Сезгенгенде жана кесилгендеги чаралар

Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлиги      Ош гуманитардык педагогикалык институту         Табият таануу жана география факультети                Биология жана химия кафедрасы                 Курстук иш   Предмети:Кишинин жана жаныбарлардын физиологиясы Тема:Организмдеги булчуңдардын иш аракети Аткарган:    Айназик Текшерген:  Сагынбаева Гүлзада Авазбековна Рецензент: Илиязов Жоодар Искендерович Адистиги: Биология Тайпасы:      Б-13-Б

Ош-2016.

                       

Мазмуну

ǀ бап Булчуңдардын организмдеги физиологиялык иш аракеттери

1. Киришүү .................................................................................3

2. Булчуңсистемасы-денедеги күч трибуналары катары…..…….……7

3. Булчуңдардагы контроль системасы........................................................................8

4. Булчуңдар энергиянын булагы катары..................................................10

5. Булчуңдардын денедеги байланыш тармагы........................................11

6. Булчуңдардын шайкештикте иштеши...................................................13

ǀǀ бап Булчуңдардын паталогиялык оорулары

7. Булчуң оорулары......................................................................................17

8. Булчуңдардын түйүлушү.........................................................................19

9. Шал оорусу (булчуңдардын доо кетиши)..............................................19

10. Корутунду...............................................................................................23

11. Колдонулган адабияттар..................................................................... 27

 

 

ǀ бап

1.Киришүү

 

 

Булчуң системасы. Адамдын денесинде орто эсеп менен бөөдөн ашык ар түрдүү формадагы жана түзүлүштөгү булчуң эттер бар. Алар чоюлууга, кыскарууга, жооноюуга жана ичкерүүгө жөндөмдүү. Булчуңдардын бир түрү — туура ала булчуң тканынан, экинчиси жылма булчуң тканынан турат.

Туура ала булчуңдар

Туура ала булчуңдар негизинен скелет булчуңдарын түзөт. Булчуңдар кыймылдоо, жумуш аткаруу мезгилинде көп энергия бөлүп чыгарат. Ал энергиянын 30%и механикалык иш аткарууга жумшалат. Ал эми анын 70%и жылуулукка айланат. Ошентип булчуң системасы денедеги жылуулук пайда кылуучу эң күчтүү генератор да болуп эсептелет. Эгерде булчуңдарды туурасынан жука кесип карасак, анда ар бир булчуң өзүнчө талтал жипчелерден турарын көрөбүз. Ал жипчелер бири-бири менен байламта ткандар менен туташып, булчуңдарды түзөт. Булчуң жипчелерин туташтыруучу байламта ткандар ар бир булчуңдун учунда булчуң тарамыштарына айланат (к. Тарамыш). Бул тарамыштардын жардамы менен булчуңдар сөөктөргө бекийт. Сөөккө бекүүчү тарамыштардын талчалары кыл аркан сыяктуу оролуп, чоюлганда өзүнүн алгачкы узундугунан 4%ке чейин узарат.

Денедеги бардык булчуңдардын жетишерлик өлчөмдө кан тамыры жана нервдери болот. Ошондуктан, булчуңдарда зат алмашуу жүрүп, иши ойдогудай тартипке салынып турат.

Сырткы көрүнүшү жана аткарган милдеттери

Булчуңдар сырткы көрүнүшү боюнча узун, кыска, жазы, жумуру, тегерек жана түз болот. Ал эми аткарган милдетине карата булчуңдар жумдургуч, ачтыргыч, бүктүргүч, жаздыргыч, денеге жакындатуучу жана денеден алыстатуучу болуп бөлүнөт. Сөөккө бекүүчү учтарынын саны боюнча булчуңдар бир ача, эки ача, үч ача жана төрт ачалуу болот. Ар кандай топтогу булчуңдардын функциялары ар түрдүү.

Кол-буттун булчуңдары басып жүрүүдө жана ар кыл. кара жумуш аткарууда башкы роль ойнойт. Айрыкча киши үчүн эмгек органы болуп калган колдун кыймылы көп түрдүү. Ийин муунундагы кыймылды бир учу ийин курчоосунун сөөктөрүнө, ал эми экинчи учу карууга бекиген булчуңдар аткарат. Кишинин манжаларынын абдан чебер кыймылы билекке, кырк муунга жана алакан сөөктөрүнө жайгашкан көп булчуңдардын жыйрылуусу жана жазылуусу менен болот. Ал булчуңдар манжа сөөктөрү менен узун тарамыш аркылуу байланышкан. Кишинин буттарынын булчуңдары кабелтең, демек булар колдун булчуңдарынан күчтүү болот. Бут басып жүрүү функциясын аткарат жана дененин бүт салмагын көтөрөт. Кишинин жото жилигинин арткы бетинде жаткан балтыр булчуңу өтө күчтүү өөрчүгөн. Бул булчуң жыйрылып бутту тизеде бүгөт, согончокту өйдө көтөрөт жана буттун кетменин сыртка бурат. Мындай кыймыл басуу жана жүгүрүүдө маанилүү. Кишиде соору булчуңдары да жакшы өөрчүгөн. Булар жамбаш сөөккө жана кашка жиликке бекийт. Соору булчуңдары чыйралышып жамбаш муунду былк эттирбейт. Бул биздин денебиздин тик туруу абалын сактоодо чоң роль ойнойт. Омуртка булчуңдары бут булчуңдары менен кошулуп, кишинин денесин тик абалда кармап турууга катышат жана башка кыйла функцияларды аткарат. Желке булчуңдары бир учу менен баш сөөккө, ал эми экинчиси менен тулку сөөктөрүнө бекийт. Булар жыйрылып башты шылкыйтпай түз кармайт.

Кишинин булчуң системасы: 1—бет булчуңдары; 2—моюндун тери алдындагы булчуңу; 3— салаа сымал булчуң; 4— көкүрөктүн чоң булчуңу; 5— билек булчуңу; 6— курсактын кыйшык булчуңу; 7 — сан булчуңдары; 8— сандын төрт баштуу булчуңунун тарамышы; 9— манжаны жазуучу узун булчуң тарамышы; 10—манжаны жазуучу узун булчуң; 11— кол манжасын бүгүүчү булчуң; 12 — курсактын түз булчуңу; 13— ийиндин эки баштуу булчуңу; 14— кабырга арасындагы булчуң.

 

Булчуңдар

Дененин тик абалын сактоодо омуртка булчуңдардын мааниси зор; булар омуртка тутумун бойлоп жайгашып, артка багытталган кыр урчуктарына бекийт. Көкүрөк булчуңдары колдун жана дем алуу кыймылдарына катышат. Мисалы, төштүн чоң булчуңу колду ылдый түшүрүүгө жана терең дем алууга катышат. Курсак булчуңдары ар түрдүү функцияларды аткарат. Тулку бойдун эңкейүүсү, капталга кыйшаюусу, оңго, солго бурулуусу ушул булчуңдардын ар кайсы тобунун жыйрылышына байланыштуу болот. Ич булчуңдар чогуу жыйрылганда курсактын бети курсак көңдөйүндөгү ички органдарды басып пресс сыяктуу кысат.

Баш булчуңдары

Баш булчуңдары кызматына жараша чайнаткыч жана ымдооч болуп эки топко бөлүнөт. Сүйүнүү, өкүнүү, кубануу, жек көрүү, ойлонуу, кыжырлануу, үрөй учуу, таңыркоо жана башка кишинин жүзүнүн ырайын өзгөртөт. Беттин ушундай өзгөрүп кыймылдашы — мимика-ымдооч булчуңдардын жыйрылышы жана жазылуусу менен болот, булардын бир учу адатта баш сөөккө, экинчиси териге бекиген. Ымдооч булчуңдар кишиде жана маймылдарда гана жакшы өөрчүгөн. Чайнаткыч булчуңдар жыйрылып, астыңкы жаакты көтөрөт. Андан башка бул булчуңдар алмак-салмак таасир көрсөтүү менен астыңкы жаакты оңго-солго, алга-артка бир аз кыймылдатат.

Булчуңдардын ичинен түзүлүшү боюнча жүрөк булчуңу өзгөчө орунда турат. Жүрөк булчуңу скелетбулчуңуна да окшобойт. Жүрөк булчуңу өмүр бою өзүнчө бир ыргак менен жыйрылып жана бошоңдоп турат.

Жылма булчуңдар

Жылма булчуңдар негизинен артерия, вена жана лимфа тамырларынын беттерин, тамак сиңирүүчү органдарды, дем алуу органдарын, өт баштыгын, табарсыкты жана жатынды түзөт. Жылма булчуңдар чачты тургузат, тери бездерин курчайт. Керектүү учурда көздүн карегин чоңойтот жана кичирейтет. Жылма булчуңдар өмүр бою өтө кылдат, бир калыпта жыйрылып жана бошоңдоп иштейт. Ошонун негизинде адам уктап жатса да анын ичкен тамагы тамак сиңирүүчү система аркылуу акырындап жылып жана сиңе берет. Жылма булчуңдардын бул ишин вегетатив жана борбордук нерв системасы башкарат. Булчуң системасы адам жашына жараша өзгөрүп жана өсүп турат.

Баланын булчуң системасы

Баланын булчуң эти анын жалпы салмагынын 23%ин гана түзөт. Сегиз жаштагы баланын булчуң эти анын жалпы салмагынын 27%ин, ал эми 15 жашка толгондо 33%ке чейин өсөт. Адам бойго жеткенде бул салмак 35 — 40%ке чейин көбөйөт. Ымыркай баланын булчуңдарында кан тамырлар менен нервдер жетиштүү болгону менен бириктиргич ткандар начар өөрчүгөн. Бара-бара жипчелери жооноюп, булчуңдар өздөрүнүн туруктуу түрлөрүнө айланат жана аларга күч кирет. Каргыш менен тарамыштардын сөөктөргө бекүүчү аянттары чоңоёт, акырындап булчуң системасынын түзүлүшү боюнча эркек бала кыз баладан айырмалана баштайт. Ал эми адам улгайган жана карыган сайын анын булчуң системасы акырындап алсызданып, салмагы 30%ке чейин азаят.

2.Булчуң системасы - денедеги күч трибуналары катары

Бир автомобильди бир гана мотор жүргүзөт. Учактарды болсо 1, 2 же 4 мотор учурат. Бир китепти колуңузга кармашыңызда же бир кадам ташташыңызда канча мотор иштейт?

«Миллиарддаган Кичинекей Мотор»

Миллиарддаган кичинекей микроскопиялык мотор –азыр эмне кылып жатсаңыз да- сиз ал кыймылды жасашыңыз үчүн керектүү күчтү өндүрүшөт. Ал моторлор – «булчуң жипчелериңиз».

Денеңизде 6 миллиарддан ашык мотор бар. Ал кичинекей моторлор сизге суу ичирет, машинаны башкартат, бастырат, сүйлөтөт, жүрөгүңүздү соктурат, көзүңүздү жумдурат, дем алдырат, тамак жедирет, моюнуңузду бурдурат... Ал тургай, бул саптарды окуп жатканда, көзүңүздүн саптарды ээрчип солдон оңду көздөй кыймылдашы да ошол кичинекей моторлор берген күч аркылуу болот.

Булчуңдардагы моторлордун көлөмү колдонулган жерине жараша өзгөрөт. Кээ бир моторлордун көлөмү сантиметрдин жүз миңден бириндей болсо, кээ бир моторлордун көлөмдөрү 3 сантиметрге жетет.

Кичинекей моторлор, б.а. булчуң жипчелери (булчуң талчалары) чогулуп, чоң күч трибуналарын, б.а. булчуңдарды түзөт. Мисалы, колуңузду кысышыңызга шарт түзгөн алдыңкы кол булчуңу миллиондогон кичинекей мотордун жыйындысынан турат.

Адам денесинде майда-чоң 400дөн ашык күч трибунасы бар. Кээ бир булчуңдар, мисалы көзгө кирген жарыктын көлөмүн жөнгө салган булчуңдар майда. Кээ бир булчуңдар болсо –адам салмагын көтөргөн бут булчуңдары сыяктуу- чоң. Бирок чоң же кичине болсун, бүт булчуңдардын иштөө принциби бирдей: миллиарддаган кичинекей моторлор чогуу иштеп булчуңдарды кыймылдатат. Мисалы, колуңузга бир калем алып, көздөрүңүз менен кагазды карап жазып жатканыңызда ал моторлор түзгөн 100дөн ашык булчуң иштейт.74

Денебиздеги бүт булчуңдардын иштөө системасы өтө так чектер менен белгиленген. Мындан тышкары, кыймылдай алышыбыз үчүн булчуңдарыбыз белгилүү шайкештикте иштеши зарыл. Булчуңдардын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул биздин өмүрүбүздү уланткан бир контроль системасына көз-каранды болушу.

3. Булчуңдардагы контроль системасы

Адам денесиндеги булчуңдар башкарыла алган булчуңдар (эрктен көз-каранды) жана башкарылгыс булчуңдар (эрктен тышкары) болуп экиге бөлүнөт.

Башкарыла алган булчуңдарды кыймылдатуу үчүн ойлонуп, чечим алышыңыз керек болот. Мисалы, колуңузду бүккүңүз келсе, мээңизден келген буйруктун негизинде булчуңдар жыйрылып, колуңуз бүгүлөт.

Эрктен тышкары иштеген булчуңдарды башкаруу болсо биздин эркибизден көз-каранды эмес. Башкарылгыс булчуңдардын кызматы өтө маанилүү болгондуктан, ал булчуңдардын кыймылы атайын бир система (автономдуу нерв системасы) тарабынан контрольдонот. Ошондуктан жүрөгүңүз, ашказаныңыз жана ичегилериңиз өз милдетин сиздин эркиңизден тышкары жасашат. Бул адам өмүрү үчүн көрүлгөн өтө маанилүү бир чара.

Ушул учурдан баштап бул булчуңдардын контролу сизге тапшырылса эмне болоор эле? Денеңиздеги эрктен тышкары булчуңдардын бирөөсүнүн, мисалы, жүрөк булчуңунун контролу сизге берилди дейли. Анда бүт убактыңызды –башка эч бир жумуш жасабастан- жүрөк булчуңунун жыйрылышына коротушуңуз керек болмок. Себеби жүрөк булчуңу – бир саамга да токтобош керек болгон бир булчуң. Бул уктаган кезиңизге да тиешелүү. Жүрөгүңүз уктаганда да иштейт, бирок жайыраак иштейт. Ошондуктан жүрөк булчуңунун иштөө ылдамдыгын да шартка жараша жөнгө салышыңыз керек болмок. Көрүнүп тургандай, уктаганыңызда –эми жүрөгүңүздүн иштешин башкара албай калганыңыз үчүн- сөзсүз көз жуммаксыз.

Бир эле мисал да жүрөктөрдө белгиленген чектин канчалык маанилүү жана кемчиликсиз экенин түшүнүүгө жетиштүү.

Денеде эрктен көз-каранды жана эрктен көз-карандысыз булчуңдар бар экенин айткан элек. Аны менен бирге адам денесиндеги кээ бир булчуңдар кээде адамдын контролунда, кээде болсо контролунан тышкары иштейт. Мисалы, көз кабагыңызды өз каалооңуз менен да, эркиңизден тышкары рефлекс катары да ачып жаба аласыз. Мындан тышкары диафрагма булчуңу да каалаганда контролдоно алчу бир булчуң. Бирок күнүмдүк жашоодо автоматтык түрдө иштейт жана дем алып-чыгарышыбызды камсыз кылат.

4. Булчуңдар энергиянын булагы катары

Жогоруда булчуң жипчелерин (булчуң талчаларын) мотор деп атаган элек. Чындап эле булчуң жипчелери 25% өндүрүмдүүлүк менен иштеген механизмдер; бул заманбап автомобиль моторлорунун өндүрүмдүүлүгүнө болжол менен тең бир чоңдук.

Булчуң жипчелери кантип иштейт? Бул суроонун жообун кайра эле моторго салыштыруу аркылуу берели.

Эгер бир мотор бар болсо, эң башта ал моторду иштете турган күйүүчү май керек. Булчуңдардын күйүүчү майы болсо кан айлануу аркылуу жеткирилген кант (гликоген). Булчуңдардын ичинде бул жогору октандуу бензиндин (гликогендин) бир бөлүгү сактап коюлат. Автомобильдердин моторунда кыймылга келиши үчүн поршеньдердин ичине күйүүчү май чачыратылат. Сырттан берилген бир жалын бууга айланган бензинди күйгүзүп, поршень кыймылдайт жана үзгүлтүксүз күйүү натыйжасында үзгүлтүксүз кыймыл келип чыгат. Албетте, булардын баары бир өнөр-жай долбоорунун натыйжасында моторго берилген касиеттер.

Бирок бир булчуң клеткасынын өнөр-жай долбоору мындан бир топ жогору. Бул кичинекей мотор жалын (от тутантуу) функциясын да, поршень функциясын да аткарат. Клетка кант молекуласынын ичиндеги энергияны чыгарып, ал энергияны кайра өзүнүн жыйрылышында колдонот. Б.а. химиялык бир молекуладан энергиянын чыгарылышы да, ал энергиянын физикалык күчкө айландырылышы да булчуң клеткасында болот.

Булчуң клеткасында өндүрүлгөн энергия булчуңду түзгөн белокторго таасир берет. Белоктор бир-бирин тартат жана клетка жыйрылып кыскарат. Тарамыштар аркылуу сөөктөргө туташкан булчуңдар мындай жыйрылуу натыйжасында сөөктү тартышат.

Мындай жыйрылуу өтө чоң күчтү пайда кылат. Мисалы, жазылып турган бир колдун чыканактан бүгүлүшү үчүн алдыңкы кол булчуңдарынын 2 см жыйрылышы жетиштүү болот. Бул жыйрылуу алдыңкы кол сөөгүн тартып, бүт колду бүгөт.

Кыймылдоо үчүн колдонгон булчуңдарыбыздын баарынын иштеши ушул катар менен болот. Эң жөнөкөй кыймылдардын бири болгон көзүбүздү ачып-жумуу үчүн да көп санда булчуңубуз иштеши керек.

 Булчуңдардагы сигналдык системанын иштеши

Сиз колуңузду кыймылдаткыңыз келээр замат мээңизден бир электрдик сигнал жолго чыгат. Бул татаал сапарда сигнал алгач жүлүнгө жолугат. Ал жерден болсо кабар жетиши керек болгон органды көздөй тездик менен жүрүп отурат. Электрдик сигнал булчуңдун үстүңкү бетинен өтүп, булчуңду түзгөн миллиондогон мотордун –булчуң жипчесинин- «ачкычын бурайт». Сигналды алган жипчелер ошол замат жооп берип, жыйрылышат. Натыйжада кол булчуңу жалпылай жыйрылып, кол чыканактан бүгүлөт. Бул процесстердин баары көз ачып жумганча болуп бүтөт. Бүт ачкычтарды бурап «от алдыруу» секунданын миңден биринчелик өтө кыска убакытта ишке ашат. Б.а. булчуңдардан өткөн электрдик заряд секунданын миңден бириндей (1 миллисекунда) бир ылдамдык менен булчуң жипчелерин от алдырат.

Булчуңдарга келген буйруктар нерв системасында өндүрүлүп, кайра нерв системасында жеткирилет. Ошондуктан булчуң системасы бир жагынан нерв системасынын буйругу астында иштейт. Булчуңдардын шайкештикте иштеши денедеги координация аркылуу ишке ашат.

5. Булчуңдардын денедеги байланыш тармагы

Координациянын биринчи шарты – бул туура маалымат топтоо. Туура маалымат жыйналганда гана жаңы анализдер жасала алат. Булчуңдар туура иштеши үчүн денеде кереметтүү бир кабарлашуу тармагы орун алган.

Координацияланган бир кыймылды жасай алуу үчүн баарынан мурда ал кыймыл менен байланыштуу дене органдарынын абалын жана бир-бири менен байланышын билүү керек. Мындай маалымат көздөрдөн, ички кулактагы тең салмактуулук механизминен, булчуңдардан, муундардан жана териден келет. Ар секунда миллиарддаган маалымат иштелип, анализ кылынат жана ошого жараша жаңы чечимдер алынат.

Миллиондогон маалымат бергичтер дененин ичине орнотулган. Булчуңдар менен муундардын ичинде дененин ошол учурдагы абалына байланыштуу маалыматтарды берген миллиарддаган кичинекей микрорецептор (микро кабылдагыч) бар. Ал кабылдагычтардан келген кабарлар борбордук нерв системасына жетип, ал жердеги анализге жараша булчуңдарга жаңы буйруктар берилет.

Бул координацияга тагыраак бир мисал берели. Бир эле колуңузду көтөрүшүңүз үчүн далыңыз бүгүлүшү, «бицепс» жана «трицепс» деп аталган алдыңкы жана арткы кол булчуңдары катары менен жыйрылып жумшарышы, чыканагыңыз менен билегиңиздин арасындагы булчуңдар билегиңизди айландырышы, кол менен манжаларды контрольдогон булчуңдар ишке кирип, колуңузга керектүү форманы бериши зарыл. Кыймылдын ар бир этабында булчуңдардын ичиндеги миллиондогон рецептор тынымсыз булчуңдардын абалдарын борборго билдирет. Борбордон болсо булчуңдарга бир аздан соң эмне кылышы керек экени билдирилет. Албетте, адам укмуш ылдамдыкта жүргөн мындай химиялык жана физикалык реакциялардан кабарсыз, бир гана колун көтөрүүнү каалайт жана көтөрөт.

Сүйлөө үчүн да өзгөчө бир аракет кылбайбыз. Каалаган сөздөрүбүз оозубуздан чыгышы үчүн тыбыш байламталарынын кандай бурчта, канчалык титиреши керектигин, оозубуздагы, тилибиздеги, тамагыбыздагы жүздөгөн булчуңдун кайсыларынын, кандай катар менен канча жолу, кандай деңгээлде жыйрып жумшартаарыбызды, өпкөлөрүбүзгө канча сантиметр куб аба алып, ал абаны кандай ылдамдыкта жана интервалда чыгарышыбыз керек экенин эсептеп отурбайбыз.

Нерв системасы бир гана булчуңдардан эмес, ошондой эле ички органдардын абалдарынан жана иш-аракеттеринен да кабардар. Ал маалыматтар да иштелип, керектүү чаралар көрүлөт. Сиз уктап жатканда да өтө маанилүү органдарыңыз нерв системасынын бир бөлүгүнөн –астыңкы мээ менен жүлүндөн- келген буйруктар негизинде иштей берет. Жүрөгүңүз согуп, өпкөлөрүңүз иштейт жана дем аласыз.

Дененин иштөө системасында эч бир компьютер жете албай турган бир маалымат иштетүү ылдамдыгы бар. Эң жөнөкөй иштен эң татаал иштерге чейин эмне гана кылбаңыз, денеңизде кереметтүү эсептөөлөр жасалат.Апачык көрүнүп тургандай, бул айтылгандардын баары чексиз күч-кудурет талап кылган бир жаратуу натыйжасында ишке ашат.

 

6. Булчуңдардын шайкештикте иштеши

Кичине бир жылмайуу же жөнөкөй бир күлүмсүрөө үчүн 17 булчуң бир учурда, туура иштеши зарыл. 17 булчуңдун бирөөсү эле иштебесе же өз милдетин туура эмес жасаса, адам күлүмсүрөй албайт, болгондо да беттеги мимиканын да мааниси жоголот.

Адам жүзүндө жалаң мимикалардан жооптуу 28 башка булчуң болот. Ал булчуңдардын ар кандай комбинацияда жыйрылышы натыйжасында миңдеген жүз мимикасын жасоого болот. Ачуулануу, таң калуу, бейпилдик, ырахат алуу сыяктуу руханий абалдардын ар биринин адам жүзүндө булчуңдар тарабынан формага келтирилген бир чагылуусу бар.

Жөнөкөй бир кадам үчүн буттардагы жана белдеги 54 башка булчуңдун шайкештикте иштеши шарт. Бир гүлдү кармоо же бир чыны суу ичүү 27 сөөк жана аларга багыт берген кемчиликсиз бир булчуң жана нерв системасынын көмөгү менен ишке ашат.

Көз ирмөө жана салмак көтөрүү

Адам денесиндеги жүздөгөн булчуңдун ар биринин узундугу, көтөрүү күчү, кылдат ишти жасоо жөндөмү, ийкемдүүлүк сыяктуу касиеттери өзгөчө.

Денедеги булчуңдар көз ирмөө сыяктуу жөнөкөй бир иштен, чоң салмактарды көтөрүүгө чейин көптөгөн ар кандай кызматты аткарышат. Көз булчуңдары түзүлүшү жагынан кол булчуңдарынан же бут булчуңдарынан өтө айырмаланат. Бирок баарынын орток өзгөчөлүгү, бүт булчуңдар өтө жогору өндүрүмдүүүлүк, кемчиликсиз шайкештик жана чоң күч өндүрүү менен иштешет. Бир адамдын бүт булчуңдарынын жалпы күчү өтө жогору. Денедеги бүт булчуңдарды чогуу колдонуу мүмкүн болгондо, чоң бир жүк ташуучу машинаны бир заматта көтөрө ала турган күчтө боло алмакпыз.75

Кийинки бөлүмдөрдө терең каралгандай, булчуңдардын ар биринин ар кандай өзгөчөлүктө болушу апачык бир долбоордун бар экенин көрсөтөт. Адам денесинде ар бир булчуңдун керектүү жерде болушун, көлөмүнүн, ийкемдүүлүгүнүн, кубаттуулугунун бир-биринен айырмалуу, бирок баарынын өз ордунда болушун кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Ар бир булчуң денедеги керектүү жерлерге, дал керектүү өзгөчөлүктөр менен бирге жайгаштырылган. Мисалы, көз булчуңунун өзгөчөлүктөрүнүн кол булчуңунда болушунун эч кандай мааниси жок. Же эрктен тышкары иштеген жүрөк булчуңубузга окшогон булчуңдун буттарыбызда болушу адамга пайда эмес, зыян алып келмек. Бирок эч мындай болбойт. Адам денесиндеги ар бир булчуң дал керектүү жерде жана дал керектүү өзгөчөлүктө.

Кандайдыр бир нерсени көтөрүүнү кааласак, борбордук нерв системасы эң туура бүгүлүүнү камсыз кылуу үчүн кол булчуңдарынын ошол учурдагы узундугун, абалын жана чоюлушун билиши керек. Кол көтөрүү керек болгон затка созулганда борбордук нерв системасы созулууну токтотуп, аны кармата турган кол булчуңдарын иштетиши керек. Ал буюмду кармаган соң колду тартуу үчүн керектүү маалыматтар «булчуң жүлүнү» деп аталган атайын сезүү органдарына жиберилиши керек. Эгер биз кыймылдашыбыз үчүн керектүү химиялык механизм кандайдыр бир таасир менен тосулуп калса, бул шалдыкка (паралич) себеп болот.

Шал – булчуңдарга барган нервдер иштебей калгандыктан, ал органдын иштебей калышы. Мисалы, колу шал адам аны эч качан кыймылдата албайт. Колго созулган нерв клеткалары ишке жарабай калган, жана булчуңдар жыйрылышы үчүн мээден келген буйрукту тиешелүү жерге жеткире алышпайт. Натыйжада адамга өтө керектүү органдардын бири болгон кол өз ордунда ошол бойдон турганы менен ишке жараксыз болуп калат.

Бир эле нерв клеткасынын сигналды өткөрбөшү бир органдын иштебей калышына жетиштүү болот. Ошондуктан бул системанын бир эле бөлүгү жок болсо, система иштебейт. Мындан тышкары, бул жерге чейин айтылгандардан да көрүнүп тургандай, булчуңдардын иштешинде тынымсыз маалымат агып турат. Маалымат бар жерде болсо акыл бар. Жүлүн аркылуу иштеген бул системадагы бүт мүчөлөрдүн келген кабарларды түшүнүп ишке ашырышы акылды талап кылат. Сөз уккан булчуңдар келген буйруктардын негизинде иштеши зарыл. Болгондо да, кээ бир булчуңдарыбыз биздин каалообуз менен иштейт. Б.а. ал булчуңдар иштөө үчүн эң башта биздин эмне ойлонгонубузду билиши зарыл.

Бул жагынан ойлогондо, булчуңдардагы маалыматтын, араларындагы байланышты камсыз кылган системанын же оюбузга келгенди окуй алуу жөндөмүнүн кокустуктар натыйжасында пайда боло албашы анык. Булчуң клеткаларынын акылман болушу да мүмкүн эмес.Адам алгач пайда болгондон бери бул система бар жана кемчиликсиз иштеп келе жатат. Биринчи адамдын булчуңдары да бул маалыматтарга ээ, мындан кийин дүйнөгө келе турган адамдардын булчуңдарында да бул маалыматтар болот.

Кыймылдын оңой болушунун себеби: Кемчиликсиз шайкештик

Адам денесиндеги булчуңдардын кыймылы дайыма бир багыттуу болот. Мисалы, алдыңкы кол булчуңу колду бүгөт, бирок кайра мурдакы абалына келтире албайт. Мына ошондо арткы кол булчуңу ишке кирип, колду тартат. Натыйжада кол мурдакы абалына келет. Бул булчуңдар кезек менен иштеши керек. Антпесе, бири иштеп жатканда экинчиси да ишке кирсе кол кыймылдай албай калат. Денедеги кемчиликсиз координация денедеги булчуңдардын иштөө кезегин да жөнгө салат.

Булчуң чыгарган күчтүн кыймылга айланышындагы эң негизги фактор – бул, албетте, сөөктөр. Булчуң жыйрылганда сөөктөрдү тартып, аларды кыймылдатат. Булчуңдар сөөктөргө ушунчалык ыңгайлуу туташкандыктан, ийкемдүү да боло алат, жыйрыла да алат. Эгер сөөк болбогондо, булчуң чыгарган күч кыймылга айланмак эмес. Ошол сыяктуу, эгер булчуңдар болбогондо, сөөктөр кыймылдай алышмак эмес.

Адам кыймылдай алышы үчүн жалпысы 200дөн ашык сөөк менен 400дөн ашык булчуң кереметтүү бир координацияда иштейт. Сөөктөр кыймылга мүмкүнчүлүк бере турган эң идеалдуу дизайнда бир-бирине уланышкан. Булчуңдар да сөөктөрдү эч кыйынчылыксыз кыймылдата турган абалда жайгаштырылган. Бул эки системанын адам денесин кыймылдатышынан сөөктү булчуңга туташтырган байланыштын өзгөчөлүгүнө чейин бүт тарапта апачык бир планды көрүүгө болот. Байланыш алсыз болуп, сөөк булчуңдан бөлүнүп да кетпейт, өтө күчтүү болуп булчуңдар кыймылдабай да калбайт.

 

ǀǀ бап Булчуңдардын паталогиялык оорулары

7. Булчуң оорулары

Булчуң системасынын оорулары. Өөрчүү кемтигинде диафрагманын өөрчүшү бузулуп, чурку пайда болот. Зат алмашуу бузулганда, сезгенүү процессинде, шишик пайда болгондо, травмада, ошондой эле ири артериялар бүтөлүп калганда анын тегерегиндеги булчуң тканы бузулат. Ар кандай себептерден булчуңдар начарлап, булчуң талчалары ичкерет. Кары кишилерде булчуңдун атрофиясы физиологиялык кубулуш болуп эсептелет. Кээде нерв системасынын ооруларында, жалпы организмди ууландыруучу ооруларда, булчуңдун функциясы бузулганда атрофия болушу мүмкүн. Булчуңдун гипертрофиясы демейде физиологиялык жана машыгуудан болот. Булчуң гипертрофиясы кээ бир тукум куума ооруларда байкалат.

Булчуңдун шишик оорулары аз кезигет. Булчуң системасынын сезгенүү ооруларынан миозит көп кездешет. Абсцесс (ириңдүү шишик) — болгон учурда хирургиялык жол менен дарылайт. Булчуң урунганда ооруп, шишип чыгат (к. Кокустатуу). Булчуң үзүлүп кетсе операция жасап тигет, бир аз айрылса, таңып койсо эле бүтүп калат. Булчуң өтө жабыркаса тырык болуп, контрактурага алып келет. Булчуңдун кызматын калыбына келтирүүдө массаж, айыктыруу физкультурасынын мааниси чоң .

Массаж (укалоо) — органдарга жана ткандарга атайын аппарат же кол менен механикалык, рефлекстик таасир кылуучу дарылоо ыкмасы. М-дын организмге таасири организмдин көп системасы менен органдары катышкан татаал физиологиялык процесстерден келип чыгат. Анда негизги ролду нерв системасы ойнойт. Мындан башка гумордук фактордун да ролу зор. Массаждын таасиринен териде биологиялык активдүү заттар пайда болот. Алар канга өтүп, кан тамырлардын реакцияларында, нерв импульстарын берүүдө катышат. Аны менен бирге массаж ткандарга түздөн-түз механикалык таасир этип, натыйжада лимфа, кан, ткандардын арасындагы суюктуктун айланышы күчөйт, зат алмашуу жакшырат. Теринин ийилгичтиги, температурага жана механикалык таасирге туруктуулугу жогорулайт, булчуңдардын жыйрылуу функциясы, тонусу оңолот, байламталардын кыймылы күчөйт. Массаж жүрөк-кан тамыр системасынын ишин жакшыртат; капиллярлар кеңейип укалаган жердеги ткандардын гана эмес, андан алыс жайгашкан ткандардын кан менен жакшы камсыз болушуна (рефлекс жолу менен) мүмкүнчүлүк берет; артерия жана вена канынын жүрүшүн жеңилдетет. Массаждан кийин организмдин жалпы абалы оңолуп, чарчоо жоголот. Массаж жалпы (анда бүт дене укаланат) жана чектелген (дененин бир бөлүгү, мисалы, бут кетмени, манжа жана башкалар) болуп бөлүнөт. Массаждын негизги ыкмалары — сылап-сыйпалоо, сүрүү, ушалоо жана дирилдетүү. Массаж процедурасы сылап-сыйпоо менен башталып, аны менен бүтөт. Ал манжалардын учу, алакан менен денеге, кол-бутка узатасынан же туурасынан; ичке, аркага, жамбашка ийри-буйру; ичке, муундарга спиралдай тегерете жасалат.

Массаждын түрлөрү

Массаждын дарылоочу, спорттук, гигиеналык жана косметикалык түрлөрү бар.

Дарылоочу массажды таяныч-кыймыл аппаратын, муундардын түрдүү ооруларын, травмасын, куяңды жана башкалар комплекстүү дарылоодо врач белгилейт. 0шондой эле массаж жүрөк-кан тамыр, дем алуу, нерв системаларынын ооруларында, зат алмашуунун бузулушунда (өтө семирүү, подагра) жана башкаларда колдонулат.

Спорттук массаж чарчоону жоготууда жана күч-кубатты калыбына келтирүү үчүн пайдаланылат. Ал даярдоочу, машыктыруучу, калыбына келтирүүчү болуп бөлүнөт. Гигиеналык массаж көбүнчө эртең мененки гимнастика менен бирге жасалат. Андан киши сергек, сымбаттуу болот.

Гигиеналык массаждын бир түрү — өзүн-өзү укалоо. Өзүн-өзү укалоо организмдин тонусун, ишке жөндөмдүүлүгүн, булчуңдардын күчүн жогорулатат, чарчоону басат жана чарчагандан кийин тезинен калыбына келтирет. Ал үчүн массаждын бардык эрежелерин колдонуу зарыл. Укалоочу колдун кыймылдары четтен борборго (лимфа түйүндөрү жайгашкан жерлерге, колтукка, чыканак бүктөөсүнө) карай умтулат. Жалпы массаж 10—15 мин., дененин кээ бир бөлүктөрү 5—10 мин. жасалат. массажды бут кетменинен баштап, шыйрак, тизе мууну, сан, бел кырчоо, арка, моюн, баш, көкүрөк, ич жана эң акырында колдорду укалайт. Балдарды М. жасоо өзгөчөлүктөрүн к. Эмчектеги бала, Мектепке чейинки бала.

Косметикалык массажды врач-косметолог косметика кабинеттеринде жасайт.

8. Булчуңдардын түйүлүшү

Булчуңдардын түйүлүшү- булчуңдардын капысынан эрксиз жыйрылышынан улам келип чыгат. Нерв системасынын ооруларында талма, селейме, невроздор, ууланганда, зат алмашуу жана ички секреция бездеринин иши бузулганда болот. Себептерине жараша капысынан кармайт же мезгили менен кайталанып турат. Кээ бир оорулууларды чочутканда (капысынан катуу үн чыкканда; ийне менен сайганда), терең дем алганда, өтө ысык бөлмөдө, ичкиликти көп ичкенде булчуңдар түйүлөт. Ал бир аз убакытка созулат, көбүнчө катуу ооруйт. Дени соо киши көп басканда, ошондой эле сууда сүзгөндө көбүнчө балтыр булчуңдары түйүлөт.

Балтыр булчуң түйүлгөндө өзүнө өзү жардам көрсөтүүгө болот

1- Бир кол менен буттун башын түзөп, экинчи кол менен балтыр булчуңду ушалоо керек.

2- Басып жүргөндө булчуң түйүлсө, бир кол менен буттун кетменин кыймылдатып, ошол мезгилде экинчи кол менен балтыр булчуңду өйдө-ылдый сылоо керек.

3- Отурганда же жатканда булчуң түйүлсө, тез ошол буттун таманын жерге текши тийгизип туруу оң.

Булчуңу көп түйүлгөн кишиге алыска сүзүүгө болбойт. Жалпы булчуңдар түйүлгөн приступта (мисалы, талма) киши эстен танып жыгылып калышы мүмкүн. Бул убакта тезинен дарыгер чакыруу зарыл. Дарыгер келгенче оорулуу бир жерин кокустатып албашы үчүн кармап туруу, башына жумшак нерсе төшөп жана тилин чайнап албасын үчүн оозуна кашыкты чүпүрөккө ороп тиштин ортосуна коюу сунуш кылынат. Булчуңдардын түйүлүшү - демейде оорунун белгиси, андыктан врачка кайрылып, себебин табуу жана дарылоо керек.

 

9. Булчуңдардын доо кетиши – шал оорусу

Полиомиелит (polio (грекче) – боз, myelos – мээ) – балдардын жугуштуу шал оорусу, жапайы полиовирустан пайда болуучу өмүр үчүн коркунучтуу жугуштуу оору. Бул нерв тутумун (жүлүндүн боз затын) кескин ооруксунтуучу өтө жугуштуу оору. Мажирөө шалдын, негизинен буттун шал болуусунун пайда болушу менен мүнөздөлөт. Өтө оор учурларда жүлүндүн ооруксунуусу дем алуунун токтоп калышына алып келет. Вакциндештирүүгө чейинки доордо шал оорусу жапырт курут болууну пайда кылуу менен бардык балдар үчүн коркунуч болгон.

Шал оорусу менен ооруунун себептери:

Организмге вирус кан аркылуу кирип, нерв тутумуна жетүү менен анын ар кандай бөлүктөрүнө, жүлүндүн четки кыртышынын кыймылдатуучу клеткаларына жана кыймылды башкаруучу нервдерге өзгөчө доо кетирет. Шал оорусу ичеги инфекцияларынын түрү боюнча (оорулуунун заңы), же болбосо аба (жөтөлүү, чүчкүрүү) менен жайылат. Вирустун алгачкы көбөйүшү жана топтолушу кекиртек менен ичегиде жүрөт. Кийин вирус лимфа тутумуна, андан кийин канга жетет.

Шал оорусу менен ооруунун алгачкы белгилери:

· Оорунун алгачкы байкалышы – суук тийүүнүн, эт ысуунун жана чарчоонун,баш оорунун, жүрөк айлануунун, кусуунун белгилери. Бир нече күндөн кийин моюн кожоюп жана ооруй баштоо менен жалпы ал кетүү байкалат. Булчуңдардын көпшөк тарта түшкөнүн ата-энелер оору күчөгөн мезгил өтөрү менен эле байкайт.

· Инфекция жуккан көпчүлүк адамдарда белгилер болбойт, бирок алар заң менен кошо вирус бөлүп чыгарат жана инфекциянын таралышына көмөктөшөт.

Шал оорусу пайда кылган шал болууну кантип билүүгө болот:

· Катуу суук тийүүгө окшогон, эти ысуу жана кээде ич өтүү менен коштолгон оорунун убагында кичинекей балада шал болуу (шал оорусу менен негизинен 5 жашка чейинки балдар ооруйт) пайда болот.

· Шал болуу ар кандай булчуңдарга, көбүнчө буттун булчуңдарына доо кетирет (сүрөттү кара).

· Шал болуу “мажирөө” түргө кирет. Айрым булчуңдарда жарым-жартылай гана алсыздык өнүгүп, калгандары толук бойдон катып калат.

· Кээде доо кеткен кол-бут контрактуралардын (контрактура – ошол муундардын булчуңдарынын жана тамырларынын өзгөрүшүнөн келип чыккан муундагы ийкемдүүлүктүн чектелиши же жок болушу) айынан созулбайт.

· Доо кеткен кол-буттун булчуңдары менен сөөктөрү ичкерип, алардын өсүшү кечеңдейт.

· Акыл жөндөмдүүлүгүнө жана психикага доо кетпейт.

· Сезгичтик сакталып калат.

· Шал болуу убакыт өткөн сайын күчөбөйт. Бирок контрактуралар, омурткалардын кыйшаюусу жана ордунан тайып кетүүсү сыяктуу экинчи дене кемчилдиктери пайда болушу мүмкүн.

· Шал оорусу менен ооруган бардык балдардын ичинен:

o 30 пайызы алгачкы жумаларда жана айларда толугу менен айыгып кетет;

o 30 пайызында жеңил шал болуу өнүгөт;

o 30 пайызында шал оорусунун орточо же оор түрү пайда болот;

o 10 пайызы чарчап калат (көбүнчө дем алуу же жутуу функцияларынын бузулушунун айынан).

 

Эгерде шал оорусунун вирусунан келип чыккан “суук тийген” жаш балага ар кандай дары-дармек куйса, дары куюунун натыйжасында пайда болуучу туталануу шал оорусуна алып келиши мүмкүн.

Көбүнчө 8ден 24 айга чейинки курактагы эмчектеги балдар, бирок кээде бул оору 4 – 5 жаш курактагы балдар ооруйт.

Жаш бала оорунун башталышынан 2 жумадан кийин жугуштуу болуудан кайтат.

Оорунун күчөп турган убагында:

· Эч кандай дары оору күчөгөн мезгилинин убагында да, кийин да жардам бербейт.

· Жаш бала үчүн тынч болуу маанилүү. Ургаалдуу машыгуулардан качыңыз, анткени алар шал болууну күчөтүшү мүмкүн. Жаш балага дары куйбаңыз.

· Айыгуу мезгилинде толук кандуу тамак-аш ичүү жаш балага күчүн калыбына келтирүүгө жардам берет. Бирокжаш бала тамакты ашыкча жебөөгө тийиш.

· Жаш баланын жайгашуусу ыңгайлуу жана контрактуралардын пайда болушуна жолтоо болгондой болууга тийиш. Оорунун башталышында жаш баланын булчуңдары ооруп, анын айынан жаш балага муундарын созуу кыйынчылыкка турат. Колдор менен буттарды жай жана аяр түзөтүү менен аларды эң кыйла туура абалда жайгаштырууга аракеттениңиз.

 

Оорунун күчөп турган мезгили аяктагандан кийин:

· Эт ысуу төмөндөгөндөн кийин контрактуралардын пайда болушуна тоскоол болуучу жана булчуңдун кубатын калыбына келтирүүчү, кыймылдын амплитудасын көбөйтүүчү көнүгүүлөрдү жасай баштаңыз.

Ооруну кантип болтурбоо керек:

Эч кандай дары жаш балага оору күчөгөн мезгилинин убагында да, кийин да жардам бербээрин эстен чыгарбоо маанилүү. Ооз аркылуу берилүүчү полио вакцина – шал оорусунан коргоочу бирден-бир нерсе!

 

· Вирусту токтотуу үчүн шал оорусунан атайын дарылоо жок.

· Шал оорусунан дары куюу жолу менен гана коргонууга болот.

· Коопсуз жана натыйжалуу вакцина – ооз аркылуу берилүүчү полио вакцина (ОПВ) бар.

· Көп жолу колдонгон учурда ОПВ жаш баланы шал оорусунан коргойт.

· ОПВ вакциналардын сапатынын эл аралык стандарттарынын сакталышын ырастоочу БСУнун сертификаттары бар заводдордо жасалат.

Бул вакцина бүткүл дүйнө боюнча пайдаланылат жана полиовирустун учурларынын 99%га кыскарышына көмөк болду.

·

Корутунду

Булчуң тканы (лат. textus muscularis) — жаныбар жана киши организминдеги жыйрылууга жөндөмдүү ткандар. Булчуң тканы жылмакай жана туура ала булчуң болуп бөлүнөт. Ал эми туура ала булчуң скелет жана жүрөк булчуң тканына айырмаланат.

Булчуң ткандарынын касиеттери

· Козголгучтук

· Өткөрүчү

· Жыйрылуу

· Өзгөрмөлүк

Булчуң ткандарынын түрлөрү

Жылмакай булчуң тканы ички органдардын жана кан тамырлардын керегесинин булчуңдуу катмарын түзөт. Жылмакай булчуң тканын клеткалары узундугу 15—500 мкм келип, сүйрү формада болот да, борбору булчуңдун жыйрылышына жараша өзгөрүлүп турат. Клетканын цитоплазмасында эң ичке булчуң талчалары — миофибриллдер же миофламенттер[1] бар.

Скелет булчуң тканы узунунан келген көп борборлуу туура тилкелүү цилиндрге окшоп, учтары учтуу же тоголок болгон талчалардан турат. Жүрөк булчуң тканы целомдук эпителийден мезенхимага айланып, андан миобласттар, жүрөктүн булчуң клеткалары кардиомиоциттер келип чыгат. Кардиомиоциттер булчуң талчаларын пайда кылып, бири-бири менен байланышып турган булчуң талчаларынын торчосун — миокардды түзөт. Жүрөк булчуң тканынын клеткаларынын борбору, талчалардын ортосунда жайланышып, скелет булчуң тканынан айырмаланып турат.

Булчуңдун кызматы-булчуңдарды түзүүчү, дүүлүгүү жана жыйрылуу касиетине ээ болчу талчаларынын иш-аракети. Бардык булчуңдардын негизги касиети анын жыйрылуу жөндөмдүүлүгү болуп эсептелет. Скелет булчуңдарынын иши (дүүлүгүү жана жыйрылуу) борбордук нерв системасынан келген нерв импульстарынын таасири астында гана болот. Булчуңдар жыйрылып, белгилүү иш аткарат. Булчуңдар нерв импульстарынын таасиринен ийкемдүүлүгүн өзгөртүү касиетине жараша алар иштегенде узундугун кыскартат. Булчуңдарда пайда болгон тартылуу тарамыштар аркылуу скелет сөөгүнө берилет. Эгерде булчуңдардын тартылуу күчү муундун каршылык күчүнөн чоң болсо, кыймыл пайда болот. Булчуңдардын иш-аракети денени мейкиндикте жана дене бөлүктөрүн бири бирине салыштырмалуу кыймылга келтирүүчү - динамикалык, дене бөлүктөрүн белгилүү абалда кармап туруучу статикалык болуп экиге бөлүнөт. Демейде булчуңдардын динамикалык иши бири бирин толуктап, статикалык иш- аракетинин негизинде динамикалык иш аткарылат. Булчуңдар скелет сөөгүнө бекиген жерине жана түзүлүшүнө карата ар кандай кыймыл аткарат. Булчуң муунду бүгүүчү жана жазуучу, ичке жана сыртка буруучу болуп айырмаланат. Скелет булчуңдары кыймыл функциясын гана аткарбастан, өзгөчө сезүү органы болуп да эсептелет. Анда жайгашкан рецепторлор жыйрылуу жана жазылууда козголуп, өзүнүн сигналдарын борбордук нерв системасына берет. 0шондой эле скелет булчуңдары жылуулук пайда кылуучу орган болуп, анда пайда болгон жылуулук дене температурасынын туруктуулугун сактайт. Булчуңдун узун булчуң талчалары (миофибриллдер) негизги жыйрылтуучу механизми болуп, алар жыйрылтуучу белоктор - миозин жана актинден турат. Актин менен миозин талчалары бардык миофибриллдерде биринен сала бири узунунан жайгашат. Миофибриллдердин (булчуңдардын) жыйрылуусунан актин менен миозин талчаларынын ортосунда молекулалык байланыш (көпүрөчө) түзүлүп, актин талчасы миозинге тартылат, натыйжада миофибрилл талчасы кыскарып, булчуң жыйрылат. Ал эми миофибриллдер бошоңдош үчүн актин менен миозиндин ортосундагы байланыш үзүлүп, талчалар өз ордуна келет да миофриллдер узарат (булчуңдар бошоңдойт). Булчуңдардын күчү булчуң талчаларындагы миофибриллдердин санына жараша болуп, жакшы өөрчүгөн булчуңдарда көп, начар өөрчүгөндөрдө аз болот. Дайыма машыгуу, кара жумуш иштөөдөн булчуң талчаларында миофибриллдер көбөйүп, булчуң күчү артат. Булчуңдар дайыма жумуш иштеп турса кишинин жүрөгүнүн иши, кан айлануусу жана газ алмашуусу жакшырат. Булчуңдун ишине аденозин үч фосфат (АТФ), креатинфосфат, кычкылтек керектелет.

Баш булчуңдары кызматына жараша чайнаткыч жана ымдооч болуп эки топко бөлүнөт

Сүйүнүү, өкүнүү, кубануу, жек көрүү, ойлонуу, кыжырлануу, үрөй учуу, таңыркоо жана башка кишинин жүзүнүн ырайын өзгөртөт. Беттин ушундай өзгөрүп кыймылдашы - мимика-ымдооч булчуңдардын жыйрылышы жана жазылуусу менен болот, булардын бир учу адатта баш сөөккө, экинчиси териге бекиген. Ымдооч булчуңдар кишиде жана маймылдарда гана жакшы өөрчүгөн. Чайнаткыч булчуңдар жыйрылып, астыңкы жаакты көтөрөт. Андан башка бул булчуңдар алмак-салмак таасир көрсөтүү менен астыңкы жаакты оңго-солго, алга-артка бир аз кыймылдатат. Булчуңдардын ичинен түзүлүшү боюнча жүрөк булчуңу өзгөчө орунда турат. Жүрөк булчуңу скелет булчуңуна да окшобойт. Жүрөк булчуңу өмүр бою өзүнчө бир ыргак менен жыйрылып жана бошоңдоп турат. Жылма булчуңдар негизинен артерия, вена жана лимфа тамырларынын беттерин, тамак сиңирүүчү органдарды, дем алуу органдарын, өт баштыгын, табарсыкты жана жатынды түзөт. Жылма булчуңдар чачты тургузат, тери бездерин курчайт. Керектүү учурда көздүн карегин чоңойтот жана кичирейтет. Жылма булчуңдар өмүр бою өтө кылдат, бир калыпта жыйрылып жана бошоңдоп иштейт. Ошонун негизинде адам уктап жатса да анын ичкен тамагы тамак сиңирүүчү система аркылуу акырындап жылып жана сиңе берет. Жылма булчуңдардын бул ишин вегетатив жана борбордук нерв системасы башкарат.

Булчуң системасы адам жашына жараша өзгөрүп жана өсүп турат

Баланын булчуң эти анын жалпы салмагынын 23%ин гана түзөт. Сегиз жаштагы баланын булчуң эти анын жалпы салмагынын 27%ин, ал эми 15 жашка толгондо 33%ке чейин өсөт. Адам бойго жеткенде бул салмак 35 - 40%ке чейин көбөйөт. Ымыркай баланын булчуңдарында кан тамырлар менен нервдер жетиштүү болгону менен бириктиргич ткандар начар өөрчүгөн. Бара-бара жипчелери жооноюп, булчуңдар өздөрүнүн туруктуу түрлөрүнө айланат жана аларга күч кирет. Каргыш менен тарамыштардын сөөктөргө бекүүчү аянттары чоңоёт, акырындап Б. с-нын түзүлүшү боюнча эркек бала кыз баладан айырмалана баштайт. Ал эми адам улгайган жана карыган сайын анын булчуң системасы акырындап алсызданып, салмагы 30%ке чейин азаят. Булчуң системасынын оорулары. Өөрчүү кемтигинде диафрагманын өөрчүшү бузулуп, чурку пайда болот. Зат алмашуу бузулганда, сезгенүү процессинде, шишик пайда болгондо, травмада, ошондой эле ири артериялар бүтөлүп калганда анын тегерегиндеги булчуң тканы бузулат. Ар кандай себептерден булчуңдар начарлап, булчуң талчалары ичкерет. Кары кишилерде булчуңдун атрофиясы физиологиялык кубулуш болуп эсептелет. Кээде нерв системасынын ооруларында, жалпы организмди ууландыруучу ооруларда, булчуңдун функциясы бузулганда атрофия болушу мүмкүн. Булчуңдун гипертрофиясы демейде физиологиялык жана машыгуудан болот. Булчуң гипертрофиясы кээ бир тукум куума ооруларда байкалат.

Абсцесс (ириңдүү шишик, ириңдеп кетүү) ириңдетүүчү микробдордун (стафилакокк, стрептококк ж. б.) организмдеги жабыркаган тери же былжыр чел аркылуу же ириңдүү сезгенген очоктон жанаша жаткан ткандарга же айрым органдарга (мээ, боор, өпкө ж. б.) лимфа, кан тамырлар аркылуу таралышынан пайда болот. Тканга түшкөн микробдор аны ириңдетип сезгентет, ткандар бузулуп, ириңдүү көңдөйгө айланат. Организмдин коргонуу реакциясынын натыйжасында ириңдүү көңдөйдүн айланасында ириңди таза ткандан бөлүп туруучу жука чел пайда болот. Катуу кармаган Абсцессте ириң тез көбөйүп, бөлүп туруучу чел жарылып, ириң теринин сыртына же органдын көңдөйүнө (ичеги, карын, бронхторго ж. б.) чыгат, бул анын айыгышына түрткү болушу да мүмкүн. Кээде ириң тегерегиндеги тканга тарап, ириңдүү сезгенүүнүн таралышына, флегмона жана сепсиске (кандын бузулушуна) алып келет. Ириңдин көкүрөк же курсак көңдөйүнө чыгышы өмүргө коркунучтуу өтө оор кабылдоолорду — перитонит жана ириңдүү плевритти пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан Абсцесс кайсы жерде болбосун (териде же органда) тезинен операция жасап, анын көңдөйүн бошотуп таза» лоо зарыл. Өздүк гигиена эрежелерин туура сактоо менен Абсцессти алдын алып болтурбай коюуга болот. Теринин жана былжыр челдин жабыркаган (кесилген, сыйрылган ж. б.) жерлерин дезинфекциялоочу эритмелер (йод, бриллиант жашылы) менен жакшылап тазалоо керек. Теринин кесилген, тикен кирген, сыйрылган жери ооруп, шишимик тартып кызарса врачка кайрылган оң. Өз алдынча дарыланып, жылыткыч, муз, компресс басууга, ушалоого болбойт, анткени булар оор кабылдоолорго,алып келиши мүмкүн.

Тарамышдын сезгениши

Тарамыш көпчүлүк булчуңдардын эки учунда, айрым булчуңдардын (мисалы, ич булчуңдарынын) ортосунда жайгашып, аны бөлүктөргө бөлүп турат. Тарамыш аркылуу булчуңдар териге, сөөктөргө, булчуң тосмолоруна бекип, жыйрылганда өзүлөрү менен бирге аны кыймылга келтирет.
Тарамыш бекем туташтырма ткандардан туруп, жылтырак, агыш түстө болот. Мындай болушунун себеби кан тамырлар булчуңдарга караганда тарамышта өтө аз болот. Ошондуктан кокусунан үзүлүп же кесилип кеткен тарамыштан кан акпайт. Демек, кырсыктан кийин анын айыгып өз калыбына келиши көп убакытты талап кылат. Тарамыш катуу келип чоюлбайт. Тарамыштын сөөк менен чиркелишкен жерлери назик кабыкча менен капталып турат. Бул кабыктан майланышкан суюктук муун көңдөйүнө бөлүнүп чыгып, эки чиркелешкен сөөктүн бири-бири менен сүрүлүшүн азайтып, тарамышты сөөк үстүндө жылмышчаак касиетке ээ кылат.

Сезгенгенде жана кесилгендеги чаралар

Тарамыш сезгенгенде же кокусунан кесилип калса, тезинен врачка кайрылуу зарыл. Врач өз ордуна кыймылдатпай бекем таңып коёт же керек болсо хирургиялык операция жасайт. Кийин бүтүп, айыкканда ар кандай физкультуралык көнүгүүлөрдү жасатат. Тарамыш үзүлүп кеткенде демейде операция жолу менен дарылайт. Спортсмендерде тарамыштын чоюлушун алдын алууда булчуңдарга азаздан күч келтирип, бара-бара машыгуу керек. Бул учурда андагы кан айлануу жакшырып жана анын чоюлгучтугу артат. Т-тын функциясын бузуучу сезгенүү процесстерине тендованит, бурсит кирет. Бул ооруларды өз убагында врачка көрсөтпөй же аягына чейин дарылабай койгондо контрактура келип чыгышы мүмкүн.

 

 

112235510101ёё12ЁЙҮКЕ3

Колдонулган адабияттар:

· Иванова Л.А. Сравнительная оценка влияния хлорида, йодида и амидохлорида ртути на субклеточные структуры // Гигиена труда и проф. заболеваний. 1984. В. 15.

· Измайлов Ч.А., Соколов Е.Н., Черноризов А.М. Психофизиология цветового зрения. - М.: Изд-во Моск. ун-та, 1989. 205 с.1

· Изучение клинической эффективности препарата витурид у больных ревматоидным артритом // Отчет РКБ МЗ РК. 1995.

· Изучение подострой ток-сичности препаратов Витурида В и Витурида С // Отчет Научно-исследовательского центра токсикологии и гигиенической регламентации биопрепаратов (НИЦ ТБП). 1995.

· Изучение противоопухолевого действия препаратов Витурид В и Витурид С // Отчет НИЦ ТБП. 1995.

· Изучение специфического обезболивающего эффекта лекарственных препаратов на основе сулемы // Отчет НИЦ ТБП. 1995.

· Каббата-Пендиас А., Пендиас Х. Микроэлементы в почвах и растениях. - М.: Мир, 1989. 498 с.

· Карапетьянц М.Х., Дракин С.И. Строение вещества. ВШ, - М.,1970, 306 стр.

· Карначук O.B. // Микробиология. 1995. Т.64. Вып.4.

· Карначук О.В. Влияние шестивалентного хрома на образование сероводорода сульфатредуцирующими бактериями.// Микробиология, 1995.том 64, N 3.

· Клацки Р. Память человека: структура и процессы. - М.: Мир, 1978. 319 с.

· Климишин И.А. Астрономия наших дней. 1986.

· Климишин И.А. Открытие Вселенной. 1987.

· Клинико-экспериментальное изучение действия препарата витурид при инфекционных заболеваниях // Отчет С.-Петербургского мед. ун-та. 1995.

· Котеров А.Н., Никольский А.В. Адаптация к облучению in vivo // Радиац. биол. Радиоэкол., 1999. Т. 39, № 6.

· Крушинский Л.В. Формирование поведения животных в норме и патологии. - М.: Изд-во Моск. ун-та, 1960. 264 с.

· Курочкина С.Ю., Ивасенко Д.А., Карначук О.В. Выделение сульфатредуцирующей бактерии, устойчивой к высоким концентрациям двухвалентной меди //Физиология и биотехнологии растений. Материалы Всесоюзного совещания посвященного 120-летию ТГУ и 75-летию кафедры

· Кэндел Э. Клеточные основы поведения. - М.: Мир, 1980. 598 с.

· Лаврецкая Э.Ф. Фармакологическая регуляция психических процессов. - М.: Наука, 1985. 280 с.


Дата добавления: 2018-08-06; просмотров: 2706; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:




Мы поможем в написании ваших работ!