Мээни кантип эс алдыруу керек?



Эгер адамдын аң сезими, мээси акыл эси бир нерсени жакшы кабыл албай, унутчаак боло баштаса анда мээ чарчады деп билсең болот.

Адамдын денеси физикалык жактан оор жумуш жасаса же күч келсе чарчаганын билебиз. Бирок аң-сезими, мээси чарчаганда кандай болоорун көпчүлүк анча аңдай бербейт. Андыктан мээни да эс алдырыш керек экенин эске алыңыз.

Эгер адамдын аң сезими, мээси акыл эси бир нерсени жакшы кабыл албай, унутчаак боло баштаса, кебетеси да чарчаңкы тартып эч нерсеге көңүлү чаппай жатса анда дароо адиске кайрылышы абзел.

Мээ, акыл эс менен иштөө өзгөчө нерсе, бирок анын чарчаганы ар кимге ар кандай байкалат. Негизи эле мээнин чарчоосу акыл-эсти көбүрөөк талап кылган жумуштан кийин жеткиликтүү эс албагандан пайда болот. Эгер мээни эс алдырбай дайыма иштей берсе ал адамдын ой жүгүртүүсү начарлайт, депрессия жана өнөкөт оорулар пайда боло баштайт.

Адам чарчаганда мээни эс алдырып, сергек болуу үчүн кофе ичишет. Бирок тилекке каршы кофени канчалык көп ичсе, адамдын нерв системасы бузулуп, бир нерсени так түшүнүүгө жөндөмсүз болуп калат.

Адамдын мээсинин маалыматты кабыл алуусу ар кандай болот. Кээ бирөөнүн мээси ар кандай маалыматты тынымсыз так, дароо кабыл алат. А кээси мээге көнүгүү жасап, ар кандай китептерди окуп, сканворд, кроссворддорду ойлонуп чечүүдөн да болот. Ал эми кээси мээни азыктандыруудан мыкты иштейт. Негизи эле мээнин чарчоосу менен күрөшүүнүн эң жөнөкөй жолу аны азыктандырып туруу шарт.

Мээнин чарчоосунун белгилери:

Уйкунун качышы

Мээ менен иштеген иште көп ката кетирүү

Көңүлүн бир жерге топтоо кыйынга туруу

Уйкуга жана тамакка табиттин бузулушу

Абдан ачуулуу, урушчаак болуп, бат кыжырдануу

Дайыма көңүлү чөгүп жүрүү

Албетте, заманбап медицинанын өнүгүүсүндө мээнин чарчоосун ар кандай ыкма менен изилдешет. Бирок ошентсе да атайын адиске көрүнүп, бир сыйра организмиңизди баштан аяк медициналык кароодон өтүп, андан олуттуу дарт табылбаса анда көйгөй сизде экенин эске салабыз.

Туура эмес иштейбиз

Орустун белгилүү жазуучусу Лев Толстой мээси жана физикалык жактан чарчабаганын айтып дайыма мактанчу экен. Себеби, ал түн бир оокумуна чейин чыгарма жазып, эртеси тура калып талаага чыгып чөп чапчу тура. Адистер мындай иштөөнү эң туура деп эсептешет. Себеби, акыл эсти физикалык жактан айкалыштырып иштеген адам эч качан чарчабайт экен.

Негизи мээни иштетип, акыл эс көбүрөөк талап кыла турган кызматта иштесеңиз ар бир саат сайын сөзсүз он мүнөттүк тыныгуу кылып турганы оң. Албетте, баардык эле адамдар саат сайын он мүнөттөн эс ала беришпейт. Атүгүл бошураак убакыт боло калса сөзсүз сыналгыны же компьютерди тиктейт. Алар тура калып ар кандай көнүгүүлөрдү жасап, ары бери таза абада дем алууну эске алышпайт.

Туура эмес жашоо

Бир күндє мээ канчалык көп иштээрине көңүл буруңуз. Эгер күнүгө эртең менен тураары менен мээ талап кылчу жумушта иштеп, кечинде жатаарда гана ал жумушту мээден алып салсаңыз аны чарчатып алуу коркунучу бар экенин унутпаңыз. Чарчаган мээ иште көп ката кетирерин эстен чыгарбаңыз. Ката кетирген сайын ошончолук көп иштөөгө туура келет. Бирок, канчалык аракет кылсаңыз да ката кетирип, эс тутумуңуз начарлайт. Андыктан кызматыңыз канчалык кымбат болбосун, өзүңүздүн ден соолугуңузду биринчи орунга коюп, мээни эс алдырууга убакыт табыңыз. Адам суткасына 7-8 сааттан кем уктабашы керек. Убакыт жетпейт, иш бүтпөйт деп мээни күчкө салып, кыйнабаңыз. Мисалы, Эйнштейн суткасына 11-12 саат уктап, андан кийин гана ишинин майын чыгарчу тура.

Мээни эс алдыруу үчүн физикалык көнүгүүлөрдү жасап, туура дем алуу, ички резервтерди калыбына келтирүү, йога менен машыгуу да жакшы жыйынтык берет. Андан тышкары мээни тынчтантуу үчүн жылуу ваннага жыпар жыттуу май, туз, тынчтандыруучу суюктук кошуп жатуу керек.

Сыйкырдуу таблетканы күтпөңүз!

Тилекке каршы чарчаган мээни эс алдыруу үчүн сыйкырдуу таблеткалар жок. Көпчүлүгү мындай таблеткалардан эс алса, кээсине жардам бербейт, тескерисинче күчөтүп жиберет. Биологиялык активдүү кошулмалары бар дарыларды сунушташат. Бирок алардын баары эле жардам бере албайт. Ошентсе да эч нерсе жардам бербейт деп мээни ого бетер чарчатып жата бербей, адистерге эртерээк көрүнгөн оң. А эң негизгиси эс алууга чыгуу шарт. Эс алууга чыккан соң сөзсүз жаратылышка, тоого чыгып, башка шаар көрүү мээни канчалык сергитээрин сезесиз.

Физикалык жактан чарчадым деп шалдырап жатып, уктап эс алса болот, ал эми мээ чарчаганда андан да кыйын, аягы жамандык менен аяктаарын эстен чыгарбаңыз. Мээни таптакыр эс алдырбай иштей берсеңиз эрте алжып, айткан сөздөрдү унутуп, оңой нерсеге акылыңыз жетпей калат. Андыктан мээни эс алдырууну да унутпайлы!!!

Афазия (медицинада)

Афазия (медицинада) (грекче aphasia - сүйлөй албоо) сүйлөөнүн бузулушу. Мында бирөөнүн сөзүн түшүнбөйт же бир аз түшүнөт, ошондой эле өзүнүн оюн түшүндүрүү үчүн сөз, фраза айта албайт. Афазия көбүнчө мээнин сол жарым шарынын кыртышы жабыркаганда болот. Негизинен эки түргө кыймыл жана сенсордук афазия болуп бөлүнөт. Кыймыл афазиясында оорулуунун сүйлөө аппараттары, акыл-эси ордунда болуп, айтылган сөзгө түшүнөт, бирок сүйлөй албайт. Сенсордук афазияда оорулуу сүйлөөгө жөндөмдүү болуп, бирок сөздү түшүнбөйт. Сенсордук афазиянын бир түрү болгон амнестия афазиясында оорулуу башынан өткөн окуяларды, буюмдун атын, бирөөнүн аты-жөнүн эстей албаганы менен аны колдонууну билет. Сүйлөөнүн бузулушу мээге кан куюлганда, тромбоздоо, мээ травмага учураганда, сезгенгенде, шишик ооруларында көп байкалат. Ооруну дарылоо үчүн аны пайда кылган себептерди аныктап, жоюу максатка ылайык.

Апараксия

Апараксия — так кыймыл-аракет жасай албоо. Мында оорулуу айрым кыймылдарды жасай алганы менен максатына жете албайт. Мисалы, колун көтөргөнү менен баш кийимин кийе албайт.
Апараксия идеялык, мотордук, конструктивдик болуп бөлүнөт.
Идеялык апараксияда оорулуу өзүнчө кыймыл жасай албайт, бирөө көрсөткөн кыймылды туурайт.
Мотордук апарпкксияда татаал кыймыл-аракетти аткаруу үчүн зарыл кыймылдарды ырааттуу аткара албайт.
Конструктивдик апараксияда буюмду анын бөлүктөрүнөн кайра кураштыра албайт. Оору мээнин чоң жарым шарынын кыртышы жабыркоодон пайда болот. Дарылоону анын себебин таап, врач жүргүзөт.

Невроздор

Невроздор — нерв системасынын функциясынын бузулушу менен мүнөздөлгөн оорулар. Ал өтө көп кезигүүчү оору. Азыр невроздордун ар кандай түрлөрү белгилүү, мисалы, неврастения, истерия жана жадатма абал. Булар жогорку нерв ишине психикалык травманын таасиринен болот. Ага үй-бүлөдөгү чыр-чатак, кемсинтүү, жумуштагы келишпестик, өтө чарчоо жана башкалар себеп болот, ошондой эле көбүнчө нерв системасы начар, денеси чың эмес, ар кандай оору менен ооругандар, тамактануу, эмгек, эс алуу режимин бузгандар неврозго тез чалдыгат. Баланы туура эмес тарбиялоо, анын кызыкчылыгын эске албай, жөндөн-жөн жемелөө анын өзүнө ишенчилигин кетирет. Же тескерисинче аны өтө эркелетип, ою менен болуп, өтө мактап, анын бардык талабын орундатып, көкөлөтүү да баланын психикасын бузат. Мындай балдар чоңойгондо турмуштун кыйынчылыгына чыдамсыз келишет.

Баланы өтө катуу кармоо же өтө камкордук көрүү да мүнөзүнүн калыптанышына терс таасирин тийгизет. Айрым кишилер ар кандай кырдаалда неврозго окшош абалда болушат, мисалы, маанилүү бир окуя алдында тынчы кетиц, жүрөгү тез согуп, тердеп, денеси чымырайт жана өңү кубарат. Бул белгилер дени соо кишиде окуя болгондон кийин өтүп кетет. Ал эми невроз менен ооруган кишиде мындай белгилер узакка чейин байкалат. невроз менен ооругандар психикалык оорулардан айырмаланып, өзүнүн кылык жоругун башкара алат жана айланасындагы окуяларды туура баамдайт.

Невроздо оорулуунун алы кетип, урушчаак болуп, уйкусу бузулуп, башы ооруйт жана көңүлү чөгөт. Невроздо көбүнчө органдарды жөнгө салуунун бузулушунан анын функциясы начарлайт, мисалы, жүрөктүн тез согушу жана оорушу миокарддын инфарктынын белгисине, карындын спазмы жана оорушу рак оорусунун белгилерине окшоп сезилет. Ошондуктан мындай оорулуулар абдан коркуп, улам бир врачка кайрылат. Оорулуу психотерапевт, психиатр жана невропатологго кайрылып, убагында дарыланышы керек. Невроздун кээ бир түрүндө оорулуунун тынчы кетип, курулай шектенип, ыргылжың тартып, тарынчаак жана эмоциялык туруксуз болуп кетет. Мындай өзгөрүүлөрдү калыбына келтирүү көп убакыт, аракет, чыдамкайлыкты талап кылат. Неврозду психотерапиялык жол менен дарылайт.

Айыктыруучу физкультура, массаж, ар кандай тынчтандыруучу ванна, курортто дарылануу сунуш кылынат. Неврозду алдын алууда баарынан мурда психиканы жабыркатуучу таасирди токтотуу, үйдө жана жумушта жагымдуу психикалык шарт түзүү, аракечтик жана тамеки чегүү сыяктуу жаман адатты таштоо, эмгек жана эс алуу режимин туура сактоо керек. Организмди чыңдоонун, туура тарбия берүүнүр мааниси чоң.

 

Колдонулган адабияттар:

· Данилова Н.Н. Психофизиология. - М.: Аспект Пресс, 1998. 369 с.

· Дельгадо Х. Мозг и сознание. - М.: Мир, 1971.

· Джек Т. Электронная микроскопия нуклеотидов, меченных тяжелыми металлами // Ионы металлов в биологических системах. - М., Мир, 1982.

· Еремеева А.И. Астрономическая система Мира и ее творцы. - М.:Наука.1984

· Ершов Ю.А., Плетенева Т.В. Механизмы токсического действия неорганических соединений. - М. 1989.

· Журавлев В.Ф. Токсикология радиоактивных веществ. - М.: Энергоатомиздат, 1990. 336 с.

· Зельдович Я.Б., Хлопов М.Ю. Драма идей в познании природы. - М.:Наука.1988

· Зенгер В. Принципы структурной организации нуклеиновых кислот. - М.: Мир, 1987.

· Иваницкий А.М., Стрелец В.Б., Корсаков И.А. Информационные процессы мозга и психическая деятельность. - М.: Наука, 1984. 200 с.

· Иванова Л.А. К анализу ферментативных сдвигов при хроническом воздействии хлорида ртути // Гигиена труда и проф. заболеваний. 1982. В. 1.

· Иванова Л.А. Сравнительная оценка влияния хлорида, йодида и амидохлорида ртути на субклеточные структуры // Гигиена труда и проф. заболеваний. 1984. В. 15.

· Измайлов Ч.А., Соколов Е.Н., Черноризов А.М. Психофизиология цветового зрения. - М.: Изд-во Моск. ун-та, 1989. 205 с.

· Изучение клинической эффективности препарата витурид у больных ревматоидным артритом // Отчет РКБ МЗ РК. 1995.

· Изучение подострой ток-сичности препаратов Витурида В и Витурида С // Отчет Научно-исследовательского центра токсикологии и гигиенической регламентации биопрепаратов (НИЦ ТБП). 1995.

· Изучение противоопухолевого действия препаратов Витурид В и Витурид С // Отчет НИЦ ТБП. 1995.

· Изучение специфического обезболивающего эффекта лекарственных препаратов на основе сулемы // Отчет НИЦ ТБП. 1995.

· Каббата-Пендиас А., Пендиас Х. Микроэлементы в почвах и растениях. - М.: Мир, 1989. 498 с.

· Карапетьянц М.Х., Дракин С.И. Строение вещества. ВШ, - М.,1970, 306 стр.

· Карначук O.B. // Микробиология. 1995. Т.64. Вып.4.

· Карначук О.В. Влияние шестивалентного хрома на образование сероводорода сульфатредуцирующими бактериями.// Микробиология, 1995.том 64, N 3.

· Клацки Р. Память человека: структура и процессы. - М.: Мир, 1978. 319 с.

· Климишин И.А. Астрономия наших дней. 1986.

· Климишин И.А. Открытие Вселенной. 1987.

· Клинико-экспериментальное изучение действия препарата витурид при инфекционных заболеваниях // Отчет С.-Петербургского мед. ун-та. 1995.

· Котеров А.Н., Никольский А.В. Адаптация к облучению in vivo // Радиац. биол. Радиоэкол., 1999. Т. 39, № 6.

· Крушинский Л.В. Формирование поведения животных в норме и патологии. - М.: Изд-во Моск. ун-та, 1960. 264 с.

· Курочкина С.Ю., Ивасенко Д.А., Карначук О.В. Выделение сульфатредуцирующей бактерии, устойчивой к высоким концентрациям двухвалентной меди //Физиология и биотехнологии растений. Материалы Всесоюзного совещания посвященного 120-летию ТГУ и 75-летию кафедры

· Кэндел Э. Клеточные основы поведения. - М.: Мир, 1980. 598 с.

· Лаврецкая Э.Ф. Фармакологическая регуляция психических процессов. - М.: Наука, 1985. 280 с.

· Ларкин А.М., Коломина Т.П., Лалов В.В., Осокина Н.В. Взаимодействие ионов меди с клетками метаноокисляющих микроорганизмов. // Всесоюзная конференция "Лимитирование и ингибирование роста микроорганизмов.” - Пущино,1989.

· Ленинджер А. Биохимия. - М.: Мир, 1974.

· Литл Д. Управляемые гипотонии в хирургии / Пер. с англ. - М.: Иностранная литература, 1961.

· Лоренц К. Оборотная сторона зеркала. - М.: Республика, 1998.

· Магнитный резонанс в медицине. Основной учебник Европейского форума по магнитному резонансу / Под ред. П.А.Ринка. Оксфорд, 1997. 228 с.

· Мангасарова Р.Т. К вопросу о биологической роли ртути как микроэлемента: Автореф. дисс. ... канд. мед. наук. - Ашхабад, 1974.

· Материалы по лечению витуридом больных с соматическими заболеваниями // Мед. центр АОЗТ "Фирма Витурид". 1995.

· Машковский М.Д. Лекарственные средства. - М., 1988.

· Мецлер Д. Биохимия. Химические реакции в живой клетке. - М.: Мир, 1980. Т. 1. 407 с.

· Мозгов Н.Е. Фармакология. - М., 1985


Дата добавления: 2019-02-12; просмотров: 540; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:






Мы поможем в написании ваших работ!