Расмий эмес иш кагаздарына кайсылар кирет?



A. арыз, өмүр баян, мүнөздөмө

B. протокол, буйрук, акт

C. тил кат, кулактандыруу ,токтом

D. нускама, тиркеме, көрсөтмө

E. кулактандыруу, токтом, буйрук

426. Өмүр баяндын кайсы түрүнө кол коюлбайт?

A. I жакка                

B. III жакка         

C. бир тууганыӊа жазсаӊ

D. өзүндүн өмүр баяныӊа            

E. II жакка

427. Өмүр баянды жазууда кайсы сөздөр колдонулбайт?

A. синонимдер                         

B. бардыгы колдонулбайт        

C. антонимдер                   

D. фразеологизмдер

E. омонимдер

428. Арыздын текстинин аягы кайсы этиш сөздөрү менен аяктайт?

A. билдирем, айтам                  

B. угузам, айтып койгула    

C. суранам, өтүнөм

D. айтып жатам, даттанам       

Е. аяктады, билдирем

 429. Туура эмес түзүлгөн документтер кабыл ... . Көп чекиттин ордуна тиешелүү сөздү табыӊыз.

A. кылышпайт

B. алыңыз

C. алынбайт

D. алынат

E. кылышат

430. Жазылган бейтаптар келишти.

Берилген сүйлөмдөн атоочтукту аныктаӊыз.

A. бейтаптар                     

B. келишти                     

C. жазылган                

D. атоочтуктар жок    

E. бейтаптар келишти

431. Туура жазылган сөздү белгилеӊиз.

 А. К.А.Дүйшеевке

 B. К.А.Дүйшеевка

 C. К.А.Дүйшеевге

 D. К.А.Дүйшеевга

 E. К.А.Дүйшеевго

432. Жеке мүнөздөгү иш кагаздарына кайсылар кирет?

 А. буйрук, мүнөздөмө, жобо

 B. арыз, өмүр баян, таржымал

 C. токтом, нускама, мыйзам

 D. чечим, көрсөтмө, жобо

 E. ишеним кат, отчет, токтом

43 3. Таржымал деп, иш кагаздарынын кайсы түрүн атайбыз?

 А. өмүр баянга окшош келип, кыска жазылат

 B. өмүр баянга окшош келип, кенен жазылат

 C. мүнөздөмөгө окшош келип, кыска жазылат

 D. мүнөздөмөгө окшош келип, кенен жазылат

 E. сунуштамага окшош келип, кенен жазылат

434. Урматтуу кесиптештер! Бүгүн саат 12:00 дө «Эне тил» күнүнө карата иш-чара өткөрүлөт. Анда биздин кызматкерлер сөз сүйлөшөт. Катышуучуларга эшик ачык.

Бул иш-чара кайсы жерде өткөрүлөт?

А. мекемеде

B. базарда

C. үйдө

D. дарыканада

Е. ооруканада

435. Мени 2018-жылдын 15–18-мартына чейин жумуштан убактылуу бошотуп коюуңузду суранам, анткени көргөзмөгө катышам.

Бул текстте автор канча күнгө суранып жатат?

А. алты

B. эки

C. беш

D. үч

E. бир

43 6. Таржымал орусча кандай аталат?

A. өмүр баян        C. маалымдама

B. резюме             D. мүнөздөмө          E. билдирме

43 7. Адамдын басып өткөн жолу, иштеген жери

A. өздүк барак         C. өмүр баян

B. өздүк карточка    D. өздүк иш     E. өздүк жашоо

43 8. III жактагы өмүр баяндын аталышына эмне жазылат?

A. өмүр баян                C. белгилүү инсандын аты-жөнү

B. иш кагаздын тексти D. эч нерсе жазылбайт           E. кызматы

Кыргыз мамлекеттик медициналык институту качан ачылган?

А. 1917 B. 1939 C. 1946 D. 1969 E. 1988

Кайсы стилде терминдер байма-бай колдонулат?

А. көркөм

B. илимий

C. публицистикалык

D. иштиктүү

E. расмий

441. Илимий стилде байма-бай колдонулган сөздөр кайсылар?

А. макалдар

B. фразеологизмдер

C. архаизмдер

D. неологизмдер

E. терминдер

442. Кварц чаӊынан – антракоз, темирдүү чаӊдан – сидерос, көмүр чаӊынан – силикоз пайда болот.

Сүйлөмдүн стилин белгилеңиз.

А. көркөм

B. иштиктүү

C. публицистикалык

D. илимий

E. расмий

Илимий стиль деп стилистиканын кайсы тармагын атайбыз?

А. илим жана техника тармагында жазылган монографиялар, энциклопедиялар, реферат, докладдар, илимий макалалар

B. илим жана техника тармагында жазылган эмоционалдуу, каратма, киринди, сырдык сөздөр, активдүү, пассивдүү сөз катмарлары

C. кыргыз тилиндеги бардык лексикалык, фразеологиялык, морфологиялык, синтаксистик тил каражаттары кеӊири колдонулган эмгектер

D. активдүү, пассивдүү сөз катмарлары, түз, өтмө, көп маанилүү, эмоционалдуу сөздөр, макал-лакап, идиома, сөз айкаштары

E. сүйлөм, анын түрлөрү, киринди, сырдык, эмоционалдуу сөздөр, түз, өтмө, көп маанилүү, макал-лакап, учкул сөздөр колдонулган эмгектер

Реферат кайсы стилде жазылат?

А. көркөм

B. илимий

C. публицистикалык

D. иштиктүү

E. сүйлөшүү

445. Илимий стилде жазылган р ефератка мүнөздүү маалым даректертерди белгилеңиз.

А. илимий изилдөө, темасы, мазмуну, колдонулган адабияттардын тизмеси

B. негизги бөлүк, илимий изилдөө, мазмуну, киришүү, изилдөөнүн темасы

C. киришүү, илимий изилдөө, жыйынтык, титул барагы, изилдөөнүн планы

D. киришүү, негизги бөлүк, корутунду, колдонулган адабияттардын тизмеси

E. негизги бөлүк, титул барагы, темасы, колдонулган адабияттардын тизмеси

446. Котормо сөздүктүн колдонулушу

A. сөздүн маанисин ачууда
B. жергиликтүү тил өзгөчөлүгүң түшүнүүдө                                                                             C. сөздөрдү айырмалоого                                                                      

D. тил үйрөнүүдө, текстти которууда

E. түшүнүүдө, туура жазууда

447. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы диалогго мисал боло алат?

А. ырым-жырымдар

B. эм-дом ырлары

C. макал-лакаптар

D. сармерден

E. көркөм ырлар

448. -Жаным апа, тур! Жетим тайлактай боздоп, жетимсиреп артыӊда жалгызыӊ калып, жалооруп жаныӊда турат. Жалгызыӊдын сөзүн ук!

Бул төмөнкүлөрдүн кайсынысына таандык.

А. диалог

B. монолог

C. эпилог

D. эпиграф

E. баяндоо

449. – Мага Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повести керек эле. Алсам болобу?

– Тилекке каршы, түгөнүп калды. Кийинчерээк келсеңиз.

Диалог кайсы жерде жүрүп жатат?

А. китеп дүкөнүндө

B. көргөзмөдө

C. дарыканада

D. мейманканада

E. үйдө


Дата добавления: 2021-06-02; просмотров: 323; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:






Мы поможем в написании ваших работ!