Бермет Барктабасова, саламаттыкты сактоо министрлигинин консультанты: дары-дармек компаниялары кырыгызстандыктарды коркунучтуу жасалма витаминдер менен камсыздап жатат



 Батыш өлкөлөрүнөн келген витаминдердин агымы көбөйдү. Бул агым согуш жылдарынан кийин, 1980-жылдардан баштап, массалык түрдө биологиялык активдик кошулмалар жана антиоксиданттар өлкөгө келе баштаган.

Бул иликтөө жарыкка чыкан китептер, илимий монографиялар жана белгилүү статьялардын негизинде даярдалды. Кеп адамдын организмине кошулуп кететурган жасалма кошулмаларга бай сапатсыз дары-дармектер жөнүндө болмокчу. Айрым авторлор, көз карандысыз иликтөөлөрдө белгилүү болгондой, синтезделген витаминдерди системалык түрдө колдонуу адам өмүрүнүн кыскарышына алып келет. Жүрөк ооруларды көбөйтөт. Онкологиялык жана ичеги карын орууларынын келип чыгыш коркунучун туудурат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык суроолорду аныктоо жана клиникалык стандарты иштеп чыгуу боюнча консультанты Бермет Барктабасова КирТАГга, жасалма витаминдерди системасыз жана дарыгердин кеңешисиз колдонгон адамдардын ден-соолугуна канчалык кооптуу экендигин айтып берди.
• Бермет Касымбековна айтыңызчы, жарым витаминдердин пайдасы жана зыяны тууралуу кандай ачылыштар болду?
- 2004-2005-жылдарда өткөрүлгөн көз карандысыз иликтөөлөрдүн жыйынтыгы, А, С, Е бета каротин жана ошондой эле селена витаминин кабыл алгандардын көпчүлүгүнүн ичеги карын рак оорусуна чалдыгаарын көргөздү. Кийинки изилдөөлөр кан тамыр жана ак кан, ошондой эле организмде Е витамининин көбөйүп бир гана онкологиялык оорулардын келип чыгуу коркунучун туудурбастан, жүрөк орууларына алып келээрин аныктады. 2011-жылы дагы эле Е витамининин көп колдонуу протатит оруусуна алып келери да аныкталды. Окумуштуулар эркин радикалдардын жана антиоксиддердин организмге таасирин аныктаган теория иштеп чыкты. Эркин радикалдарды жүз пайыз зыяндуу деп айталбайбыз, анын пайдалуу жактары да бар. Бирок пайдалуу жагы көппү же зыяны көппү кеп ошондо болуп жатпайбы. Анан адамдар витаминдерге бай антиоксиддерди өлчөмүн көп кабыл алганда организмде тең салмактуулук бузулуп, бул жерден иммунитет начарлап иш организмдин табигый абалы бузулат.
• Витаминди кандай профилактикалык жолдор менен кабыл алса болот?
- Адамдын организмине синтетикалык эмес натурал, табигый витаминдер керек. Тилекке каршы биздин өлкөдө соңку жылдары химиялык заттар кошулган жасалма перепараттар кеңири тарап кетти. Белгилүү болгондой аз кыймылдуу жашоо образы, туура эмес тамактануу ар кандай оорулардын келип чыгуусуна себеп болууда. Организм начаралап, анын стресске каршы күрөшүү күчү азайып кетүүдө. Адам чарчап, уйкусу качып, жакшы уктайалбай кыйналса, ооруп башы тегеренсе эле витамин жетишпей жатат деп ойлоп алышат. Бул жаңылыштык. Велосипед, спорт, бий, жөө басуу сыяктуу дени сак жашоо образын түзүүнүн ордуна адамдар дарынканаларга барып кооз баштыкча витамин сатып алып, бир жыл бою баардык кемчиликтеримден арылам деп ойлошот. Бирок бул чоң жаңылыштык. Дени сак организмге комплекстүү витаминдердин кереги жок, ал витаминдер ар кандай оорулардын келип чыгуу коркунчун туудурат. «А», «Е» жана «С» витаминдерин көп убакыт кабыл алуу өлүмгө да алып келиши мүмкүн.
• - Демек адамдар витаминдер тууралуу туура эмес көз карашта десек туура болобу?
- Ооба дал ошондой. Албетте, бул дарыгерлер арсындагы бир стереотип. Бул стереотип врачтарга бир күндө эле келип калган жок. Бир канча он жылдардан бери элдин аң сезиминде жашап кележатат. Абалды телевизор жана этикага туура келбеген маркетинг андан кыйындатууда. Мисалы, мен бир фармаконференцияда дары-дармек компнаиясынын өкүлү дарыгерлерге, эгер кош бойлуу аялдар витаминдер менен азыктанбаса балдар КРЕТИН болуп төрөлөт дегенин угуп калдым. Биздин өлкөдө жылына жүз миң аял төрөйт. Дары-дармек саткан компаниялардын кирешесин эсептөө кыйын эмес. Калктын кабарсыздыгынан көп нерседен маалыматы жоктугунан пайдаланып, ошондой эле дарыгерлердин билип билмексен көрүп көрмөксөнгө алганынын эсебинен фармаагрессия чоң бизнес жасап жатат.
Эл аралык практикада, фармабизнестин пайдасына чечим чыгарган мамлекеттик чиновниктер бар экендииг аныкталган. Бул компаниялар, бир эле витаминдер менен эле чектелип калбай, дары-дармекке байланыштуу баардык тармактард иш алып барып жатат. Дары сатуучу маркетелогдор «Керектөөчү канча көп болсо киреше да ошончо артат», эгер оорулуу кардарлар аз болуп жатса, дени соо адам бир немелерди сатып алсын деп бир амал айла ойлоп табыш керек» - деп өз ара талкуу жүргүзүшөт. Алардын медициналык билимдин ээси эмес, бирок кандай кылсам көп дары сатып көп акча табам деген билимдин ээси.

«Эгер таң эрте уйкудан ойгоно албай чарчап кыйналсаңыз, эч нерсеге көңүлүңүз тартпай жатса, бат жиниңиз келсе, аз сейилдеп гамбургер, кола жана бутерброд менен тамактансаңыз, анда сизге витамин жетишпей жатат, организимиңиз витаминге муктаж» - бул фармбизнестин жарнамалык амалы. Дарыгердин уруксатысыз эле кабыл ала берсеңиз болот деген жарнама өтө чоң киреше алып келет. Жарнама дарыгердин урукасатысыз кабыл алсаңыз да болоберет жөн эле ырбатып жатат. Бирок адамдын организми натуралдык азыктардан миллион жашка жете турган витаминдерди иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин унутпашыбыз керек. Базардагы ааламдашуу биздин столду түркүн түскө бөлөдү, экзотикалык мөмө-жемиштер; апельсин, грейпфрут, киви, ананас, мандарин ошондой эле биздин өрүк, алма, курма, чычырканак, ж.б.. Биздин өлкө өзүнүн витаминдик ресурстарга бай өлкө. Бизде витаминге бай мөмө жемиштер жана ошондой эле эт, сүт азыктары жетиштүү.
Бүткүл дүйнөлүк ден-соолукту чыңдоо уюмдун маалыматына ылайык, эгер тамактануу көйгөйү жаралса, азыктардын курамында микро элементтер жетишсизидиги аныкталса, балдар витамини жетишсиздигине жабыр тартат. Мындай жагдайларда өкмөт балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн атайын витаминдештирүү саясатын жүргүзүшү керек.
Витаминдер, сизди рак инфаркттан эч качан эскерпейт, ошондой эле мындай ооруларды эч качан сакайта албайт. Жакшы жетиштүү тамактанып жүргөн киши поливитаминден жабыркайт, жасалма витаминдер организм үчүн өтө зыяндуу.
• Бирок биздин дыргерлер кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдарга, оорулуу жана ден соолугу чың адамдарга жаш кары дебей эле баарына витаминдерди сунуштап жатпайбы?
- Бир тараптан бул жол менен биздин дарыгерлер коргонуп жатат. Балдар дени сак төрөлдү, оорулуулар сакайды иши кылып дарыгерлер карабады деген сөзгө тарабашы үчүн ушундай кадамдарга барып жатышат. Бирок бул туура эмес кадам. Азыр медицинадагы туура жол - бул дүйнөлүк деңгээлде изилдөө жана акыркы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянуу.
Арабызда, организмине витамин жетишпеген жарадамга муктаж адамдар, кош бойлуу аялдар, өспүрүм жаштагы кичинекей балдар да бар.
Кээ бир ичеги карында оруусу бар канды тазалаш зарыл болгон пациентерге гемодиализ колдонгондо организмде каршы реакция жүргөн учурлар да кездешет. Айрыкча жаш өспүрүмдөрдө мындай жагдай көп катталат. Бирок кээ бир ата-энелерди байкасаңыз баланын ден соолугу начарлай баштаса болду аптекага витаминге чуркайт. Кудум ал авитаминоз болгондой. Бул туура эмес. Эң жакшы жол организмдин өсүп өнүгүүсүн камсыз кылган: спорт жана акыл оюндары, тамактанууда, тең салмактуулукту режимди сактоо, ачык таза абада ойноо керек.
• Дайыма жаш дарыгерлердин дарегине сын айтылып келет. Дарыгерлерде эскиден калган кандай катачылыктар бар.
- Пациент качан ооруканага келип түшкөндө эле автоматтык түрдө глюкоза С витаминин алат. Биз биздин дырыгерлерде эскиден калган бул адаты эч токтото албай жатабыз. Бирок бир топ дарыларды дайыма эле колдонуу берүүгө болбойт. Элдер гипердиагностиканы, гипермедицинаны, дары-дармекти жакшы көрүшөт. Кээ бир оор жагдайларда гана орууканага жатышат. Өткөн жылы 5 млн калктын 2,5 млну медициналык мекемелерге кайрылган. Калктын жарымы өзүлөрүн оорулуу деп эсептейт.
• -Кеңири тараган витаминдерди кандай токтотсок болот?
- Пациенттерге бооруң ооруйт, акчаларын жөн эле коротуп жатышат, жана анысы аз келгенсип пайдасыз дарылардан улам организмине зыян келтирип жатат. Эгер кыргыз дарыгерлери эл аралык медицинанын изи менен кетсе, көптөгөн көйгөйлөрдү чечсе болот. Ошондо гана пациент пайдасы жок перепараттарга акча төлөөдөн жана негизсиз ашыкча ооруканага жаткырылуудан кутулат. Эскирген дарылар тууралуу «Дары-дармек каражаттары» атуу мыйзам бар. Ага кандай өзгөортүүлөр киргизсе болот. Мыйзамда бир нече туура эмес каралып калган жактары бар. Азыр мыйзамдардын эл аралык стандарттарга ыйыктуулугун текшерүү жүрүп жатат. Көп сурролор ачык калууда: биологиялык актив витаминдер, элдик медицина, эмчи-домчу ж.б.. Булардын багытын эч ким териштирбейт, маалымат базасы жок, ар ким өз дүйнөсүндө жашап жатат. Фарма компания да элдик медицина өз-өзүнчө иш алып барып жатат. Рекламаны ким текшериш керек билбейсин, антимонополдук орган жана прокуратурнанын карааны көрүнбөйт.
Мисалы, мына мындай жарнама: «Инопланеталык медицинанын семинарына чакыруу» ал сүлүк курт менен дарылоо сертификатын алуу ж.б.. Бирок бул кооптуу процедуралар узакка барбайт.
Медициналык билими жок лезваны алып венасын кескен антисанитардык шарттарда иштеген адамдар көбөйүп баратат. Бул кооптуу, бирок алардын кызматынан пайдалануу үчүн канчалаган киши кезекте турат.
• Кырызстанда дары-дармектерди качан коопсуз, ишенимдүү колдонууга качан убакыт келет?
- Азыр 2014-2020 жылга карата дары-дармек саясатын карап чыгуу тууралуу документке кол коюулуп, өкмөттүн кароосуна жиберилген. Фармацефтикалык компаниялар кайсы дарыны колдонуу керектиги тууралуу дарыгерлерди мажбур кылбашы керек. Документте дары-дармектердин сапатын жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек жана ошондой эле баардык дары-дармектерди туура колдонуу керектиги жазылган. Жаңы документте дарыгер жана дары-дармек компанияларынын этикага туура аракеттери үчүн жазаны күчөтүү каралган. Бул витаминдерге да тиешелүү.

7. Мөмөлөрдүн пайдасы менен зыяны

Жашылча-жемиштер адам жашоосунун ажырагыс бир бөлүгү. Чындыгында эле алардын биздин организмге тийгизген пайдасы чоң. Аларда адамга керектүү витаминдердин бардык топтому кездешет жана жыпар жыты, даамдуулугу менен да дайым жегибизди келтирет. Ошондой болсо дагы алардын арасында ден соолукка зыян тийгизе тургандары да кездешет. Булар түшүмдүүлүктү өстүрүү максатында ар кандай химиялык жер семирткичтер мол кошулуп жана узакка чейин сакталган жашылча-жемиштер. Жашылча-жемиштердеги пестициддерди текшерүү ар бир өзүн сыйлаган өлкөдө жүргүзүлөт.

Төмөндөгү жемиштерде жер семирткич аз өлчөмдө болсо да кездешет:

Алма — 96

Шабдаалы — 100

Таттуу калемпир – 86

Сельдерей – 85

Алча, гилас – 75

Алмурут – 65

 

Пестициддер азыраак кошулган мөмөлөр:

Авокада, пияз – 1

Жүгөрү – 2

Ананас – 7

Жашыл нокот – 11

Бананы – 16

Капуста – 17

Кандай болгон күндө дагы азыр мурункудай базардан алган алма, алмурутту кабыгында витамин көп деп жууй салып жеп кирчү доор өткөнүн байкасак болот. Химикаттар бүгүн мөмөлөрдү сатыкка даярдоодо сыртына гана чачылбастан, аларды өстүрүүдө сугаруу аркылуу да колдонулуп мөмөнүн бүтүндөй тулкусуна сиңирилип жатат. Демек, бул зыяндуу заттар алардын сырткы кабыгында гана эмес, жумшак ички бөлүгүндө да топтолууда.

Жалтырап көз жоосун алган мөмөлөр

Шаардын кайсы дүкөнүнө кирбе, сыртында бир кемтиги жок, курт түшпөгөн жалтыраган алма-алмуруттарды көрүүгө болот. Алардын көпчүлүгү 2-3 жылдап сакталса да өңүн жоготпой жаңы бойдон тура беришет. Бирок, мындай жалтырак мөмөлөрдүн баары эле жегенге жарактуу эмес. пайда үчүн баарына барган ишкерлер мөмөнүн сыртын парафиндин жука катмары менен кайра иштеп чыгышат. Мындай жол менен даярдалган алма-алмурут, жүзүм, шабдаалылар жылдап сакталат жана миңдеген километр жол жүрсө дагы бузулбай жетет. Парафин менен чайырдагы (воск) жыпар жыттардын адам организминде жылдап чогулушу ички органдардын иштөөсүн бузуп, адам өзүн жаман сезе баштайт. Ошондой эле гендик жактан өзгөртүлгөн (ГМО) мөмө-жемиштер да адам үчүн анчалык жагымдуу боло бербейт. Чындыгында алардын организмге тийгизген таасири али толук изилденип бүтө элек болсо да, табигаттын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү кээде пайдасынан зыяны ашып түшөрү баарыбызга маалым. Эмки санда мына ушул гендик жактан өзгөртүлгөн мөмө-жемиштер тууралуу сөз кылабыз.+

8. СУЛУУЛУК ЖАНА ВИТАМИНДЕР. ЖАЗЫНДА ОРГАНИЗМГЕ ВИТАМИНДЕРДИ КАНТИП ТОЛУКТАЙБЫЗ? ВИТАМИН ЖЕ БАК(БАД)?КАНТИП ТАНДОО КЕРЕК?

Албетте сулуулук алгач жакшы маанайдан, жашоого позитивдуу коз караштан башталат.Бирок жалан эле позитив бизди сулуу кыла албайт, анкени теринин, чачтын, тырмактын сулуулугу биринчи ирет организмдеги витаминдерден коз каранды десем жанылбайм го. Озгочо жазында витаминдердин жетишпездигинен тери бозоруп, кургап,турулуп, чач тушуп, тырмактар сынып баштайт.Ар бир витаминдинин биздин организмгде озгочо таасири бар. 1) Е витамини . Картайуу процесстерин токтотот, анткени организмди картайуу стрессинен сактайт.Сулуулуктун жана аялзатынын витамини деп койсок болот, анктени жыныстык бездерин жакшы иштетип организмди эстроген деген гормон менен толуктайт.Эстроген биздин назиктибигизди, фигурабызды,,ичке унубузду чыгарат.Е витамини ондурулгон буудайда абдан коп. 2)С витаминин. Аккудай аппактыктын жана жаштыктын витамини.С витамини озгочо киви, кок пияздын озогундо жана лимондо коп болот.Ушул витамин дагы кычкылдандыруу стресстен , ошону менен бирге картайуудан бизди сактап, меланин деген так тушурчу затты азайтат.Бетинде сепкил, пигменттик тактар бар адамдарга жайында С витаминин ичуу керек. 3) А витамини Теринин кургактыктан сактайт.А витамини жетишпеген тери кургап, эрте бырыш тушо баштайт. Озгочо сабизде,балыкта коп. 4) Н,D витаминдери Тырмак, тиштердин бекемдигине жооп берет.40 тан ашканда сооктордо ушул витаминдер азайгандыгынан, сыныктар бат пайда болот.Ошол себептен 40-50 дон откондо созсуз ушул витаминдерди ичип турунуз..Териде кундун нурунан иштетип чыгарылган витаминдер. Эми ушул витаминдерди кантип ичебиз? Же тамак менен организмге тушкон витаминдер эле жетиштуубу? Мындай сурооону озуно берип корбогон адам жок го..... Албетте кош бойлуу айымдар, бала эмизип жаткан кезде, катуу иштеп же моралдуу жактан чарчап жургондо,онокот ооорулар менен ооруганда, спортсмендер ж.б. озгочо абалдагылар созсуз витаминдерди кошумча катары ичиш керек.Андай абалда болбогондо деле азыркы экологиялык жактан туура эмес остурулгон жер- жемиштерде, этте,балыкта толугу менен илгеркидей витаминдер коп эмес.Ошондой эле онокот гастрит, холецистит, гепатит ж.б. оорулары экиден бир кишиде бар экенин бардыгыбыз билебиз.Албетте ички аппарат жакшы иштебесе тамактагы витаминдерди синируусу дагы начарлайт.Ошондуктан ар бир адам жылына жок дегенде 1 -2 курс витаминдуу - минералдуу комплекстерди ичип туруш керек. Эми дагы бир маселе.Витаминдерби же БАК(БАД) тарбы? Бугун даары катары, витамин катары элге кенири тараган,,сатуучулардын айтканы менен баарын дарылаган тамака кошулма же БАД (БИОЛОГИЯЛЫК АКТИВДУУ КОШУЛМА, БИОЛОГИЧЕСКИ АКТИВНЫЕ ДОБАВКИ) .Мен ушул замандын талабы болгон заттарга каршы эмесмин, анткени эл медициналык даары - дармектен тажап табигый химиялык эмес,чоптон жасалган даары менен даарылангысы келет. Би рок элге айтылбаган сырларын дагы билсе деп ойлойм: ВИТАМИНДЕРДИН ЖАНА БАДДТАРДЫН АЙЫРМАСЫ 1 Витаминдер даары катары эсептелип коп текшеруудон отот, Бад тар текшеруудон отпойт 2 Витаминдердин курамы анык белгилуу жана алардын ошол олчомдогу пациентке болгон таасири дагы белгилуу, Бад тардын курамындагы заттардын таасирин жана коломун эч ким билбейт, илимий жактан тастыкталган эмес. 3 Витаминдерди дарыканадын сатуу учун жылдап текшеруудон откорушот, Бадтарды 1-2 айда эле уруксат алып биз- сиз сыяктуу эле атайын билими жок адамдар сетевой маркетинг аркылуу сатышат. Албетте Бадтардын кылымы жаны башталып келе жатат, мен эч бир сатып албагыла, ичпегиле дебейм, бирок туура маалымат керек деп эсептейм.Кошумча катары ден соолугунузга зыян келтирбеген , белгилуу, коп жылдан бери иштеп келе жаткан фирмалардын Бадтарын колдонунунуз. Чыныгы витаминдердин жетишсиздигин дарыгерге кайрылып аныктап, дарыканадагы витаминдерди туура ичиниз.Албетте ар бир адам озунун ден соолугуна жоопкерчиликтуу. Сулуулук сиздин тандоон

ВИТАМИНДЕРДИН ЖЕТИШПЕСТИГИ ОРГАНИЗМГЕ ЗЫЯН!

Кышкы таза аба - бул, албетте, жакшы. Бирок күн нурунун жана витаминдердин жоктугу организмдин абалына терс таасирин тийгизбей койбойт. Андыктан, кыш мезгилинде биз көп ооруйбуз. Кышында организмде витаминдин жетишпестигин кантип жеңүүгө болот? Ошондой эле анын жетишпестиги эмнеге алып келет? Кышында биз сөзсүз түрдө жашылча-жемиштерди жейбиз, бирок алардын көпчүлүгү алыс жактардан келгендиктен, көпкө сакталуусу үчүн ар кандай химиялык заттарды пайдаланышат. Натыйжада, витаминдери менен микроэлементтери жоголуп, пайдалуулук сапаты төмөндөйт. Демек, организмде бул же тигил витаминдин жетишсиздиги кантип байкалат жана алардын ордун кайсы азыктардын жардамы менен толтурууга болот? РР витамининин жетишсиздиги Организмде бул витаминдин жетишсиздиги биринчи кезекте тамак сиңирүү органдарына таасир этет. Мындай учурда тамакка болгон көңүл айнуу, ооз көңдөйүндөгү такай кургактык сезилет. Ашказанда шире иштелип чыгуу токтойт. Мындан тышкары РР витамининин жетишсиздиги териде кызыл тактарды пайда кылат. РР витамининин жетишсиздигинде эмне менен азыктануу керек? РР витамини дрожждо, кургатылган ак козу карында, кара нанда, боордо, жүрөктө, бөйрөктө, этте, буурчакта, балыкта бар. А витамининин жетишсиздиги А витамини көрүү органдарынын иштөөсүндө чоң роль ойногондуктан, анын жетишсиздиги дароо эле көзгө таасирин тийгизет. Күүгүм киргенде көздүн көрүүсү начарлап, былжыр челде кургактык пайда болот. Көзүңүздү тез-тез ушалагыңыз келип, атүгүл былжыр челде кичинекей жара пайда болуп калышы мүмкүн. Теринин абалы да А витамининен көз каранды болот. Андыктан, организмде бул витамин жетишпегенде тери кургап, түлөй баштайт. Эгерде А витамини баланын организминде жетишпесе, анын салмагы менен бою жай өсөт. Нерв систмасынын иштөөсүндө да кемчиликтер келип чыгышы мүмкүн. А витамини иммунитетке таасирин тийгизет, ошондуктан,

Авитаминоз

Авитаминоз (а... жана витаминдер), витамин жетишсиздиги организмге (адам жана жаныбарлардын) керектүү витаминдердин жетишсиздигинен пайда болгон оорулар же ылаңдар. Адамдын авитаминозуна тамак-ашта витаминдин жетишсиздиги, анын начар сиңиши, ичеги-карын микроорганизмдеринин витаминдерди аз синтездеши бул ооруга түрткү болот. Ага бир жактуу тамактануу (рафинделген, кургатылган жана консерваланган азыктар менен), тамак-ашта углевод көп болуп, белоктуу жана майлуу эт азыктары, жашылча-жемиштер жок болсо, ошондой эле азык-түлүк туура эмес сакталганда жана алар туура эмес бышырылганда витаминдин жоголушу авитаминоздун негизги себептери. Бир нече витаминдин жетишсиздиги — полиавитаминоз көбүрөөк учурайт, ал эми витаминдин биринин жетишсиздиги гиповитаминозго алып келет. С витамини жетишпегенде адам адегенде шалдырап, алы кетет, бат чарчайт, уйку басып талыкшыйт, баш айланат (жазга жуук). Андан кийин эрин, кулак, мурун, тырмак көгөрүп, бүйлө канайт, тиш бошоп, түшө баштайт. Ашынып кетсе цинга (каражама) оорусуна алып келет. РР витамини жетишпегенде пеллагра оорусу пайда болот. Уйку качып, көңүл чөгөт, эрини кургап, купкуу тартып, тил кызарып, кеберсип, шишимик тартат; ич өтөт, булчуңдар ооруйт, жаз-күз териде малакызгылт так пайда болуп, калыңдап, киргилт күрөң түскө өтөт, сыйрылат. Пиридоксин (В6 витамини) жетишпегенде тамакка табит тартпайт, жүрөк айланат, ичеги-карындын иштеши бузулат. А витамини жетишпегенде караңгыда, күүгүмдө көрүү начарлайт, жарыкты карай албай, тери бозоруп, кургап түлөйт, безетки, ириңдүү жара көп чыгат, чач кургап, өңү өчөт, көз чели сезгенет. В2 витамини жетишпегенде тамакка табит начарлап, тери какачтанып түлөйт, ооздун кычыгы жараланат, көз кычышып, жаш агат. В витамини жетишпегенде тамак ичкиси келбей, кускусу келет, ич катат, арыктайт, булчуң алсызданат, кол-буттун сезгичтиги азаят, кыймылдаганда жүрөк тез-тез кагат, акырында бери-бери оорусуна алып келет. Д витамини жетишпегенде балдар алсыз, терчил, чыр болот, тиши кеч чыгат (к. Итий). Чоң кишилер шалдырап, тез чарчайт, тиши карарып бузулат, жамбаш сөөктөрү жана булчуңдары ооруйт. Авитаминоз малда ылаң организмде витаминдердин мүчүлүштүгүнөн чыкса гиповитаминоз, бир гана түрдүү витамин жетишпесе моноавитаминоз, бир нече түрү кемчил болсо, полиавитаминоз деп аталат. А-авитаминоз (май ичме) жем, чөптө каротин затынын кемчилинен же жоктугунан пайда болот. Ылаңдаган малдын көзүнөн ириң куюлуп, чарасы бөксөрүп, кечке жуук көрбөй калат. Ылаңга чалдыккан музоо, кулун, козу, улак жана башкалар бою өспөй, бүрүшүп, баса албай, ичи өтүп, арыктайт. В-авитаминоз «В» тобундагы витаминдердин организмде жетишсиздигинен чыккан ылаң. Аны менен чочко, ит жана куштар ылаңдайт. РР-авитаминоз торопойдун, күчүктүн жана жөжөнүн ылаңы. Мында тери, ичеги-карын жана нерв системаларына доо кетет. С-авитаминоз (скорбут, цинга) менен көбүнчө чочко, ит, илбээсин, андасанда жылкы ылаңдайт. Д-авитаминоз (итий) организмде Д витамининин жетишсиздигинен чыккан өнөкөт ылаң. Е-авитаминоз рациондо Е витамининин кем же жоктугунан чыгуучу ылаң. Бул ылаңдын кесепетинен ургаачы мал кысыр калып, эркек мал тукум бербей калат. Авитаминоздон сактоонун негизги эрежеси малды рацион боюнча аш болумдуу заттары мол, витаминдери жетиштүү ар кыл тоют менен багып, жайытты зоотехникалык эрежелер боюнча пайдалануу жана короо-сарайларды зоогигиеналык талаптарга ылайык кармоо.

 


Дата добавления: 2018-08-06; просмотров: 227; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:






Мы поможем в написании ваших работ!