The palate closes the nasal passages. 2. Diaphragm closes.



Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлиги      Ош гуманитардык педагогикалык институту         Табият таануу жана география факултети               Биология жана химия кафедрасы             

Курстук иш

Предмети: Кишинин жана жаныбарлардын физиологиясы

Тема: Организмдеги тамак сиңирүү системасынын            физиологиясы

Аткарган: Холмирзаева Мархабо

Текшерген: Сагынбаева Гүлзада Авазбековна

Адистиги:Биология

Тайпасы: Б-13К-2

Ош-2016

Мазмуну

ǀ бап Тамак сиңирүү процессинин физиологиялык иш аракеттери.

1. Киришүү............................................................................................3

2.Ооз көңдөйү................................................................................................5

3. Шилекей бездери....................................................................................................7

4. Тилдин тамак сиңирүүдөгү ролу...................................................................................................8

5. Кызыл өңгөч.............................................................................................................................10

6. Ашказан......................................................................................12

7. Ичегилер....................................................................................20

8. Ичке ичеги....................................................................................................21

9. Жоон ичегидеги бактериялар....................................................................23

ǀǀ бап Тамак сиңирүү системасынын паталогиялык оорулары.

10. Гастрит.............................................................................24

11. Ашказан рак оорусу.............................................................................................26

12. Ичеги инфекциялары..............................................................................29

13. Корутунду................................................................................................32

14. Колдонулган адабияттар........................................................................39

 

ǀ бап Тамак сиңирүү процессинин физиологиялык иш аракеттери.

1. Киришүү.

Денедеги майдалагыч механизм: тамак сиңирүү системасы

1. Tongue
2. Mouth
3. Tooth
4. Saliva Gland
5. Pharynx
6. Esophagus
7 . Liver
8. Bile Duct9. Pancreas
10. Duodenum
11. Appendix
12. Stomach
13. Small Intestine
14. Large Intestine
15. Anus

Денебиздеги жашоо процесстерибиз уланышы, б.а. органдарыбыз иштеп, клеткаларыбыз жаңыланышы үчүн керектүү болгон негизги заттарды ар кандай тамак-аш жана суусундуктардан алабыз. Бирок жеген ар бир тамагыбыздын, мисалы эттин, нандын, жашылча-жемиш же мөмөлөрдүн андай негизги заттарга бөлүнүшү жана денеде колдонууга боло турган абалга келиши үчүн түп-тамырынан өзгөрүшү, б.а. сиңирилиши зарыл.

Жаңы төрөлгөн 2-3 килограммдык бир наристенин 20-25 жылдан кийин 1,80 метр бойдогу, 75-80 кг салмактагы бир адамга айланышына азыктардын сиңирилиши шарт түзөт. Ортодогу мындай укмуш салмак айырмачылыгынын себеби – баланын жеп-ичкен азыктарынын ичиндеги заттардын акырындап денесине кошулушу. Ал азыктардын бир бөлүгү жашоого керектүү энергияны камсыз кылат, бир бөлүгү болсо денеге кошулуп, адамдын этине, сөөгүнө айланат. Ишке жараксыз бөлүктөр болсо денеден сыртка чыгарылат.

Тамак сиңирүү системасы жер жүзүнүн эң алдыңкы кайра иштетүү системасын камтыйт. Ал кайра иштетүү заводдорунун ичинде заттар алгач чийки заттарга бөлүнөт, андан соң ал чийки заттар пайдалануу үчүн дененин керектүү аймактарына жөнөтүлөт. Майдаланган заттар бир-биринен өтө айырмаланат жана пайда болгон жаңы заттар да бир-биринен өтө айырмалуу болот.

Тамак сиңирүү системасынын иштешин бир мунайзат иштетүүчү заводдун ишине салыштырууга болот. Бир мунайзат иштетүүчү заводдо чийки зат катары заводго кирген мунайзат ар кандай процесстерден өтүп, бир канча баскычта майдаланып, ал ортодо бир канча түрдүү продукттар алынат. Заводдогу комплекстүү процесстер натыйжасында машинаңызга энергия берчү бензинден тышкары, үстүндө басып жүргөн асфальттын чийки заты, колдонгон пластикалык (пластмасса) продуктарыңыз да өндүрүлөт. Ошол сыяктуу тамак сиңирүү натыйжасында да өтө көп түрдүү заттар келип чыгат. Бирок тамак сиңирүү системасындагы процесстер бир мунайзат иштетүүчү заводдогу процесстерден алда канча комплекстүү жана бир топ жогору бир иштөө системасы аркылуу жүрөт. Болгондо да, ал процесстер акыркы технологиялар менен жабдылган бир заводдо эмес, сиздин денеңиздин ичинде болот. Эрте мененки тамакта жеген азыктарыңыз сиз күнүмдүк иштер менен алектенип жатканда, окуу жайда сабакта отурганыңызда же жолдо баратканыңызда, сизге эч сездирбей ошол кереметтүү кайра иштетүүчү заводдун ичинде миңдеген түрдүү химиялык процесстерден өткөрүлөт.

Ал химиялык процесстер жасалышы үчүн узун бир канал талап кылынат. Каналдын ар бир чекитинде болсо канал ичиндеги заттарды өзгөртө турган атайын кайра иштетүүчү системалар жайгашышы керек. Ал каналдын узундугу эң аз 8-10 метр болушу шарт.

Бирок адамдын денесинин узундугу орточо 1,70-1,80 метр. Демек 10 метрдик бир канал системасын андан болжол менен беш эсе кыска бир дененин ичине батыруу керек. Бул да албетте өзгөчө бир индустриалдык долбоорду талап кылат. Адам денеси ошондой долбоор менен жаратылган. Ал канал (ооз, кызыл өңгөч, ашказан, ичке ичеги жана жоон ичеги) адам денесинин ичине атайын бир план менен орнотулган. Ал пландын негизинде 10 метрдик тамак сиңирүү системасы узундугу 1,70 метр дененин ичине тыкандык менен жайгаштырылган.

Жеп-ичилген ар бир азык денеңизге кирген соң тамак сиңирүү каналы ичинде болжол менен 10 метрлик бир сапарга чыгат. Ал сапар учурунда азыктар бир катар механикалык жана химиялык процесстерден өтөт. Тамак-аштар беш бөлүктөн турган, узундугу 10 метр болгон каналдан кезеги менен өтүп баратканда, бир тараптан чайноо, майдалоо жана аралаштыруу сыяктуу механикалык кыймыл-аракеттер менен, экинчи тараптан болсо ар кандай секреция бездери ал каналга чыгарган суюктуктардын химиялык таасирлери аркылуу сиңирилет.

2. Ооз көңдөйү.

Тамак сиңирүү ооздо башталып ашказан менен ичке ичегиде уланат. Азыктардагы пайдалуу заттардын кан тамырлары аркылуу соруп алынып, кан айланууга аралашышы болсо ичке ичегилерде жүрөт. Жоон ичеги болсо сиңирилбеген пайдасыз заттардагы суу сиңирилип калган калдык денеден сыртка чыгарылчу жер.

«Заводдун» босогосу

     1. Filiform protrusions
2. Round protrusions
3. Taste bud
4. Support cells
5. Taste

Тамакты оозуңузга салаарыңыз менен тамак сиңирүү системасы ишке киришет. Оозго салынган тамак тиштер менен майдаланып, чайналат.

Тиштер бул иш үчүн атайын пландалган. Белгилүү болгон эң катуу органикалык зат болгон тиш мийнасы (эмаль) менен капталган жана ошол эле учурда химиялык заттарга карата да өтө бекем.

Ар бир тиш өз кызматына ылайык формада. Мисалы, алдыңкы тиштер курч, тамакты кесет. Ит тиштер (клык) учтуу болот, азыкты айрып, майдалайт. Азуу тиштери болсо азыкты чайнай турган кылып пландалган. Эгер тиштерибиздин баары бирдей түрдө болгондо, мисалы, 32 ит тиштүү же 32 кескич тиштүү болгонубузда, дээрлик тамак жей албай калмакпыз.

Тиштердеги долбоордун дагы бир мисалын тиштердин тизилишинен көрөбүз. Ар бир тиш өз ордунда. Кескич тиштер талап кылынгандай алдыңкы тарапта, азуулар да өз ордунда, арт жакта. Алардын ордун алмаштырып коюу да тиштерди бүтүндөй ишке жараксыз кылып койо алат.

Бир-биринен көз-карандысыз болгон үстүңкү жана астыңкы тиштер арасында да кемчиликсиз бир шайкештик бар. Эки тараптагы тиштер тең жаак сөөгү жабылганда бир-бирине толук төп келе тургандай пландалган. Мисалы, бир эле азуу тишиңиз башка тиштерден узунураак болгондо же үстүндө ашыкча бир кыры болгондо, оозуңузду жаба албай калмаксыз. Жана сүйлөө жана тамак жеш сыяктуу өтө жөнөкөй муктаждыктарыңызды да канааттандыра албай калмаксыз.

Жаңы төрөлгөн наристелердин ооздорунда болсо тиш жок. Башында бирден бир азыгы эне сүтү болгондуктан, аларга тиш керек эмес болот. Бирок кийинчерээк катуу тамак-аштар менен тамактануу убагы келгенде наристелердин ооздорундагы жумшак мүлктүн ичинде кээ бир өзгөрүүлөр болот. Ал жердеги кээ бир клеткалар бир сигнал алгансып бир кезде кальций жыйнап башташат. Андан соң ал миллиондогон клетка чогулуп белгилүү тартипте, эмне кылуу керек экенин билгендей үстү-үстүнө жана жанаша тизилишет. Өтө көп кальций топтогон клеткалар белгилүү убактан соң өлүшөт. Мына ошол өлүү клеткалар тиштердин тулку-боюн түзөт.

Миллиондогон клетка алгач кальций топтоп, анан катарга тизилип чоң бир блок түзөт. Ал жыйындынын (блоктун) формасын да кайра эле аны курган клеткалар аныкташат. Бул жерде да улуу бир жаратуу кереметин көрөбүз. Мисалы, астыңкы мүлктөгү клеткалар алардан алыста жайгашкан үстүңкү мүлктөгү клеткалардын кандай форма курганын өтө жакшы билишет. Эки клетка тобу тең жасаган ири блогун ага туура келе турган блокко эң шайкеш келе турган кылып жасашат. Натыйжада жаак сөөгү жабылганда үстүңкү жаактагы бир азуу тиш астыңкы жаактагы бир азуу тишке толук шайкеш келип, отурат. Ал форманын шайкеш келбей калышы адамга тынчсыздануу алып келет. Бирок мүлктөгү клеткалардын кереметтүү акылы натыйжасында 32 кальций блогу бир-бирине эң төп келе тургандай жасалат.

Тиштердин бекем түзүлүшү, тизилиши, формалары менен функцияларынын шайкештиги сыяктуу жагдайлар тиштердин пландалып жаратылганын апачык көрсөтүүдө. Клеткалардын акылдуу иш-аракеттеринин болсо бир гана себеби бар. Денедеги бүт клеткаларга да, тиштерди түзгөн клеткаларга да алардагы өзгөчөлүктөрдү улуу кудуреттүү Аллах берген.

3. Шилекей бездери (Өзгөчө тамак сиңирүү суюктугу).

1. Parathyroid gland
2. Sublingual gland
3. Mouth muscles

Азыктар бир тараптан тиштер тарабынан чайналып жатып, экинчи тараптан химиялык бир чабуулга дуушар болушат. Ал чабуулду болсо шилекей суюктугу жасайт.

Күнүмдүк жашоодо эч ким оозундагы бул суюктукту байкабайт; чыгып же чыкпай жатканын, көп же аздыгын, кыскасы бул жөнүндө көбүнчө эч нерсе ойлонбойт. Жөнөкөй бир суюктуктай кабыл алынган шилекей – негизи өтө так үлүштө ар кандай химиялык заттарды камтыган, атайын бир аралашма.

Ал суюктук эң башта азыктардын даамын сезишибизге шарт түзөт. Азыктардын ичиндеги даам берчү молекулалар шилекейдин ичинде ээрип, тилдин бетиндеги даам кабылдоочу нерв учтарына биригет. Ошондо гана жеген тамактарыбыздын даамын сезе алабыз. Кургак бир ооз менен жеген тамактардын даамынын сезилбеши да ушул себептен.

Ооздо бир-биринен айырмалуу өзгөчөлүктөгү эки түрдүү шилекей чыгарылат. Алардын бири углеводдорду өтө майда кылып майдалап, белгилүү деңгээлде кантка айландырат. Мисалы, нан бир углевод. Эгер оозуңузга бир кесим нан салып, бир канча мүнөт жутпай күтүп турсаңыз, майдаланган углеводдун кант даамын тилиңизде сезесиз. Экинчи шилекей болсо өтө тыгыз бир консистенцияга ээ. Ал жабышчаак суюктук аркылуу тамак жеп жатканда ооздун бүт тарабына жайылган тамак-аштар чогултулуп, бир топко айланат.

Шилекей болбосо эмне болмок? Албетте, оозубуз кургак болгону үчүн жегендерибизди жута да алмак эмеспиз, азыктардын даамын да сезе алмак эмеспиз жана жакшыраак сүйлөй да алмак эмеспиз. Катуу эч нерсе жей албай, суюк азыктар менен гана азыктанууга мажбур болмокпуз. Бул болсо адамга өтө оор болмок.

Үч башка секреция безинен чыгарылган шилекей бир тараптан тамак-аштарды суулап жутууну жеңилдетсе, экинчи тараптан, курамындагы химиялык зат аркылуу тамак-аштардын ичиндеги пайдалуу бөлүктөрдүн ээришине шарт түзөт.

Оозубуз бир химия лабораториясындай иштеп, жеген азыктарыбыздагы крахмалды майдалайт. Шилекейдеги птиалин аттуу фермент – бул иш үчүн атайын чыгарылган бир химикат. Птиалин крахмалды бөлүштүрүп, кантка айландырат.

Ооздогу тамак сиңирүү жалаң эле химиялык эмес. Ошол эле учурда тиштер механикалык тамак сиңирүү жасашат. Бул эки сиңирүү түрү бир-бирин толукташат.

4. Тилдин тамак сиңирүүдөгү ролу.

Механикалык майдалоодо тилдин да чоң ролу бар. Өтө сезгич бир даам өлчөө касиетине ээ болгон тил ошол эле учурда азыктардын ооздо тоголонуп тамактан өтүшүнө да көмөк көрсөтөт. 1. Epiglottis
2. Rear Sulcus
3. Foramen Coecum
4. Mid-Line Sulcus
5. Peak
6. Palatine Tonsil
7. Lingual Palate Curve

8. Vallate Papillae
9. Foliate Papillae
10. Fungiform Papillae
11. Filiform Papillae
12. Bitter
13. Sour
14. Salty

Тилдин үстүңкү бетинде жана капталдарында төрт түрдүү даамды; ачууну, таттууну, туздууну жана кычкылды сезе турган 10000ге жакын даам чекити бар. Ал даам бүчүрчөлөрү күн сайын жеген ондогон түрдүү азыктын даамын эч адаштырбай сезишибизге шарт түзөт. Тил мурда биз эч билбеген бир тамактын даамын да оңой эле ажырата алат. Ошондуктан эч качан бир дарбыздын даамы грейпфруттай кычкыл сезилбейт же бир тортту туздуу дебейбиз. Болгондо да даам бүчүрчөлөрү миллиарддаган адамда бир азыкты бирдей даам катары сезет. Бүт адамдар үчүн таттуу, туздуу, кычкыл сыяктуу түшүнүктөр бирдей. Кээ бир илимпоздор тилдин мындай жөндөмүн «кереметтүү химия технологиясы» деп аташат.

Тилдин бетинде азыраак даам чекити болгондо кандай болмок?

Анда жеген тамактарыбыздын эч биринин даамын сезе алмак эмеспиз. Таттуунун да, шишкебектин да, нандын да, башка бир тамактын да даамын биле алмак эмеспиз. Эмне жесек дагы баары даамсыз сезилмек. Тамак жеш ырахаттуу бир жакшылык болбой калмак жана биз үчүн күн сайын кылууга мажбур болгон бир азапка айланмак. Бирок андай болбойт жана тилдеги атайын даам бүчүрчөлөрү натыйжасында жеген бүт тамак-аш, азыктардын даамдарын айырмалай алабыз. Ошентип ырахаттануу менен тамак жейбиз.

5. Кызыл ө ңгөч .

1. Spherical muscle
2. Extensor muscle
3. Surrounding muscle
4. Relaxed muscle

 

Тамак сиңирүүнүн экинчи этабында азыктар кызыл өңгөчтөн өтүп чыныгы сиңирүү баштала турган ашказанга барышат. Кызыл өңгөчтө кандайдыр бир тамак сиңирүү процесси жүрбөйт. Биз жуткан соң моюндун артындагы түз булчуңдардын азыкты кызыл өңгөчкө түртүшү менен бирге бир жолоочулук башталат. Азыктар кызыл өңгөчтүн ритмикалык жыйрылышы менен төмөн көздөй кыймылдайт. Перистальтика деп аталган мындай ритмикалык булчуң жыйрылуулары ушунчалык күчтүү болгондуктан, сиз жатканда да азыктардын төмөн көздөй түртүлүшүн камсыз кылат.29 Азыктардын 25 см узундуктагы кызыл өңгөчтөн өтүшү болгону 12 секундага созулат.

Адам оозун тамак жеш үчүн да, дем алуу үчүн да колдоно алат. Себеби тамак-аштар түртүлгөн кызыл өңгөчтүн жанында аба өпкөлөргө кирчү дем алуу каналы бар. Бирок бул жерде өтө маанилүү бир жагдай бар. Эгер чайналган азык тамак каналына эмес, дем алуу каналына кирип кетсе, бул өлүмгө алып келет. Адам күн сайын жүздөгөн жолу жутунат. Кандайдыр бир учурда жаңылыштык менен дем алуу каналына кирип кеткен бир азык адамдын өлүмүнө себеп болот. Бирок дем алуу каналынын дайыма жабык турушу маселени чечпейт. Эң акылман чечүү жолу – бул дем алуу каналынын ачылып-жабыла турган бир эшигинин болушу.

1. Muscles in relaxed state
2. Esophagus
3. Muscles in relaxed state
4. Food particle
5. Closed diaphragm
6. Open diaphragm
7. Stomach

 

Жогоруда да айтылгандай, адам денесиндеги долбоор кемчиликсиз, жана дем алуу каналында да эч кемчиликсиз жана эң коопсуз система бар. Дем алуу каналынын алдында жайгашкан жана кичинекей бир кыртыштан турган капкак жутунуп жатканда автоматтык түрдө дем алуу каналын жабат. Натыйжада тамак жеп жатканда дем алуу каналына суу же тамак-аш кирип кетпейт. Жутунган соң болсо ал капкак кайра ордуна барып, дем алуу каналынан аба кире баштайт.

Күнүмдүк жашоодо эч ким тамак жеп жатканда мындай коркунучтун аны күтүп турганынан кабары болбойт. Эч ким «жегендерим дем алуу каналыма кетип калса эмне болот, дем алуу каналымда бир капкакча болгондо, тамак жеп жатканда тамагыма кетип калбайт эле» деп ойлонбойт. Же «капкакча иштеп жатабы, мени дем ала албай калуудан коргой алабы?» деп тынчсызданбайт. Көп адамдар муну окуганга чейин тамагындагы капкакчанын маанисинен кабары да болбосо керек. Бирок ал капкакча бар жана дайыма –бир канча секунда мурда сиз жутунуп жатканда да- өмүрүңүздү коргойт.

Капкакчадагы мындай ачык пландын майда-бараттары бар. Мисалы, катардагы бир адамдын капкакчасынын түзүлүшү менен бир наристенин капкакчасынын түзүлүшүнүн бирдей болушу наристеге коркунуч туудурат. Ошондуктан наристелердеги капкакча системасы бойго жеткендердикинен такыр башкача иштейт. Наристелерде ал капкакча бойго жеткендерден жогорураакта болот. Натыйжада наристе дем алып жатып да эч кыйынчылыксыз эне сүтүн эме алат. Наристелердин эне сүтүн эмип жатып, бир тараптан ыйлап, бир тараптан какап кетпешинин себеби ушунда. Эгер наристелердеги капкак системасы да бойго жеткендердикине окшош түзүлүштө болгондо, наристелер эне сүтүн эмип жатканда дем ала албай калышы мүмкүн эле.

Бирок биринчи адамдан бери жашап өткөн жана азыр жашап жаткан бүт адамдарда бул муктаждык дал керектүү абалда канааттандырылган. Өзгөчө бир оорулуулардан тышкары, бүт адамдар наристе кезинде дал талап кылынгандай түзүлүштөгү капкакчалуу болушкан. Ошол сыяктуу, ал адамдар бойго жеткенде да капкакчаларынын түзүлүшү кайра эле алардын муктаждыгына жараша болгон.

The palate closes the nasal passages. 2. Diaphragm closes.

Ашказандагы кылдат долбоор

1. Liver
2. Inner part of stomach
3. Muscle link around

Ашказанда ар бир этабы бир максатты көздөгөн өтө детальдуу бир долбоор бар. Тамак-аштар ашказандын үстүңкү учундагы «ашказан оозу» же «кардия» деп аталган тар бир жерден өтүп, ашказанга кирет. Ашказанды кызыл өңгөчкө туташтырган ал жердеги булчуңдар бир капкактай жарым сиңирилген тамактардын кызыл өңгөчкө кайра кайтышына бөгөт болот. Андан соң ашказандын купол формасындагы үстүңкү бөлүгүнө өткөн азыктар ал жерде ашказан согу же ашказан суюктугу менен аралашкан соң ашказандын эң кеңири бөлүгүн көздөй жылат. Ал кеңири бөлүк кескин бүгүлүп, ашказандын горизонталдуу бөлүгүн түзөт.

Өйдөдөгү тик бөлүктөн кыскараак болгон ал жерде ашказан кайра тарайып, «ашказан эшиги» же «пилорус» деп аталган бир канал менен он эки эли ичегиге уланат. Ашказандын астыңкы учундагы ал булчуңдуу канал да капкак функциясын аткарып, жарым сиңирилген азыктардын ашказандан чыгып ичке ичегилерге өтүшүн көзөмөлдөйт. Тамак-аштарды ашказан оозунан ашказан эшигин көздөй үч катмар болуп жайгашкан күчтүү ашказан булчуңдарынын ритмикалык толкун кыймылы жылдырат. Булчуң тарткылоосуна окшошкон мындай толкун кыймылы ошол эле учурда тамактарды аралаштырып, эзип майдалап, аягында «кимус» деп аталган жарым суюк бир аралашмага айландырат. Мындай процесстердин зарылчылыгы тамак сиңирүүнүн кийинки этаптарында ачык көрүнөт.

Ашказандагы Устараны Сиңирип Сала Тургандай Күчтүү Кислоталар Кантип Таасирсиз Болуп Калат?

.

 Mucus secretion protects the stomach from acids

 Кызыл өңгөчтө жылган тамактар белгилүү убакыттан соң ашказанга жетет. Ашказандагы тамак сиңирүү процесси ооздон башкача. Ал жерде өтө күчтүү кислоталар ишке киришет. Тамактар кызыл өңгөчтөн ашказанга түшөөр замат ашказан бетиндеги клеткалар ашказан кислотасы аттуу бир суюктукту чыгарып башташат. Ал суюктук менен бирге пепсин жана туз кислотасы аттуу химиялык майдалагыч суюктуктар да чыгарылат. Ал кислоталар бир устара мизин (темирин) да сиңире ала турганчалык күчтүү. Белок сыяктуу сиңирүү кыйын болгон заттар үчүн мындай кислоталардын болушу шарт. Бирок бул жерде өтө маанилүү бир жагдай бар. Ашказандын өзү да түзүлүшү жагынан белоктон турат. Андай болсо, кантип устара мизин да сиңире алган бир кислота ашказандын өзүнө зыян бербейт?

Бул да адам денесиндеги теңдешсиз долбоор мисалдарынын бири. Ашказандын одур-бодур капталдарынан улам ашказан өзүн-өзү сиңирбейт. Ашказан капталдарындагы терең чуңкурларда ар кандай касиеттеги клеткалар жайгашкан. Өтө так бир тең салмактуулукта ашказандагы бир катар клеткалар кислота чыгарып жатканда, ал клеткалардын жанында жайгашкан башка клеткалар жабышчаак бир суюктук чыгарат. «Былжыр» деп аталган ал суюктук ашказандын бетин жаап, ашказанды кислоталардан бир калкан сыяктуу коргойт жана ферменттердин ашказанга зыян тийгизишине жолтоо болот. Талкалоочу ферменттерден тышкары инфекция пайда кылуучу вирус жана башка микроорганизмдердин да клеткалардын ичине киришине тоскоол болгон былжыр ошол эле учурда ал жерди сыйгалак кылып, тамактардын канал ичиндеги кыймылдарын жеңилдетет.

Бул процесстер кандайча жүрөт, ашказандагы бул коргоо кантип пайда болот? Ашказандагы клеткалар өз башынча бул заттарды өндүрүүнү чечип, кандайдыр бир жол менен коргоочу заттардын формуласын тапкан болушу мүмкүнбү? Клеткалар муну жасай алышы үчүн эмнелер керек болот, бир ойлоп көрөлү:

Эң биринчиден тамак сиңирүү үчүн керектүү затты өндүрүү үчүн бир катар клеткалар тамактарды сиңирүү керек экенин түшүнүшү зарыл. Ошол эле клеткалар тамак сиңирүү үчүн кислота сымал бир зат талап кылынаарын билиши керек. Андан соң клеткалар эң ыңгайлуу кислотанын формуласын таап, ошол формуланын негизинде өндүрүш жасашы шарт. Коргоочу затты өндүрүү үчүн болсо бир катар клеткалар ал кислотанын ашказандын өзүнө зыян тийгизээрин аныктап, анан ал клеткалардын кислота мисалдарын алып лабораторияда изилдеп, кислотанын таасирин токтото турган формуланы иштеп чыккан болушу зарыл. Ал ортодо ал кислотанын бир тамчысы да килемде чоң бир тешик пайда кыла турганчалык күчтүү. Ошондуктан формула иштеп чыгууда кетирилген жаңылыштыктын ашказандын кислоталар тарабынан ээритилиши деген мааниге келээрин да унутпаш керек.

1. Inclined layer of muscle layer 2. Extensor layer 3. Serosa 4. Link layer 5. Lamina propria of mucosa muscle laye 6. Layer 7. Muscle layer 8. Submucosa 9. Mucosa 10. Epithelium 11. Secretory duct

1. Micro-image of villum 2. On the surface of every villum, there are minute wings known as microvilli. 3. Folded structures on the stomach surface provide a huge area for food digestion. 4. Muscle

Тамак сиңирүү менен бирге кислотага айланган суюктук.

Ашказандын иштөө системасындагы пландоо мисалы бир эле ушул эмес. Жогоруда да айтылгандай, адам денесинде ушунчалык керемет бир система бар: ар кандай ыктымалдык үчүн керектүү чаралар эң башынан каралган. Мисалы, ашказан бош кезде ичинде тамак сиңирүү кислоталарынын болушу –ашказан былжыр тарабынан ал кислотадан корголсо да- ашказанга белгилүү убакыттан соң зыян тийгизет. Ошондуктан бош кезде ашказандын ичинде сиңирүүчү кислоталар болбойт. Натыйжада ашказандын жабыр тартуу коркунучу да жоюлат. Бош ашказандын ичинде «пепсиноген» аттуу сиңирүү касиети жок бир фермент болот. Ашказанга тамак келээри менен ашказан клеткалары HCL (туз) кислотасы аттуу бир суюктук чыгарып баштайт. Ал суюктук бош ашказандагы пепсиногендин түзүлүшүн бир заматта өзгөртүп, «пепсин» аттуу өтө күчтүү бир майдалоочу ферментке айландырат. Ал болсо ашказандагы тамактарды заматта майдалайт.30

1. Inner surface of stomach 2. Mucus neck cells 3. Gastric gland 4. Stomach protrusions 5. Epithelium6. Muscle link around the pylorus 7. Main cells 8. Membrane cells 9. Pepsinogen 10. Pepsin (active enzyme)

Ашказан бош кезде толук зыянсыз болгон бир суюктуктун ашказан толоору менен өтө күчтүү бир майдалагычка айланышынын аң-сезими жок кокустуктар менен пайда боло албашын түшүнүү үчүн бир саамга ойлонуу жетиштүү болот. Кокустан бир заттын башка бир затка, болгондо да ар жолкусунда эң туура формуланы таап, айланышы эч мүмкүн эмес. Бул процесс бүт адамдарда ар бир тамактан мурда жүрөт. Бул жагдай кокустук деген ээнбаштыкты чагылдырган бир түшүнүктү толугу менен жокко чыгарат.

Ашказандагы ө згөчө с успензия с истемасы .

Тамак жеген соң сиз бир тоюу сезимин, балким бир аз салмактанууну гана сезесиз. Андан башка ашказаныңызда эмнелер болуп жатканын эч билбейсиз. Бирок тамак жегенден бир аздан соң ашказаныңызда өтө чоң кыймыл-аракеттер жүрөт. Ашказаныңыз тынымсыз оңго, солго, жогоруга, төмөнгө чайпалып, тамактарды жакшыраак сиңирүүгө аракет кылат. Бирок сиз ашказаныңыздагы өзгөчө суспензия системасы натыйжасында ал кыймылдарды эч сезбейсиз.

Ашказан булчуңдары 3 багытты көздөй тизилишкен. Натыйжада ашказан өйдө төмөн, оңго солго жана кайчылаш кыймыл-аракеттерди эч кыйынчылыксыз жасайт. Бул болсо тамактардын ашказан суюктугуна жакшыраак тийишине шарт түзөт. Бирок мындай кыймыл-аракеттер дайыма бир коркунуч жаратат; сүрүлүү...

Ашказан ичегилердин жанында жайгашкан бир орган. Тынымсыз кыймылдашы ичегилерге сүрүлүшү деген мааниге келет; бул болсо адам ден-соолугуна олуттуу зыян алып келиши мүмкүн.

Албетте, ашказанда бул коркунучка да бир чара көрүлгөн. Ашказандын эң тышкы катмары «кирич (брюшина)» аттуу бир кабыкча менен капталган. Ал кабыкча чыгарган жылмакай суюктук ашказан менен ичегилерге «сырттан майлоо» деп атоого боло турган бир иш-аракет аркылуу ал органдарды жылмакай кылып койот жана натыйжада иштеп жатканда бир-бирине сүрүлүп жабыркашынын алдын алат.

Канды жасоо жана ашказан.

1. Stomach membrane 2. Esophagus 3. Muscle link 4. Circular muscle layer 5. Vertical muscle layer 6. Inclined muscle layer 7. Muscle layer around pylorus 8. Duodenum 9. Folds

Ашказан былжырынын дагы бир өзгөчөлүгү – бул анын канды жасоого салым кошушу. Ашказан былжыры кан өндүрбөйт. Бирок кан өндүргөн жилик чучугуна өтө маанилүү көмөк көрсөтөт. Дене үчүн өтө мааниси чоң B-12 витамининин жилик чучугуна жетишине шарт түзөт. B-12 витамининин жилик чучугуна жеткенге чейинки сапарын жана ашказан былжырынын ал сапардагы ролун караганыбызда, микроскопиялык деңгээлдеги улуу бир кереметти көрөбүз.

B-12 витамини адам денесине кирген соң тамак сиңирүү системасын бойлой бир сапарга чыгат. Андан соң ичке ичегиден кан айланууга өтүп, канга аралашат жана жилик чучугу клеткаларына жетет.

B-12 витаминин сиңирүү ичке ичегиде ишке ашат. Бирок ичке ичегидеги кандайдыр бир тамак сиңирүү клеткасы B-12 витаминин кармабайт. Ичке ичегинин кичинекей бир аймагында бир гана B-12 витаминин кармоо милдети жүктөлгөн атайын бир клетка тобу бар.32 Ал клетка тобу бүт өмүрүн –кереметтүү абалда- жалаң B-12 витаминин тутууга арнашкан. Ал клеткалар триллиондогон молекулалардын арасынан B-12 витаминин айырмалап, кармашат.

Мына ушул жердеги кереметти көрүү үчүн ой жүгүртүү керек. B-12 витаминин туткан клеткалар ал витаминдин адам денесиндеги маанисин билишет. Ичке ичегинин белгилүү бир аймагына ушул кызмат үчүн атайын жайгаштырылышкан. Өмүрлөрүн B-12 витаминин кармоого арнашкан болсо да, ал витамин алардын ишине жарабайт. Кармаган витаминди кан айланууга койо берип, билбеген бир тарапка жөнөтүшөт.

Ал клеткалардын B-12 витаминин тутуудагы акылы, албетте, бир кокустук натыйжасында пайда боло албайт. Апачык көрүнүп тургандай, бул система пландуу жаратылган. Системаны дагы бир аз тереңирээк карасак, мындан да таң калыштуу кереметтерди көрөбүз.

Ичке ичегидеги клеткалар жалгыз жүргөн B-12 витаминин тааный алышпайт. B-12 витаминин ал клеткалар таанып, кармай алышы үчүн атайын бир молекула менен белгиленип коюлушу керек. Бул зарылчылык да, албетте, эске алынып, B-12 витаминин ичегиге жеткенге чейин белгилеп койо турган система да курулган.

B-12 витамини ашказанда турган кезде ашказан клеткалары B-12 витамини үчүн атайын бир молекула чыгарышат. Ал молекула B-12 витамининин алдыдагы сапарында керек болгон бир «паспорту». Ал паспорт B-12 витаминине бекем жабышат жана B-12 ичке ичегини көздөй жолун улантат.

Бир аз мурда да айтылгандай, ичке ичегиде бир гана B-12 витаминин табуу милдети жүктөлгөн чек ара кызматкерлери (атайын клетка тобу) B-12 витаминин кан айланууга өткөрөт. Бирок ал кызматкерлер жалгыз жүргөн B-12 витаминин тааный албайт. Мына ошондо B-12 витаминине колундагы паспорту жардам берет. Чек ара кызматкерлери ошол паспорту аркылуу триллиондогон молекуланын арасынан B-12 витаминин таанып, табышат. Андан соң кайра эле ошол паспорт молекуланын жардамы менен B-12 витаминин кан айланууга өткөрүшөт. Ошентип B-12 кан аркылуу жилик чучугуна жете алат.

Көрүнүп тургандай, ашказан клеткалары B-12 витамининин денедеги маанисин билишет. Мындан тышкары, ичеги клеткалары B-12 витаминин таануу үчүн кандай белгиге муктаж экенин да билип, ал белги молекуланы атайын чыгарышат. Көзү, колу же бир мээси да болбогон ичеги клеткалары болсо ал белгини таанып, B-12 витаминин кармашат.

Унутпаш керек болгон дагы бир маанилүү жагдай болсо; бүт бул процесстер натыйжасында сиңирилген B-12 витамини ашказан клеткасынын да, ичеги клеткасынын да керегине жарабайт. B-12 витамини өтө алыста, жилик чучугунда колдонулат. Ал витамин аркылуу адам денесинде кан өндүрүлүп, адам өмүрүн улантат.

Майдалануу у ланууда ...

Ашказанда суулуу бир боткого айландырылган тамактар бир жакка гана ачылчу бир эшиктен өтүп, он эки эли ичегиге, андан ичке ичегиге өткөрүлөт. Ичке ичеги диаметри 3 см жана узундугу 7 метрден ашкан бир орган. Узундугу 7 метр болгон бир шланг ийилип, кабатталып пакеттелген жана ар бир адамдын курсагынын ичине орнотулган. Бирок керемет бул укмуштуу пакеттөө менен эле чектелбейт. 7 метрлик шлангдын ичинде өтө маанилүү процесстер жүрөт.

Тамактардын маанилүү бөлүгү ашказанда майдаланганы менен, бир бөлүгү дагы эле эң майда бирдиктерге бөлүнө элек болот. Ашказандан чыгып, дагы эле сиңириле элек болгон ал тамак-аштар белгилүү убакыттан соң ичке ичегиге жетет. Мисалы, майлар чоң молекулалуу болгондуктан жана сууда ээрибегендиктен сиңирүү кыйын болот. Ошондуктан майлар ооз менен ашказанда эмес, ичке ичегиде сиңирилет.

Мына ушул этапта дененин эки органы –уйку бези менен боор- ишке киришет. Бул эки орган ичке ичегинин ичине бир канал аркылуу эки атайын суюктукту жөнөтүшөт.

A. Closed stomach mouth (pylorus)

B. Closed pyloric valve

C. Pyloric valve slowly opens

Боор ашказандын майларды майдалай албаганын билет. Ошондой эле, майларды майдалай турган атайын суюктуктун химиялык формуласын да билет. Майлуу тамактардын ичке ичегиге жеткен убактысын да билген боор эң керектүү убакта, эң туура жерге даярдап, чогултуп койгон атайын суюктукту коюп жиберет.

Өт суюктугу деп аталган ал суюктук майларды майдалап эле тим болбойт. Майдаланган майлардын ичке ичегиден сорулушуна да көмөк көрсөтөт. Мындан тышкары, ичегилердин витаминдерди сорушуна шарт түзгөн атайын химиялык кошулмаларды да курамында алып жүрөт. Ал тургай, ошол эле учурда ичегинин ичиндеги зыяндуу бактерияларды өлтүрүүчү бир антисептик.

Өттүн милдети – ашказандан ичке ичегиге келген тамак аралашмасындагы майларды бир алдыңкы процесстен өткөрүү. Бул процесс уйку бези суюктугунун натыйжалуулугун жогорулатат. Ичинде ар кандай ферменттери бар уйку бези суюктугу майлардан тышкары, крахмал менен белоктордун сиңирилишине да көмөкчү болот. Ичке ичегинин ички бетин каптаган былжырда да көптөгөн майда секреция бездери бар. Ал бездер чыгарган ичеги суюктугундагы ар кандай ферменттер ал кезге чейин жакшылап майдаланган тамактарды сиңирүүдө маанилүү роль ойнойт. Тамак жегенден 3-5 сааттан соң ичке ичегидеги тамактардын көпчүлүгү майдаланган болот. Натыйжада углеводдор жөнөкөй канттарга, белоктор аминокислоталарга, майлар болсо глицерин менен май кислоталарына бөлүштүрүлүп, сорууга даяр абалга келет. Ичке ичегидеги соруучу клеткалар сорууга даяр болгон тамак-аш молекулаларын кармап, сорушат. Андан соң ал азыктарды кан айланууга өткөрүшөт.

Тамак-аштар ичке ичегиден чыгып баратканда ичинде суудан тышкары, эч кандай азык калбайт. Бүт азыктар соруп алынган болот.

7. Тамак сиңирүүдө акыркы кадам: и чегилер .

Ичегилерди күтүп турган коркунуч «кислота»

1. Choledoch duct
2. Pancreas
3. Duodenum

Жогоруда да айтылып кеткендей, ашказандагы тамак сиңирүү кислоталар тарабынан жүргүзүлөт. Б.а. ашказандан ичегилерге келген азык боткосунун ичинде өтө күчтүү кислоталар болот. Бул он эки эли ичегиге да олуттуу коркунуч туудурат. Ичегилер бул кислотадан жабыркашы мүмкүн, себеби он эки эли ичегинин ашказандай өзүн коргой турган атайын бир катмары жок.

Анда кантип он эки эли ичеги кислоталардан жабыркабайт?

Бул суроонун жообун табуу үчүн тамак сиңирүү учурундагы окуяларды изилдегенде, денебиздеги кереметтүү окуяларды көрөбүз.

Он эки эли ичегиге ашказандан тамак-аштар менен бирге келген кислоталардын көлөмү кооптуу бир деңгээлге жеткенде, ичегинин капталындагы клеткалардан «секретин» аттуу бир гормон чыгарылып баштайт. Бул процесстер жөнүндө токтолуп кетүү керек болгон жагдайлар бар. Эң биринчиден он эки эли ичегини коргогон секретин гормону ичке ичегинин ичиндеги клеткаларда «просекретин» абалында болот. Ал гормон сиңирилген тамактардын кислоталык таасири менен башка бир химиялык затка, секретинге айланат жана ал гормон уйку безине сигнал жөнөтүп секрециялардын зыяндуу таасирин жойот.33

Секретин гормону канга аралашып, уйку безине келип, фермент чыгаруу үчүн уйку безин жардамга чакырат. Он эки эли ичеги коркунучта калды деген кабарды алган уйку бези бикарбонат молекулаларын ал аймакка жөнөтөт. Ал молекулалар ашказан кислотасынын таасирин жоюп, он эки эли ичегини коргойт.

Адам өмүрү үчүн өтө маанилүү бул процесстер кантип ишке ашат? Ичеги клеткаларынын аларга керектүү заттын уйку безинде бар экенин билиши, ашказандан чыгарылган кислотанын формуласын бузуп, таасирин кантип жойоорунан кабардар болушу, уйку безин иштете турган заттын формуласын билиши, ошондой эле уйку безинин ичегиден келген кабарды түшүнүп фермент чыгарып баштай турган түшүнүктө болушу; булардын баары ойлонууну талап кылган процесстер.

8. Ичке ичеги (Тамак сиңирүү процессиндеги акыркы баскыч).

Жеген бүт тамак-аштардын сиңирилиши ичке ичегиде аяктайт. Бирок тамак сиңирүүдөгү акыркы этап – бул сиңирилген продукттардын денеде керектүү жерлерге таратуу үчүн сорулушу. Тамак сиңирүү системасынын бөлүктөрүнөн ооз менен ашказандагы сорулуу өтө аз. Соруу иши толугу менен ичегилерде жасалат. Ичке ичегинин түзүлүшү сорууга өтө ыңгайлуу.

Ичке ичегинин ички бети абдан одур-бодур бир түзүлүшкө ээ. Ал одур-бодурлардын бетинде болсо микроскопиялык насостор жайгашкан. Ал насостор соргуч клеткалар. Мына ошол клеткалар денеге керектүү азыктарды кармап, тиешелүү кан тамырларга айдашат.

Денеңизге эмне керек болсо ошол кичинекей насостор аны билет. Мээ клеткаларыңызда колдонула турган майдаланган кант, же булчуң клеткаларыңызда колдонула турган бир аминокислота... Бул кичинекей насостор акылмандык менен сизге керектүү азыкты таап, кармайт. Сиз буларды окуп жатканда да миллиарддаган насостор сиз муну окушуңуз үчүн керектүү болгон азыктарды керектүү жерлерге айдап жатат.

Ичегилердин ичиндеги бүктөлүштөр жана ал бүктөлүштөрдүн бетиндеги микро насостор натыйжасында ичке ичеги өтө чоң бир аянтка ээ. Бойго жеткен бир адамдын ичегисинин жалпы аянты болжол менен 300 м2ка жетет. Бул болжол менен эки кичине теннис кортунун жалпы аянтына туура келет.34

 

Азыктарды сиңирүү ошол кеңири аянтта жүрөт. Азыктар майдаланып алгач бир аралашма боткого айландырылат. Анан ал ботко ичегинин ички бетине бир да чекит калтырылбай, өтө ичке катмар кылып жайылат. Натыйжада клеткалар тамактардын ичиндеги бүт азыкты оңой эле соро алышат.

Ичке ичегинин өтө өзгөчө бир функциясы, ал кээ бир заттарды дененин муктаждыгына ылайык гана сорот. Мисалы, темирдин ашыкча болушу денеге зыяндуу. Белгилүү бир деңгээлден ашыкча көлөмдө ичегилерге келген темир эч сорулбай ичегилерден чыгарып салынат.

1. Small intestine 2. Furry protrusion 3. Epithelium 4. Submucosa5. seroza 6. Mucosa 7. Nerve network    8. Intestinal gland

 

Антпесе өтө оор жана өлүмгө себеп боло турган оорулар келип чыгат.

Мындан тышкары, мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай ичегинин атайын бир бөлүгүндө болсо бир гана B-12 витаминин соруу үчүн даярдалган клеткалардан турган аймактар болот. Операция менен ичегилеринин ошол аймагы алып салынган кишилер медициналык дарылоодон өтпөсө, кан жетишсиздигинен көз жумушат.

Ичегилердеги клеткалардын тандап сиңирүүсү терең ойлонууну талап кылган, Аллахтын улуулугун түшүнүүгө себеп болчу бир жагдай. Ичегилер турган жер адам денесиндеги караңгы бир аймак. Ал органдарыбыздын мээси жок, заттарды айырмалай турган акылы жана маалыматы жок. Бирок анткен менен адамга эмненин пайдалуу, эмненин зыяндуу экенин айырмалап, ошого жараша керектүүлөрдү алып, керексиздерди денеден чыгарып салат.

Бир адам үчүн химиялык заттарды, минералдык туздарды же металл чаңчаларын айырмалоо дээрлик мүмкүн эмес. Бул багытта таалим албаган бир адам көзү менен карап темирди цинктен айырмалай албайт. Кайсы заттын пайдалуу, кайсысынын зыяндуу экенин, ошол учурда денесинде кайсынысына канчалык муктаждык бар экенин да биле албайт. Адам бул заттардын арасындагы айырманы биле албайт, бирок ал адамдын ичеги клеткалары муну оңой эле түшүнөт.

9. Жоон ичегидеги бактериялар (Инсан үчүн иштеген бактериялар).

Ичегилердеги тамак-аштардын көпчүлүгү жоон ичегилерге келгенге чейин соруп алынат. Бирок кээ бир өзгөчө азыктар жоон ичегиде сорулат. Алардын арасында эң кызыктууларынын бири – бул K витамини.

K витамини – кандын уюу механизминде кызмат кылган, жок болсо адамды өлүмгө алып барчу натыйжаларга себеп болгон өтө маанилүү бир витамин. Бирок K витамини табиятта адам денесине керектүү формада кездешпейт. Адам денеси бул витаминди өзү колдоно ала турган абалга алып келиши, б.а. кандайдыр бир мааниде «кайра иштетип чыгышы» керек.

Бирок адамдын зат алмашуусу мындай кайра иштетүү процессин да жасай албайт. Андай болсо кантип адамдар K витамини жетишсиздигинен улам көз жумушпайт? Ал витаминди адам колдоно турган абалга алып келген, ал үчүн иштеп чыккан механизм кандай?

Бул суроонун жообу өтө таң калыштуу бир чындыкты көрсөтөт. Ичегилердеги атайын бактериялар K витаминин бир катар процесстен өткөрүп, иштеп чыгат жана адам колдоно ала турган абалга алып келет. Ал бактериялар тарабынан иштеп чыгылган K витамини жоон ичегиден сорулуп, канга аралашат.

Адам денесинде K витаминин иштеп чыккан бактериялардын болушу сөзсүз ойлонууну талап кылган бир жагдай. Бактериялардын дал керектүү жерде болушу, кайра иштетүү ишин жасай турган генетикалык кодго ээ болушу өтө маанилүү көрүнүштөр. Адам өмүрүн улантуу үчүн бар экенинен да кабарсыз болгон, ал тургай, атын да билбеген кичинекей бир бактерияга муктаж болушу да өзүнчө бир керемет. Эч кандай кокустук бир бактерияны пайда кылып, болгондо да аны адамдын ичегилерине жайгаштырып, ал бактериянын генетикалык кодун адамга пайдалуу иштерди жасай турган кылып койо албайт.

ǀǀ бап Тамак сиңирүү системасынын паталогиялык оорулары.
Акыркы мезгилде гастрит оорусунан жапа чеккен бейтаптардын саны гана арбыбастан, жашы да жашарып барат. Натыйжада, бүгүнкү күндө гастрит оорусу актуалдуу көйгөйгө айланууда. Бул дарттын келип чыгуусу жана андан сактануу тууралуу кенен маалыматка көңүл буруңуз.


Дата добавления: 2018-09-20; просмотров: 753; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:






Мы поможем в написании ваших работ!