Адреналин молекулаларын  организмдеги кызматтары. «Согуш же кач» системасы



Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлиги      Ош гуманитардык педагогикалык институту                Табият таануу жана география факултети                Биология жана химия кафедрасы               

Курстук иш

Тема: Бөйрөк үстүндөгу жана жыныс бездеринин физиологиялык иш аракеттери

Аткарган:     Туратбеков Максат

Текшерген:  Сагынбаева Гүлзада Авазбековна

Рецензент: Илиязов Жоодар Искендерович

Адистиги:     Биология

Тайпасы:       Б-13К-2

Мазмуну

ǀ бап Бөйрөк үстүндөгү бездин физиологиялык иш аракеттери

1. Киришүү......................................................................................... 3

2. Бөйрөк    үстүндөгү    бездердин   организмдеги кызматтары........................................................4

Адреналин  молекулаларын организмдеги кызматтары........................................................4

Кортизол         гормонунун         организмдеги кызматтар.....................................................................................16

ǀǀ бап Бөйрөк үстүндөгү бездин паталогиясы

5. Аддисон оорусу............................................................................19

ǀǀǀ Бап Жыныс мүчөлөрү (Жыныс бездери)                   

6. Жыныс бездери.............................................................................20

7. Жыныстык гормондор..................................................................23

8. Аялдын жыныстык системасы..........................................................24

9. Эркектин жыныстык системасы..................................................31

ǀ˅ Бап жыныс бездеринин паталогиясы

Эндометриоз............................................................................ 33

11. Простатит..................................................................................37

12. Простата безинин аденомасы..................................................38

13. Корутунду..................................................................................39

14. Колдонулган адабияттар..........................................................42

ǀ бап Бөйрөк үстүндөгү бездин физиологиялык иш аракеттери

1.Киришүү

Бөйрөк үстүндөгү без — киши жана омурткалуу жаныбарлардын ички секреция органы; бөйрөктүн жогору жагынан орун алган. Бөйрөк үстүндөгү без кыртыш (сырткы) жана мээ сымал (ички) катмардан турат. Кыртыш катмары 50дөй ар кандай гормондорду иштеп чыгарат. Анда минерал алмашууга таасир этүүчү альдестерон; углевод жана белок алмашууга катышуучу, ошондой эле организмдин коргоо реакциясын камсыз кылуучу — кортикостерон жана гидрокортизон; жыныс гормондору сыяктуу таасир берүүчү андроген, эстроген жана прогестерон гормондору пайда болот.

Бөйрөк үстүндөгү без: 1— бөйрөк үстүндөгү без; 2— бөйрөк; 3— заара агуучу түтүк; 4— бөйрөк венасы; 5— бөйрөк артериясы.

 

Алар жалпы кортикостероиддер деп аталат. Бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышынын шишигинде же анын көлөмү чоңоюп кеткенде гормону көп бөлүнүп Иценко-Кушинг[1] оорусу пайда болот. Ал эми гормондор аз иштелип чыкса Аддисон оорусуна алып келет. Бөйрөк үстүндөгү бездин мээ катмары 2 гормон — адреналин жана норадреналин бөлүп чыгарат. Алар нерв учтарына, жүрөк-кан тамыр системасына, алмашуу процесстерине таасир тийгизет. Бул гормондор мээ катмардын шишигинде өтө көп бөлүнүп чыгат. Бөйрөк үстүндөгү бездин кызматы нерв системасынын көзөмөлүндө өтүп, башка ички секреция бездери менен тыгыз байланышта болот.

 

АДРЕНАЛИН — адамдын, жаныбарлардын организминин тиричилик аракетинденегизги роль аткаруучу, бөйрөк үстүндөгү безден иштелип чыгуучу гормон.Кислоталар менен жегичтерде жакшы эрий турган ак түстөгү кристалл. 1901ж. ачылып, 1905ж. синтезделип алынган. Организмде адреналин бөйрөк үстүндөгү бездин фенилаланин жана тирозин аминокислоталарынан пайда болот, андан кангабөлүнүп чыгат. Канга

 

келген адреналин органдардын жана ткандардын кычкылтекти керектөөсүн жогорулатат, гликогендин ажырашына түрткү берет, зат алмашуунукүчөтөт, артерия басымын жогорулатат, жүрөктүн согушун

 

тездетет, дем алуунуыкчамдатат, ичеги, бронх булчуңдарын бошоңдотот жана башка Кайгырганда,булчуңдар иштегенде, демиккенде, үшүгөндө, канда канттын өлчөмү азайгандакандагы адреналин өтө көбөйөт. Ички органдардын, нерв системасынын, ички секрециябездеринин бир катар ооруларында организмде адреналин көбөйүп же азайып кетет, булоорунун өтүшүн оордотот. Адреналин  жаныбарлардын бөйрөк үстүндөгү безинен жана синтезделип алынат. Адреналин  канбасымы төмөндөгөндө, бронх астмасында жана башка аллергия ооруларындарылоо үчүн колдонулат. Адреналин  эритмелери анестезиялоочу эритмелерге алардынтаасирин узартуу жана кан агууну азайтуу үчүн кошулат. Адреналинди гипертонияооруларында, атеросклероздо, жүрөктүн оор жабыркоосунда колдонууга болбойт.

2.Бөйрөк үстүндөгү бездердин организмдеги кызматтары.

Дээрлик бүт адамдар бир жуп бөйрөгү бар экенин жана бөйрөктөрдүн абдан маанилүү функцияларды аткараарын билет. Бирок көп адамдар бөйрөктөрүнүн үстүндө 5-6 граммдык бир эт түйдөктөрү бар экенин жана алардын абдан маанилүү экенин билишпейт. Бөйрөктөрдүн үстү жагында жайгашкан бөйрөк үстүндөгү бездер жашообузга керектүү өтө маанилүү кызматтарды аткарышат.

Бөйрөк үстүндөгү бездерди изилдегенде алардын ар биринен бири-биринин үстүнө курулган эки лабораторияны көрөбүз. Алардын биринчиси 3 түрдүү гормон өндүрүлгөн бөйрөк үстүндөгү бездин сырткы аймагы (кабыгы), экинчиси 2 түрдүү гормон өндүрүлгөн ички аймагы. Бул бездер өтө маанилүү гормондорду чыгарышат; ал гормондордун кем болушу же туура эмес санда чыгарылышы өлүмгө алып келет.

Адреналин молекулаларын  организмдеги кызматтары. «Согуш же кач» системасы

 

Кээ бир адамдардын өмүрүн кереметтүү бир суюктук куткарып калган. Ал суюктук эң керектүү учурда алардын жанында болуп, кереметтүү формуласы менен ал адамдардын өмүрүн сактап калган. Ал суюктук адамдар коркунуч астында жана өтө оор шартта турганда, алардын күчтүүрөөк, бекемирээк, ылдамыраак жана сагыраак болушуна шарт түзгөн. Ал тургай, алардын дене кубатын, өтө күчтүү бир эликсир ичкен сымал, эки эсеге көбөйткөн. Буга бир мисал берели: мисалы бир учкучтун айдап бараткан учагы бузула баштады дейли. Кээде гезиттерде ушуга окшогон кабарлар чыгат. Баатыр бир учкучтун бузулуп, кулап түшүү коркунучуна кабылган учакты аба майданына ийгиликтүү кондурганы жана жүздөгөн жолоочунун өмүрүн сактап калганы жазылат. Бирок журналисттер билбеген жана жазбаган өтө маанилүү бир нерсе бар. Ал – жолоочулар менен учкучтун өмүрүн сактап калган, жогоруда айтылган кереметтүү суюктук.

Ал суюктук учкучтун мээ клеткаларын толкундантып, мээсине көбүрөөк кан жана кант жиберип, учкучтун сагыраак болушуна шарт түзгөн. Ошондой эле, учкучтун жүрөгүнүн согушун жана кан басымын жогорулатып, сагыраак жана ыкчамыраак болушуна негиз түзгөн. Дем алуу каналдары ачылып, көбүрөөк кычкылтек кирген жана натыйжада булчуң жана мээ клеткаларына көбүрөөк кан барган. Скелети менен булчуңдары күчтүүрөөк жыйрылып, канындагы канттын көлөмү жогорулагандыктан, керектүү кошумча энергияны ала алган.

Бул суюктукту ар бир адам өмүр бою жанында алып жүрөт. Сиз да азыр бул суюктукту жаныңызда алып жүрөсүз. Негизи жаныңызда эмес, денеңиздин ичинде, терең бир жерде; бөйрөктөрүңүздүн үстүндө жайгашкан бөйрөк үстүндөгү бездердин ичинде. Эгер бир күнү бул суюктук керек болуп калса, бөйрөк үстүндөгү бездериңиз бул суюктукту сизге колдонтот. Натыйжада күчтүүрөөк, ыкчамыраак жана сагыраак болуп каласыз. Эгер бир коркунучка туш болсоңуз, коркунучтун булагы менен согушуу же ал жерден качып өмүрүңүздү куткарышыңыз үчүн азыркы күч-кубатыңыздан болжол менен эки эсе күчтүү болуп каласыз. Бөйрөк үстүндөгү бездер чыгарган бул кереметтүү суюктуктун аты – «адреналин».

Адреналин гормону бөйрөк үстүндөгү бездердин ички аймагында жайгашкан лабораторияда өндүрүлүп, ошол жерге сакталып коюлат.

Ушунчалык таасири күчтүү бир суюктуктун кандын ичиндеги көлөмү кандай? Жүргүзүлгөн изилдөөлөр абдан кызыктуу бир чындыкты көрсөттү. Бир адамдын канындагы адреналин гормонунун көлөмү болжол менен төмөнкү мисал аркылуу түшүндүрүлөт: эгер денебиздеги канды тереңдиги 2 метр, диаметри 100 метр болгон бир көлгө салыштырсак, каныбыздагы адреналиндин көлөмү ошол көлгө куюлган бир чай кашык суюктукка барабар болот.

Гормон молекулаларынын кандагы көлөмү, аткарган жумушуна салыштырганда, адамды таң калтыра турганчалык аз. Көлөмү аз болгону менен адамдын денесине абдан күчтүү таасир тийгизет. Гормон молекулаларындагы бул күчтүн булагы алардын кемчиликсиз долбоор менен жаратылгандыгында.

1. Adrenal glands
2. Kidney
3. Right adrenal gland
4. Right renal artery
5. Right renal vein

6. Interior vena cava
7. Celiac Trunk
8. Abdominal aorta
9. Left renal vein

10. Left renal artery
11. Left adrenal gland
12. Adrenal medulla
13. Adrenal cortex
14. Capsule

 

 

1. Anterior pituitary
2. Hypothalamus
3. Adrenal cortex4. Corticosteroids
5. Body cells

a. Gluconeogenesis
b. Relieves
c. Physical stress

Кадимки бир адамдын дене муктаждыктары менен коркунуч астындагы бир адамдын дене муктаждыктары, албетте, бирдей болбойт. Бир коркунучка кабылган адамга эмнелер керек экенин ойлонуп көрөлү: ылдам чуркашы, булчуңдары ылдамыраак иштеши, кан басымы жогорулашы жана жүрөгү ылдамыраак согушу зарыл. Ошондо ылдамыраак чуркап, эртерээк кача алат же коркунуч менен жакшыраак күрөшө алат. Бирок булардын баары кантип ишке ашат?

 

Коркунуч туулаар замат денеде коңгуроо кагылат. Мээ бөйрөк үстүндөгү бездерге чагылгандай бир буйрук жиберет. Бөйрөк үстүндөгү бездин ички аймагында жайгашкан клеткалар өзгөчө кырдаалга даярданып, тезинен адреналин гормонун бөлүп чыгарат. Адреналин молекулалары канга аралашып, дененин ар кайсы жагына таралат.

Бөлүп чыгарылган адреналин молекулалары тамырларды жөнгө салат. Ал коркунуч учурунда керектүү негизги органдарга көбүрөөк кан барышына шарт түзөт. Андыктан жүрөккө, мээге жана булчуңдарга барчу кан тамырларын кеңейтет. Тамырлардын айланасындагы клеткалар адреналинге моюн сунуп, керектүү тамырларды кеңейтишет. Ошентип мээ, булчуңдар жана жүрөк керектүү кошумча кан менен камсыз болушат.24

Адреналин молекулаларынын жөнгө салуусу жүрөккө, мээге жана булчуңдарга барчу тамырларды кеңейтип, боорго жана териге барчу тамырларды кысат. Ошентип денеге кошумча көмөк көрсөтүлөт. Териге аз кан жиберүүнүн дагы бир себеби бар: бул, адам балким жаракат алып калса, кан жоготуу рискин минималдаштырат. Катуу толкунданганда териге аз кан жиберилгени үчүн адамдын териси кубарып калат.25

Эч качан жаңылыштык менен жүрөккө же мээге барчу тамырлар кысылып, боорго же териге барчу тамырлар кеңейтилбейт. Адреналин молекуласы эмне кылуу керек экенин мыкты билет. Денеңиздеги жүздөгөн тамырдын диаметри жана ал тамырлардын кайсы жерге, канчалык кан жиберээри көзгө көрүнбөгөн бир гормон тарабынан жөнгө салынат.

 

1.Hypothalamus 2. Carotid sinus 3. Heart 4. Arteries 5. Adrenal gland

 

Адреналин молекулаларын ар бир орган ар кандай түшүнөт;

Тамырга барганда тамырды кеңейткен адреналин молекуласы жүрөккө барганда жүрөк клеткаларынын жыйрылышын ылдамдатат. Натыйжада жүрөк батыраак согуп, булчуңдарга кошумча күч үчүн керектүү кан жиберилет.

Адреналин молекуласы булчуң клеткаларына жеткенде болсо булчуңдардын күчтүүрөөк жыйрылышына шарт түзөт. Боорго жеткен адреналин молекулалары ал жердеги клеткаларга канга көбүрөөк кант кошууну буйруйт. Натыйжада кандагы канттын көлөмү көбөйүп, булчуңдарга кошумча «күйүүчү зат» (энергия) жеткирилет.

Адреналин гормонунун денедеги бул иш-аракеттери улуу бир акылды, илимди жана жөндөмдү талап кылат. Бул кичинекей молекула, эң биринчиден, качан эмне кылуу керек экенин эң мыкты билет, жана адамда муктаждык пайда болмоюнча, денеде эч качан өзгөчө кырдаал жарыялабайт. Мындан тышкары, кайсы клеткаларга баруу керек экенин, кайсыларына кандай буйрук берүү керек экенин да эң жакшы билет жана муну эч унутпайт. Ошондой эле, бул иш-аракеттер алардын клеткаларды, органдарды жана аткарган функцияларын эң мыкты билээрин да көрсөтүүдө. Денени бул абалдан чыгаруу убактысынан да эч качан жаңылышпайт.

Антпесе, мындай ката денеге орду толгус зыяндарды алып келиши мүмкүн. Бирок бул кичинекей молекулалар өз жумушун өтө жоопкерчиликтүү жасашат.


Дата добавления: 2018-08-06; просмотров: 684; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:






Мы поможем в написании ваших работ!