Тил ооруларынын олуттуу формасы

Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлиги      Ош гуманитардык педагогикалык институту         Табият таануу жана география факултети                Биология жана химия кафедрасы                 Курстук иш     Предмети:Кишинин жана жаныбарлардын физиологиясы Тема:  Даам билүү  анализаторунун физиологиясы Аткарган:     Рашит кызы Дилзат Текшерген:  Сагынбаева Гүлзада Авазбековна Рецензент: Илязов Жоодар Искендерович Адистиги: Биология Тайпасы:      Б-13К-2

Ош-2016

Мазмуну

ǀ бап Тилдин анатомо- физиологиясы

1. Киришүү ...............................................................................................3

2. Сезүү органдарына жалпы мүнөздөмө...............................................4

3. Рецепторлор..........................................................................................6

4. Тил анализаторунун жайгашкан орду ооз көңдөйүнүн түзүлүшү...7

5. Тил анализаторунун анатомиялык түзүлүшү....................................9

6. Тилдин тамак сиңирүүдөгү ролу.......................................................11

7. Даам татуу сезими..............................................................................12

8. Даамдардын мээде жаралышы..........................................................13

ǀǀ бап Тил анализаторунун паталогиялык оорулары

9. Тилдин сезгенүүсү..............................................................................14

10. Корутунду.......................................................................................17

11. Колдонулган адабияттар...............................................................19

 

 

Киришүү.


Борбордук нерв системасынын негизги структуралык жана кызмат аткаруучу элементи — нейрон. Организмдеги бүткүл нерв талчалары бири-бири менен тыгыз байланышкан. Борбордук нерв системасы организмдин чөйрө менен байланышын жөнгө салып, кылык жорук реакциясын башкарып, дененин бардык органынын иш-аракетин координациялайт. Анын ишинин негизин рефлекстер түзөт.

Борбордук нерв системасынын башка организмдер менен нервдик байланышы 12 жуп мээ нерви жана 31 жуп жүлүн дүмүрчөгү аркылуу ишке ашат. Жүлүнгө арткы дүмүрчөгүнүн афферент нерви аркылуу териден, булчуңдан, бир аз ички органдардан жана кол-буттан «кабар» келип турат. Алдыңкы дүмүрчөгүнөн эфферент нервдери чыгып, ал аркылуу скелет булчуңуна башкаруучу импульстар келет (к. Четки нерв системасы). Ушул эле жерде вегетатив нерв системасынын ички органдардын ишин башкаруучу импульстарды берүүчү талчалар өтөт. Жүлүндүн ак затынын составындагы афференттүү (борборго умтулуучу) жол менен мээге (к. Анализаторлор), ал эми жогортон төмөн карай эфференттүү (борбордон четтөөчү) жол аркылуу жүлүнгө борбордук нерв системасынын жогорку бөлүгүнөн буйрук келет. Жүлүн жабыркаганда афференттүү жана эфференттүү импульстар бузулат.

Жүлүндөн мээге жана андан жүлүнгө келүүчү бардык нерв жолдору мээнин сөңгөгү аркылуу өтөт. Догосу сүйрү мээ аркылуу өткөн рефлекстер, жүлүн рефлексине караганда татаал болуп, ага дем алуу, кан айлануу, тең салмактуулук, ошондой эле чайноо, соруу, жутуу, кусуу, чүчкүрүү, жөтөл сыяктуу рефлекстик акт мисал болот. Сүйрү мээ кырсыкка учураса дем алуу жана кан айлануу токтойт, өмүргө коркунуч туулат. Сүйрү мээнин төрт дөбөчөсүндө көрүү, угуу, көз кыймылдаткыч борборлор жайгашкан. Көргөзгүч урчукта бүт организмдин жүлүндөн, сүйрү мээден жана ортоңку мээден жарым шардын кыртышына келүүчү сезгич жолдор чогулат. Аралык мээ тамактануу, кан айлануу жана зат алмашуу процессин жөнгө салат, ошондой эле жүрөк кан тамыр жана эндокрин системасынын функциясы менен ички жана сырткы кабыл алууну байланыштырат. Мээ сөңгөгүнүн ретикул формациясы, гипоталамус, көргөзгүч урчугу сыяктуу түзүлүшү мээ кыртышына активдештирүүчү жана тормоздоочу таасир берүүгө жөндөмдүү. Ушулар аркылуу организмдин уйку, сергектенүү, ачка болуу, суусоо, ооруу жана башка ишке ашат. Чоң жарым шардын кыртышынан келүүчү импульс өтүүчү жол мээ сөңгөгү аркылуу өтүп, жүлүндүн кыймылдаткыч клеткаларына жетет. Мээ кыртышынын оң тарабынан келген импульс жүлүндүн сол тарабына, сол тарабынан келген оң тарабына өтөт. Мээ кыртышынын бир жагына кан куюлса, дененин карама-каршы тарабындагы булчуңдар шал болот.

Мээ кыртышы 200 млрд нерв клеткасынан (нейрондон) турат. Бул клеткалар ар кандай формада болуп, көп катар жайгашат жана бири-бири менен өсүндүлөрү аркылуу биригет. Дененин ар кайсы бөлүгүнөн, орган жана тканынан келген импульстар кыртыштын ар кайсы жерине келет

Сезүү органдарыны жалпы мүнөздөмө

Биз жашап жаткан дүйнөгө тиешелүү ар кандай сыпатты, өзгөчөлүктү жана билген бүт нерселерибизди сезүү органдарыбыз аркылуу таанып билебиз. Сезүү органдарыбыз аркылуу бизге жеткен маалыматтар бир катар процесс натыйжасында электрдик импульска айланат жана бул импульстар мээбиздин тиешелүү чекиттеринде жоромолдонот. Мээбиздин бул жоромолдору натыйжасында биз, мисалы, бир китепти көрөбүз, кулпунайдын даамын сезебиз, гүлдөрдү жыттайбыз, жибек кездеменин жумшактыгын сезебиз же шамалда жалбырактардын шуудураган добушун угабыз.

Ар кимден уккандарыбызга, чөйрөдөгү көпчүлүк адамдардын көз-карашына таянып, дайыма денебиздин тышындагы кездемеге тийип, бизден 30 см алыстыктагы китепти окуп жатам, бир канча метр алыстыктагы гүлдөрдүн жытын сезип жатам жана бир топ өйдөдөгү жалбырактардын шуудураганын угуп жатам деп ойлойбуз. Чынында болсо, бул саналгандардын баары – биздин ичибизде ишке ашкан окуялар. Китептин көрүнүшүнөн баштап, жалбырактардын шуудураганына чейинки бүт нерселердин баары ичибизде, мээбизде болууда.

Бул жерде дагы бир таң калаарлык чындыкты байкайбыз: чындыгында мээбизде түстөр да, үндөр да, сүрөттөлүштөр да жок. Мээбизде таба ала турган бир гана нерсебиз – бул электрдик импульстар. Бул философиялык бир көз-караш эмес, сезүү органдарыбыздын иштеши менен байланыштуу илимий бир түшүндүрмө. Мисалы,Mapping The Mind (Мээнин картасын чыгаруу) аттуу китебинде илимпоз Rita Carter (Рита Картер) дүйнөнү кандайча кабылдаганыбызды мындайча түшүндүрөт:

Ар бир сезүү органы өзүнө тиешелүү сигналга жооп бере турган абалда жаратылган. Бул сигналдар болсо молекулалар, толкундар же титирешүүлөр абалында. Мынчалык ар түрдүү болушуна карабастан, сезүү органдары түпкүрүндө бир эле милдетти аткарышат: өздөрүнө тиешелүү сигналдарды электрдик импульска айландырышат. Бир сигнал болсо – бул бир сигнал гана. Кызыл түс эмес, же Бетховендин Бешинчи симфониясынын биринчи нотасы эмес – электр энергиясы (заряды) гана. Түпкүрүндө бир сезимди башкаларынан айырмалуу абалга алып келүүнүн ордуна, сезүү органдары баарын окшош абалга, тагыраак айтканда, электрдик импульска айландырышат.

Андай болсо, бардык сезүү органдарына тиешелүү сигналдар бири-бирине толук окшош абалда мээге электрдик заряд агымы катары киришет жана ал жердеги нерв клеткаларын стимулдашат. Болгону ушул. Бул электрдик импульстарды кайрадан жарык толкундарына же молекулаларга айландырган бир тескери айландыруу системасы жок. Бир электрдик агымдын (токтун) сүрөттөлүшкө жана башкасынын жытка айланышы болсо – бул электрдик агымдын кайсы нерв клеткасына таасир эткенине байланыштуу.1

 

 

Жогорудагы түшүндүрмөлөр абдан маанилүү бир нерсеге көңүл бурууда: Биздин дүйнө жөнүндө кабылдаган бардык сезимдерибиз, сүрөттөлүштөр, даамдар жана жыттар түпкүрүндө бир эле нерседен, тагыраак айтканда, электрдик импульстардан жаралууда. Электрдик импульстарды биз үчүн түшүнүктүү абалга алып келген, бул импульстарды жыт, даам, сүрөттөлүш, добуш же тийүү сезими катары жоромолдогон, кабылдаган болсо – бул мээ. Мээ аттуу нымдуу бир эттен турган заттын кайсы электрдик сигналды жыт, кайсынысын сүрөттөлүш катары жоромолдоону билиши, бир эле нерседен ар түрдүү сезимдерди (сүрөттөлүш, жыт, даам ж.б.) пайда кылышы болсо – абдан чоң бир керемет.

Эми бул чоң кереметтин кандайча ишке ашканын, башкача айтканда, «дүйнөнү кантип кабылдап жатабыз?» суроосунун жообун бардык сезим органдарыбыз үчүн бир-бирден карап чыгалы.

Анализаторлор— айлана-чөйрө жана организм кубулуштар жөнүндө информация алып, аны анализдөөчү татаал түзүлүштөгү система. Анализаторлор жөнүндөгү түшүнүктү орус физиологу И. П. Павлов илимге 1909-ж. киргизген. Сырттан жана ичтен келген информацияларды сезгич нерв (афференттүү) учтары —рецепторлор кабыл алып, нерв импульстары аркылуу нерв системасынын өткөргүч жолу менен мээ кыртышынын ар кандай бөлүгүнө берет. Анализаторлордун негизги бөлүгү айлана-чөйрө информациясын кабыл алат (экстроцептор). Буларга көрүү, угуу, жыт жана даам билүү, сезүү анализаторлору кирет. Башка анализаторлор организмдин ички чөйрөсүнүн абалын анализдейт (интероцепторлуу анализатор). Бул анализатор вестибуль жана таяныч-кыймыл аппаратынын, кан басымынын деңгээлин ж. б. тейлейт. Мээге негизги физиологиялык процесстер жөнүндө дайыма сигнал келип, ал кайра тийиштүү буйрук берет, бирок бул жөнгө салуу иш-аракеттер аң-сезимде байкалбайт. Организмдин айрым талабын камсыз кылуу үчүн бүтүндөй организм абалын өзгөртүү зарыл болгондо гана, мисалы, ачка болуу, оору, заңдоо жана заара кылуу сезимдери пайда болот. Анализаторлордун жардамы менен жаныбарлар айлана-чөйрөнүн пайдалуу жана зыяндуу таасирин айрып билип, жашоо шартына жакшыраак ыңгайланат. Анализаторлор бири-бири менен тыгыз байланышта аракеттенишип, кабыл алынган ар кандай информациялар толук анализделип, сырткы дүйнө жузундө толук түшүнүк болот. Кандайдыр бир анализатор бузулганда (кокустатуу, оорунун натыйжасында) башка дун машыгуу процессинин негизинде иш-аракети күчөйт. Мисалы, сокурларда угуу, жыт билүү, басым жана температураны сезүүсү жакшы өөрчуйт.

Рецепторлор — организмдин ички чөйрөсүнүн же сырттан таасир этүүчү дүүлүгүүлөрдү нерв козголуусуна айлантып, аларды борбордук нерв системасына берүүчү сезгич нерв талчаларынын учтары же атайын клеткалар (Анализаторлор).

Түрү

· Тышкы чөйрөнүн дүүлүктүргүчтөрүнүн (жарык, ысык, суук жана башкалар) таасирин кабылдоочу рецепторлорду электрорецепторлор дейт. Ички органдардын абалын жана кан, лимфанын химиялык составынын, кан басымынын өзгөрүлүшүн интерорецепторлор кабыл алат.

· Скелет булчуңдары менен тарамыштарда жайгашкан рецепторлор проприорецепторлор деп аталат; алар булчуңдардын тонусу жөнүндө сигнал берет.

Дүүлүктүргүчтүн таасирине жараша рецепторлордун химиялык, температуралык, механикалык жана башкалар түрлөрү бар.

· Механикалык рецепторлорго кан тамырлардын капталында жайгашкан кан басымынын өзгөрүлүшүнө жооп берүүчү барорецепторлор, дененин мейкиндиктеги абалынын өзгөрүшүн кабылдоочу ички кулактын рецепторлору кирет.

· Хеморецепторлорго кайсы бир химиялык заттардын таасирине жооп кайтаруучу рецепторлор кирет.

· Терморецепторлор организмдин ички жана аны курчап турган айлана-чөйрөнүн температурасынын өзгөрүшүн кабылдайт. Фоторецепторлор көздүн торчо кабыгында жайгашып, жарыктын өзгөрүүлөрүн кабылдайт. Түрдүү рецепторлордун функциялары бири-бири менен тыгыз байланышта. Алардын иши борбордук нерв системасынын нерв-гумордук башкаруусунда жөнгө салынат.

 

Чынында канча сезүү органыбыз бар?

«Биз айлана-чөйрө менен ушунчалык эркин, оңой өз ара аракеттенишкендиктен, органдарыбыз — анализаторлорубуз — менен сезүү жөндөмдөрүбүздүн жөпжөнөкөй иш-аракеттери үчүн да эмне деген татаал функциялардын аткарылышы талап кылынарын толук элестетиш кыйын»

ТЫНЧ элеттин жолу менен велосипед тээп баратканыңды элестет. Педалды айланткан сайын, бутуңдагы рецепторлор, аны болжогон ылдамдыкта тебиш үчүн, канчалык күч жумшаш керектигин аныктап турат; вестибулярдык анализатор денеңдин тең салмактуулугун сактоого мүмкүндүк берет; таноолоруң жыпар жыттарды сездирет; көзүң теребелдин сулуулугун көрөт; кулагың беренде-куштардын сайраганын угат. Эгер суусасаң, суусундук куюлган бөтөлкөңдү манжаларыңдагы туйдургуч рецепторлордун жардамы менен таап аласың. Даам таттыргыч, ошондой эле суукту жана жылуулукту сездиргич рецепторлор аркылуу суюктуктун даамын, анын жылуу же муздак экенин сезе аласың. Териңдин рецепторлору жана андагы түктөр менен байланышкан рецепторлор шамалдын күчүн билдирип, көзүңдүн жардамы менен кандай ылдамдыкта жүрүп баратканыңды баамдаттырат. Териң денеңе сырткы чөйрөнүн жылуулугу менен нымдуулугу жөнүндө да кабар берет. Ал эми убакытты билүү жөндөмүң жолдо жүргөнүңө болжол менен канча убакыт болгонун аныктай билүүгө жардамдашат. Анан бир убакта ички сезүү жөндөмдөрүң сага бир аз тыным алып, кичине шам-шум этип алууну буйрук кылат. Чынында эле, жашоо — бул сезимдердин кереметтүү өз ара аракеттештиги!

 

 

Тил анализаторунун жайган жери- ооз көңдөйү

Ооз, ооз көңдөйү — тамак сиңирүү системасынын баштапкы бөлүгү. Ооз көңдөйү алдыңкы (ооздун кире бериши) жана арткы бөлүктөн (негизги ооз көңдөйүнөн) турат.

Алдыңкы ооз сырты

Алдыңкы ооз сыртынан эрин жана уурт, ичинен кырка тизилген тиштер жана алардын тамырлары бекиген бүйлө менен чектелет.

 Ооз көңдөйү

Ал эми арткы — негизги ооз көңдөйү болсо, катар тизилген тиштер менен бүйлөнүн арт жагында жатат. Ооз көңдөйү сыртка ооз тешиги аркылуу ачылат, ал эми арт жагынан болсо, кулкун менен чектелет. Ооздун үстүңкү керегесин катуу жана жумшак таңдайлар түзөт. Катуу таңдай эки үстүңкү-жаактын таңдай урчугунан жана таңдай сөөгүнөн турат. Ал эми жумшак таңдай болсо таңдайды көтөрүп жана түшүрүп туруучу таңдай тил жана таңдай-кулкун булчуңдарынан турат. Ал булчуңдар ооз көңдөйүнүн артындагы таңдай көшөгөсүн түзөт. Жумшак таңдайдын ортосунда кичине тил жайгашкан.

 

Ооз көңдөйү: 1— катуу таңдай; 2— жумшак таңдай; 3— таңдайдын саңоорлору; 4— кичине тил; 5—бадам сымал бездер; 6—көмөкөй; 7—тил; 8— астыңкы жаак тиштери.

Төмөнкү керегесинин түзүлүшү

Ооз көңдөйүнүн төмөнкү керегеси жаак, мууздоо булчуңдарынан жана тилден турат. Ооздун ичи бүт былжырлуу кабык менен капталган. Анда оозду жана жеген тамакты нымдоо үчүн керек шилекей бөлүп чыгаруучу эң көп майда бездер жана тамакты майдалап чайноочу отуз эки тиш жайгашкан. Ошондой эле ичкен тамактын ачуу, таттуу даамын татыган тил жатат. Оозго анын айланасында жайланышкан тил, жаак, кулак алдындагы бездерден шилекей тынымсыз агып келип турат. Ошентип ооздогу тамак майдаланып чайналып, шилекей менен нымдалгандан кийин Ошондой к-нөн ары кулкунга өтөт. Ооздо туруктуу микрофлора бар. Ал жугуштуу микробдорду өткөрбөй тосуп турат. Мындан сырткары ал сүйлөөгө да катышат.

 

 

Тил анализаторунун анатомиялык түзүлүшү

Тил — ооз көңдөйүндө жайгашкан булчуңдуу орган.

 

Функциясы жана түзүлүшү

Ал сыртынан былжырлуу кабык менен капталган. Тамак-ашты чайноодо, жутууда, сүйлөгөн учурда тыбыштарды пайда кылууда тилдин кызматы зор. Ошондой эле тил даам сезүү органы болуп эсептелет.

Тил: 1— тилдин учу; 2— тилдин узата жылгасы; 3—тил тулку; 4—тил үрпүчөлөрү; 5—тилдин түбү менен тулкусун бөлүп туруучу жылга; 6— тилдин түбү.

 

Ал узата келип, алды жагы ичкерип — учу, арт жагы жооноюп — негизи же түбү, ал эми орто жери денеси деп аталат. Тилдин үстүңкү бетиндеги (жонундагы) ортолук жылгасы анын оң жана сол бөлүгүнүн кошулушунан пайда болгон. Ал жылга арт жагынан чуңкурча менен бүтөт. Чуңкурчанын эпителий клеткаларынан төмөн карай калкан сымал бези өсүп чыгат. тилдин үстүндө, эки капталында жана учунда былжырлуу кабыкчадан пайда болгон көп сандаган соргучтары бар. Алардын формасы, көлөмү ар түрдүү (жип сымал, козу карын сымал, жалбырак сымал жана башкалар) болот. Анын ичинде жайланышкан нерв жана кан тамырлары даамды жана ар түрдүү сезимдерди кабыл алып, борбордук нерв системасынаөткөрүүгө ылайыкталган.
Тилдин түп жагында соргучтар болбойт, бирок ал жерде көп сандаган лимфа түйүндөрү жайгашкандыктан ар кандай өлчөмдөгү дөңчөлөр болот. Тилдин астыңкы бетинин былжырлуу кабыкчасы жука жана жылмакай болуп, ооз көңдөйүнүн астына өткөндө ортолук бүктөөнү — тил ооздукчасын түзөт. Ал ооздукчанын эки жагында тил алдындагы соргучтар жайгашкан.
Алардын учунда жаактын жана тилдин астындагы шилекей бездеринин түтүкчөлөрү ачылат.

Тил оорулары

Тил булчуңдарынын талчалары анын абдан кыймылдуу болушуна жана формасынын өзгөрүп турушуна шарт түзөт. Тил артериясы сырткы күрөө тамырдан чыгып, тилди кан менен жабдыйт. Анын кыймылы тил алдындагы нерв аркылуу булчуңдардын жыйрылуусунун негизинде ишке ашырылат. Айрым учурда тилдин үстү терең издүү болуп, ага тамак-аш калдыктары калып, тил эрозияга учурайт, жарылат. Тилдин булчуңдарынын ашкере өөрчүшүнөн ал өтө чоңоюшу мүмкүн. Кээде тил ооздукчасы кыска болуп эмчектеги бала эмчек соро албай кыйналат, кийин чулдур сүйлөйт. Тилдин айрым оорулары кабылдап абцесс, флегмонага айлануусу мүмкүн. Мындай учурда хирургиялык операция колдонулат. Шишик ооруларында анын мүнөзүнө жараша дарылоо жүргүзүлөт. Тилдин түрдүү сезгенүү оорулары — глоссит көп кезигет. Ал тилди тиштеп алуудан же майда сөөк кирип кетүүдөн, дары ичкенден болушу мүмкүн. Тилдин былжыр челинин сезгениши көп учурда ички органдардын оорусунун белгиси болот. Ошондуктан тили дайыма сезгенген кишилер врачка кайрылып, текшерүүдөн өтүү керек. кара Стоматит макаласын.

Тилдин тамак сиңирүүдөгү ролу

Механикалык майдалоодо тилдин да чоң ролу бар. Өтө сезгич бир даам өлчөө касиетине ээ болгон тил ошол эле учурда азыктардын ооздо тоголонуп тамактан өтүшүнө да көмөк көрсөтөт.

Тилдин үстүңкү бетинде жана капталдарында төрт түрдүү даамды; ачууну, таттууну, туздууну жана кычкылды сезе турган 10000ге жакын даам чекити бар.28 Ал даам бүчүрчөлөрү күн сайын жеген ондогон түрдүү азыктын даамын эч адаштырбай сезишибизге шарт түзөт. Тил мурда биз эч билбеген бир тамактын даамын да оңой эле ажырата алат. Ошондуктан эч качан бир дарбыздын даамы грейпфруттай кычкыл сезилбейт же бир тортту туздуу дебейбиз. Болгондо да даам бүчүрчөлөрү миллиарддаган адамда бир азыкты бирдей даам катары сезет. Бүт адамдар үчүн таттуу, туздуу, кычкыл сыяктуу түшүнүктөр бирдей. Кээ бир илимпоздор тилдин мындай жөндөмүн «кереметтүү химия технологиясы» деп аташат.

Тилдин бетинде азыраак даам чекити болгондо кандай болмок?

Анда жеген тамактарыбыздын эч биринин даамын сезе алмак эмеспиз. Таттуунун да, шишкебектин да, нандын да, башка бир тамактын да даамын биле алмак эмеспиз. Эмне жесек дагы баары даамсыз сезилмек. Тамак жеш ырахаттуу бир жакшылык болбой калмак жана биз үчүн күн сайын кылууга мажбур болгон бир азапка айланмак. Бирок андай болбойт жана тилдеги атайын даам бүчүрчөлөрү натыйжасында жеген бүт тамак-аш, азыктардын даамдарын айырмалай алабыз. Ошентип ырахаттануу менен тамак жейбиз.

Даам татуу сезими

Жакшы көргөн тамагыңды оозуңа саларың менен анын даамын сезесиң. Бирок бул кызыктуу процесс кандайча жүрөт?

Кызыктуусу. Тилде, ооз көңдөйүндө жана кекиртекте даам таттыргыч бүртүкчөлөрдеп аталган клеткалар бар. Алардын көпчүлүгү тилдин үстүнкү бетиндеги бүдүрлөрдө жайгашкан. Даам таттыргыч бүртүкчөлөрдө таттуу, кычкыл, ачуу жана туздуу сыяктуу төрт даамды айырмалай турган жүздөй рецепторлор бар. Бирок алар калемпир сыяктуу ачуу даамды айырмалабайт. Андай даамды татымалдар сезгич клеткаларды дүүлүктүргөндө гана сезебиз. Кандай болбосун, даам таттыргыч рецепторлор сезгич нерв менен тыгыз байланышта. Ал сезгич клеткалар тамактагы химиялык заттардын таасири астында дүүлүгүп, мээ сөңгөгүнүн төмөнкү бөлүгүнө дароо белги берет.

Бирок даамды тил менен эле сезбейбиз. Мурун көңдөйүндө 10000дей жытты айырмалай турган 5 миллиондой жыт сезүү рецепторлору бар. Алар даам сезүүдө маанилүү роль ойнойт. Айрым адистердин айтымына ылайык, даам сезүүнүн болжол менен 75 пайызы жыт сезүү менен тыгыз байланышта.

Окумуштуулар химиялык газ датчиктердин жардамы менен жытты аныктай ала турган электр-химиялык «мурун» жасашкан. Анткен менен нейрофизиолог Жон Кауэр мындай деген: «Адам баласы эмне гана ойлоп таппасын, жасаган нерсеси мыкты жана абдан татаал келген биологиялык түзүлүштөргө салыштырмалуу жөнөкөй эле нерсе болуп калат» («Research/Penn State»).

Тамактын даамын сезүү адамга ырахат алып келерин эч ким танбайт. Окумуштуулар адамдын эмне үчүн бир тамакты башка тамактардан жакшы көрөрүн ушу күнгө чейин билбей келишет. «Сайенс дейли» гезитинде: «Окумуштуулар адамдын организминин түзүлүшүн изилдөөдө көптөгөн ийгиликтерге жетти. Бирок даам татуу жана жыт сезүү органдары дагы эле табышмак бойдон калууда»,— деп айтылган.

Даамдардын мээде жаралышы.

 

Даам сезүү кабылдоосун да башка сезүү органдарына окшош абалда түшүндүрүүгө болот. Адамдын тилинин алды жагында төрт ар түрдүү химиялык кабылдоочу бар; булар туздуу, таттуу, кычкыл жана ачуу даамдарына туура келет. Даам кабылдоочуларыбыз бир катар процесстен кийин бул кабылдоолорду электрдик импульстарга айландырышат жана мээге жөнөтүшөт. Жана бул импульстар мээнин арка тарабында даам катары кабылданат. Бир тортту, айранды, лимонду же жакшы көргөн бир мөмөңүздү жегениңизде сезген даамыңыз - чынында электрдик импульстардын мээ тарабынан жоромолдонушу.

Мээңизде пайда болгон бир торт сүрөттөлүшүнө мээңизде пайда болгон таттуу даамы кошулат жана торт жөнүндө бүт нерсени жакшы көрүп каласыз. Сиз аппетит менен жегениңизде даам – чынында электрдик импульстардын мээңизде пайда кылган бир таасири гана. Мээңиз сырттан келген сигналдарды кандайча жоромолдосо, сиз ошону гана билесиз. Ал эми сырттагы нерсеге болсо эч качан жете албайсыз. Мисалы, шоколаддын өзүн көрүп, жыттап, даамын тата албайсыз. Же мээңизге келген даам сезүү нервдериңиз үзүлсө, ошол учурда жеген кандайдыр бир нерсеңиздин даамы мээге жетпей калат жана натыйжада такыр даам сезбей каласыз. Сезген даамдарыңыздын абдан чындыкка жакын болушу, анын үстүнө бул нерселердин көрүнүштөрүн да көрүп жатышыңыз сизди жаңылтпасын. Теманын илимий түшүндүрмөсү дал ушундай.

 Тил анализаторунун паталогиялык оорулары.

Тилдин сезгенүүсү.

Тилиңиз сезгенсе дароо дарыгерге барыңыз.

Тил - тамак-ашты чайноодо, жутууда, сүйлөгөн учурда тыбыштарды пайда кылууда тилдин кызматы зор. Тилдин түп жагында соргучтар болбойт, бирок ал жерде көп сандаган лимфа түйүндөрү жайгашкандыктан ар кандай өлчөмдөгү дөңчөлөр болот. Тилдин астыңкы бетинин былжырлуу кабыкчасы жука жана жылмакай болуп, ооз көңдөйүнүн астына өткөндө ортолук бүктөөнү - тил ооздукчасын түзөт. Ал ооздукчанын эки жагында тил алдындагы соргучтар жайгашкан.

Алардын учунда жаактын жана тилдин астындагы шилекей бездеринин түтүкчөлөрү ачылат.

Тил ооруларынын олуттуу формасы

Тил булчуңдарынын талчалары анын абдан кыймылдуу болушуна жана формасынын өзгөрүп турушуна шарт түзөт. Тил артериясы сырткы күрөө тамырдан чыгып, тилди кан менен жабдыйт. Анын кыймылы тил алдындагы нерв аркылуу булчуңдардын жыйрылуусунун негизинде ишке ашырылат. Айрым учурда тилдин үстү терең издүү болуп, ага тамак-аш калдыктары калып, тил эрозияга учурайт, жарылат. Тилдин булчуңдарынын ашкере өөрчүшүнөн ал өтө чоңоюшу мүмкүн. Тилдин айрым оорулары кабылдап абцесс, флегмонага айлануусу мүмкүн.

Мындай учурда хирургиялык операция колдонулат. Шишик ооруларында анын мүнөзүнө жараша дарылоо жүргүзүлөт. Тилдин түрдүү сезгенүү оорулары - глоссит көп кезигет. Ал тилди тиштеп алуудан же майда сөөк кирип кетүүдөн, дары ичкенден болушу мүмкүн. Тилдин былжыр челинин сезгениши көп учурда ички органдардын оорусунун белгиси болот.

Ошондуктан тили дайыма сезгенгендер дарыгерге кайрылып, текшерүүдөн өтүп туруулары зарыл. Мындан сырткары, тишти щётка менен жууп жатканда тилди кошо тазалоо маанилүү болуп эсептелет.

 

 

Корутунду:

Чынында канча сезүү органыбыз бар?

«Биз айлана-чөйрө менен ушунчалык эркин, оңой өз ара аракеттенишкендиктен, органдарыбыз — анализаторлорубуз — менен сезүү жөндөмдөрүбүздүн жөпжөнөкөй иш-аракеттери үчүн да эмне деген татаал функциялардын аткарылышы талап кылынарын толук элестетиш кыйын»

ТЫНЧ элеттин жолу менен велосипед тээп баратканыңды элестет. Педалды айланткан сайын, бутуңдагы рецепторлор, аны болжогон ылдамдыкта тебиш үчүн, канчалык күч жумшаш керектигин аныктап турат; вестибулярдык анализатор денеңдин тең салмактуулугун сактоого мүмкүндүк берет; таноолоруң жыпар жыттарды сездирет; көзүң теребелдин сулуулугун көрөт; кулагың беренде-куштардын сайраганын угат. Эгер суусасаң, суусундук куюлган бөтөлкөңдү манжаларыңдагы туйдургуч рецепторлордун жардамы менен таап аласың. Даам таттыргыч, ошондой эле суукту жана жылуулукту сездиргич рецепторлор аркылуу суюктуктун даамын, анын жылуу же муздак экенин сезе аласың. Териңдин рецепторлору жана андагы түктөр менен байланышкан рецепторлор шамалдын күчүн билдирип, көзүңдүн жардамы менен кандай ылдамдыкта жүрүп баратканыңды баамдаттырат. Териң денеңе сырткы чөйрөнүн жылуулугу менен нымдуулугу жөнүндө да кабар берет. Ал эми убакытты билүү жөндөмүң жолдо жүргөнүңө болжол менен канча убакыт болгонун аныктай билүүгө жардамдашат. Анан бир убакта ички сезүү жөндөмдөрүң сага бир аз тыным алып, кичине шам-шум этип алууну буйрук кылат. Чынында эле, жашоо — бул сезимдердин кереметтүү өз ара аракеттештиги!

Беш эле сезүү органы барбы?

Жогоруда айтылган сапар маалында канча түрдүү сезүү анализатору катышат? Көрүү, угуу, жыт сезүү, даам билүү жана туюу деп ажыратылган негизги беш орган — анализатор — ганабы? «Британ энциклопедиясында» маалымдалгандай, сезүү анализаторлорун мындай беш түргө байыркы философ Аристотель бөлгөн. Аристотельдин «таасири күчтүү болуп келаткандыктан, көптөр азыркыга чейин, башка сезүү органдары болбогон сыяктуу, беш эле сезүү органын кеп кылышат».

Анткен менен, ал энциклопедияда белгиленгендей, теринин сезгичтигин изилдөө «адамдын сезүү анализаторлору айтылуу бешөө менен гана чектелбейт деп ырастоого мүмкүндүк берет». Кандайча? Буга чейин туюуга кирет деп эсептелинип келген айрым жөндөмдөр учурда сезүү органдарынын өзүнчө түрү катары каралууда. Мисалы, оору сездиргич рецепторлор суук менен жылуулукту, механикалык жана химиялык таасирди сезүү үчүн жооп берет. Дагы башка рецепторлор кайсы жердин кычышып атканын билдирип турат. Ал эми басымды сезүүчү рецепторлордун, эң аз дегенде, эки түрү бар деп ырастоо бейнегиз эмес: алардын биринчилери акырын тийгенди сезет, экинчилери андан күчтүүрөөк таасирлерге дүүлүгөт. Биздин организмде бир катар ички сезүү жөндөмдөрү да бар. Алардын аткарган кызматы кандай?

 

 

Колдонулган адабияттар:

· Хорн Г. Память, импринтинг и мозг. - М.: Мир, 1981. 343 с.

· Хэссет Д. Введение в психофизиологию - М.: Мир, 1988. 248 с.

· Чурикова В.В., Викторов Д.П. Основы микробиологии и вирусологии Воронеж: Изд-во ВГУ, 1994.

· Шеперд Г. Нейробиология: В 2 т. - М.: Мир, 1988. Т.1. 454 с.; Т.2. 368 с.

· Шкловский И.С. Вселенная, жизнь, разум. 1977.

· Шкловский И.С. Звезды: их рождение, жизнь и смерть. 1984.

· Шлегель Г. Общая микробиология – М., 1987.

· Шмидт Р., Тевс Г. Физиология человека / Пер. с англ. - М.: Мир, 1996.

· Шмидт-Неельсон К. Физиология животных / Пер. с англ. - М.: Мир, 1982.

· Шредингер Э. Что такое жизнь с точки зрения физики? - М.: Изд-во иностр. лит-ры, 1947.146 с.

· Шуктомова И.И. Миграция и формы нахождения изотопов тория в почвенно-растительном покрове северо-востока европейской части СССР: Автореф. дис. канд. биол. наук. Обнинск, 1986. 23 с.

· Шульговский В.В. Физиология целенаправленного поведения млекопитающих. - М.: Изд-во Моск. ун-та, 1993. 221 с.

· Эделмен Д., Маунткасл В. Разумный мозг. - М.: Мир, 1981. 133 с.

· Эккерт Р., Рэнделл Д., Огастин Дж. Физиология животных / Пер. с англ. - М.: Мир, 1992.

· Эрдеи-Груз Т. сновы строения материи. - М., 1976,488 стр.

· Эрлих Х. Жизнь микробов в присутствии тяжелых металлов, мышьяка и сурьмы. // Кашнер Д. Жизнь микробов в экстремальных условиях. - М.: Мир, 1981.

· Ястребов М.Т. Содержание 238U, 232Th, 40К в некоторых растениях на гидроморфных почвах Тамбовской области // Вестн. МГУ, 1978. № 4.

 


Дата добавления: 2018-08-06; просмотров: 613; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:




Мы поможем в написании ваших работ!