Публицист-жазуучу, сынчы, адабият таануучу, педагог-окумуштуу С. Байгазиевдин чыгармасы кайсы?



A. “Иниме кат”

B. “Какшаалдан кат”

C. “Салам кат”

D. “Кыргызстанга кат”

E. “Окуучума кат”

403.Төмөнкүлөрдүн кайсынысы жөнөкөй сөз?

A. билбегендиктеринен

B. бат-бат

C. темир жол

D. улуттук оюн

E. карс-курс
404. С.Байгазиевдин “Иниме кат” эмгеги стилдик жактан кайсы жанрга кирет?

A. макала

B. очерк

C. публицистикалык

D. көркөм

E. илимий

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгындагы кайсы эпосто жаратылыш менен адамдын ортосундагы мамиле негизги идея болуп келет?

A. “Жаңыл Мырза”

B. “Кожожаш”

C. “Курманбек”

D. “Жаңыл Мырза”

E. “Сарынжи-Бөкөй”

406. - О жараткан! Бет аарчыдай жеримден бөлөк эмнем бар эле менин бул жалган дүйнөдө, ыя?! – деп өңгүрөп ийди.

Жогорку сүйлөмдөн каратма сөздү аныктаңыз.

A. О жараткан!

B. жалган дүйнө

C. ыя?!

D. эмнем бар

E. өнгүрөп ийди

407. Адамдын көзүнүн сезимдүүлүгү өтө күчтүү, эгер жер тегиз болгондо 30 км алыстыктагы жарыкты оңой эле көрмөксүз.

Сүйлөм түзүлүшү боюнча кандай сүйлөм?

A. багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм

B. тең байланыштагы татаал сүйлөм

C. аралаш байланыштагы татаал сүйлөм

D. атама сүйлөм

E. жактуу сүйлөм

408. 30 мүнөт аралыгында биздин денебизден бөлүнүп чыккан жылуулук, 4 литр сууну кайнатып коюуга мүмкүнчүлүгү бар.

Сүйлөмдүн кайсы түрүнө кирет.

A. багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм

B. тең байланыштагы татаал сүйлөм

C. жөнөкөй сүйлөм

D. атама сүйлөм

E. жактуу сүйлөм

409. Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил, тукумуң да, тууруң да жоголот, бил! Тил жоголбойт, жоголсо айланасың колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Жогорудагы ыр саптары кайсы белгилүү акындын калемине таандык?

A. Э.Ибраев

B. А.Исмаилов

C. Ж.Мамытов

D. К.Култегин

E. Ш.Дүйшеев

410. Ш.Дүйшеевдин “Эне тилин унуткандар” ырында өз эне тилин билбеген кайсы каармандын аты эскерилет?

A. Мурат

B. Сейит

C. Адыл

D. Эсен

E. Марат

411. Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу- бутсуз мунжуга тоголок бир!

Ыр саптарындагы “мунжу” деген сөздүн мааниси кандай?

A. кедей

B. селсаяк

C. майып

D. акылсыз

E. тексиз

412. Кыргыз тилинин лексикасына кирген “Нанотехнологиялар” деген сөз кайдай сөздөрдүн катарына кирет?

A. жөнөкөй, бир маанилүү

B. неологизм, жаңы сөз

C. термин, илимдин тармагы

D. көп мааниге ээ сөз

E. пассивдүү, архаизм сөз

413.

Сүрөттө кыргыз элинин кайсы белгилүү адамы?

A. М.Байжиев

B. Г.Базаров

C. Т.Үмөталиев

D. Ж.Турусбеков

E. С. Ибраимов

114. С.Байгазиев “Иниме кат” чыгармасында кандай маселелерди козгогон? 

A. ата мекенди коргоо

B. жалкоолук жана кенебестик

C. адам менен табияттын ортосундагы байланыш

D. экологиянын бузулушу

E. туугандык байланыш

415. “Мен өзгөчөмүн...” Ушундай сөздү кулагыңыз чалса керек? “Мен өзгөчөмүн!” Угуп эле жөн болбостон, балким, айрым мезгилде колдонуп деле жүргөндүрсүз? Же, айтпасаңыз да, көөдөнүңүздө бардыр?

Жогорудагы текст кептин кайсы түрүндө жазылган?

A. диолог

B. монолог

C. сүйлөшүү кеби

D. сүрөттөө

E. эпилог

Советбек Байгазиев-публицист –жазуучу, сынчы, адабият таануучу, педагог-окумуштуу.

Жогорку сүйлөмдө сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү катышкан сөздөр, кайсы сөз түркүмүнө кирет?

A. ат атооч

B. тактооч

C. этиш

D. зат атооч

E. атоочтук

417. Туура жазылган сан атоочту белгилеңиз.

A. 1996 жылында

B. 50-жашта

C . 1 -М ай

D. ХХ-кылым

E. 16 кылым

418. Сүйлөмдөгү бир өңчөй мүчөнүн саны: Чатыр –Көл, Соң- Көл, Ысык-Көл- жеримдин көркү.

A. 4    

B. 6

C. 5

D. 3

Е. 1

419. Тексттин бөлүктөрүнүн аталышын белгилеңиз.

A. абзац, тема, идея

B. ойдун башталышы, өнүгүшү, аякташы

C. тексттин планы, аты,темасы

D. микротема, аты,темасы

E. подтексттер, сүйлөмдөр

Манас” эпосунда кездешкен “Барпы дары” кантип жасалган?

A. жаныбарлардын майынан

B. өсүмдүктөрдүн аралашмасынан

C. куштун сүтүнөн 

D. өлгөн адамдардын тарпынан

E. текенин өтүнөн

421. Кептин функционалдык стилдерин белгилеңиз.

A. оозеки, жазма,ой жүгүртүү, баяндоо

B. көркөм, илимий, публицистикалык, иштиктүү

C. көркөм, илимий,публицистикалык.сүйлөшүү

D. көркөм,илимий.иштиктүү,баяндоо,сүрөттөө

E. сүйлөшүү, жазуу, кептик

422. Дүйшеев Туратбек филология факультетинде 2000-жылдан бери окуйт. Сүйлөмдүн стилин белгилеңиз.

A. илимий

B. публицистикалык

C. көркөм

D. иштиктүү

E. сүйлөшүү

423. Дүйшеев Туратбек филология факультетинде 2000-жылдан бери окуйт.

Кайсы иш кагазына таандык?

A. арыз

B. түшүнүк кат

C. тил кат

D. чакыруу

E. мүнөздөмө

424. Башка окуу жайына которулуш үчүн кайсы иш кагазын колдоносуз?

A. маалымдама                 

B. билдирме 

C. арыз            

D. өмүр баян

E. түшүндүрмө кат


Дата добавления: 2021-06-02; просмотров: 283; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:






Мы поможем в написании ваших работ!