Аскорбин кислотасы- С витамини
Организмдеги кычкылдануу калыбына келүү, зат алмашуу, айрыкча белок алмашуу процессинде негизги роль ойнойт. С витамининин жетишсиздигинен кан тамырлардын капталдарынын өткөргүчтүгү артып, кемирчек, сөөк тканы бузулуп, цинга оорусу пайда болот. Аскорбин кислотасы адамдын организминде пайда болбойт жана топтолбойт. Ошондуктан С витамининин керектүү өлчөмү (суткасына чоң кишилерге 50-100 мг, балдарга 30- 70 мг) тамак менен келиши керек. С витамини негизинен жемиштерде, жашылча-мөмөлөрдө көп. Бул витаминге күнүмдүк талапты капуста, картошка, көк пияз, томат менен тамактануу толуктайт. С витамини көбүнчө ит мурундун ашында (100 г кургатылган ит мурун ашында 1500 мгга чейин), кызыл мурчта (250 мг) болот, чычырканактын ашында, апельсинде, лимондо да көп; жаныбардан алынган азыктарда өтө аз. С витамини сууда жакшы эрийт; витаминдердин ичинен эң туруксузу бат кычкылданат. Жашылчаны бышырганда С витамининин А бөлүгүнө жакыны жоголот. Тамакты жылытуу жана узакка сактоодо витамин азаят. Продуктуларды ачытууда С витамини жакшы сакталат. Тоңдурулган мөмө менен жашылчаларды эриткенде С витамини туруксуз болуп калат, ошондуктан эриген продуктуларды тез тамакка колдонуу керек. С витамини жазында көк пиязда жана бул витамин жакшы сакталуучу консерваланган кээ бир азыктарда, мисалы, томат-паста, көк буурчакта көп болот.
|
|
Кальциферол Д витамини
Организмде минералдык зат алмашууга, сөөк пайда болууга катышат, кальций менен фосфордун санын жөнгө салат, туздарды сиңирүүгө, алардын сөөк тканына чогулуусуна катышат. Д витамини өспүрүм балдарга, боюнда бар жана бала эмизген аялдарга өтө көп керек. Бала организминде Д витамини жетишпесе итий пайда болот. Негизинен Д витамини ультракызгылт көк нурлардын таасиринен кишинин терисиндеги провитаминден пайда болуп, андан башка органдарга өтүп, негизинен боор жана кан плазмасында чогулат. Д витамини тунец, треска жана башка балыктардын боорунда өтө көп, сары май жана жумуртканын сарысы, балык майында азыраак. Башка жаныбар тектүү продуктуларда Д витамини абдан аз, өсүмдүк тектүү продуктуларда болбойт.
Д витаминин чоң кишилер аз талап кылат, бирок ал күндүзгү жарык жетишпегенде (жер астында иштөө, түндүктө жашагандар жана башка) көбүрөөк керек болот. Кышында Д витамининин организминде пайда болушун кварц менен кактап күчөтсө болот. Д витамининин жетишсиздигин алдын алууда кичинекей жана эмчектеги балдарга көп учурда витамин препарат түрүндө берилет. Бирок аны врачтын көзөмөлүндө гана бериш керек, себеби ашык өлчөмдө берүү кабылдоолорго алып келиши мүмкүн.
|
|
Филлохинон К витамини
Кан уюу процессине катышуучу маанилүү фактор. К витамининин жетишсиздиги ар кандай органдан (мурун, бүйлө, ичеги-карын жолунун органдары) кан агууга алып келет. К витаминин суткалык керектөө чоң кишиде. 0,2 - 0,3 мг, кош бойлууларга 2-5 мг. Филлохинон өсүмдүктөрдүн жашыл бөлүктөрүндө (шпинат, капуста, чалкан жана башка), ошондой эле сабиз, томатта болот. К витамини жаныбардын боорунда гана болот. Медицинада К витамининин синтез жолу менен алынган түрү - викасол жана синкавит колдонулат. Бул витаминден башка киши организмине керек биологиялык активдүү заттар витамин сымал бирикмелер бар.
Витамин В5, п а н т о т е н – –-аланиндин пантотен кислотасы менен кошулмасынын продуктусу. Суудаээрийт. В. В5 май к-талары менен амин к-таларын активдештирүүгө катышат. Жашыл өсүмдүктөр, микроорганизмдер, а. и. ичеги флорасы синтездейт. Ачыткы, боор, жумуртканын сарысы, шроттор, жмых (күн караманын майы алынгандан кийинки калдыгы) картошка, сабиз, кызылча ж. б-да көп. Бул витаминдин жетишсиздигинде жаныбарлар арыктап, аппетити жоголот, ичи өтөт, тери оорулары пайда болот, малдын жүнү, кылдары түшөт, карынында, ичегилеринде шишиктер пайда болот, канаттуулардын көзү ириңдеп, жабышып калат. Адамдын чачы агарат.
|
|
5. Сууда эруучу витаминдер
Витамин В6 (пиридоксин). Пиридоксиндин малдын организмде линол ксилотасын фосфорилазыга айландырат, гликогенди ээритет. Бул витаминдин жетишсиздиги кадын составындагы гемоглабин азайат, булчуңдардын тартышуусуна, малдын чоңойуусунда чоң таасир берет
"Р"витамини(рутин)-кан тамырлардын откоруу жана бекемдоого катышат, витамин "С"менен ОВР(окислительно восстановительные реакции) катышат.
Жетишсиздиги- кан айлануу начарлайт, алсыздык болот.
Кайсы продукта бар-ит мурун, цитрус жемиштеринде, жузумдо.
В1 витамини (тиамин)-нерв системасынын иштешинде катышат, зат алмашууну нормага салат,.
Жетишсиздиги- "бери-бери" орусу, алиментарный полиневрит,.
Кайсы продукта бар- кара нанда, буудай, дан азыктарда, горох, гречка, фасоль, дрожжи, боор, бойрок этинде, жумуртканын сарысында.
|
|
В2 витамини (рибофлавин)-ткандык зат алмашууну нормага салат,, гемоглобинди синтездейт, журок, нерв, ашказан ичеги системаларын козомолдойт, зренияны функциясы.
Жетишсиздиги-жарыктан коркуу, коздон жаш агат, зрения начарлайт, коздун бурчтарында оору болот, арибофлавинозный хейлит-оозду ачканда оруксуну, шилекей агат, ооз ичинде ачышат.
Кайсы продукта бар- кара нанда, буудай, дан азыктарда, горох, гречка, фасоль, дрожжи, боор, бойрок этинде, жумуртка, сыр, творог, сутто.
В6 витамини (перидоксин)-баш нерв системасынын иштешине керек, ичегиде ПНЖК(полиненасыщеные жирные кислоты)-пайда болушун камсыздайт,.
Жетишсиздиги- алсыроо, басыш кыйындайт, тез ачуу келет, ооз, тиш, тил орулары, ич откок.
Кайсы продукта бар- дан азыктарда, дрожжи, боор, бойрок этинде, сельд, трескада.
В12 витамини (цианокобаломин) кан пайда болууда катышат.
Жетишсиздиги-анемияга алып келет, алсырап, адам нервный болот, радикулит, полиневрит.
Кайсы продукта бар- икра, мал этинде , жумуртка, сыр, творог, сутто
РР витамини (рутин)-бардык зат алмашууга катышат, баш нерв, журок, ашказан ичеги системасын, терини козомолдойт.
Жетишсиздиги-Пеллагра оорусу, кургак тери, жалпы алсыроо, память томондойт, маанай жок болуп, баш айланат.
Кайсы продукта бар- кара нан, буудай, дан азыктарда, горох, гречка, дрожжи, боор,эт, бойрок этинде.
6. Витаминдер Кыргызыстанда
Дата добавления: 2018-08-06; просмотров: 188; Мы поможем в написании вашей работы! |
Мы поможем в написании ваших работ!