Коркуу неврозунан кыйналгандарга кантип жардам берсе болот?



Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлиги      Ош гуманитардык педагогикалык институту         Табият таануу жана география факултети                Биология жана химия кафедрасы               

Курстук иш

 

Предмети: Кишинин жана жаныбарлардын физиологиясы

Тема: Шарттуу жана шартсыз рефлекстин иш аракеттери

Аткарган: Ибрагим кызы Аймончок

Текшерген:  Сагынбаева Гүлзада Авазбековна

Рецензенд: Илиязов Жоодар Искендерович

Адистиги:Биология

Тайпасы:   Б-13Б

 

1. Киришүү....................................................................................................3

ǀ бап Жогорку нерв иш аракеттери

2. Жогорку нерв иш аракеттери..................................................................4

3. Сигналдык система.................................................................................6

4. Павлов Иван Петрович...........................................................................8

5. Рефлекстер............................................................................................10

ǀǀ бап Сигналдык системалардын паталогиялык оорулары

6. Агнозия...................................................................................................12

7. Шизофрения...........................................................................................13

8. Невроз....................................................................................................20

9. Невроз оорусунан үй шартында арылуу..............................................23

10. Корутунду...............................................................................................25

11. Колдонулган адабияттар.......................................................................30

 

 

1. Киришүү.


Борбордук нерв системасынын негизги структуралык жана кызмат аткаруучу элементи — нейрон. Организмдеги бүткүл нерв талчалары бири-бири менен тыгыз байланышкан. Борбордук нерв системасы организмдин чөйрө менен байланышын жөнгө салып, кылык жорук реакциясын башкарып, дененин бардык органынын иш-аракетин координациялайт. Анын ишинин негизин рефлекстер түзөт.

Борбордук нерв системасынын башка организмдер менен нервдик байланышы 12 жуп мээ нерви жана 31 жуп жүлүн дүмүрчөгү аркылуу ишке ашат. Жүлүнгө арткы дүмүрчөгүнүн афферент нерви аркылуу териден, булчуңдан, бир аз ички органдардан жана кол-буттан «кабар» келип турат. Алдыңкы дүмүрчөгүнөн эфферент нервдери чыгып, ал аркылуу скелет булчуңуна башкаруучу импульстар келет (к. Четки нерв системасы). Ушул эле жерде вегетатив нерв системасынын ички органдардын ишин башкаруучу импульстарды берүүчү талчалар өтөт. Жүлүндүн ак затынын составындагы афференттүү (борборго умтулуучу) жол менен мээге (к. Анализаторлор), ал эми жогортон төмөн карай эфференттүү (борбордон четтөөчү) жол аркылуу жүлүнгө борбордук нерв системасынын жогорку бөлүгүнөн буйрук келет. Жүлүн жабыркаганда афференттүү жана эфференттүү импульстар бузулат.

Жүлүндөн мээге жана андан жүлүнгө келүүчү бардык нерв жолдору мээнин сөңгөгү аркылуу өтөт. Догосу сүйрү мээ аркылуу өткөн рефлекстер, жүлүн рефлексине караганда татаал болуп, ага дем алуу, кан айлануу, тең салмактуулук, ошондой эле чайноо, соруу, жутуу, кусуу, чүчкүрүү, жөтөл сыяктуу рефлекстик акт мисал болот. Сүйрү мээ кырсыкка учураса дем алуу жана кан айлануу токтойт, өмүргө коркунуч туулат. Сүйрү мээнин төрт дөбөчөсүндө көрүү, угуу, көз кыймылдаткыч борборлор жайгашкан. Көргөзгүч урчукта бүт организмдин жүлүндөн, сүйрү мээден жана ортоңку мээден жарым шардын кыртышына келүүчү сезгич жолдор чогулат. Аралык мээ тамактануу, кан айлануу жана зат алмашуу процессин жөнгө салат, ошондой эле жүрөк кан тамыр жана эндокрин системасынын функциясы менен ички жана сырткы кабыл алууну байланыштырат. Мээ сөңгөгүнүн ретикул формациясы, гипоталамус, көргөзгүч урчугу сыяктуу түзүлүшү мээ кыртышына активдештирүүчү жана тормоздоочу таасир берүүгө жөндөмдүү. Ушулар аркылуу организмдин уйку, сергектенүү, ачка болуу, суусоо, ооруу жана башка ишке ашат. Чоң жарым шардын кыртышынан келүүчү импульс өтүүчү жол мээ сөңгөгү аркылуу өтүп, жүлүндүн кыймылдаткыч клеткаларына жетет. Мээ кыртышынын оң тарабынан келген импульс жүлүндүн сол тарабына, сол тарабынан келген оң тарабына өтөт. Мээ кыртышынын бир жагына кан куюлса, дененин карама-каршы тарабындагы булчуңдар шал болот.

Мээ кыртышы 200 млрд нерв клеткасынан (нейрондон) турат. Бул клеткалар ар кандай формада болуп, көп катар жайгашат жана бири-бири менен өсүндүлөрү аркылуу биригет. Дененин ар кайсы бөлүгүнөн, орган жана тканынан келген импульстар кыртыштын ар кайсы жерине келет

ǀ бап Жогорку нерв иш аракеттери

Жогорку нерв иши

Жогорку нерв иши — сырткы жана ички чөйрөнүн өзгөрүүлөрүнө организмдин толук ыңгайлануусун камсыз кылуучу борбордук нерв системасынын жогорку бөлүктөрүнүн (чоң жарым шарлардын кыртышы жана кыртыш астындагы борборлордун) биргелешкен аракети. Жогорку нерв иши түшүнүгүн физиологияга И П. Павлов киргизген. И. П. Павловго чейин физиологдордун дээрлик көпчүлүгү организмдин иши — органдардын ишинин суммасы, ар бир органдардын иши анын клеткаларынын ишинин суммасы, ал эми ар бир клетканын негизги касиеттери туруктуу, ошондуктан чөйрөнүн таасири козгогон организмдин реакциялары орган жана клеткалардын туруктуу ишмерлиги менен мүнөздөлөт дешкен. Мындай метафизикалык пикир физиологиялык изилдөөлөрдүн методикасын жана анын илимнй негиздерин өөрчүтүүгө тоскөол болгон. И. П. Павлов жана анын окуучулары организмдин кадимки абалында өтүүчү физиологиялык процесстерин изилдөө үчүн чөйрө менен нормалдуу байланышта турган дени соо жаныбарларга эксперимент жасашкан (мисалы, дени таза иттин шилекейин алуу үчүн шилекей бездин түтүкчөсүн сыртка чыгаруу, фистула операциясын жасоо).

Ушундай изилдөөнүн негизинде организмдеги физиологиялык процесстерди жөнгө салууда нерв системасы орчундуу ролго ээ экендиги аныкталган. Ошондой эле психикалык активдүүлүктүн бүткүл формасы (буга адамдын аң-сезими да кирет) — Жогорку нерв ишинин элементтери. Орус окумуштуусу И. М. Сеченовдун 1863-ж. чыккан «Мээнин рефлекстери» деген китебинде психикалык иш-аракеттер рефлекстер менен байланыштуу экендигин материалисттик көз караш менен далилдеген. Татаал түзүлүштөгү жаныбарлардын Жогорку нерв ишинин негизи — борбордук нерв системасынын жогорку бөлүктөрү иштеп чыккан шарттуу жана шартсыз рефлекстер. Жогорку нерв иши учурунда мээнин дээрлик көпчүлүк бөлүгү тыгыз байланышта жана өз ара аракетте болуп, баары чогуу иштешет. Организмдин тышкы чөйрөгө ыңгайланышы, ар кыл шарттуу рефлекстердин пайда болушу жана жоголушу менен жүзөгө ашат. И. П. Павлов Жогорку нерв ишинин негазги закондорунун бири болгон шарттуу рефлекстерди изилдеп, алардын кайсы мезгилде, кандай түрдө, кантип пайда болорун далилдеген. Шарттуу рефлекстерди жаратуу үчүн борбордук нерв системасында алгач анын эң жогорку өсүү баскычында туруучу мээ кыртышындагы нейрондор, шарттуу сигналдарды кабыл алуучу сезгич нерв клеткалары менен шартсыз рефлекстердин борборунун аралыгында убактылуу нерв байланыштары (ассоциациялар) түзүлөт. Бирок бул процесстин алдында организм өзүнө таасир тийгизген чөйрөнүн көп сандаган дүүлүктүргүчтөрүнүн ичинен эң керектүүсүн ылгайт да, борбордук нерв системада ушул гана сигналдык таасирге байланышкан алгачкы козголуу пайда болгон. Ал убактылуу нерв байланышын жаратууга жана шарттуу рефлекстерди пайда кылууга гана түрткү болбостон, келечектеги организмдин жашоосунда да чоң салымы бар.

Мисалы, тамактануунун алдында тамак-аштын жыты, идиш-аяктын добушу ж. башкадандан алгачкы козголуу пайда болуп, ал тамактанууну эңсетет, шилекей агат, акырында тамактануу аракети башталат. Демек, бул учурда алгачкы ковголуу тамактануу рефлекстеринин толук өлчөмдө жана жагдайлуу болуусуна себепкер болот. Шарттуу сигнал канчалык күчтүү болсо, рефлекс ошончолук тез пайда болот. Жогорку нерв ишинин татаал процесстеринин бири — динамикалык стереотип (тышкы жана ички чөйрөнүн таасирине жараша бир канча нерв борборлорунун козголуусу, аракети, башкача айтканда биринен сала бири өтөлүүчү шарттуу рефлекстер). Динамикалык стереотиптин бирден бир өзгөчөлүгү — анын автономиялуулугу. Жетилген стереотиптик реакция учурунда шарттуу дүүлүктүргүчтөрдүн убакытка жараша орун алмашуусу, алардын күчүнүн бир аз өзгөрүшү натыйжа бербейт. Ушуга байланыштуу динамикалык стереотип организмдин чөйрөгө ыңгайлануусуна дурусураак шарт түзөт. Динамикалык стереотипке адамдын өнөкөтү, күндөлүк режими, өндүрүштө жөндөмдүүлүгү кирет, бул жеке организм үчүн өтө зарыл. Шарттуу рефлекстердеги убактылуу нерв байланыштары шартсыз рефлекстер менен бекемделип турбаса, ассоциациялар убактылуу жоголуп кетет. Ал тормоздоо процессине байланыштуу. Чындыгында шарттуу рефлекстер жоголуп жана жаңыдан жаралып турбаса организмдин жашоосу мүмкүн эмес, анткени чөйрөнүн өзгөрүүсүнө жараша организм өзүнүн функцияларын (шарттуу рефлекстерин) өзгөртүп турушу керек. Демек, тормоздоо процесси организмдин жашоосуна бирден бир керектүү шарт түзүп турат. Тормоздоо процесси шарттуу жана шартсыз тормоздоо болуп экиге бөлүнөт. Шарттуу тормоздоо басаңдатуучу, кечиктирүүчү, дифференциялоочу болуп айырмаланат. Булардын жардамы менен шарттуу рефлекстердин убактылуу жоголушу, алардын керектүү убакытта гана пайда болушу, чөйрөнүн көптөгөн окшош дүүлүктүргүчтөрүн бири биринен ажыратуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт.


Жогорку нерв иши жарым шарлардын мээ кыртышындагы жана аларга жакын жайгашкан нейрондордо өтүүчү процесс, ал мээнин анализ жана синтез ишмердүүлүгүн айкындайт. Жогорку нерв ишинин айбанат дүйнөсүндө да мааниси бар, бирок тарыхый өнүгүүнүн негизинде ал өзгөрүп кеткен. Омурткасыз жана жөнөкөй омурткалуу жаныбарларда нерв клеткалары чачкын жайгашып, функциялык мүмкүнчүлүгү да ченемдүү болгондуктан, жөнөкөй шартсыз рефлекстер жана инстинктг тер үстөмдүк кылат. Эволюциялык өнүгүүнүн жогорку баскычындагы жаныбарларда (айрыкча сүт эмүүчүлөрдө) өз ара байланыштары да татаалданган. Аларда шарттуу рефлекстер тез жаралып, шарттуу жана шартсыз рефлекстердин айкалышынан турган Жогорку нерв иши басымдуулук кылат. Мында шарттуу рефлекстер татаалданып, организмдин чөйрөгө ыңгайлануусунун активдүү каражатына айланат. Кишинин Жогорку нерв ишине жаныбарларга да таандык биринчи сигналдык системадан тышкары экинчи сиг-налдык система (сүйлөө) мүнөздүү (к. Сигналдык система). Кишинин Жогорку нерв иши анын нерв системасынын жеке өзгөчөлүгүнө көз каранды. Бул өзгөчөлүктөрдүн жыйындысы индивиддин тукум куугучтук өзгөчөлүгүнөн, турмуш тажырыйбасынан келип чыгып, нерв ишинин тиби деп аталат. И. П. Павлов Жогорку нерв ишин 4 негизги типке бөлгөн:

· 1) күчтүү, бирок токтоо эмес тип, анда козголуу процесстери басымдуулук кылат (холерик);

· 2) күчтүү, токтоо тип (сангвиник);

· 3) күчтүү тип, нерв процесстери жай жүрөт (флегматик); 4) күчсүз тип, козголуу жана тормоздоо процесстери начар жүрөт (меланхолик).

Организмдин тышкы чөйрөгө ыңгайлануусу жана ооруга туруктуулугу нерв системасынын тибине жараша болот. Нерв системасы күчтүү, токтоо болгон типте невроздор көп учурабайт. Турмуштун татаал абалдары күчсүз типтеги кишилердин Жогорку нерв ишин бат бузат. Жогорку нерв ишинин патологиялык бузулууларынын себептерине түрдүү уулануу, жугуштуу оорулар, тышкы чөйрөнүн жагымсыз шарттары жана башка кирет. Жогорку нерв ишинин патологиялык абалдарын жоготуу үчүн эс алуу, орун алмаштыруу, эмгек менен эс алууну айкалыштыруу зарыл, аны алдын алууда организмди чыңдоо менен бирге нерв системасын такай машыктыруунун мааниси чоң.

Сигналдык система

Сигналдык система — убактылуу нерв байланыштары, алардын функцияларынын негизинде, сырткы жана ички чөйрөнүн таасирине ылайык организмдин ыңгайлануусун жөндөгөн нерв процесстеринин системасы. Сигналдык система жөнүндөгү окууну И. П. Павлов иштеп чыккан. Ал физиологияга биринчи жана экинчи сигналдык система түшүнүгүн берген. Сигналдоо принциби жөнөкөй жаныбарларда да бар, бирок эволюциялык өөрчүүгө ылайык алар татаалданып кеткен (Шилтеме: Жогорку нерв иши). Сигналдык система түшүнүгү шарттуу рефлекстер теориясынын борборунан орун алат. Жогорку нерв иши эволюциялык жогорку баскычында жайгашат да, ал тиричиликке керектүү факторлорду жаратылыштагы көп кездеше турган агенттерден иргеп, сигналдык системага айландырат. Мисалы, электр лампасын күйгүзгөндөн кийин дайыма тамак берилсе, башкача айтканда лампаны күйгүзүү тамактануу менен шайкеш келсе, анда лампанын күйгөнү шарттуу сигналга айланып, организмди тамактанууга камдайт (шилекей агат, карындын зили чыгат жана башкалар), ал эми тамактануу процесси — шартсыз сигнал. Айтылган шарттуу жана шартсыз сигналдар айбандардын баарында кездешет да, алар бир гана сигналдык система ны түзүп, биринчи игналдык система  делет.

Ушундай эле сигналдар адамда да бар. Бирок социалдык, коомдук өнүгүүнүн натыйжасында ал өз ара пикир алышууга мажбур болгон. Аларда алгачкы учурда жаңдоо, ишарат кылуу жана башкалар белгилер, андан кийин сөз айтуу, сүйлөшүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Ой жүгүртүү, нерселерди абстракциялоо шартынан пайда болот. Натыйжада адам эки сигналдык система га (биринчи жана экинчи С. с.) ээ. Биринчи сигналдык система биологиялык факторлорго негизделсе, экинчиси биологиялык жана социалдык факторлордун жыйындысы болот. Экинчи сигналдык система адамга гана таандык, ошондуктан анын жетилүүсүн балдардын жашына жараша байкоо жүргүзсө болот: 3 жашка чейин биринчи сигналдык система үстөмдүк кылат, ушуга байланыштуу алар чөйрөнүн конкреттүү таасирлерин жакшы кабыл алат.

4—5 жашта 2- сигналдык система үстөмдүккө өтөт, ушул мезгилде балдар айрыкча сүйлөөк келип, татаал сүйлөмдөрдү түзүүгө, аны түшүнүүгө толук мүмкүнчүлүгү болот. Сигналдык системалардын структуралык жана функциялык негизи болуп рецепторлор (чөйрөнүн таасирине дүүлүгүп, ал күчтөрдү нерв импульсуна айландырат), сезгич нервдер (нерв импульсун мээге жеткирет), мээнин ар кандай борборлору (мээнин кабыкчалары, анын ичиндеги нейрондор тобу) эсептелет. Сигналдык системанын акырында керектүү кыймыл - аракет иштелет. Адамдын экинчи Сигналдык системанын бузулушу сүйлөбөй калуу (афазия), сөздү түшүнбөө (агнозия), айланасындагы буюмдардын маанисин билбөө (апраксия) жана башкалар клиникалык өзгөрүүгө алып келет. Ошондой эле биринчи жана экинчи сигналдык системанын айкалышпаганы адамдык сапатты төмөндөтүп, ар кыл психикалык ооруларды (шизофрения, невроздор жана башкалар) пайда кылат.

 

Иван Петрович

 

Иван Павлов - Улуу физиолог, окумуштуу академик. Ал 1849-жылы 26-сентябрда Рязанда дин кызматчысынын үй-бүлөсүндө туулган. Алгач ал дин мектебинен окуп, тарбияланып башталгыч жана орто билим алган. 1870-жылы Петербург университетиндеги физика-математика факультетинин табият таануу бөлүмүнө кирет. 5-курста окуп жүргөндө тамак сиңирүү жана кан жүгүртүү физиологиясы боюнча бир катар илимий иштерди жасагандыгы үчүн 1874-жылы алтын медаль менен сыйланган. 1875-жылы университетти бүткөндөн кийин окуусун андан ары улантып Медико-хирургиялык академиянын III курсуна кабыл алынат (ал кийин согуштук-медициналык академия деп атаган). 1879-жылы академияны бүткөндөн кийин конкурстун негизиндеги академияга аспирант болуп, лабороторияны жетектеген. Иштеп жүргөн жылдарда анын жүргүзгөн ар бир экспериментти жана макаласы дүйнөлүк илимий ойдун энчисине айланып, дароо эле коллегаларынын арасында дүркүрөгөн диспуттарды пайда кылган.

1883-жылы "жүрөктүн борбордон качма нервдери" деген темада диссертациясын коргоп, медицина илиминин доктору деген илимий даражага ээ болгон. Бул илимий эмгеги аркылуу хирургияда наркоз берилген тирүү иттен эң ичке нерв бутакчаларын издеп таап текшерген жана алардын физиологиялык ар кыл баркын тажрыйба менен далилденген. "Тамак сиңирүүчү негизги бездердин иштеши жөнүндө" деген темада диссертациясын коргоп, медицина илиминин доктору деген илимий даражага ээ болгон. Бул илимий эмгеги аркылуу хирургияда наркоз берилген тирүү иттен эң ичке нерв бутакчаларын издеп таап текшерген жана алардын физиологиялык ар кыл баркын тажрыйба менен далилдеген.

Өзгөчө Павловдун шарттуу рефлекс жөнүндөгү окуусу дүйнөлүк мааниге ээ. Павлов өз окуучулары менен бирдикте шарттуу рефлекстин пайда болушунун жана алардагы өзгөрүүлөрдүн динамикасын (козголуу, тормоздолуу жана иррадация жана башка) бардык жагынан изилдөө менен көптөгөн нервдик-психикалык детерминанттардын мыйзамченемдүүлүгүн ачкан. Шарттуу рефлекстердин ичинен ал психология илимине түздөн-түз таандык болгон баамдоочу рефлекс эркиндик жана максат рефлекстерин бөлүп көрсөткөн.

Павлов сездиргич органдардын иштерин изилдөө менен анализаторлор жөнүндөгү окуу боюнча жаңылыктарды ачкан. Павлов алардын ички жана сырткы чөйрөдөн келген дүүлүгүүлөрдү эң жогорку деңгээлде талдоочулук жана синтездөөчүлүк маанисин даңазалаган. Шарттуу рефлекстин пайда болушунун жана жүрүш-туруштун модификациясынын мыйзамченемдүүлүгү жөнүндөгү Павловдун илимий ачылыштары кибернетиканын өнүгүшүнө да чоң түрткү берди. Жогоруда айтылгандардан тышкары ал нерв иштеринин типтери жөнүндөгү, дүүлүктүргүчтөрдүн реакциясынын туруктуу комплекси катарында каралуучу динамикалык стереотип жөнүндөгү проблемага да кайрылып, олуттуу илимий корутундуга келген болучу. Жалпылап айтканда Павловдун илимий ачылыштары дүйнөлүк физиология, медицина жана психология илимдерин түп тамырынан бери кайра курууга, ошондой эле тирүү жандыктардын кыймыл-аракетин жана жүрүш-турушун изилдөөдө объективдүүлүк жана детерминисттик жолдорду кеңири колдонууга өбөлгө түздү.

Рефлекстер

 Рефлекстер (латын тилинен reflexus — чагылыштырылган) — рецепторлордун дүүлүгүүсүнө, башкача айтканда айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүнө организмдин берген жообу

 

Функциясы

Рефлекстер организмдин бөлүкчөлөрүнүн, ички органдардын кызматын бири-бирине айкалаштырып, алардын кыймыл-аракеттерин биргелештирип, организмдин айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө көнүгүүсүн жана жашоо шартын түзөт. Рефлекстер нерв системасы бар организмдерге гана таандык. Нерв системасы жок организмдердин (мисалы, жөнөкөйлөрдө жана башкалар) кыймыл-аракетинин негизин тропизм жана таксис, башкача айтканда белгилүү факторлорго (күн нуру, нымдуулук жана башкалар) карай умтулуп жылуу же өсүү түзөт. Организмдер татаалдашкан сайын ага жараша рефлекстер да өзгөрөт.

Бөлүнүшү

И. П. Павлов рефлекстерди

· шартсыз (тубаса) жана

· шарттуу (жашоого ылайык кийин пайда болгон) деп экиге бөлөт

Тубаса рефлекс

Тубаса рефлекстер туруктуу болуп, бир өңчөй дүүлүгүүгө башка шарттарга карабастан белгилүү жооп кайтарылат, ал түрдүү жаныбарларга таандык (мисалы, тамактануу, коргонуу, жыныстык жана башкалар). Шартсыз рефлекстердин тубаса рефлекс догосу, бар, ал эң эле жөнөкөй, аз нейрондордон түзүлөт .

Шарттуу рефлекс

Шарттуу рефлекстер шартсыз рефлекстердин негизинде жаралып, бир гана организмге тийиштүү жана шартка жараша пайда болуп же жоголуп турат. Шарттуу рефлекстердин негизинде организм өзүнүн жүрүш-турушун керек учурда өзгөртүп турууга жөндөмдүү (к. Жогорку нерв иши). Рецепторлордун дүүлүгүүсүнөн баштап кыймыл-аракетке алып келүүчү жол рефлекс догосу деп аталат ага рецепторлор, борборго умтулуучу афферент нерв талчалары кирет.
Шарттуу рефлекстердин догосу дайыма өзгөрүлүп турат, ошондуктан ар бир жаңы шарттуу рефлекс пайда болгондо, борбордук нерв системасында козголууга дуушар болгон мээ кыртышындагы нейрондордун ортосунда убактылуу нерв байланышы түзүлөт, шарттуу рефлекстер жоюлган учурда бул байланыш да бат-бат үзүлүп турат.

Касиеттери

Рефлекстердин касиети (өлчөмү, узактыгы жана башкалар) рефлекс догосунун ар бир бөлүгүнүн функциялык жагдайына жана дүүлүктүргүчтөрдүн күчтөрүнө жараша өзгөрөт. Рефлекстердин борборунда пайда болгон козголуу борбордук нерв системасынын көп жерлерине тарайт. Ушунун негизинде козголуу кеңири жайылып, башка рефлекстер же тормоздолуп (карама-каршы болсо), же күчөтүлүп турат. Рефлекстердин өлчөмү, таасирдин жыйынтыгы борбордук нерв системасына дайыма кабарланып, кыймыл-аракетке баа берүүгө мүмкүнчүлүк (шарт) түзүлөт.

Жутуу

Жутуу — азыкты ооз көңдөйүнөн кызыл өңгөч аркылуу карынга жылдыруучу татаал рефлекс. Адам күнүнө 600 жолу жутат.Анын ичинде 200 жолу тамак жеген учурда, уктап жаткан учурда 50 жолу, 350 жолу калган убакта. Көпчүлүк жутуулар бизге байкалбай өтөт. Ал тил, таңдай, алкым, кызыл өңгөч жана кекиртек булчуңдарынын катышуусу менен ишке ашырылат. Тамак азыктары ооздун ичинде майда чайналып шилекейленет; андан кийин тилдин жардамы менен кулкунга жылат. Ушул учурдагы кулкун булчуңдарынын жыйрылышынан коко жапкыч менен колко жабылат да, тамак кулкунга өтүп, андан кызыл өңгөч булчуңдарынын жыйрылуусунун натыйжасында карынга түшөт. Суюк тамак уурталгандан кийин, тилдин жана анын түбүндөгү булчуңдардын, жумшак таңдайдын жыйрылышынан ооздун ичиндеги басым көбөйүп, суюктук кызыл өңгөчкө, андан карынга куюлат. Жутуу рефлексинин борбору сүйрү мээде жайгашкан. Сүйрү мээдеги жутуу жана дем алуу рефлекстеринин борборлору кезектешип козголот, башкача айтканда Жутуу рефлекси учурунда дем алуурефлекси токтойт.

 Бала төрөлгөндө шартсыз рефлекстер гана болот: жутуу, эмүү, эстөө, коргонуу жб.

ǀǀ бап Сигналдык системалардын паталогиялык оорулары

 

6. АГНОЗИЯ —буюмдарды, кубулуштарды таанып билүүнүн бузулушу; мында акыл -эс жана сезүү органдардын функциясы сакталат. Мээнин чоң жарым шаркыртышынын айрым бөлүктөрү жабыркаганда байкалат. А. эки топко бөлүнөт:оорулуунун сырткы дүүлүктүргүчтөрдү сезбөөсү жана өз денесин тааныбоо.Биринчи топко көрүү угуу, даам жана жыт сезүү А-сы кирет. Кээ бир оорулуулартааныш буюмдарды колу менен кармалап, жумшактыгын, чоңдугун жана башкааныктай албайт. Башка бир оорулуулар көзү менен көрүп туруп, адамдарды,буюмдарды, алардын өңдөрүн, түрлөрүн айрып биле албайт. Айрымдары таанышкишилердин үндөрүн, сааттын какканын, иттин үргөнүн жана башка үндөрдүугуп туруп, айрып тааный албайт.Сезүү органдары аркылуу таанып биле албоо, көбүнчө мээге кан куюлганда, мэээзилип же жараланганда, сезгенгенде, ириңдегенде жана баштын шишикооруларында пайда болот. Ошондой эле кан тамырдын тарышынан, карыгандаартерия кан тамырынын капталы катууланып, калыңданышы, гипертонияооруларында байкалат. Өз денесин тааныбай калуу А-сында оорулуу өз денесининайрым мүчөсүн тааныбай, кээде туура эмес баамдайт, оң жана сол жагын ажыратаалбайт. Айрым учурда бир нече буту же колу бардай сезет. Кээде кесип салганколу же буту бардай, катуу ооруп жаткандай сезим пайда болот. Оорубашталганда эле алдын ала врачка кайрылуу керек.

 

Шизофрения

 

 

Шизофрения менен ооруган адамдын эмоциясынын көрүнүшү

 

 

Шизофрения (б.-грек. σχίζω — Жаруу φρήν — Акыл-эс), мурда лат. Dementia praecox («мөөнөтүнөн алдын начарлоо») деп аталган — адатта өнөкөткө өтүүчү психикалык оору.

 

Оорунун пайда болуу себеби белгисиз, кээде тукум куугучтугу байкалат. Шизофрениянын формасына жараша психикалык түрдүү (жөөлүмө, галлюцинация, делбеленме, жалдырама жана башкалар) дартка чалдыгуу байкалат. Анын алгачкы белгилерин дароо ажыратуу кыйын, анткени ал башка психикалык ооруларга окшош. Бирок барган сайын психика туруктуу өзгөрүүгө дуушар болот, башкача айтканда адамдын кулк-мүнөзү өзгөрөт. Бул Шизофрениянын мүнөздүү белгиси. Анын үстүнө оорунун белгилери анын формасына, жаңы башталышы же өтүшүп кетишине, оорунун дайыма же мезгил-мезгили менен кармашына жараша болот. Оору алгач кармай баштаганда адам түнт болуп, сүйлөөгө көңүлү чаппай камыгат, окууга, иштөөгө, жакындарынын, досторунун жашоосуна, саламаттыгына, иштерине кайдыгер мамиле кылат. Оорулуу мурда өзү кызыкпаган нерсеге же билимге (математика, дин, философия, коллекция жыйноого) берилип кетүүсү менен айланасындагыларды таң калтырат. Мурда кызыккан нерселерге эми алар кайдыгер карашат же тескерисинче, болор-болбос нерсеге алектенишет. Айрымдары өзүнүн тышкы кебетесине көңүл бурбай, жүдөө жүрөт, кээси элирип, шашма болушат, тунжурап ойго батышат, бирок оюн эч ким менен бөлүшпөй, өзүнчө күйпөлөктөп бир иш бүтүрүп жаткансып жүрүшөт. Көп учурда алар берилген суроого узак, чаржайыт жооп берип, ыгы жок акылдуусунуп сүйлөйт. Мындай өзгөрүү айрым оорулууларда тез, айрымдарында акырындап пайда болот. Оорунун көрүнүшү ар түрдүүчө болгондуктан III. диагнозун дарыгер-психиатр гана коё алат. Оорулууну туура жана ийгиликтүү дарылоо, ага эмгектенүүнүн жана эс алуунун туура режимин түзүп берүү үчүн диагнозду өз учурунда коюу зарыл. Оорунун себеби белгисиз болгондугуна карабастан, аны дарылоого болот. Азыркы учурдагы психиатрия Шизофрениянын бардык формаларында таасир берүүчү дарылоо методдоруна (дары каражаттары, психотерапия, эмгек менен дарылоо) ээ. Бул оорулуулардын оорусу кармабаган учурда эмгекке жөндөмдүүлүгү сакталат, үйдө жашап психиатрдын байкоосунда болушат. Оорулуунун абалын, аны амбулаториялык дарылоо же ооруканага жаткыруу зарылдыгын, ооруканада болуу мөөнөтүн дарыгер гана аныктай алат. Өз алдынча дарылануу көп учурда ооруну күчөтөт. Дарылануудан баш тартканда оору күчөп, оорулуунун өзү жана анын жакындары үчүн коркунуч келтириши мүмкүн.

Оорулуу адис дарыгердин көзөмөлүндө болууга тийиш жана анын бүт көрсөтмөлөрүн сактоосу зарыл.

Оорунун белгилери

"Окумуштуулар шизофрениянын белгилерин позитивдүү жана негативдүү деп бөлүшөт."
1) Негативдүү белгилери

а) Максатка умтулуунун жоктугу

· Эрки жок, эч нерсе жасабайт, жасаса да аягына чыгарбайт.

· Өзүнө кам көрбөй, жүдөө жүрөт.

· Бүтүргөн иши жок эле күйпөлөктөй берет.

· Түнт тартат. Эч кимди көргүсү, сүйлөшкүсү келбейт.

· Жакындарынын иши, ден соолугу кызыктырбайт.

· Тунжурап ойго батып, бир жерди узакка тиктеп катып калат.

· Суроого чаржайыт жооп берет, кээде өтө акылдуусунат.

· Бара-бара сөз байлыгы азаят.

б) Эмоциянын жоктугу

· Кубанычты, кайгыны сезбей калат.

· Ыйлоо, күлүү сыяктуу эмоциялар жоголот.

2)Позитивдүү белгилери

а) Галлюцинация

· Бир нерселер көзүнө көрүнүп, кулагына угулат.

Жөөлүйт.

· Элирип, бир нерселер кууп келе жатат деп качат.

б) Чектен тыш идеялар

· Башына акылга сыйбаган ой, идеялар келет.

· Аларды бирөөлөр айтып же уурдап жатканына ишенет.

· Баш аламан ойлонот жана сүйлөйт.

Статистикасы

Кыргызстанда

· Кыргызстанда 2014-жылы шизофрения менен 10 185 адам, 2015-жылы 10 320 адам катталган. Майыптыкка чыккандардын саны 5463тү түзөт.

· Ички миграциянын айынан бул дартка кабылгандар Чүй облусунда көбүрөөк кездешет.

ЖУМУШСУЗДУК, СТРЕСС, ЖАКЫРЧЫЛЫК ШИЗОФРЕНИЯГА АЛЫП КЕЛҮҮДӨ

СТАТИСТИКА

· Кыргызстанда 2014-жылы шизофрения менен 10 185 адам, 2015-жылы 10 320 адам катталган. Майыптыкка чыккандардын саны 5463тү түзөт.

· Ички миграциянын айынан бул дартка кабылгандар Чүй облусунда көбүрөөк кездешүүдө.

Медицина шизофрения деп атаган ооруну элибиз «жин оорусу» дейт. Андайлардын көзүнө бир нерселер көрүнүп, өзү менен өзү сүйлөшүп калат эмеспи. Андыктан бул оору өз ичине дагы кандай сырларды камтый турганы, эмнеден келип чыгарына кызыгып Психикалык ден соолук борборунун директорунун орун басары Кубанычбек Эрмагалиевдин кабинетин аттадык.

– Алгачкы суроо, шизофрения дарты эмнеден келип чыгат?
– Муну «өнөкөт жин оорусу» десек туура. Жан дүйнөнүн тең салмактан чыгып, руханий дүйнөгө жик кетүүсү, башкача айтканда, психикалык оору. Көбүнчө аялдар жабыркайт. Тукум кууган жана кийин пайда болгон түрлөрү бар. Тукум кууган түрүндө бала аталган оору менен туулат, кээ биринде оорусу кичинесинде козголсо, айрымдарда кийин козголот. Мисалы, бир жигиттин дарты 1-курста окуп жүргөндө козголгон. Аны «колумда бактериялар толуп кетти, жуубасам ичиме кирип, өлүп калам» деп колун ар бир 15-20 мүнөт сайын жууп калганда алып келишкен.
Кийин пайда болгон түрүнө үй-бүлөдөгү тыйылгыс уруш-талаш, жумушсуздук, үй-жайдын жоктугунан азап тартуу, төрөттөн кийинки жана жакын адамынын кайтыш болушунан депрессияга түшүү, жумушта дайыма стресс болуу, жоопсуз сүйүү сыяктуулар себепчи болууда. Айрым учурда баштан жаракат алуу да дартка жеткирет. Өткөөл курактагы балдар аталган ооруга көбүрөөк кездешет жана суицидге чейин барышат.

– Оору кайсы сезондо көбүрөөк кармайт?
– Жазында жана күзүндө, бирок эмнеден экенин окумуштуулар да так айта алышпайт. Сыягы жаздагы күндүн нурларынын көбөйүп, гормондорго таасир этиши, аба ырайынын алмашышы, кеч күздө тескерисинче, күн нурунун азайышы себепчи болот.

– «Жиндеп кетти» деп алып келгендердин баарын кабыл ала бересиздерби?
– Бизде 3 врачтан турган комиссия бар. Алып келинген адамды үчөө 3 күн текшерип, атайын тесттен өткөрүшөт. Окулист, невропатолог да текшерет. Анан барып диагноз коюшат. Өзүнө жооп бере ала тургандардын өзүнөн дарыланууга макулдугун алабыз. Оорусу катуу кармаганды алып келишсе, бирок бейтап дарыланууга макулдугун бербесе, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна «өзүнө-өзү жооп бере албайт» деп кат жазабыз. Алар дарылатуу тууралуу чечим чыгарып берет, анан дарылай баштайбыз.
Биздин борбордо акыйкатчынын кабинети бар. Ал 3 эксперти менен бизге түшкөн ар бир бейтапка жолугуп, сурап турат. Андыктан келгендерди зордоп дарылатуу деген жок.

– Элирип, эч кимге баш бербей калгандарды кинодогудай кылып таңып коёсуздарбы?
– Ооба, мыйзам боюнча 2 саатка атайын жумшак жиптер менен таңып коюуга акыбыз бар. Бирок атайын дарыны сайсак, 30 мүнөттө жоошуп калат да, жипти чечип коёбуз. Оорусу курчуп, өзүнө жооп бере албаган кезде сөзсүз ооруканада дарылатуу зарыл. Болбосо чөйрөсүндөгүлөргө коркунуч туулат. Чаап, тиштөө биякта калсын, бирөөнү же өзүн өлтүрүп коюшу ыктымал.

– Дарылап-айыктыруу жолдорун айтсаңыз?
– Нейролептик (психикага таасир этүүчү) дары-дармектер менен 45 күн дарылап чыгарабыз. Абалы жакшырбагандар амбулатордук дарыланууга өтөт. Таза айыктыруу күмөн. Өмүр бою дары ичип, психиатрлардын каттоосунда болушат. Дарыланып чыккан соң кээ бирөөлөрдүн оорусу бат-баттан кармаса, айрымдардыкы 6 айда же 1-5 жылда бир кармайт. Оорулар дартына жараша 3 топко майыптыкка чыгарылат. Алардан III топтогулар гана сугатчы, сантехник болуп иштей берсе болот.
Оору күчөп кеткенде адам кем акыл болуп, өзүн-өзү тейлей албай калат. Аны бирөө ичирип-жегизип, алдын тазалап турат. Аларды караган санитаркалардын айлыгы 4400 сом.

– Туугандары оорулуу жакынынан баш тарткан учурлар көп болсо керек?
– Ооба, бар. Оорусу өтүшүп кеткендерди Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага, оорусу жеңилдерди карылар үйүнө которобуз. Өмүрү өткүчө ошол жерде болушат.

– Врачтарга кол салышы мүмкүнбү?
– Кээде болот. Чаап, уруп жиберет. Мурун врач, санитарлардын колу-бутун сындырган, Чым-Коргондогу жиндиканада бир врачты бычак менен сайып өлтүрүп койгон учур катталган.

– Мындай оорукчандар менен иштөөдөн сиздердин кызматкерлердин психикасына доо кетпейби?
– Психикасына кээде үстүртөн, жеңил таасир этиши мүмкүн. Андайда эмгек өргүүгө чыгышат же нервди тынчтандыруучу каражаттарды ичишет. Жеңилдиктерди айтсам, бардык кызматкерлердин айлыгына 25 пайыз кошулат. Эмгек өргүүсүнө 45 күнгө чыгабыз.

«ЖИНДЕР ЫПЛАС ЖҮРГӨНДӨРДҮ, ИЧКИЧТЕРДИ КӨП ЖАНДАЙТ»
«Жин оорусуна кабылгандарды диний билими барлар «ичине жин кирип кетиптир, дем салып, дуба окуп чыгардым» дегендерин угуп келебиз. Муну кандай түшүнсөк болот?» деп «Акыл-эс, ыйман» коомунун жетекчиси, диний эксперт ДҮЙШӨН АБДЫЛДАЕВге кайрылдык.
– Жиндерди Алла Таала оттон жараткан. Мусулманы, каапыры, эркеги, ургаачысы болот. Көбүнчө ыплас, кир, ичкилик ичилип, кумар оюндары ойнолгон жана таштанды төгүлгөн жерлерде, дааратканада жүрүшөт. Оозду ачып эстегенде, быссымылда дебей туруп тамак жегенде, ичкилик ичкенде, ээн талаада оозду ачып уктап калганда жана башка учурларда ичке кирип кетет. Киргендеги белгилери: адам өзүн карабай, эч нерсеге кызыкпай калат, жакындарын жат адамдай кабыл алат. Бурчта өзү менен өзү болот. Кийинчерээк көзүнө ар нерсе көрүнгөнүн айта баштайт жана башка.
Кирип, кан менен кошо айланып жүрөт. Мусулмандары жамандык кылбайт, оору жаратпайт. Каапырлары адамдын оюн ээлеп, кылмышка, сүткорлукка, кумарпоздукка, моралдык жактан бузулууга түртөт. Акырындап оору жарата баштайт. Кээде топ-тобу менен же бирден кирип кетиши мүмкүн. Чыгаруу үчүн Курандагы керектүү сүрөлөрдү окуу керек. Кээ бирлердин ичиндеги жинди 1 күн окуп чыгарсак, айрымдардыкын 3 же 5 күн окуп чыгарабыз.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
Окумуштуулар шизофрениянын белгилерин позитивдүү жана негативдүү деп бөлүшөт.

Негативдүү белгилери

Максатка умтулуунун жоктугу

· Эрки жок, эч нерсе жасабайт, жасаса да аягына чыгарбайт.

· Өзүнө кам көрбөй, жүдөө жүрөт.

· Бүтүргөн иши жок эле күйпөлөктөй берет.

· Түнт тартат. Эч кимди көргүсү, сүйлөшкүсү келбейт.

· Жакындарынын иши, ден соолугу кызыктырбайт.

· Тунжурап ойго батып, бир жерди узакка тиктеп катып калат.

· Суроого чаржайыт жооп берет, кээде өтө акылдуусунат.

· Бара-бара сөз байлыгы азаят.

· Эмоциянын жоктугу

· Кубанычты, кайгыны сезбей калат.

· Ыйлоо, күлүү сыяктуу эмоциялар жоголот.

ПОЗИТИВДҮҮ БЕЛГИЛЕРИ

 

Галлюцинация

· Бир нерселер көзүнө көрүнүп, кулагына угулат.

· Жөөлүйт.

· Элирип, бир нерселер кууп келе жатат деп качат.

Чектен тыш идеялар

· Башына акылга сыйбаган ой, идеялар келет.

· Аларды бирөөлөр айтып же уурдап жатканына ишенет.

· Баш аламан ойлонот жана сүйлөйт.

Сыртынан табышмактуу жана сүрдүү көрүнгөн мына ушул короонун ичиндеги имараттарда психикалык оорулар текшерилет жана дарыланат.

 

Оорусу өтүшүп кеткендер каалгасы сыртынан дайыма бекилип турган жабык бөлүмдөргө жаткызылат.

 

 

Невроз

Коркуу неврозунан кыйналгандарга кантип жардам берсе болот?

«Туруп-туруп эле жүрөгүм лакылдап, муздак тер басып, демим кыстыга баштайт да, өзүнчө эле коркуп, бир нерседен кооптонуп, оюмду топтой албай калам» (Изабелла, 40 жаштарда. Катуу коркунуч менен коштолгон невроздон кыйналып келет).

«КОРКУУ» деген сөзгө «кыжалат болуу же тынчы кетүү» деген да аныктама берсе болот. Мисалы, алдыңардан кабанаак ит чыга калып, коркуп кеткен учуруңар болгон болушу керек. Адатта, ит кетип калгандан кийин, көбүбүз коркпой калабыз. Бирок андан кийин деле корко бере турган болсоңорчу? Андай коркуу сезимин психикалык бузулуу деп эсептесе болобу?

Эгер коркуу сезими өнөкөткө айланып, эч кандай себеби жок эле пайда боло берсе, бул адамдын психикасынын бузулушуна байланыштуу болушу мүмкүн. АКШдагы Психикалык саламаттыкты сактоо боюнча улуттук институттун билдирүүсүнө ылайык, 18 жаштан өйдө курактагы америкалыктардын арасында коркуу сезиминен арыла албай кыйналгандардын саны жыл сайын болжол менен 40 миллионго жетет. Жогоруда сөздөрү келтирилген Изабеллага окшоп, андай оору менен ооругандар катуу азап чегишет.

Андан тышкары, ооруган кишинин өзү эле эмес, үй-бүлөсү да кыйналат. Бирок андай адамдарга жардам берсе болот. Жогоруда айтылып өткөн институт тарабынан чыгарылган бир адабиятта: «Бүгүнкү күндө коркуу сезиминен улам кыйналгандарды дарылоонун жакшы жолдору бар жана жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында андай кишилерге толук кандуу жашоо өткөрүүгө жардам бере турган дарылоонун жаңы ыкмалары табылып, колдонулууда»,— деп жазылган.

Андан тышкары, коркуу сезиминен арыла албай кыйналгандарга үй-бүлөсү, достору да жардам бере алат. Кантип?

Кантип жардам берсе болот?

Жөлөк-таяк болгула. Жалпы коркунуч неврозунан жана травмадан кийинки психикалык бузулуунун айынан кыйналган Моника деген бир аял: «Көптөр менин эмоциялык абалымды түшүнбөйт»,— деп айткан.

Ошондуктан андай оору менен ооругандар башкалар түшүнбөйт деп коркуп, өзүнүн оорусун жашырганга аракет кылышат. Натыйжада өздөрүн күнөөлүү сезип, эмоциялык абалын ого бетер оордотуп алышат. Андыктан үй-бүлөсү менен досторунун андай кишиге жөлөк-таяк болуп, жардам бергени абдан маанилүү.

Оорусу жөнүндө көбүрөөк билгенге аракет кылгыла. Бул кеңешке, өзгөчө, оорулуу кишинин жакындары, үй-бүлөсү, жакын достору олуттуу карашы керек.

Жубатып, соороткула. Биздин замандын биринчи кылымында жашаган Кудайга кызмат кылган Пабыл деген бир киши Грециянын Тесалоника деген шаарындагы досторуна: «Мындан ары да бири-бириңерди кубаттандырып, бекемдей бергиле»,— деп жазган (1 Тесалоникалыктар 5:11). Ооруп жаткан адамды биз жылуу сөзүбүз менен кубаттандырып, соорото алабыз. Андайда сөздөрүбүзгө, аларды кандай тон менен айтканыбызга көңүл бурганыбыз абдан маанилүү. Ошондой эле ага чындап тынчсызданып жатканыбыз көрүнүп турушу керек. Анын жүрөгүн оорутуп, катуу тие турган сөздөрдү кыйытып айтуудан да сак болушубуз керек.

Мисалы, Аюп пайгамбардын үч досун алалы. Алар аны жашыруун кылган иштери үчүн азап чегип, кыйналып жатат деп ырасташкан.

Алардай болбош үчүн, оорудан кыйналып жүргөн жакыныңардын сезимдерине аяр мамиле кылып, анын айткандарын кунт коюп уккула. Жагдайга өзүңөрдүн эмес, анын көз карашы менен карап көрүп, аны түшүнгөнгө аракет кылгыла. Ошондой эле жыйынтык чыгарууга шашпагыла. Өздөрүн Аюп пайгамбардын досубуз деп эсептеген алиги үчөө ошентпегени үчүн, Аюп пайгамбар аларды «азабымды арбыткан сооротуучулар» деген. Себеби алар аны сооротпой эле, кайра абалын оордотушкан.

Оорусу бар киши өзүнүн сезимдерин кысылбай, эркин айтып бере алгыдай болушуңар керек. Ошондо гана анын абалын, канчалык кыйналарын жакшыраак түшүнө аласыңар. Андан да маанилүүсү, ал кишиге дем-күч берип, чөгүп кетпей, жашоодон кубаныч алууга жардам бере аласыңар.

Коркуу неврозунун түрлөрү

Эгер жакындарыңардын же досторуңардын бири коркуу неврозунан кыйналып жүргөн болсо, ал оору жөнүндө көбүрөөк билгениңер абдан маанилүү. Андай психикалык бузулуунун беш түрүн карап көрөлү.

Катуу коркунуч менен коштолгон невроз. Ушул макаланын башында айтылган Изабелланы эстесеңер. Ал, катуу коркунуч менен коштолгон невроз ага «чабуул» койгон учурларда эле эмес, андай «чабуулдардын» ортосунда да кыйналарын айткан. Ал: «Оорум кармабаган учурда деле эмкиси качан башталат деп дайыма коркуп жүрөм»,— дейт. Ошондуктан невроздун ушул түрү менен ооругандар көбүнчө оорусу кармаган жерлерден да качып калышат. Айрымдар атүгүл ошонун айынан үйүнө камалып, эч жакка чыкпай калышат же андай жерлерге ишенген бирөө коштоп жүргөндө гана бара алышат. Изабелла муну мындай деп түшүндүрөт: «Жалгыз калдым дегиче эле, оорум кармайт. Апам жанымда болгондо гана коркпойм. Ал жок жүрө албайм».

Жадатма невроз. Мындай оору менен ооруган адамга, мисалы, «микроб жугузуп алдым же кир болуп калдым» деген ой илээшип алат да, андай адам утур-утур эле колун жууй бергенге мажбур болот. Ушундай невроздун дагы бир түрү менен ооруган Рейнан деген бир киши: «Мен кетирген ката-кемчиликтеримди эстеп, аларды тигиндейинен да, мындайынан да кайта-кайта талдай берем»,— дейт. Жадатма невроздон кыйналгандар адатта өзүнүн каталары жөнүндө башкаларга айта беришет. Рейнан да ошенте бергендиктен башкалардын аны кайра-кайра жубатып, жылуу-жумшак сөздөрдү айтып, көңүлүн тынчытып турушуна муктаж. Андан тышкары, ага доктурларга барып, дарыланып турганы да жардам берет*.

Травмадан кийин өрчүгөн невроз. Акыркы учурларда мындай диагнозду кандайдыр бир катуу жаракат алган же ошондой коркунучту туудурган жагдайга туш болгон адамдын психикасынын бузулганын көрсөткөн белгилерди сүрөттөгөндө колдонушууда. Невроздун ушул түрүнөн кыйналгандар көп чочушу, тез эле кыжырданышы, эч нерсеге көңүлү жок болуп калышы, мурун кызыккан нерселерине таптакыр кызыкпай калышы, ошондой эле жакындарына кайдыгер карап калышы ыктымал. Айрымдары болсо ачуулуу болуп, атүгүл башкаларга кол көтөрүшү мүмкүн. Андан сырткары, алар алган травмасын эсине сала турган жагдайлардан качканга аракет кылышат.

Көпчүлүктөн коркуу (Социофобия). Мындай диагноз күндөлүк турмуштагы кадимки эле жагдайларда элдин арасында жүрө албаган, өтө эле уяң адамдарга коюлат. Алардын айрымдары башкалардын караганынан, көңүл бурганынан же сындаганынан абдан коркушат. Эл көп жерге бара турган болсо бир нече күн же жума мурун эле ошону ойлоп, тынчсыздана башташат. Ушунчалык катуу корккондуктан аларга жумушка же мектепке баруу же ушу сыяктуу кадимки эле күндөлүк иштерди кылуу абдан кыйынга турат. Ошондой эле аларга бирөөлөр менен достошуп, дос күтүү да оңойго турбайт.

Жалпы коркунуч неврозу. Буга чейин айтылган Моника невроздун ушул түрү менен ооруйт. Ал эртеден кечке кымындай эле бир нерсеге же атүгүл эч кандай себепсиз эле катуу тынчсыздана берет. Мындай невроз менен ооругандар көбүнчө кандайдыр бир кырсыкты күтүп корко беришет, ошондой эле ден соолугун, акча маселесин, үй-бүлөсүндөгү же жумушундагы кыйынчылыктарын ойлоп, өтө эле тынчсыздана беришет. Жаңы күн башталды деген ойдун өзү эле андай адамдардын коркуп-кооптонушуна себеп боло берет*.

Бул макала АКШдагы Коомдук саламаттыкты сактоо департаментиндеги Психикалык саламаттыкты сактоо боюнча улуттук институт тарабынан чыгарылган адабиятка негизделди.

9. Невроз оорусунан үй шартында арылуу

Неврозду үй шартында жеңүүчү үчүн сактала турган эрежелер:

1- Күндүн режимин сактаңыз

2- Витаминдерди кабыл алыңыз

3- Дене-тарбия көнүгүүлөрү менен алектениңиз

4- Дем алуу органдары менен көнүгүү жасаңыз

5- Суу менен дарылануу

Невроз оорусунан үй шартында арылууга болот. Болгону ага ылайыктуу жана натыйжалуу ыкмаларды колдоно билүү маанилүү.

Күндүн режимин сактоо

Жашоону сиз эмес, сизди жашоо жашаган учурда невроз оорусу пайда болот. Анткени сиз эч нерсени пландап иштей албайсыз. Ашыкча иштеп, эс албай, аз уктап, талапка ылайык тамактанбайсыз. Мунун айынан неврозго чалдыгасыз. Андыктан күндүн режимин туура сактай билиңиз. Ал үчүн сапаттуу уктаңыз. 7 сааттан кем эмес уктоо керек. Убакыт сааты келгенде тамактануу зарыл.

Витаминдер

Неврозду дарылоодо витаминдердин орду дагы чоң. Сапаттуу, жаңы пайдалуу азыктар менен тамактанып, В группасындагы жана С витаминдерди кабыл алуу талапка ылайык. Бул витаминдер чарчап- чаалыгууну, алсыздыкты, тынчсызданууну, уйкусуздукту жеңет. Азыктардан жашылча, жер-жемиштердин бардык түрлөрү, жаңгактар жана бал пайдалуу.

Дене-тарбия көнүгүүлөрү

Невроздо денебиз физикалык тырышууга кабылат. Булчуңдар да тырышып калат. Андыктан дене- тарбия көнүгүүлөрү менен тынымсыз алектенип туруу маанилүү.

Дем алуу органдары менен көнүгүү жасоо

Дене менен дем бири- бири менен тыгыз байланышта. Дал ушундай абалда озүн тең салмактуу алып жүргөн адамдар сүкүт жасоо менен алектенишет. Денени калыпка салып тынчтандыруу менен нерв торчолорун чыңалуудан бошотосуз.

Суу менен дарылануу

Суу көптөгөн ооруларга даба. Ал азыркы күнгө чейин толугу менен окумуштуулар тарабынан изилденип бүтө элек. Андыктан ар дайым жылуу суу менен ваннаны толтуруп, ага ромашка, роза чөп- жалбырактардан кошуп колдонуп жүрсөңүз неврозду дарылаган болосуз.

Дарылоочу чай

Өзүңүзгө жаккан чөптөрдөн чай демдеп, ага бал кошуп ичсеңиз да невроздон дарыланасыз

 

Корутунду:

 

Нерв системасы — эң эле ар түрдүү милдеттерди аткаруучу татаал системалардын тобунан турган организмди башкарып, аны тартипке салуучу татаал түзүлүштөгү система. Нерв системасынын эң негизги милдеттеринин бири — организм менен сырткы чөйрөнү тыгыз байланыштыруу. Ал түрдүү сезүү органдарынын жардамы менен териде, ички органдарда, булчуңдарда жайгашкан сезгич нерв талчалары аркылуу организмдин ички жана сырткы чөйрөсүнөн тынымсыз кабарларды алып, дүүлүктүргүчтөргө жараша ага жооп кайтарат. Нерв системасы организмдин бардык системаларын бириктирип тартипке салып турат.

Бөлүнүшү

Нерв системасы

· борбордук нерв системасы (мээ, жулүн) жана

· четки нерв системасы (нервдер, нерв түйүндөрү, нерв чатыштары, нерв талчалары) болуп экиге бөлүнөт.

Булардын баары негизинен нерв тканынан турат да, алар үчүн мүнөздүү болгон козголгучтук (дүүлүгүчтүк) жана өткөргүчтүк милдетин аткарат.


Дата добавления: 2019-02-12; просмотров: 964; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:






Мы поможем в написании ваших работ!