Иш кагаздарын жазууда эмнелерге жол берилбейт?



А. кыскартылган сөздөргө, термин сөздөргө

В. синоним, антоним, омоним сөздөргө

С. жаргондук, тууранды сөздөргө, вульгаризмдерге

D. кабыл алынган сөздөргө, кесиптик лексикага

Е. топонимикага, көп маанилүү сөздөргө

358. АКШ эски буюмдарды кайра иштетүү боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлейт экен. Бул сүйлөмдөн жатыш жөндөмөнүн мүчөсү уланган сөздү тапкыла?

А. орунду

В. буюмдарды

С. биринчи 

D. боюнча

Е. дүйнөдө

359. Жаратылышка аяр мамиле кылуу баарынын эле колунан келе бербейт. Сүйлөмдөн кыймыл атоочту тапкыла?

А. жаратылышка

В. мамиле кылуу

С. келе бербейт

D. баарынын эле

Е. аяр мамиле

360. Интернет бул деңиз, ал эми агент ошол суунун бир тамчысы. Бул сүйлөмдөн тыныш белгилери туура коюлганын тапкыла?

А. Интернет бул - деңиз, ал эми агент ошол суунун бир тамчысы.

В. Интернет бул деңиз, ал эми агент - ошол суунун бир тамчысы.

С. Интернет - бул деңиз, ал эми агент - ошол суунун бир тамчысы.

D. Интернет бул деңиз, ал эми агент ошол суунун бир тамчысы.

Е. Интернет бул деңиз - ал эми агент ошол суунун бир тамчысы.

361. Илимий стилдин башка стилдерден айырмасын белгилеңиз.

A. тактыгы, ыраттуулугу, образдуулугу

B. логикалуугу, түшүнүктүүлүгү, тактыгы

C. көркөмдүүлүгү, маалыматтын көптүгү

D. конкреттүүлүгү, абстрактуулугу, стандарттуулугу

E. теориялуулугу, сүйлөмдүн татаал берилиши

Илимий стиль кандай формаларга ээ?

A. монолог, диалог

B. сүрөттөө, баяндоо, ой жүгүртүү

C. оозеки жана жазуу

D. жөнөкөй жана татаал

E. нагыз, илимий-популярдык

363. Илимий стилде колдонулуучу сөздөрдү белгилеңиз.

A. теорема, аксиома, аргумент

B. маалымдама, чечим, токтом

C. салыштыруу, эпитет, гипербола

D. уңгу, сөз, сүйлөшүү

E. маалымат, коомчулук, келишим

364. Илимий текстте колдонууга жол берилбеген сөздөрдүн топтомун табыңыз.

A. синоним, омоним

B. тууранды жана сырдык сөздөр

C. салыштыруу, терминдер

D. жыйынтык, тезистер

E. цитата, теориялар

365. Ачкыч сөздөр илимий тексттин кайсы түрүндө колдонулат.

A. конспект

B. илимий тезис

C. реферат

D. макала

E. окуу китеби

366. Мурда жарыяланган изилдөөлөрдүн натыйжаларын көрсөтүү макаланын кайсы тибинде жазылат?

A. эмпирикалык (илимий-практикалык) макала

B. илимий-теориялык макала

C. методологиялык макала

D. о бзордук макала

E. илимий макала

367. Башка изилдөөчү сөзгө алынган методду колдонуу менен ага баа берип, аны башка методдор менен салыштыра алгыдай болушу керек.

Сөз макаланын кайсы тиби жөнүндө болуп жатат.

A. эмпирикалык (илимий-практикалык) макала

B. илимий-теориялык макала

C. м етодологиялык макала

D. обзордук макала 

E. илимий макала

368. Кептин түрлөрүн белгилеңиз.

A. оозеки кеп, жазуу кеби

B. баяндоо, сүрөттөө, жазуу

C. баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү

D. илимий, көркөм, публицистикалык

E. сүйлөшүү, жазуу

369. Көлөкө жамынган кара тоонун капчыгайында түн караңгы.

Сүйлөм кептин кайсы түрүнө кирет?

A. көркөм стиль

B. эссе

C. баяндоо

D. сүрөттөө

E. ой жүгүртүү

370. Ой жүгүртүү текстинин негизги белгилери кайсы?

A. баяндап айтып берүү

B. сүрөттөп айтып берүү

C. жеке оюн далилдеп көрсөтүү

D. белгилерди санап көрсөтүү

E. сезимин жазуу

371. Ой жүгүртүү дил баянын түзүүгө ылайыктуу теманы белгилеңиз.

A. “Музейге экскурсияга барганда”

B. “Жардам бердик”

C. “Мен келечекте ким болгум келет?”

D. “Мен жашаган көчө”

E. “Мен окуйм”

372. Реферат деп илимий тексттин кайсы түрүн атайбыз.

A. кандайдыр бир идеянын, чыгарманын негизги бир маанисин кыскача туюнтуу

B. диссертациянын структуралык-композиялык түрлөрү кыскартылып берилиши

C. ар кандай  илимий тема боюнча кыскача маалымат берүүнүн ыкмасы

D. бир темага же маселеге арналган илимий изилдөөлөрдүн топтому

E. көркөм, илимий чыгармалардын мазмунуна экинчи бир тараптын ой пикири

Колдонулган адабияттардын тизмеси кандай ыраатта жазылат?

A. эмгектердин жарык көргөн жылдары

B. жарык көргөн жерлердин аталышы

C. авторлордун алфавиттик ирети

D. эмгектин толук аталышы менен

E. колдонуу ирети боюнча

374. Жазып жаткан эмгектин, аны изилдеген окумуштуулар жөнүндө кыска маалымат рефераттын кайсы бөлүгүндө жазылат?

A. киришүү

B. негизги

C. жыйынтыктоо

D. корутунду

E. колдонулган адабияттар

375. “Абийир кечирбейт” драмасында кандай маселелер көтөрүлөт?

A. экология, адам менен жаратылыштын байланышы

B. ушак-айыңдын айынан бузулган уя, кыйраган турмуш

C. чексиз махабат, адамдар ортосундагы мамиле

D. эл, жерди сүйүү, Ата Мекенге кызмат кылуу

E. дүйнө жүзүн каптаган илдет жана андан арылуу

Абийир кечирбейт” драмасы кимдин калемине таандык?

А.М.Байжиев

B. А.Токомбаев

C. Т.Абдумомунов

D. Ж.Турусбеков

E. К.Маликов


Дата добавления: 2021-06-02; просмотров: 178; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:






Мы поможем в написании ваших работ!