургандыгын бузуп, тукумсуздукка алып келет.

Сперматозоиддердин жана энелик бездин функцияларынын бузулушуна эндометриоздун ич көңдөйүнө пайда болгондо жергиликтүү иммундуу системанын активдүүлүгүнүн өзгөрүшү себеп болот. Ал туура эмес, өтө активдүү иштеп баштайт. Мындан тышкары, энелик бездеги эндометриоиддүү очоктордун пайда болушу энелик безинин жетилүү процессин, анын чыгуу (овуляция) процессин бузушу мүмкүн, ошондой эле, эндометриоз очоктору энелик безинин сапатын өзгөртүшү мүмкүн деп божомолдонот, ал эми ал уруктануу жана уруктанган энелик безинин жабышып калуу жөндөмдүүлүгүнүн бузулушуна алып келет.


Дата добавления: 2018-08-06; просмотров: 757; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:






Мы поможем в написании ваших работ!