C. ээрдин алдына салынуучу ат жабдыктарынын бири



D. жазгы бир терим гүл

E. терчил адамдардын оорусу.

174. Ыштык дегенди кандай түшүнɵсүз?

А. ышкын өскөн талаанын аталышы

B. сабаа, чаначтарды түтүнгө тосуп ыштаган жай

C. ачуулуу кишини адатта ушинтип аташат

D. арчанын түтүнүнө ышталган эт

E. көчмөндөрдө көп кездешкен оорунун түрү.

Алтыгат деген эмне?

А. жүк буюму, калыңыраак төшөнчү

B. алты бир туугандын улуусун ушинтип аташат

C. тикенектүү өсүмдүк

D. боюнда бар келин

E. улуттук тамактын түрү.

176. Жаргылчак сɵзүнүн маанисин чечмелеӊиз.

А. кичинекей кол тегирмен

B. кийим салынган сандык

C. жарма жасаган челек

D. отун жарууда колдонулган жараңка

E. жердин аталышы.

177. Ичикти кандай түшүнɵсүз?

А. териден жасалган жакалуу сырт кийим

B. ичип кеткен адамды ушинтип айтышат

C. жайында кийүүчү жеңил чапан

D. сырт кийимдердин ички бети

E. үшүп кеткенде айтылуучу сырдык сөз.

Туурдук деген эмне?

A. кемпирлер кийген чапандын бир түрү

B. ат жабдыктарынын бири түрү

C. боз үйдүн керегесин сыртынан каптаган кийиз

D. эпчи тарапты калкалап туруучу кийиз

E. жаӊы төрөгөн келин.

Пакана деп кандай кишини айтабыз?

А . кыска бойлуу киши
B. тооккананын башкача аталышы

C. пайда гана көздөгөн кызыл кулак

D. олбурлуу, кең далылуу киши

C. орой, бетке чабар адам.

180. Таштек деген сɵздүн маанисин чечмелеңиз.

A. чара

B. чака

C. чылапчын

D. илеген

 E. казан.

181. Эскирген сөздүн маанисин түшүндүрүңүз: эндекей кыз

A. эч нерсени унутпаган, тың

B. камырабас деген мааниде колдонулат

C. калпычы, орой, иленди

D. жалкоо, жатып ичер, эси жок

E. баш-аягын таппаган, жалкоо.

Канжа деген кандай буюм?

А. канжардын кыны

B. манап, бий

D. тамеки салып тартчу түтүк

C. мизи курч бычак

E. кан алуучу буюм.

183. Картык деген сɵздүн маанисин чечмелеңиз?

А. табыптардын уйдун мүйүзүнөн жасалган аспабы

B. келиндердин шеринеси

C. карылыкты билдирүүчү сөз

D. кан алынган жер

E. карып калган адам.

184. “Көнөк” деген сөздүн маанисин чечмелеңиз?

А. териден жасалган идиш

B. көйнөк-чапан

C. куралдын бир түрү

D. жаңы шартка бат көнгөн адам

E. аябай төгүп жааган жаан.  

Атагы таш жарган адам деген ким?

А. жолдо таш талкалап иштеген жумушчу

B. абдан белгилүү адам

C. кулдукка кеткен адам

D. атактуулардан билим алган адам

E. кылыч менен ташты жара кескен адам.

186. Жапа тырмак дегендин маанисин кандай түшүнɵсүз?

А. бүт баары, бардыгы

B. жез кемпирди ушинтип аташат

C. тырмак оорунун бир түрү

D. тырмалаңдап иштеген, жаны жай албаган адам

E. жалгыздап, шашпай, ишти кылдат жасаган адам. 

187. Жел өпкө деген эмне?

А. өпкөнүн өтүшүп кеткен оорусу

B. өтө семирип кеткен кой

C. көйрөң, жеңил мүнөздөрдү айтышат

D. кара малдын оорусу

E. мактанчаак, көпкөлөӊ, иштерман адам.

188. Макалдарды толуктаңыз. Ат аягынан, эр ... бузулат.

А. жаманынан

B. тамагынан

C. сөзүнөн

D. ден соолугунан

E. жубайынан.

189. Кийиз кимдики болсо, ... ошонуку. Бош орунга кайсы сɵз туура келет?

A. боз үй

B. билек

C. казык

D. жүн

E. байлык.

190. Коенду камыш, эрди ... өлтүрөт. Бош орунду толуктаңыз.

А. чабыш

B. намыс

C. аңыз

D. согуш

E. уят.

191. Далили жок сөз — ... Макалды толуктаңыз.

А. фейк жазган посттой

B. чала күйгөн чычаладай

C. тузу жок тамактай

D. аң уулабаган тайгандай

E. кур дүрмөт мылтыктай.

192. Кыргыз адабиятынын тарыхында эң биринчи болуп басылып чыккан китеп эмне деп аталат жана ал китеп кимге таандык?

А. “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду”, Токтогулга

B. “Баскан жол”, Калыкка

C. “Кайран эл”, Ы. Шайбековго

D. “Зилзала”, Молдо Кылычка

E. “Зар заман”, Арстанбек Буйлаш уулу.

Аталган акындардын кимиси жазгыч акындар?

А. Токтогул, Барпы, Эшманбет

B. Коргоол, Токтогул, Жеңижок

C. Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Молдо Кылыч

D. Калыгул, Арстанбек, Калык

E. Токтогул, Молдо Кылыч, Барпы.

194. Кочкордун Бугучу деген жеринде көз жарган инсан ким?

А. Молдо Нияз

B. Молдо Кылыч

C. Тоголок Молдо

D. Алдаш Молдо

E. Арстанбек Буйлаш уулу.

195. Байымбеттин көркөм сөз өнөрүнө, ырга көңүл бурушунда кимдин таасири бар?

А. Коңурдун

B. Молдо Нияздын

C. Сагынбайдын

D. Музоокенин

E. апасынын.

Эсимди кудай алыптыр,

Колумдун чени ошондо,

Энемде унут калыптыр”. Кайсы чыгармадан? Автору ким?

А. “Кемчонтой”, Тоголок Молдо

B. “Керме-Тоо”, Молдо Кылыч

C. “Санаттар”, Молдо Нияз

D. “Карылык”, Токтогул

E. “Жаштык кез”, Токтогул.

Тоголок Молдонун “Кемчонтой” поэмасынын негизги идеясы кайсы?

А. тунук акыл-эсти даңазалоо

B. бийликке умтулуу

C. байлык издөө

D. адамдардагы ачкөздүк

E. үй-бүлө ынтымагы.

198.Барпынын терең философиялык ой-толгоолорун камтыган чыгармалары кайсы?

А. “Мен көргөн күндөр”

B. “Партияга”

C. “Сук молдо”

D. “Аккан суу”

E. «Жер жана анын балдары»

199. 36 жашында эки көзү кароолонуп калган акын ким?

А. Жеңижок

B. Алымкул

C. Калык

D. Барпы

E. Токтогул.

200. Сиам эгиздеринин төрөлүшүнө себепкер факторлор кайсылар?

А. адам фактору: ата-эненин туура эмес жашоо образы, төрөт учурундагы ар түрдүү кокустуктар

B. экологиялык факторлор: радиация, табигый кырсыктар, жаңы шартка көнбөстүк

C. алардын жатында өсүшүнүн бир топ өзгөчөлүктөрүнөн улам жана уруктанган клетка туура эмес өсүшүнөн пайда болот

D. эненин терс адаттары, витаминдердин жетишсиздиги;

E. тукум куума оорулар, жер-суу шарттары, дарыгердин шалаакылыгы. 

201. Эмне үчүн ромашка гулүн алып “сүйөт”, “сүйбөйт” деп төлгө кыла башташкан?

А. себеби, бала кызды сүйгөндүктөн, тааныбаган, билбеген жакка ромашканы таап келүү үчүн барып, сүйүүсү үчүн курман болгон

B. себеби, түштөр кандыгына барганда, анын ханы баланы жибербей койгон

C. себеби, бала ромашканы түшүндө көрүп, ромашка сүйүүнүн символу болуп калган

D. себеби, ромашка латын тилинен сөзмө-сөз которгондо “сүйүү” дегенди түшүндүрөт

E. себеби, сүйүүнүн символу күнгө окшош.

Тубаса майып деген эмне?

А. адамдын денесинин түзүлүшүнүн толугу менен же бир бөлүгүнүн бөтөнчө жетишсиздиги аталат

B. адамдын ишке жөндөмдүүлүгүнүн начарлашы аталат

C. адамдын салмагынын кескин өзгөрүшү аталат

D. автокырсык, жаракат, уулануулардан улам пайда болгон абал аталат

E. толгоо учурундагы кырсыктардан улам пайда болгон абал аталат.


Дата добавления: 2021-06-02; просмотров: 238; Мы поможем в написании вашей работы!

Поделиться с друзьями:






Мы поможем в написании ваших работ!